АҢГЕМЕ

Ал терезеден карады: көчөдө дале жаан.

— Кыязы, жаан нөшөргө айланган окшойт,— деп жоромолдоду ал, шыбыргактаган дабышты тыңшап. Дүгдүйүп, ийнине түшкөн чачын жогору сылады. Түк баскан чап жаагын мойнуна оролгон сүлгүгө сүртүп, көмүрүн учтады да, күрсүндү.

— Гм-м!..

Күн кайнап, суу капысынан кирген: жошого боёлуп, шуулдап аккан дайра түп-тамырынан бери омкорулган даракты иримине чөмкүтүп, өйдө-төмөн калкытат. Дайранын ортосунда толкун ыргагына термелип агып бараткан узун сөңгөктүн үстүндө сур коён олтурат. Ал толкун устунду калчаганда, жылмышып кетпеси үчүн жыгачка бекем боортоктоп алган.

Берки жээкти көздөй суу жайкап кеткен аралдан качып, кол кармаша чуркашкан — кызыл жоолукчан кыз менен жаш жигит. Алардын иреңдери шаттуу.

— Гм-м!… Дагы азыраак эле бирдеме кошуш керек?!.— Сүрөтчү сүрөтүнүн бир жерин чийди да четке оолактай басып карады.

Ошол убакта каалга акырын ачылып, так эле тиги сүрөттөгү дайранын жээгин карай чуркап келаткан кызыл жоолукчан кыз үйгө кирип келди. Бирок кыз азыр сүрөттөгүдөй кызыл жоолукчан эмес, үстүнө плащ жамынган. Шөмтүрөп суу. Чынында ал ошондо да жоолуксуз, жылаңбаш болучу. Бир топ улгайыңкы да тартып калган.

Сүрөтчү аны көрө коюп, шашып кетти, мойнуна оролгон сүлгүсүн бошотуп, сүрөтүнө жаба салды. Аялдын плащын чечүүгө жардам берип, астына олтургуч жылдырды.

Отурушкан соң, бөлмө ичи кулак кескендей жым-жырт боло түштү.

«Келген экен да»,— деп ойлоду сүрөтчү, аялына баштан аяк карап. Ага удаалаш эле терезенин ары жагында шамалдуу жаандын ышкырып, кычырап, онтоп жатканы угулду.

«Отурган экен да»— деп ойлоду Зейне, күйөөсүнүн мурдакысындай эле боёктон чамбылала болгон колу-башына, кеберсиген эрдине карап. Анан бөлмөдөгү жымжырттык жанды думуктурган алсыздыкка айланып баратканын сезип, тим отура бербөө керектигин чечти.

— Мен…— Ал сөзүн бүтпөй калды. Ордунан ыргып туруп өзү билип эле жабылуу мольбертти калыбынан жазбай көтөрүп барып наркы бурчка койду. Жеңин түрүп, бөлмөнү шыпырып, иретке келтире баштады.

— Бөлмөнү желдетчи,— деди Зейне акырында, шыпырып бүтүп. Форточканы ачты.

Зейне кара сумкасынын ичинен бир шише АЛБ ДЕ МАСЭ кургак виносун жана апельсин алып чыкты.

Күйөөсү ошол замат кызара түштү. Сүрөт тартып, чарчаганында ичкилик колдоно турган. Анысын Зейне жактырчу эмес.

— Буга да убараланып жибер,— деди Зейне апельсинди Медерди көздөй жылдырып.

Күйөөсү моюн сунгандай жылмайып, апельсиндин кабыгын бычак менен аарчып кирди. Демейде, зайыбы кызматынан чарчап келип, а күйөөсү оокат жасоого жардамдашпай, нааразылык чыкчу. Үч ай мурда ажыраштык деп коштошушкан. Эми минтип апельсин аарчып жатат…

Медердин көңүлү кандайдыр көтөрүлүп, эмнегедир боору да ачып кетти.

«Ырас эле, элдешебизби… Элдешебизби?»— деди ичинен, аарчылган апельсинди бириндете берип шаттангансып.

Зейне шкафтан вилка менен рюмканы алып чыгып столго койду.

— Бүгүн Жакинге бардым. Талпынып, кадимкидей адам болуп калыптыр,— деди ал капысынан.

Медер жалт башын көтөрүп Зейнеге карап алды. Зейне тике караган жок. Бузуп жибербесин дегенсип, сөзүн тездетти:

— Кетейин деп өөп, кийинсем, билгенсип ыйлайт. Кайра жанына барып өпсөм, басылып калды. Ал, өгүнчөрөөк ооруп, энесин беймаза кылыптыр, бирок азыр жакшы, таза айыгып кетиптир.

Медер дале көк мелтейленип унчуккан жок. Ордунан туруп АЛБ ДЕ МАСЭни ачты.

— Музыка коёюнбу?— деди ал.

— Тынч эле…— деди Зейне.— Эсиңдеби, бүгүнкү күнү биз уу-дуу болуп баш кошконбуз.

Медердин денеси дүр эте түштү: «Баш кошконбуз?..» Ал унутуп калыптыр.

— Бактылуу күнүмү белгилегени атайын келдим. Сен үчүн!- деди Зейне, сөзүмдү бузуп жибербесин дегенсип шашып сүйлөй, куюлган рюмканын бирин Медерге жылдырып, назик жылмайып.

— Сен үчүн да,— деди Медер, рюмкасын бийик көтөрүп. Зейненин назиктиги, ак көңүлдүүлүгү ага ар дайым жага турган.

— Жакин үчүн,— деди Зейне, кийинки көтөрүштө.

— Жакин үчүн!— деди Медер.

— Жакин чоң энесине абдан үйүр экен,— деди Зейне.

— Чоңойгондо бала бакчага, анан мектеп-интернатка тапшырабыз. Экөөбүз тең барып көз салып турабыз,— Медер суз туруп, качандыр бир кезде айткан сөзүн кайрадан кайталады.

Өз алдыларынча унчугушпай олтурушуп ичишти. Зейне ичилген рюмкаларга кайрадан вино толтурду. Медер ачып коюлган форточка жакка кылчайып карап, жаан терезенин ары жагында дагы эле нары-бери тырсылдап айнекти ургулап жатканын көрдү.

— Үйдү сел каптап кетип жүрбөсүн,— деди ал, форточканы жапканы илең-салаң туруп. Тартып жаткан сүрөтүндөгү Зейне экөө дайранын жээгине сейилдеп барышкан күнүн эстеп, иреңи күлмүңдөй түшүп, макалдата сүйлөдү:

— Бирок, үйдү эмес, сайды суу каптаар. Биз коркуп кетип, кийимдерибизди жээкке көтөрө чуркарбыз.

Зейне кайрадан назик жылмайып ийди.

— Байкуш, ошондогу сууга аккан коён эсиңдеби?— деди ал, жоодурай,— сен кол булгап кыйкырып жибергенде, ал суунун шарына секирип түшүп, ого бетер чүмкүп агып жөнөгөн. Ошондо сен эринбей, коркпой эле чабак уруп барып коёнду суудан алып чыксаң болмок…

— Гм-м!.. «Дагы азыраак эле бирдеме кошуш керек эле?» деп кусалуу ойлоду сүрөтчү, өңү кайрадан серт тартып.

Ага отуруу көңүлсүз болуп, жалгыздыкты көксөй баштаганын Зейне сезди.

— Убакыт өткөн сайын жадашып, көп нерсе жөнөкөйлөшүп кетет. Мен ага түшүнөм, — деди Зейне.

— Гм-м!. Д-да!..

— Ошол күн үчүн,— Зейне вино толтурулган рюмкасын алып, кайдыгер түрдө тиер-тийбес кагыштырып дароо шыпкыды.

Анан Зейне тез-тез кыймылдап кийине баштады. Сыртта жаан дале шатыратып жаап жатканын билип турса да, Медер аны кармаган жок.

Бары бир Зейне калбайт болчу.

— Кечирип кой, тынчыңды алганыма, — деди ал коштошуп…

Жалгыз калып сүрөтчү иштечү…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.