АҢГЕМЕ

Алар экөө болучу. Кайдан, бир автобус толтура эл эмес беле!.. Жок, алар экөө эле болучу. Биринчиси — чал, экинчиси — жигит.

Жигит бир аз кечигип келди. Автобуска энтеңдеп шашып-бушуп түштү да, карбаластап чөнтөгүн оодара баштады. Кейпи, белетин таппай жатты көрүнөт, элдин баары эле аны карап тургандай туюлду, боргулданып тердеп да кетти. Жигиттин ыңгайсыз абалда калганын байкадыбы, алды жакта олтурган чал:

— Кел, бул жерге олтура бергиниң. Ээси келсе, бээсин берерсиң. Болбосо, сенин ордуңа деле олтурар, баары эле бирдей эмеспи,— деди. — Анан күлүп, кошумчалай кетти: — Азыркылар да бир кызык, башка орунга олтурушса, көчүгү жооруп кала тургансып…

Чалдын айтканы жигиттин кулагынын сыртынан кетти. Ал эми ички чөнтөгүн оодарууга өттү, топ кагазды алып чыкты да, бирден карай баштады. Бир маалда анын ичинен белетин таап алды. Башын чайкап, угуза күбүрөп койду:

— Үчүнчү места!..

— Минип жүрүп атыңды издеген бир кокуй неме көрүнөсүң,— деди тамашакөй чал бакылдап. — Мына, үчүнчү мистаң, менин жанымда. Жана эле олтура бер десе…

Жигит ишенген жок. Чал тамашалап жатабы деген кыязда жылмайды. Бирок анын айтканы туура экендигине көзү жеткен соң, өзүнчө өкүнө кетти: «Дайым эле же абышканын, же кемпирдин, же аңылдап ыйлаган балалуу катындын жанына олтуруп калам!.. Өмүрүмдө бир-эки жолу гана кыздар менен олтурдум окшойт, анда да ырыстуу кыздар дейсиңби, былтыйган!..» Ылайыктуу орун барбы дегендей артка көз жиберди. Орто жерде бир кыз жалгыз олтурат! «Кап, бир аз коё туруп алганда, ошол жерге туш болмок экенмин. Мейли эми, эгер бош болуп калса…» Аңгыча чал жеңинен тарткылады:

— Олтурбайсыңбы! Же мени чанганы турасыңбы?

Жигит уялып кетти. Унчукпай олтуруп калды.

Чалды дааналап карай баштады. «Беттери кыпкызыл… Ден соолугу ден соолук экен да! Сыягы жетимиштен эчак өтсө керек! Деги эмнеси болсо да, бир балакет чал окшойт?» Көп өтпөй эле орто жашап калган күлчүйгөн кара киши автобуска күшүлдөп кирип келди. Ал билгендей жылмайып:

— Эң арты эле менмин го, ыя? Белет жок дешет, салгылашып жатып араң алдым! —деди.

Эч ким үндөгөн жок. Тиги муну капарына да албады, атүгүл белетин да караган жок. Чайпала басып барды да, баягы кыздын жанына олтура кетти. Жигиттин ичи ачыша түштү: «Ай ата… Кичине коё туруп алганда… Алмашып алсамбы? Эгер болбой койсо кантем, эмне үчүн десе, не дейм? Кой, азырынча олтура турайын, анан тамактанууга түшкөндө көрөрмүн… Анын үстүнө чал да ит кылчудай». Чалга көз кырын салды, ал көңүлү ток, бейкапар олтурат.

Өзүнчө күбүрөп алды: «Буга эмне, эптеп үйүнө жетсе болду да!?»

Автобус ордунан козголду. Чал артка жүткүнө түштү. Анан биринчи көргөндөй жигитти тиктеп:

— Шапкең тири шумдук экен, кейпи шаарда иштейсиң го?

— Иштебейм, окуйм.

— Эмнеде?

— Университетте.

— Аа, университиттеби? Жакшы экен, ким болуп чыгасың, ачандикпи?

Эмне эле такып сурайт дегендей жигит бурк этти:

— Мугалим!

— Маалимби! — Чал шылдыңдагандай «бырс» этип күлүп алды. Анан башын чайкап:

— Мен сени үп болот экен десе?!

Жигит түшүнө бербей, чалды элее тиктеди. Чал баягы калыбында:

— Көрсө, катындардын окуусунда экенсиң да! — деди нааразы. Өкүнгөндөй башын чайкай берди.

Жигит аргасыздан жылмайды:

— Кандайча?

— Ие кокуй, ушуну билбейсиңби? — деди чал ачууланып. — Сага маалимдиктен кымындай да пайда жок. Тил алсаң, мунуңду ташта!

Чал чын пейилинен айтып жатканын түшүндү да, жигиттин деми сууй түштү. Өзүнүн кесибинин баркын түшүндүрүү үчүн жанталаша баштады:

— Жок, аксакал, биздики өтө жооптуу кесип! Балдарды окутуп адам кылышыбыз керек да. Бул көрүнгөндүн эле колунан келе бербейт.

— Буга кенедей да кейибе!— деди чал колун шилтеп. — Маалимдикти катындарга эле бер, алар эле жетишет. Керели-кечке мектепте жүрүп, көрүнгөн бок мурундар менен урушуп-талашып, аптарыйкатыңды кетирип… Ошентип жүрүп мээ кайкы да болуп калышың мүмкүн. Мына, биздин айылда бирөө бар, мендей эле абышка, туулгандан бери эле бала окутуп келе жатат. Акыры «мындан ары иштей албайсың!» — деп мектептен кубалап чыгышыптыр!..

— Эмне үчүн?

— Эмне үчүн болмок эле, жарабай калган да! Күн чыккандан күн батканга чейин бир сөзүңдү миң кайталап, ат сурап жаткансып өкүрүп-бакырып жүрсөң, мээң калабы! Атүгүл темир да жешилет да!

Жигит жылмайып койду, бирок бул кубангандыктанбы, же ачуулангандыктанбы, айра алган жок. Мугалимдин тагдыры убайымга чөгөрүп, түйшөлттү:

— Анан эмне болду?

— Кудай алды дейсиңби, жүрөт. Бөрү карыса бир койлук да, кээде бизге акыл үйрөтөт: «Баланы чалчактатып көп эле эркелетпеш керек, тарбиялаш керек!» Эркелетесиңби, эркелетпейсиңби, ар кимдин өз дээринен да. Болбосо, маалимдин балдарынын баары эле зыңкыйган министир болбойт беле?!

Чал туурабы дегендей, жигитке суроолуу карады. Жигит үндөбөдү, мугалим үчүн кыжалаттана берди. Бир мезгилде чочугандай:

— Арызданса болмок экен!

— Кимге арызданат, доктурлардын өздөрү мээси, нерви жарабайт деген ыспыравка беришсе!..

— Аа…

Жигит үндөбөй калды.

— Көрдүңбү, маалимиңдин акыры эмне болорун,— деди чал жигитке көңүл айтып жаткансып,— көрдүңбү?! Ошондуктан тил ал да, мунуңду ташта! Анын үстүнө андан сага бир тыйын да ашыкча пайда түшпөйт, жалыйна деп акыйып жүрө бересиң. Эркектердин окуусунан окуу керек, соттукун оку, бакыйган ачандик болосуң. Элдин баары бөйпөңдөп коркуп, баары өзүнөн өзү эле даяр болуп турат. Же зоотехник бол, малга марыйсың. Бир короону ээлегин да, дыңкыйып жата бер, сага бирөө тийишкенин көрөйүн. — Чал негедир нааразылана кетти. —Аа-ай, азыр зоотехнигиңдики да болбой калды, мал доктурсуз колунан бок келбейт. Анын көзүн карайт да, турат… Ушул мал доктурдуку бекер эле жумуш, мунун эмне кереги бар экенин билбейм? Ар бир койчу өзү эле доктур, койдун оорусун мал доктурдан төөлүк өйдө билет. Илгери күтүрөгөн койлор, үйүр-үйүр жылкыларды доктур-соктурсуз эле бакчубуз, ылаңдаганын койчу же жылкычы өзү эле айыктырып алчу…

— Азыр заман башка, аксакал!

— Башка болгондо эмне, малды өлтүрбөй аман алып калып жатабы. Өлчүлөрү мал доктурга карабай эле өлүп жатат, илгери деле ушундай болучу. Ажал жетсе адам деле өлөт да, ажалды ким жеңе алат экен?! Өкүматтын акчасын бекер коротпой мал доктурлукту жоюш керек!

Чал өзүнчө эле ачуулана баштады. Чалдын жоругу жигитти жылмаюуга аргасыздандырды. «Биресе чалдыкы да туурадай сезилет… Бирок ал негизги нерсени түшүнбөй жатат!» — деди өзүнчө. Эмнени түшүнбөй жатканын жигиттин өзү да билбегендигине өкүндү.

— Маалимдериңден гырой болгондор барбы? — деди чал бир аздан кийин.

Капыстан берилген суроо жигиттин шаштысын кетирди: «Оңбогон чал эмне үчүн сурап жатат?»

— Бар. Болсо керек? — деди жигит карбаластап. — Кантип болбосун!

— Биздин республикада ким баатыр болду?

— Бирөө бар эле. Атын унутуп жатам. Азыр, азыр… — Жигит канчалык жанталашса да, атын эстей албай койду.

Бул көрүнүш чалга жага бербей калды:

— Көрдүңбү, — деди ал күлүп, — маалимдерден гырой бирөө эле дейсиң. Анын атын да билбейт экенсиң. А койчулардан канча?! Муну сен түгүл, эптеп кат тааныган мен да билем. Көрдүңбү, бул жагынан алганда да маалимдик…

— Сиз түшүнбөй жатасыз, экөө эки башка кесип. Алар…

Чал жигитти толук сүйлөтпөдү:

— Сопсонун эле түшүнүп турам, бирөө кой багат, бирөө бала окутат. Мунун түшүнбөгөндөй эмнеси бар экен?

— Албетте, ушундай деңизчи, бирок…

Жигит уланта алган жок. Ал бул эки кесиптеги айырмачылыкты, эмне үчүн койчулардан көп баатырлар чыгарын түшүндүрүүгө ушунчалык жанталашты. Бирок муну өзү да даана түшүнбөгөндүктөн, оюн жеткире албай койду. Акыры эмнегедир туталана кетти.

— Замана койчулар үчүн атасы кылбаган жакшылыкты кылып жатат. Илгери өмүрү шелпейип кой артынан жүрүп, бир туякты да чыгаша кылбай баксаң да, колуңа бок тийчү эмес. Акыры өзүң да кой болуп маарап кетчү элең. Акыбетиң кайтып, жакшылыгын көрбөсөң, маараганың ошол да!.. —Чал үшкүрүп койду. —Азыр карачы, үй десең үй белен, алдында машинеси бар. Райкомдон айырмасы жок. Машинелүү маалимди көрдүң беле, жок! Болсо, жанагы гыройдой бирөө гана…

Жигиттин көңүлү иренжий түштү:

— Сиз түшүнбөй жатасыз. Ал эмгеги менен алып жатпайбы!

— А маалим эмне, керели-кечке иштебей эле, эшек такалап жүрөбү!

Жигит үндөй албай калды. Жактырбагандай чалды карап койду. Чал болсо мыскылдагандай күлүп жатты.

— Айтчы,— деди чал катуулап,— маалимдерден машинелүүнү өз көзүң менен көрдүң беле? Жок дегенде жанагы гыроюңду ачык айтчы.

— Сиз эч нерсе түшүнбөйт окшойсуз! —деди жигит итатайы тутулуп.

— Болуптур, мени эчтеке түшүнбөйт дейли! Сен маа айтчы, деги гырой барбы?!

— А-ай!..

Айласы кеткендей жигит кайдыгер кол шилтеди. Таарынгансып тултуюп унчукпай олтуруп калды. Чал жигитти жеңгенине өзүнчө эле кудуңдап сүйүнүп жатты. Жигиттин ыйлагысы келди. Эмне үчүн жигит минткенин өзү да түшүнгөн жок. Өзүнө өзү кыжырданды. Оңой эле нерсени чалга түшүндүрө албай койгондугу үчүн арданды. Чал анын көзүнө ушунчалык жек көрүндү, кантсе да андан өч алууну эңседи…

Экөө тең мелтиреп ойлуу баратышты. Же чал, же жигит чабуулга өтө албай, бир-бирин аңдышкан сыяктуу. Бир маалда жигит селт этип чочуп алды. Анан эсине бир нерсе түшкөндөй, өзүнчө жылмайды. Ошол калыбында:

— Сиз Антон Семёнович Макаренкону билесизби? — деди эрдемсип.

— Ич-пичи жок эле айтчы, айланайын! —деди чал жактыра бербей.

— Макаренко!

— Макырыңке?.. Бул кайсы тили бурууң?

— Оо билбейт турбайсызбы? Ал мугалим болгон, эң атактуу педагог!

Жигит кудуңдап сүйүнө кетти. Бул чалга табалап жаткандай туюлду, ал кекеткендей бурк этти:

— Ии, эмнеси атактуу?!

— Болгондо да кандай атактуу дейсиң! Андай кишилер жок десе да болот, ал чыныгы мугалим болгон.

— Аның эмне, көктөн түштү беле? Деги эмне иш кылган, бала эле окутту беле, же?..

— Ооба, ооба,— деди жигит,— балдарды окуткан! Бирок кандай балдарды!.. Эч бир багар-көрөрү жок самтырап көчөдө калган балдарды окуткан. Алардын ичинде хулигандары да болгон!

— Күлиган дейсиңби?! Ие кокуй, анда аның түрмөдө иштеген неме турбайбы? Ошондой дейм да, болбосо ушул маалга чейин кулагым чалат эле да!

— Кайдагы хулигандарды айтып жатасыз?!

— Өзүң айтпадыңбы.

— Билесизби, совет өкмөтү биринчи орногон жылдары кандай кыйынчылыктар болгонун?

Чал жигитти кагып койду:

— Аны менден сура!

— Сиз бул жерден чыкпасаңыз, тээ жактагы Россияны кайдан билесиз?

— Аа, ошондой де…

Жигит кызаңдай кетти эле, чал тыйылып калды. Уланта бер дегендей ишарат кылды. Жигит буркан-шаркан түшүп сүйлөп жатты:

— Ошол алгачкы жылдары ачарчылык болгон. Кароосуз калган жетимдер да көп болуптур. Айрымдары эптеп жашоо үчүн кишилерди да карактаган… Аларды тарбиялаш керек эле да.

— Ошол кулигандарыңдын киши болоруна ишене бербейм, жетесинен урган немелер…

— Киши болгонун айтат да! —деди жигит эргип.— Болгондо да кандай дейсиз, алардан нечен баатырлар, райкомдор чыккан.

— Ыя де?..

Чал жигитти элейип тиктеп калды.

— Кантип райком чыккан?

— Жөн эле. Тарбиялаган да. Макаренко тарбиялаган! Ошондой балдарды өзү жыйнаган. Айрымдары эркке көнбөй качышкан, атүгүл айрымдары уюшуп алып, Макаренкого кол көтөрүүгө чейин барышкан. Акыры анын эркине көнгөн. Баары сонун-сонун кишилер болуп чыкты!

— Бекер азап!

— Кандайча бекер?!

— Бекер деле эмес,— деди чал эмнегедир тайсалдай. — Ошончо азапка туруштук бергенин айтам да. Аларды жыйнайм деп, тарбиялайм деп эмне үчүн куурады дейм да!

— Анан эмне кылат, ким тарбиялайт эле? Балдар эмне болмок, аларда эмне күнөө?!

— Ал жагы да бар…

Чал башын ийкеп койду, эмнегедир ойлуу олтуруп калды. Ичинен өзүнчө эле бирдемелерди күбүрөп баратты. Бир маалда жигитке бурулду да:

— Айтчы, сен аны кайдан билесиң?

— Кайдан билмек элем, окугам да,— деди жигит мулуңдап.

— Кайдан окудуң эле?

— Китептен. Өз турмушу жөнүмдө жазган килтейген китеби бар.

— Аа…

Чал ыраазы боло башын ийкеп койду. Анан кайрадан суроо узатты:

— Аны бардык маалимдер окуганбы?

— Окуса керек? Кантип окубасын! — деди жигит так жооп бере албай.

Чал шектенгендей сырдуу жылмайып, шыбырай кетти:

— Аа-ай, мен буга ишенбейм!

Экөө бир-бирин карап жылмайышты. Бул жарашкандыктын белгиси катары туюлду. Чал кайрадан жайдарлана баштады:

— Ал маалимиң чириген эле бай болсо керек, ээ?

Бул суроо жигитке жакпай калды. Ал нааразылана «аа-ай» деп колун шилтеп алды да:

— Байлык! Байлык! Мунуңуздун ага эмне кереги бар?!

— Эмне үчүн кереги жок экен?

— А эмне үчүн кереги бар?

— Сен бир апенди көрүнөсүң, акча, дүнүйөсүз күнүң өтөбү?!

— Мага булардын кереги жок!

— Анан эмне керек?

— Көңүлүм ток болсо болду!..

— Эй жаман,— деди чал мыскылдагандай каткырып,— ошол акча, дүнүйөң болсо, көңүлүң ток болот да Жылаңач жашачы, көңүлүңдүн ток болгонун көрөйүн. Эмне үчүн илмийип арыктап окуп жүргөнүңдү билесиңби?

— Эмне үчүн болмок эле, окуш керек да. Окубаса…

— Аны мен деле билем, окуш керек. Бирок эмне үчүн окуп жатасың?

— Жашоо үчүн да!

Чал бырс этип күлүп алды.

— Биздин жанталашып иштегенибиз, илмийип арыктап окуганыбыз түбү барып эмнеге куярын билесиңби? Айтчы, эмнеге куят?

Жигит ийнин куушурду.

— Жок, айтчы кыйын болсоң, эмнеге куят?!

Чал демите баштады. Жигитти шылдыңдап жаткансыды, ал чыдабай кетти көрүнөт:

— Жашоого!

— Дагы эле баягы жашоо! Жашоо дегениң өзү эмне, качан жашоо болот?

— Адам болсо, жашоо болот да!

— А адам качан болот?!

— Ээ аксакал, жөндөн-жөн эле башты айландыра бербеңизчи! —Жигит таарынгандай колун шилтеди да, бери бурулуп олтуруп алды.

— Сен качпа,— деди чал аны көздөй жүткүнүп,— сен качпагын! Адам болсо, жашоо да болот дейсиң, адам нан болсо гана болот. Нан бар, демек жашоо, адам бар. Көрдүңбү, биздин кара терге түшүп жанталашканыбыз акыры барып эмнеге куярын?! Эмнеге куят?

Жигит жактыра бербей, ийнин куушурду. Чал автобусту жаңырта кыйкырды:

— Нанга, нанга куят дейм! Наны жок жарым карыш узай албайсың, тырайып өлүп каласың. Демек, жашоо үчүн эмне керек?

Жигит дагы ийнин куушурду. Кейпи жооп бергиси келбеди көрүнөт. Чал кайрадан автобусту жаңырта өкүрдү:

— Нан! Нан керек! Дүнүйө керек!

Жигит колун шилтеп койду.

— Жашоону билиш керек,— деди чал кайрадан. — Ал үчүн тирмийип китеп тиктөө эле жетишсиз. Биринчи тыягын ойлоо керек, тыягын!

— Тыягыңыз эмне?

— Сен талаада калчу неме көрүнөсүң, биринчи чоңдор менен ымалаң келишсин деп жатам. Ансыз…

Жигит үндөй албай, кыжырдана башын чайкай берди.

— Уктуңбу, талаада каласың! — Чал өчөшкөндөй бакырды.

Жигит чыдай албай кетти да, ыйламсырап:

— Деги сизге эмне жагат, бул кейпиңиз менен кантип жашап жүрөсүз?! Көрүнгөндү жамандыкка үгүттөйт экенсиз, сизди көргөн балаңыз не болот?!

— Ыя де?!—деди чал чочугандай. — Мен сага эмне жамандык кылып жатам, адам болсун десе!.. — Мурчуюп олтуруп калды.

Жигит өзүнүн катуу кетип койгонун сездиби, чалды мээримдүү карады да, акырын шыбырады:

— Аксакал, абийиричи?! Адам деген…

— Абийир! — деди чал өкүрүп, жигиттин сөзүн бөлө. — Сен абийирди эмне кыласың?! Азырынча мунун экөөбүзгө кереги жок, аны кийин, баарына жетишкенде, оозуңа ал! Элден мурда жашаганды билип алчы!

— Абийирсиз жашоонубу?

Чал эмне дээрин билбей, мукактанып кыйлага турду. Анан аргасы түгөнгөндөй артта олтурган кызга кайрылды:

— Бул жамандын эмне деп дөөрүп жатканын уктуңбу, кызым?! Абийирге сыйынат имиш! Бул сөздө тырнактай чындык болсо, мурдумду кесип берейин! Билем мен силерди, биринчи ушинтип туйлай баштайсыңар, анан… Атаңдан мурда ачандигиңе салам берип!.. Билем мен силерди!..

Кыз жылмайып койду. Же тигиге, же буга кошуларын билбей, эки анжы болуп туруп калды.

Чал тердеп чыкты. Өзүнчө эле туталана берди. Кимдир бирөөгө кыжырдангандай ичинен «билем мен силерди!» — деп улам-улам кайталап кекенип келатты. Тебетейин башынан алды да, чыканагына жаздады. Башынан буу чыгып турду.

Чал жоошуп калды. Жигит чалдын башынан чыгып жаткан бууга сестене карады. Эмнегедир өкүнүп да алды. Бир маалда чал жүрөктү жылыткан аталык мээрим менен жигитке кайрылды:

— Жаман жигит көрүнбөйсүң, оюң терең экен, мени жеңип таштадың. Бирок турмуш менен кагылыша электигиң сезилип турат. Мени эмне, абийирден таптакыр эле ажыраган адам деп ойлоп жатасыңбы?! Жок, балам, менин да тилегеним, эңсегеним балдарым абийирдүү болсо деген эле ой… — Үшкүрүндү. — Дайны жок эле актана бергениңе ичим өрттөнүп жатпайбы!

— Мен эмне деп актанып жатам, жарыктык?!

— Актанганың ушул да: сөзүң бир бөлөк, ишиң бир бөлөк!

— Кандайча?! — Жигит элеңдеп чочуп кетти. — Мен!..

— Кеп сенде деле эмес… Деги эле айтам да: ушинтип туйлап жүрүп эле анан капканга түшкөнсүп; кол куушуруп калгандарды көргөндө, ичим ачышып кетет. Жүрөгүм өрттөнөт. Эмне үчүн ал минтип калды?.. — Чал жигитти суроолуу тиктеди.

Жигит талуу жерге жегендей теңселе түшкөнсүдү. Өмүрү башына ушул суроо келбегенин эстеди. Ал дагы чалды суроолуу тиктеди. Өзүндөгү ушул купуя сырды жашырууга аракеттенгенсип:

— Менден шектенбеңиз, мен антпейм! Коркпоңуз, аксакал! —деди күлүмсүрөп.

— Ишенбейм! Аа-ай ишенбейм!..

Чал чын дилинен шектенип, башын чайкай берди.

— Сага ачык эле айтайынчы,— деди анан оюн бекемдегиси келип,— мына муну примир кылалы: сен кийин бир үшкөлгө деректир болуп калдың дейли, мен бир жаманымды сүйрөп барам да, эптеп бирдемеңе илип кой деп суранам. Мен барбасам дагы бир жарма таанышың барар! —Чал бир азга тынып алды. — Болуптур, мен эле бардым дейли, сен баламды айлаң жок аласың! Эмне үчүн?

Жигит үндөбөстөн күлдү.

— Биринчиден, экөөбүз таанышпыз, көңүлүмдү сындыргың келбейт.

Чал жигитке тигилди. Жигит анын оюна кошулгандай, күлүмсүрөй башын ийкегиледи.

— Экинчиден,— деди чал үнүн катуулантып,— эки жүздү эч кимге көрсөтпөй чөнтөгүңө кымырам. Мени унутуп калсаң да, тиги эки жүз бир керекке жарабай койбойт.

— Эки жүзүңүз эмне?

Чал кулагыңды тос дегендей ишарат кылды. Жигит башын кыңкайтты. Чал акырын шыбырады:

— Акча!..

Жигиттин денеси муздай түштү:

— Дале баягы! Ошол эки жүзүңүздү тытып, тытып… Эгер арам оюңузду билсем, жаныма жакын да!.. — Сөзүн улай албай туталана мукактанды. — Ошол эки жүзүңүз менен!..

Чал ооба кыйратасың дегендей жигитти мыскылдай карады.

— Туйлабай эле кой! — деди анан ишенимсиз түрдө кекээрлүү. —Далай катын мактанат, ташка тартып аттанат: Балам, балалуу болгонуңда көрөрмүн. Мен бир ачандик милийсаны билем, ал да сенчилеп асман-айга түйүлчү. Баягүнү жолугуп: «Аксакал, баягы сиздин айткандарыңыз туура экен»,—дейт. Көрдүңбү, ачандиктин өзү ушинтти. А мындайлар канча?! Турмуш ушу деп менин айткандарымды май токочтой ашап жатышат. — Чал кайрадан кызуулана  кетти. — Уктунбу, ашап!..

Ошентип, чал да, жигит да бир-бирине өздөрүнүн оюн жеткире албай коюшту. Канчалык жанталашышса да, бири-бирин ишендире алышпады. Акыры, таарынышкандай тултуюшуп сүйлөшпөй калышты. Сөз баштоого батына алышпады. Буга ким күнөөлүү экендигин чечүүгө аракеттенишкендей өздөрүнчө түйшөлө беришти. Чал эригип кеттиби, жалпактап:

— Киши сүйлөбөсө талканга таарынгансып мурчуюп олтура бере тургансың. Чыныңды айтчы, окууга кантип өттүң, ата-энеңди жакшы эле куураткандырсың, ээ? Эми аны унутуп, чамгарактап жатпайсыңбы.

— Өзүм эле өткөм!..

— Дагы шыпырылттың!— деди чал күлүп. Анан жалооруй сурана кетти. — Эми жашырбай эле айтсаң, мен эмне бирөөгө шыбырап коймок белем, анда эле сакалым өрттөнбөйбү!

Чал жигитке негедир аянычтуу көрүнүп кетти. «Жарыктык, неге мынча карганат?!»— деп ойлоду өзүнчө. Чал оюн айкындоо үчүн, жигитке сырын төгө баштады:

— Менин улуу кызым окууну жакшы бүткөн. Анан. Боронзого окууга кеткен эле, ботом, бир ай өтпөй эле жанагы көнкүрс деген немесинен кулап калып үйгө келбеспи! Кийинки жылы өзүм артынан чуркап жүрүп араң өткөрбөдүмбү. Өзү деле кыйын окучу, орусча бүткөн, орусча чыштай билет…

— Кеп мында эмес го?

— Сөзүмдү бузбай коё турбайсыңбы эми, өткөн эле жылы дагы бир жаманым бүттү. Орусча бүткөн тиги өтпөй калды эле, сен деле кыйратпассың деп ойлодум. Аны да ары сүйрөп, бери сүйрөп сандалып жүрүп эптеп өткөрдүм. «Сүйгөн кесибим башка, трактирис болуп колхоздо иштесем болот эле»,— дейт ал урганым. «Сүйгөн кесибиң ушул тырактирчи болсо, адам болбой куруп кет, он жыл темселеп бекер окудуңбу?!» — деп жер сабадым эле, акыры көндү. Азыр сен айткан университететте окуп жатам деп калат. Ошентип, өз башымдан өткөргөнүмдү айтьш жатам, болбосо муну ойдон чыгарды дейсиңби?!

— Бекер кылыптырсыз?

— Эмне дейт?! Эмнеге бекер кылдым?

— Окууга өткөргөндү айтам… Эгер сүйгөн кесиби башка болсо…

Чал сурагандай жигитти жалооруй карады:

— Мындай сөздү угузбачы, балам! Башың жерге кирмейинче бала деп куурайт экенсиң, жашоодон көргөн шарапатың да — ошол! Куурабай да коё албайсың, ансыз жаның жай албайт, жыргал дегенди да билбейсиң. Мен колумдан келгенинин баарын кылдым, эми калганын өзү билсин. — Жылмайып алды да, шектенгендей башын чайкап:— Аа-ай каапыр, маа акыл үйрөтүп жаткансыганың менен өзүң деле байкуш ата-энеңди тоноп жатасың го, ээ берен?!

Жигит күлүп койду. Ата-энесин эстеп өзүнчө сыймыктанды. Өзүнүн ымандай сырын жашырбай ичин аңтарып олтурган чалга баарын айтып бергиси келип кетти. Окууга биринчи жылы өтпөй экинчи жылы ыйлап жүрүп араң өткөнүн айткысы келди. Атүгүл окууга жөнөп жатканда, ата-энеси кереги тийбей койбойт деп беш жүз теңге салып бергенинен, бирок жардам кылар киши табылбай, ал акча берилбей калганынан, окууга өзү эле өтүп кеткенинен, ошол акчасы азыр да түгөнө электигинен өйдө айтып бергиси келди. Оозун эптеп келатып, эсине бир нерсе түшүп, тып токтоп калды: «Чал барпаңдаган ачык неме экен, азыр эле жарыя кылып, абийиримди төгүп жүрбөсүн?! Бүттү, анан мойнума шып минип алат. Кой, сыйым менен эле болоюн…» Жигит үндөгөн жок.

Чал жигиттин кулагына шыбырай кетти:

— Эй, жаман, артыңда олтурган кыздын ырай-пешенеси саа жагабы, чачы сеникиндей эле экен, буга көйнөк үчүн бир байлам эле чыт керек ко, ыя? Менин жаман кемпиримдин кара шерс жоолугу туп- туура беш көйнөк чыкпаса майнеке болоюн?! — Чал борсулдап күлүп калды.

Жигит кыз угуп коёбу деп ыңгайсыздана:

— Жарыктык, өзүнө жарашып эле турбайбы. Заман деген азыр башка, диалектиканын закону ушундай… — деп шыбырады.

— Дыйалектыка? — деди чал таңдангандай үнүн көтөрүп. — Бул эмне?

— Закон.

— Закүн?! Качан чыккан, эмне деген закүн, мурда мындай жок эле го?

— Өнүгүүнүн закону.

— Эмне, мунсуз эч нерсе өнүкпөйт бекен?

— Ооба.

— Мурда да ушундай болгонбу?

— Ооба.

— Калп айтпа, айланайын, биз мындай закүн-пакүнүңдү билчү эмеспиз. Ошондо деле болчулардын баары боло берчү… Мына, бирөө кылмыш кылса, аны соттоо керек, бул — закүн! А тигиндей закүн жок.

— Сиз дагы эле түшүнбөй жатасыз,— деди жигит жанталашып. — Ошол болчу нерселериңиз диалектиканын закону боюнча жаралат. Мына, кийим жыртылабы, жыртылат, мына ушул — закон. Бул мурда эле болгон, бирок законду эч ким ачкан эмес.

Чал башын ийкегилей берди. Анан негедир нааразы болгондой колун шилтеди:

— Деги мээң жетпейт, бирөөнү билгиче, сорок этип экинчи бирөө чыга келет. Эми дыйалектыкасы чыккан тура! Аныңдын пайдасы тийсе эле болду.

Жигит карыянын адилдигине ыраазы боло өзүнчө жылмайып алды. Диалектика жөнүндө түшүндүрүп берейин дегиче болбой, автобус токтоп калды. Шоопур киркиреген үнү менен жарыя кылды:

— Он беш мүнөт пирирыв! Менимче, тамак ичкенге үлгүрөсүңөр го дейм, шам-шум этсеңер болду да. Кечикпегиле, кечиксеңер таштап кетем!

Чал өзүнчө шоопурга ачуулана кетти:

— Өзүнүн менчигин айдап келаткансып өкүрөт да! Бул жерде атаңдай болгон абышкалар да бар… Таштап эле кетип көрчү, эртең эле ордуңдан ыргыйсың. Биз да бирдеме билебиз, закүн деген бар!..

Эл топурап жерге түшө баштады.

Элдин көпчүлүгү шоопур айткан мөөнөттөн мурда эле автобустун жанына чогулуп калышты. Ал жерде бир аял үңүлдөп ыйлап отурган эле:

— Баламды жоготуп жибердим, эми эле жанымда турган! Башымды жоготтум, кокуй! Балам жоголду!

Өкүрүктөн улам элдин баары үйүлүп калды. Аңгыча бир киши өзүнчө сөгүнүп алды да:

— Жанагы катын тура, кичине соолугуп калыптыр. Жана ылжыган мас болчу, дайнын таппай олтурган. Кара башын жейт, баласы жоголбой эле күйөөсү алып кеткен. Мунусу долуланын болбой койду…

Элдин көңүлү иренжий түштү. Аңгыча шоопур сигналды өкүртө басты. Баары автобуска жабылды. Ар жактан шашып-бушуп жүгүрүп келаткан чал аялды көрүп, имерчиктеп токтоп калды. Аял боздоп жиберди:

— Абакебай, баламды жоготтум!

— Эмне дейт катүгүн?! Ой, кантип жоготтуң?

— Жоготтум!

— Ой, массыңбы?! Түү, ылжыган атаңдын оозун урайын, ой бала менен жүргөн соң, алыңа ченеп ичпейсиңби! Каерден жоготтуң?!

Аял жооп бербей үңүлдөдү. Чал автобусту унутуп, аялдын жанында туруп калды. Эки жакты элеңдеп карап, кайсалактай берди. Буга шоопурдун кыжыры келди окшойт, сигналды узакка өкүртүп туруп алды. Чал кайпастап автобусту карай жүгүрдү.

— Ой, дүлөй киши бар экен, эмне айкыртасың?! — деди чал шоопурга автобуска түшөрү менен.

— Жалгыз сиз үчүн момунча кишини кармап олтурам. Каалабайсызбы — калыңыз!

— Эмнеге калам?! Орто жолдо калгыдай жинди киши бар бекен?

— Анда убагында келүү керек! Он беш мүнөт десе, он саат жоголуп!..

Шоопурдун жемеси жанына батып кетти окшойт:

— Эй, сенин көзүң көзбү, мен эмне, ойноп жүрдүмбү?! Тээ тыякта киши өлгөнү жатат! Уктуңбу! Адамсыңбы сен?!— Автобустагыларга колун жаңсады. —Буларың күтүп турар, ботом, жоо чаап келаткан жок ко?!

— Аксакал, аныңыз ылжыган мас экен. Көрүнгөн мас менен кошоктошуп ыйлай берсек, үйгө качан жетебиз? Болуңуз эми, олтуруңуз?!

Шоопур буйра сүйлөдү.

— Олтурам, олтурбаганда эмне, качып кетмек белем! Мас экен деп коёт, мас эмне, киши эмес бекен? Сен таптакыр мас болбойсуңбу?!

Шоопур сага даба жок экен дегендей чалды жаман көзү менен бир карады да, анын отурушун күтпөй айдап жөнөдү.

— Атаңдын оозун урайын десе… Ылжыган мас экен, ой, баласы менен жүрүп арак ичкенди ага ким коюшур?! Баласы эмне болот, кокуй?! ‘Күндүн сүрү бул болсо. Арак ичпей эле, сийдик ичсеңчи!..

Чал отуруп жатып ушинтип бууракандады. Жигит орун которуп албаганына өкүнүп койду. Ал ашканадан чыккандан кийин баягы бийкечтин жанына олтурсамбы деп тилек кылган. Бирок биресе чал дагы ар нерселерден айтып, элдин алдында уят кылабы деп корксо, биресе чалга диалектика жөнүндө түшүндүрүп, аны таңдандырайын деген. Эми кырсыкты карачы, баары кыйрап калды! Жигиттин оюн билгендей, чал көп өтпөй эле ага опурула кетти:

— Кыйратып салгансып, баарын чыгарасыңар, өңгөсүн тим эле коёюн, жанагы бөтөлкөлөрдүн түрлөрүн карабайсыңбы, чоң, кичине, жылдызча… Тири укмуш кооз! Ичмек түгүл бутуңду жууга ыраа көргүң келбеген немени эмне мынча кастарлайсыңар! Акчасы жетпегендер муну ичкиле деп, эми бир жутум немени да чыгара баштаптыр! Андан да баарын жайнатып дүкөнгө тизип коюшат, ичкиси келбеген киши деле ичет да, эй?!

Жигит чалга каршы чыгайын деп ойлоду. Кеп бөтөлкөлөрдүн кооздугунда, жайнап дүкөндө турганында эмес, башкада экендигин далилдеп бергиси келди. Бирок чалдын жаалын көрүп үндөбөй калды. Өзүн жоготуп, бууракандап кайнаган чалды элейе тиктеп турду. Негедир аны жек көрө албады. Ак дилинен күйүп, жан далбастаган чал өтө аянычтуу көрүндү. Жигит да үшкүрүнө кетти.

— Өз ырысына түкүрүп, суусуна сийгенге дити барган силерди көрдүм,— деди чал бир аз тыныгып алгандан кийин кайрадан бууракандап. — Өй, олуя болуп кетсеңер да салт менен кичине эсептешип жүрсөңөр болбойбу! Сүйлөсөңөр тим эле таңдайыңардан чаң чыгат, анда деле министирлерден кыйын болуп көрүнөсүңөр… Айтчы, кайда дейм, кайда?! — Ызырына жигитке кайрылды.

Капилет суроо жигиттин шаштысын кетирди.

— Эмне?! — деди ал корккондой элейип.

— Эмнеби?! — деди чал ого бегер ызырына. — Билбейт экенсиң да, ээ! Адеп кайда, адеп.

— Адеп?! — Жигит түшүнбөгөндөй ийнин куушуруп күлүмсүрөдү.

— Саа эмне, абийир керекпи, ыя?!— Чал демитип кирди. — Аны эмне үчүн оозанып жатасың, ыя?! Анын саа эмне кереги бар дейм?

Чалды жалдырай тиктеди жигит.

— Ошондойчо! — деди чал өкүрүп. — Анын кымындай да кереги жок саа! Саа ачандик керек! Уктуңбу, ачандик!..

— Начальник?.. — Жигит дале өзүн жыйнай албай жатты.

— Ооба! — деди чал. — Ачандик! Сении адебиң да ошол, абийириң да — ошол!..

Жигит чалдын оюн эми араң түшүндү да, кыжырдана:

— Сиз,— деди мукактана,— сиз… Сиз… —Чалды карап, сөзүн улай албай, туруп калды.

Чал эси оогондой шалдайып олтурган. Улам-улам эрдин тиштеп коёт. Тамашакөй чалдын заматта өзгөрүп кеткенине жигит биресе таңданса, биресе ичи ачышты. Бир аялдын мастыгы үчүн каны кайнап жер сабаган байкуш чал ары сыймыктуу да, ары табышмактуу да эле. Чалды негедир жек көрө албай койду, буга өзү да айран калды. Анан кандай да болбосун аны мурунку калыбына келтирсем деп эңседи. Ошондой эле чал дагы эле эң негизги нерсени түшүнбөй, өзүн өзү бекер эле жеп жаткандыгын далилдеп, өзүнүн оюн диалектика аркылуу бекемдегиси келди:

— Аксакал, салт деген катып калган таш эмес. Ал коомго карай өзгөрөт, өнүгөт, байыйт. Жанагы биз айткан диалектиканын закону ушундай.

— Дыйа… Дыйакта… — Чал тили келбей мукактанды.

Жигит күлүп, оңдой кетти:

— Диа-лек-ти-ка.

— Дыйалектыка, дыйалектыка деп эле безилдейсиң, адепти билбеген аның эмне деген балакет?!

— Ар нерсе эскирет, анын ордун жаңысы басат.

— Муну мен да билем. Жада калса башыңдагы тебетейиң да эскирет, жаңы тебетей жасатып киесиң.

Жигит сүйүнүп кетти да, суктангандай:

— Туптуура, кандай жакшы мисал!

— Бирок жаңысы эскисинен жакшы болуш керек да! — деди чал буулуга. — Сенин дыйалектыкаң ушуну билеби?!

Жигит жооп таба албай элейди. Муну билдирбөөгө аракеттенип:

— Биз деле жакшысын алып, жаманын ыргытып жатабыз го?

Чал кайра чок баскандай туйлады:

— Тигини! Ыргытчаактыгын булардын, шыдыр эле ыргытып жиберишет! Шымы жоктор! Баарын ыргытып жиберипсиңер, силерде эмне калды?

— Жакшысынын баары калды, жаманы кетти.

— Кайсынысы жакшы, кана, көрсөтчү?! Арак ичүүбү, мокочодой болуп кийинүүбү? Улууну көзгө илбей, тоголото түртүп кетүүбү? Көзүңдү акырайтып мени жаман көрбөй эле кой, балам! — Чал үндөбөй калды да, көп өтпөй эле кайрадан жаалданды. — Ой, силер эмне болуп баратасыңар, ыя?!— Аргасы түгөнгөндөй арттагы кызга кайрылды. —Уксаң, айланайын, калп айтсам, сакалым өрттөнсүн!.. Баягүнү бирөө келиптир, атам каза болду эле, куран окутканы жолдошторум келгени жатышат, куран окуганды эч ким билбейт экен, сиз барып берсеңиз дейт. Макул болдум. Келишти. Эркеги бар, аялы бар. Окудум. Тамак ичип кетиңиз, тамактан кийии да окуш керек да деп кыйылат. Кыйбай, отуруп калдым. Анан эмне болду дебейсиңби?! — Чал сүйлөй албай энтикти. Өзүн жыйып. — Айланайы-ын, тим элеби, жоро! Куран окутуу эмес, жоро. Ичип жатат. Эркеги да, аялы да. Анан сөз алышып, чогулуштагыдай сүйлөштү. Бир-биринин сөзүн жыра талашышат. Тим эле жоро, тамаша, айланайын! Же туруп кете албайм, же кой дей албайм. Өздөрү зыңкыйган-зыңкыйган эле немелер. Аңырайып эле үй ээсин карайм, күнөөлүүдөй ал мени карайт. Анан тамак келди. Желген деле жок. Бирөө аялы менен кежеңдеше кетти эле, ортого дагы бир масы түштү. Анан дагы бирөө. Жаңжал. Акыры тарап кетишти. Куран деп оозанышкан да жок. Тигилер кеткенден кийин, үйдүн ээси атасынан жаңы айрылып жаткансып, көзүнөн жашын тегерете мени карайт. Не дешти билбей дал эле болуп калдым. Бирдеме десең эле боздоп ийчүдөй. Же атасы кары болсочу. Жапжаш айланайын, элүү менен алтымыштын эле ортосунда. — Чал чыдай албай, калчылдап жигитке бурулду. — Куран окутушса да, бөтөлкө көтөрүшүп… Силер ый менен күлкүнү… Силер ыргыткандан башканы… Деги силер кайда баратасыңар дейм, кайда?! Булардын ыргытчаактыгын…

— Биз баарын ыргыткан жокпуз го,— деди жигит сөздү башкага бургусу келип,— эски калдыкты гана ыргыттык, жамандыкты ыргыттык! Жашоонун закону ушундай: керексиз нерсе өзү эле булайып чыгып калат, аны ыргытыш керек. Болбосо тоскоол…

— Кыйраттың! — деди чал жигитти толук сүйлөтпөй. — Бул кейпиң менен сен өзүңдү да ыргытып таштайсың. Ыргытканың ошол да: каада-салтты билбесең, адепти унутсаң… Анан китептен жаттап алган сөздөрү менен башты айландырууга машын кантейин, ай! Мас болуп алып баласын жоготушуп…

— Жарыктык, бир кишини көрүп алып эле, анын көөсүн…

Чал кайрадан бөлө-жарды:

— Аа, бир эле кишиби?! Сенин ушул бир эле кишиң эмне кылып жатат, ыя?! Аныкы миң кишиге жайылган жокпу, ыя, мына момунтип бир-бирибизге ишендирбей, экөөбүздү чабыштырган жокпу, ыя! Андай эле кыйын экенсиңер ушул бир кишини ыргытып жибербейсиңерби. Беш жыл окуп, эмнени ыргытып, эмнени коёрду билбей, текей тергенди үйрөнүп чыгасыңарбы?! Илгери кат тааный баштаганда, кийин-кийин элдин кичинесинен чоңуна чейин көзү ачылып, илим-билимдүү болуп, жамандык кылганга эч кимдин дити барбай калат дечү элек. Эми карасаң, кайрадан көтүнө кетип бараткансыйт. Билимдүүсү минтип ылгабай-этпей ыргытып жатса!.. Булардын ыргытчаактыгын…

— Сиздин эмнеңизди ыргытып жибердик? — деди жигит аргасыздан күлүп.

— Ушуну жанатан бери билген жоксуңбу? Ой, салт кайда, адеп кайда?! Кайда сенин дүйүнөң, кайда өз элиңдин дүйүнөсү?! Кайда дейм?!.

Чал жаны ачып ыйлап жиберчүдөй эки колун силкилдетип бакырды. Муну өзү да сездиби, кыйлага үндөбөй олтуруп калды.

— Өкүматтан айланса болот,— деди үнүн жай чыгарып кайрадан. — Силер да бактылуу экенсиңер, ушундай заманга туш келген. Баары даяр, белен. Ме — ич, ме — же, ме — кий! Мына, мактеб, бар, оку! Ушинтип маңдайыңдан сылайт да, турат… Ушунун баары асмандан түшүптүрбү?!— Чал токтоно албай, кайрадан ээликти. — Кичине ыйман күтүп, кылчайып артыңарга карап, ойлоно жүрсөңөр боло! А силер ыргытат экенсиңер! Айтчы, салтсыз силер каякка барасыңар, эки көзүңдү бекем жуумп алып…

— Эмне эле чычкандай немени кууруп жатасыз, жарыктык? — деди аңгыча арт жактан бирөө чалдын сөзүн бөлүп. — Жанатан бери каарыйсыз да каарыйсыз!..

— Ый де?! — Чал чочугандай артка жалт бурулду. Өзү курлуу кемпирди көрдү. — Кууруппу! Анан кимди кууруюн!— Жаалдана кыйкырды. — Балээнин баары силерде! Ичип… — Баласын жоготушуп… Силерде эмне касиет калды ыя?! Кууруп деп!.. Камчы керек силерге, камчы!..

— Катырды! —деди баягы күлчүйгөн киши өз сөзүнө өзү маашырлана.

Муну колдогон эч ким болгон жок, атүгүл эмнени айтып жатканын көбү түшүнбөдү. Жанындагы кыз гана жактыра бербегендей карап койду. .

— Койдум айланайын, койдум! — деди кемпир чалдын жаалынан сестене. Үшкүрүнө кетти. — Аа, каран түн, айтканыңыз да чын!..

Чал түнөрүп отуруп калды. Өзүнчө туталана берди. Чыдабай кеттиби, көп өтпөй автобусту жаңырта өкүрдү:

— Ошон үчүн силер алдап жатасыңар!

— Кимди! Кимди алдап жатабыз?! — Жигит корккондой элеңдеди.

— Кимдиби?! Мени! Өкүматты!.. Булар тим эле ыргытып жиберишет. Шымы жоктор! Ыргытып жиберишет тим эле! Ыргытчаактыгын!

Чал өзүн токтото албай калчылдап турду…

Жигит не кыларын билбей нес болуп калды. Өзүн башкара албай калч-калч эткен чалдан чындап коркту. Өзүнчө өкүнүп койду: «Кара басканда бул балакетти кайдан айта койдум эле?! Ушу болбогон бир сөз үчүн эмне мынчалык күйүп-бышат дейм да!»

Чал дагы эле токтоно албай, бирде ары, бирде бери жылып тыбырчылай берди. Анын бул кыймылын кандайдыр бир шыбыр коштоп баратты. Ал шыбырды эч ким уккан жок, жада калса жигит да укпады. Бирок баары туйду. Бир гана чалдын өзү туйбады…

Житит канчалык жанталашып издебесин, баары бир чалдан көзгө илинер бир кемтик таба албай убараланды. Ошондуктанбы, эмнегедир аны жек көрө албады. Аны чын дитинен аяп баратты: «Кара басканда кайдан айта койдум эле!..»

Бул зор майдандан кийин чал да, жигит да кыйлага чейин үндөшкөн жок. Экөө тең терең ойго чөмүлгөнсүп, өз арбайын согуп баратты. Бир маалда жигит эсине бирдеме түшкөндөй, чалга аяр кайрылды:

— Аксакал?

— Эмне?!

Жигит эркелегендей күлдү да анан оюн-чыны аралаш:

— Аксакал, жанагы сиз үйрөткөндөрдүн баары эле салтпы?

— Ыя?! Эмне дейт бул урган?!

Чал чочуп кетти. Тынч олтура албай, кайпастап калды. Жигит күлкүсүн тыя албай, аны суроолуу тиктеп тура берди. Чал жанагы калыбында эле кайпастай берди, көзү ала чакмак боло түштү. Жаны кысталгандай демин ичине тартып алды…

Жигит күлүп тура берди. Чал да жылмайды. Экөө тең бир-бирин тиктеп, жылмайып тура беришти. Экөө тең чын дитинен күлгөн жок, атүгүл өздөрүнүн жылмайып жатканын да билишкен жок. Экөө тең үндөшпөдү, дал ушул калыбында баштарын эки жакка буруп кетишти…

*      *      *

Жигит өзүнчө ойго батып келатты. Чал жай алалбай ары-бери чабалактап жатып, акыры терезеге башын жөлөп, уйкуга кетти. Уктап жатабы, же ойгообу, ким билсин, айтор эки көзүн бекем жуумп алды. «Чарчады да. Жол жүрүү карылар үчүн чоң жумуш да»,— деди жигит чалды аяп. Кайра суктана кетти: «Беттери кыпкызыл… Ден соолугу беш экен да!» Капысынан ушул кыпкызыл чал менен болгон кагылышуусу эсине келе калды. Чалды дагы бир жолу тигиле карады. «Укмуш чал экен!.. Мындайды биринчи көрүшүм… Кой уктайын»…

Жигит көзүн жумду. Бирок уктай албады, анан арттагыларга көз жиберди. Көпчүлүгү дүйнөкапар уктап жатат. Баягы бийкеч өзүн суктана тиктеген жигит менен иши жоктой мемиреп уйкуда экен. Өкүнүп койду: «Эгер экөөбүз бирге олтурганда, эмгиче… Белетти кичине коё туруп алганда…»

Жигит кайрадан көзүн жумду. Уйку ордуна чалдын сөзү жаңырды. Кызык, өзү каалабаса деле, чалдын сөзү кулагына жаңырып туруп алды. Эстебөөгө аракеттенип, эки көзүн бекем жумду, минткен сайын өчөшкөнсүп баары биринин артынан бири эсине түшө берди. Кайрадан чалды тиктеди да: «Чындап уктаган экен! Чарчады да. Кайран чал!» — деди шыбырап. Өзүнчө жылмайып алды. «Биздин жанталашып иштегенибиз, илмийип арыктап окуганыбыз акыры барып эмнеге куярын билесиңби?!» — деп сурагансыды чал уктаган калыбында.

Жигит селт этип чочуп кетти. Чалды карады. «А бул өзү эмне үчүн жашап жүрөт? Ушул мезгилге чейин эмне максатта жашап келди? — Жигит жооп таба албай кыйналды. — Тоюнуп жеш үчүн ганабы?! Жок!— деди кайра, өз жообунан корккондой башын чайкап. — Мындай болушу мүмкүн эмес. Кантип эле?..» Чалды тигиле карап кыйлага турду да, өзүнүн оюна кошулгусу келбей башын чайкай берди…

Бир маалда кокусунан анын башына дагы бир ой келе калды. «А менчи? — деди ал. — Мен эмне үчүн жашап жүрөм?! Жакшы жашоо үчүн да! А бирок жакшы жашоо дегендин өзү эмне?!» Ал жакшы жашоо деп курсагы ток болуп, дүр-дүйнө жайнап турууну гана түшүнчү беле? Ушул үчүн гана жашап жүрөбү?! Жигит негедир уялып кетти. «Жок!— деди ал. — Жок… Мындай эмес, таптакыр мындай эмес! Анан кандай?!»

Жигит биресе өз оюна өзү кошула бербей, биресе жооп таба албай башын чайкап жатты.

Акыры ушул суроону — эмне үчүн жашап жүрөм деген суроону — алигиче ойлоно электиги эсине кылт этти. Жеңилдей түшкөнсүдү. Бирок бул көпкө созулган жок, өтө карапайым, өтө жөнөкөй тиги суроо кандайдыр бир оор жүккө айланып, аны желкеден ныгыра басып тургансыды. Жигит өзүнчө эле бушайман болуп, түйшөлгөндөн түйшөлө берди.

«Чалчы?— деди ал кайрадан чалды тиктеп. — Ойлонду бекен? Же жөн эле жашап жүрөбү? Ойлонгондур, алигиче кантип ойлонбосун, кантип жашап жүрөт? Ме — же, ме — кий, ме — ич! Же болгон максаты ушубу? Жок… Жок! Мындай эмес…» Жигит кетенчиктей башын чайкады. Чалды ойготуп сурагысы келди. «Кой, уйкусун бузбайын, дагы өкүрүп жүрбөсүн?» — деди кайра.

Жигит өзүнчө чайнала берди.

Аңгыча чал да ордунан козголду:

— Өх, кичине чырм этип алайын деп көзүмдү жумсам, деле уктай албай койдум. Сенчи?

Жигит өзүнүн оюн чал билип койгондой алактап калды да, калп айтууга аргасыз болду:

— Ии, ооба. Уктадым.

— Эр экенсиң! Мен уктай алчудай эмесмии. Көз алдыман ар нерселер кетпей койду. Улам тигини эстейм, улам муну эстейм. Эстебейин деп жанталашкан сайын ого бетер эстейм. Кара баскырдыкы!..

Жигиттин жүрөгү зыр дей түштү.

— Жанагың ким эле? — деди чал жигитти көздөй жүткүнүп. — Атын таптакыр эстей албай койдум.

— Ким?

— Маалимчи? Макырке беле?!

— Макаренко.

— Аа Макырыңке де, Макырыңке!.. — Өзүнчө шыбырады. — Эмне анча азап тартты дейм да!.. — Ойлуу туруп калды да, жигитке карап. — Мунуң азыр барбы?

— Балээниби,— деди жигит күлүп. — Эчак эле өлгөн, жаны темирден болсо да эмне болуптур?..

Чал башын чайкады.

— Балдары барбы?

— Билбейм. Баласы жок болсо керек эле.

— Аа де. Арман! Арманы жок да киши болчу беле? Телегейи тегиз эч нерсе жок тура, атүгүл тогуз баласы тогуз жерде хан болгон киши да арман кылчу экен… Дүйнөнүн жалгандыгы ушул да!

Чал кимдир бирөөгө нааразы болгондой улутунду.

— Баласы жок болсо, сөөгүн ким койду болду экен?!

— Билбейм!— Жигит бурк этип алды да, кайра жибип. — Эл коёт да, аксакал! Андай адамдар талаада калмак беле?

— Ошентсе да өз балдарыңдын аталап чурулдап ыйлап турганына не жетсин! — Өзүнчө күңкүлдөй кетти. — Баланы кудайдан ошон үчүн тилейт эмеспи!..

— Анын балдарычы, окуткан балдары канча болгон дейсиз!

— Аа… Чын эле…

Чал башын ийкеп койду.

— Ошолордун баары келиптирби?

— Ооба. Уккандардын баары өлкөнүн төрт тарабынан барышкан. Укпагандары кийин келишкен. Тирүүлөрү азыр да үзбөй барып турушат. Эстелигине гүл коюшат! Баары коюшат, окуучулары да!

Жигит өзү толук билбесе да, ушинтип сыймыктанып койду.

— Эмне үчүн гүл коёт?

— Билбейм. Сыягы гүлдөй жайнап жашадың дегени го?

— Жакшы экен. Илгеркилер бугунун мүйүзүн мүрзөгө сайып коюшчү экен!

— Мүйүздүбү?! Кызык экен. Эмне үчүн?

— Касиеттүү да. Бугу эненин мүйүзү ар кандай кырсык-жамандыктан, жин-шайтандан сактайт эмеспи. Ушуну алигиче билбейсиңби?!

Жигит таңдангандай башын чайкады.

— Макыреңке! — деди чал суктангандай. — Кудай бак айткан адам экен да! Бекер жашабаптыр да! — Коңур үнү менен күңкүлдөп ырдай кетти:

Заманың барда жашай бил,
Экинчи келбейт айланып.
Сүйлөөргө муктаж болорсуң,
Өлгөн соң тилиң байланып!

Жигит чалдын оюна кошулгандай башын ийкеди. Чал өзүнчө кабурап койду:

— Макырыңке… Макырыңке… Балдарга койчу ат экен!

Экөө тең демин ичине алышып, үндөбөй калышты. Житит түшүүгө кам ура баштады.

— Сен дагы көп оку. Керектүү нерселерди окуй бер. Көзүң ачылат. Бирок байка, оку десе эле көрүнгөндү окуй бербе! Анда башың чирип бүтпөйбү! Жинди болуп кетишиң да мүмкүн. Керектүүсүн гана оку!

Жигит макул дегендей жылмайды.

— Атаңдын оозун урайын баягы мас эмне болду экен?! — деди чал бир аздан соң. — Ит өлчүдөй суук болуп турат, бир жерге жатып калып, томурайып тоңуп калды бекен?! — Чал туталана кетти да, кайра өзүн өзү жооткотуп койду. — Өлбөс, артынан акмалап жүргөн бирөө бардыр, ботом?!

Житит да масты эстеп, эмне болду экен байкуш деп күбүрөп алды. Автобус жигиттин айлына келди. Ал ордунан турду.

— Бир жинди абышкага жолуктум деп айта жүрөрсүң? — деди чал күлүп. — Бирок мени абийирден таптакыр эле кол үзүп калган экен деп ойлобо, мен абирсиз жинди эмесмии! Буга кийин-кийин көзүң жетет, эгер дардаңдап эле көөп кетпесең… Кудай аман койсо, дагы жолугушаарбыз, көрөм ошондо!..

Житит чалдын сөзүнө толук түшүнө бербей, өзүнчө күбүрөп койду:

— Ай ата, дагы эле ишенбейт!

Автобус токтоп, жигит түшүүгө кам урганда, бир нерсеси унут калгандай чал бакырды:

— Эй, коё турчу. Жанагы маалимдин аты ким эле?

Жигит ыңгайсыздана түштү да, анан кубангандай муунга бөлүп кыйкырды:

— Ма-ка-рен-ко!

Жигит түшүп кетти. Арттагылар кимибизди чакырды дегенсип, бир-бирин суроолуу тиктеп калышты. Чал өзүнчө улам-улам шыбырай берди:

— Макырыңке… Макырыңке… Мак…

Автобусту кармаганы үчүн шоопур деле сенин азабың өттү чал дегенсип, аны жаман көзү менен акырая карап алды. Чал буга назар салган жок.

Жигит эшикке чыгары менен чал олтурган терезени тиктеди. Чал күнөөлүү адамдай жигитти муңайым карап турду. Акырында жигит эмнегедир жылмаюуга аргасыз болду, чал да жылмайды. Чалдын оозу кыбырап, жигитке бирдеме деп айтып жаткансыды. Жигит аны уккан жок, буга ушунчалык өкүндү.

Автобус ордунан козголду. Жигиттин ичи ачыша түштү. Он сааттын аралыгында болуп өткөн окуя азыр эле бир ирмемде көз алдынан чубап өттү. Ал окуя автобустан үзүлө албай, улам арылаган сайын узун аргамжыдай болуп чубалып кете берди.

Жигит автобустан көзүн албай бир орунда тура берди да, акыры чалдын ырынын эсинде калган сабын кайталап койду:

— Заманың барда жашай бил!..

1979-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.