Федор Достоевскийди бирөөлөр жакшы көрүп сүйсө, кээ бирлери жек көрүшөт. Бирок биздин күндөргө чейинки анын актуалдуулугун жоготпогон гениалдуу ойлоруна кошулбай коюуга аргабыз жок.

Келгиле, бул адамдын айткан ойлоруна кунт коюп көрөлү…

♦ ♦ ♦

Ким пайдалуу нерсе кылгысы келсе, анын колу таңылуу болсо да көп жакшылыктарды жасай алат.

♦ ♦ ♦

Таарынычтарды акыл-эсиңде сактай бербе, кереметтүү көз ирмемдерге орун тийбей калбасын.

♦ ♦ ♦

Негизги идеяң аткарууга кол жеткис бийиктикте болуш керек.

♦ ♦ ♦

Бараткан жолуңда ар бир үргөн итке токтоп таш ыргыта берсең, бара турган жериңе эч качан жетпейсиң.

♦ ♦ ♦

Бардык нерсенин чеги болот, аны бир аттап өтсөң кайра артка жол жок.

♦ ♦ ♦

Биринчи кадамды бири да таштагысы келбейт, анткени ар бири күнөө менде эмес деп ойлойт.

♦ ♦ ♦

Китеп окубаганың — демек, ойлонуудан калганың.

Которгон  Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.