(Чоңойгусу келген балдар жана бала болгусу келген чоңдор үчүн жомок)

Тереземден теребелге баш багып, үйүмдө бул сокур кишинин көзүндөй үлбүйгөн айнек алкактан башка кызык толуп жатса да, кайра тартылып карайм. Тартылганга татыктуу деле укмуш көрүнүш жок. Теребел дегенде эмне болмок: анда-санда зырылдап унаа өткөн чаң жол, жайкысын жайнаган гүлдөр болор эле, азыр кар жаңы кетип, бирин-серин байчечекей баш багып келаткан кез, анан бир да жалбырагы жок жылаңач дарак. Башка дарактар эчак бүчүр байлап, жалбырак ачып калды. А бул шордуу картаң чалдын башындай такырайып, бырышып, ырайы да, шай-мүшкөсү да кеткендей.

Мына, болгон теребел. Кызыгы — мен гүл жайнаган жайды эмес, так ушул маалды, эрте жазды, туюмумда, белгисиз себеп менен жактырам. Белгисиз деп да айтууга болбойт. Деги ал себепти жалпак тил менен айтуу оор. Ошондуктан жөндөп түшүндүрө албай жатам.

Эсимде, кичинемде баары сыяктуу эле жай менен кышты өтө жактыра тургам. Мына азыр ал убак элес гана болуп, жетилип, ак-караны билип калганда өзүмдүн жазды жакшы көрөрүмдү түшүндүм. Жаз деген керемет да. Сулуулуктун баары жазында баш көтөрөт. Билбейм, балким картайып баратам. Даракка тигилип, көкүрөгүм сыздайт. Эртели-кеч алегим ошол. Ал жөнөкөй эле дарак. Ал гана эмес жөнөкөйдөн да начарыраак. Башында бул бечара даракты ичимен жаман да көрүп кеткем. Толгондон тандап биздин үйгө өскөнүн кара, көрктү бузуп!

Бирок мен жаз менен кошо бул даракты жакшы көрүп калдым. Менден башка бул дарак менен жазды жакшы көрөм деген бала көрбөдүм. Жок-жок! Бирөөнү билем. Ал жаш экенине карабай жазды да, даракты да өтө жакшы көрчү. Бирок анын сүйүүсү менен меникин салыштырууга болбойт. Такыр болбойт!

Азыр тереземден даракты көрүп, ошол жазды сүйгөн кичинекейди эстеп кеттим.

Бул кабыгы оюлган, куу мамыдай жылаңач дарак кимди эстетмек эле деп ойлоп тургандырсыңар. Мен аны ар жылы жаз келген сайын эстейм. Сизге да ошол кичинекей тууралуу баян кылайын. Неге дарак аны эстетерин, неге менин жазды жакшы көрөрүмдү да түшүнүп каларсыңар…

Жалбырак баяны

Жол боюнда өскөн дарак өзү да, ал тургай анын ар бир жалбырагы да түгөл уктап жатканда бир гана дарактын так ортосундагы бүчүр кыбырап жатты. Жарыкты көргөнгө умтулуп, болгон күчү менен тырышат. Жашоонун жарык нуру аны барган сайын өзүнө тартып, азгырыгы арткан бул дүйнө өзүнө имерип, дагы бир макулукту чакырып турат.

“Кырт” эте түшкөндө дарак ойгонуп кетип, эки жагын каранып, али эрте экенин көрдү да, өз бүчүрүнүн жакшы жатканын текшерип коюуга бел байлады. Кенже бүчүрү дарактын дал ортосунда болгондуктан күндүн нуру анда-санда шамал аралаганда гана жетпесе, ар качан башка жалбырактардын далдоосунда. Ошондуктан бул жарыкка бир аз кечигибирээк келди.

Дарак өз бүчүрүн текшермекке караган учурда өзүнүн кичинекейи козголуп жаткан. Дарактын кубанычы койнуна батпай, сүйүнгөнүнөн силкилдеп кеткенде башка жалбырактар түгөл чочуп ойгонушту да, эстерин жыя албай эки жагын каранышты. Алар өздөрүнө жаны кошулган кичинени байкашкан жок. Качан гана дарактын ага үйрүлүп, эреркеп турганын көргөндө кээ бири сүйүнүп, кээ бири кызганып карашты.

Жаралуу кандай бакыт?!. Башка кубулуштар сыяктуу бирөөгө гана эмес, айланага бүт бакыт тартуулайт. Ар нерсенин ак-карасы болот эмеспи; жаралууда да дагы бир өмүрдү тобокелге салып, жакшыдан үмүт гана кылат. Анын ырахаты ушунчалык; ага карабай жаралгандар улам-улам көбөйүүдө. Жаңы жаран, жаңы тилек, жаңы үмүт. Айтор биздин кичине дал ушул жол боюндагы дүпүйгөн дарактын койнунда жарыкка келди.

Дарак кенжесин  өзгөчө көбүрөк жакшы көрүп, күнү-түнү караса тойбойт. Улам ага үзүлүп түшүп, ар кандай кокустуктан, кубулуштан калкалап турат. Бирок кичинекейге бул жакпайт. Ал баарын көргүсү келет, байкагысы келет.

Дарактын жанында кичинекей өзүн күчтүү сезсе да көп нерседен коркот. Айрыкча мөндүрдөн өтө үрөйү учат. Эң алгач мөндүр көргөнүн эч унута албай, эстеген сайын коркот…

Ал күнү бейкапар айлана бир заматта чүмкөлө түшүп,  кайра ачылып, олку-солку болуп турган. Кичинекей мындай кескин өзгөргөн аба ырайын көрбөгөн. Демейде бүркөлүп калса катуу нөшөр жүрүп, болбосо аба ырайы анчейин бузулбай өткүн жүрүп өтчү. А өткүн кичинекейге, ал тургай, жага турган. Өткүн өткөн соң авто-унаалардын түтүнү өйдө учпай, айланага толгон чаң оболобой, айрыкча жерден көтөрүлгөн буу керемет жыт таратып, куштардын сайраганы жаңырып угулат.

А мөндүр башкача болду. Кичинекей анда дагы өткүн күтүп, сүйүнгөнүнөн тамырчалары чоңойуп да кеткен. Бир маалда аркасы “тыз” эте түштү. Жаны көзүнө көрүнгүдөй эле болгон кичинекейдин кыйналганын сезгендей, дарак дароо аны бутактары менен тосо калды. Ал калкаланары менен “топ-топ” этип ак тоголоктор кулай баштады. Алар ушунчалык күч менен келгендиктен, кээ бир жалбырактарды сабынан үзбөй тешип кеткен бул көрүнүш кичинекейдин алгач көргөн коркунучу болду. Эгер дарак аны калкалабаганда, мөндүр аны да калбырдай кылып элеп салат беле…

Бирок кийин мөндүрдөн да коркунучтуу нерсе бар экенин билди. Адам…

Кичинекей да алар менен кезигип, ал тургай алгачкы кезигүү эң сонун болгон. Анда бир кичине кыз менен дагы бир кичине бала колуна чака кармап, даракты сугарып, кыз болсо колу жеткен жалбырактардын чаңын сүрткөн. Кичинекей да ошол колдорго эркелегиси келсе да, ал колдор ага жетпей койгон. Экөө өз иштерин бүткөн соң даракты карап бир аз турушкан.

— Мына, даракты сүйүнттүк. Мугалим эже айтпады беле: даракка суу куйсаңар сүйүнөт деп, – бала кудуңдап турду.

— Чаңын сүртсө да, – деп талашты кыз. Экөө өз иштерине маашыр болуп чуркап кетишкенде кичинекей жалбырак аларды суктана карап узаткан. “Мугалим тарбия берген балдар ушунчалык жакшы, а мугалим өзү кандай адам болду экен?” — деген суроо жаралып, ошол балдарды ээрчип, мугалимди көргүсү келген. Ошол мугалимдин бакчасына өскүсү келген. Мугалим кандай гана мөмөлөрдү, жалбырактарды өстүрүп жатты экен? Алар жетилсе ааламды кооздогонго жетер.

Экинчи жолугушуу кичинекейди сүйүнткөн жок. Ал тургай экинчи жолугушуудан соң дарак да, жалбырактар да жоо тийген журттай муңга чөктү.

Ал күнү да кыз менен бала келген. Кичинекейдин сүйүнгөнүчү. Алар мурдагы бала менен кыздан бийик болгондуктан кичинекей жалбыракка колу жетет болчу. Алар дарак түбүнө келип, бала жерден таш алды да, күтүүсүздөн болгон күчү менен даракты уруп калды. Дарак “селт ” эте түшкөндө жалбырктардын үрөйү учуп, ал тургай карара түшүштү. Дарак болсо жаны күйүп, ачууга чыдабай ыйлап жатты. Анын ыйлашы бүт жалбырактардын тамырына тикендей сайылып, баары сыздайт. Акыры мыкаачы токтоп, жасаганын сыймыктана карап калды. Кыз да сүйүнгөнүнөн жигиттин мойнуна артылып жатты.

Кичинекей алардын неге анчалык сүйүнгөнүн, неге анчалык мыкаачылык көрсөткөнүн түшүнбөдү. Алар кетерин кетти, бирок дарактын жана андагы жалбырактардын шаңдуу жашоосун кошо ала кеткендей болду. Дарак күнүгө ыйлап, жаралуу жерин курт-кумурска аралаган сайын ого бетер силкилдеп, бардык жалбырагын күбүп салчудай коркутат. Кичинекейди да эркелетпей калды. Ал тургай бир жолу мөндүрдөн да какалабады. Анын ордуна өз жарасын жашырам деп жатканда бир топ жалбырак силкилдеген дарактан түшүп калды. Кичинекей жалбырактын көңүлү катуу ооруду.

Ошол боюнча кайгыга чөгүп кетет беле, эгер бир бурулуш болбогондо. Ооба, ал бурулуш кичинекей жалбырактын жашоосундагы бир жолу “жарк” этип кайра өччү шоолага толгон учуру. Андай учурлар демейде жүрөктө түбөлүккө сакталып, эстеген сайын кайгыга салат эмеспи?

Анда кичинекей кайгырып, дарактын эркелеткенин сагынып, бирок ошого кошул-ташыл жек көрүп турган. Бир маалда айланасы караңгылай түшүп, кайра ачылды. Андайда шамал жалбырактарды козгоду деп ойлогондуктан, башын кайдыгер көтөрө калып көргөн көзүнө ишенбей дал болуп калды. Маңдайында кадимки… жок, кадимкиден да артык сулуу көпөлөк турган. Кичинекей жалбырак бүчүрдөн башы чыкканы андай сулуулук көргөн эмес.

Кызыл канатына жашыл жолчолору төп келип, какканда жел менен кошо жүзүнө сыйкыр тийгендей арбалды, биздин кичинекей. Бул сулуулукту жараткан ким болсо да, сүрөткерлиги кичине жалбыракты таң калтырып жатты. Баарын унутту, баарын: башкаларга болгон кегин, даракка болгон таарынычын, ал тургай өзүнүн жалбырак экенин дагы. Учуп кеткиси келди ошол периштедей макулук менен. Ооба, ал периште эле. Периште болушка периште деген гана ысым жетишсиз. Учкусу келди. Ошондо гана өзүнүн даракта асылып турганын эстеп, даракты бүт дити менен жаман көрүп, жалгыз гана ошол учушуна бөгөт болуп жаткандай ойлоду.

Ошентип жалбырак биринчи жолу көпөлөккө арзыды. Арзуу деген не экенин биле электе тооруду арзуу илеби. Албетте, кичинекей жалбырак көпөлөктөрдү мурун көп эле көргөн. Бирок ал өз көпөлөгүн өзгөчө баалачу. Ал өз ичинен “эч бир көпөлөктү жалбырак сүйбөйт, бир гана менин көпөлөгүмдү” дечү. Ал өз көпөлөгүн өзү өзгөчө кылып сүйө турган жана өз сүйүүсүнө татыктуу болгону үчүн баалачу. Ошондуктан ал өзү да башка жалбырактардан өзгөчөлөнүп турчу. Ооба, андай сулуу көпөлөктү башка жалбырактар деле жакшы көрүшү мүмкүн. Анткен менен алардын сүйүүсү кичинекейдин сүйүүсүнө тең келиш кайда.

Көпөлөк да ар күнү жалбыракка келип турчу болду. Жалбырак ал үчүн баарынан кечти. Ал мурдагы максаттарын таштады, даракты сагынгандан калды. Ал эмес кичинекей жалбырак өткүндү да жаман көрө баштады. Себеби жамгырда, же кичине эле аба бузулса, көпөлөк кайдадыр учуп жоголчу. Ал күн ачык күндөрү гана сүйүүсүнө жетчү. Аба ырайы начарда сүйүү да жок. Ага карабай көпөлөккө барган сайын күчтүүрөк арзый баштады. Анын ар бир кыймылы, кылыгы арбаганы арбаган. Кичинекей өзүнүн көпөлөгү менен бир учуш үчүн дарактан үзүлүп түшкөнгө да даяр. Бутактан жерге түшкөнгө чейинки убакыт гана аны чексиз бактылуу кылганга жетет болчу: ошол эки ирмем гана! Бирок дарак аны коё берчү эмес. Жалбырак аны бул кылыгы үчүн дагы да жаман көрөт, бактысынан кармап жаткандай.

Көпөлөгү башка көпөлөктөр сыяктуу гүлдөргө конуп, башка көпөлөктөр менен өз турмушун кечиргени үчүн жалбырак аны кызгана алчу эмес. Кызганганда не? Көпөлөк өз жолу менен, жалбырак өз жолу менен да. Жалбырак ага жөн гана суктанчу. Караганга тойбой жөн гана аман болушун тилечү. Сүйүүнүн өзү ошол. Сүйүү биз өзүбүздү ашыкча жакшы көрүп кетпеш үчүн бар. Анын негизин издеп болбойт. Ал өзү негиз, жашоонун негизи. Же андай эмеспи? Силерди билбейм, кичинекейдин жашоосунун негизи көпөлөк болуп калды. Дүйнөдөгү сезимдүүнүн баары көпөлөктү сүйүүгө жаралган деп ойлогондуктан, ал үчүн жашоодо эки гана макулук бар эле: сүйгөн жана сүйдүргөн, көпөлөк жана башкалар. Ал өзүнүн көпөлөгүнүн бир күнү келбей калышын ойлогондон чочуй турган жана жашоосундагы жалгыз коркунучу да ушул болуп калган.

Бирок жашоонун таразасы дайым бир жакка ооп тура бербейт эмеспи. Ал кээде сүйүнтсө, кээде кайгыртат. Алгандын бергени бар. Бир күнү табият да бергенин алды.

Анда кичинекей адатынча көпөлөгүнө суктанып карап турган. Бир маалда куюн келип башаламан салды да, көпөлөгүн алып кетти. Кичинекей өз үзүлүшүнө кайыл болуп, көпөлөгүн издеп жатты. Бирок таба албады. Ошондон тарта күтүүнүн мезгили келди.

Көпөлөк шамал менен кеткен боюнча кайрылбады. Жалбыракты санаа басты. Балким шамал алып барып жөргөмүштүн желесине кадагандыр. Же бир тентектер кармап алып, баркын билбей боёгун ар кай жерге сүрдү бекен? Буларды эстегенде жалбырактын жаны жай таппайт. Айласы жок да. Не кыла алмак? Күтүүнү буйруган соң — күтөт. Тагдырдын өкүмү күч.

Кичинекей күн-түн дебей жол күзөттү. Үмүтү кесилбеди. Сагыныч боюн ээлеп, ар бир тарам тамырчасы менен денесине тарап жаткандай шалдырап ооруйт. Аба да кичинекейдин көңүлү менен кошо өзгөргөндөй чаң сапырган шамал көп жүрүп,  далай жалбыракты алып кетип жатып, дарактагы жалбырактар азая түшкөн эле. Кичинекей бардык жалбырактарды жаман көрө баштаган. Мурун шамалда, мөндүрдө бири-бирин калкалап, ошондуктан көп болуп турушчу эле. Азыр бири учса, экинчисин ала кетет.  Андан кимге, не пайда?

Ал өз көпөлөгүн күтүп турганда жаан жаай баштады. Бул жаан негедир оор болгондой. Кичинекей ага өз эрки менен денин тосту. Ырахаттана жаанды жактыра кабыл алып жатты. Тамчылар денине тийип чачырап, калганы тамырчаларын сылап өткөндө кайгысын бир аз унуткандай болот.

Бир маалда кайдигер гана жанына түшкөн тамчыдан өз кебетесин карап койду. Караары менен караганына өкүнүп, бирок ал сезимин таң калуу жеңип кетти. Мына сага! Мандайындагы тамчыдан сапсары, калдайган жалбыракты көрүп, өзүн тааный албай, бирок акыры моюндаса да “күтөм” деди, “өз көпөлөгүмдү күтөм” деп өзүнө өзү сөз берип жатты. Башын көтөрүп айланасын бүт сапсары жалбырактар каптап турганын көрүп, таң калуусу ого бетер күчөгөндөн эрксиз ойго келди: “Мен өз көпөлөгүмдү күтүп, санаанын, сагынычтын сароорусу басты. А буларчы?” Биздин кичинекей саргаруу  да тагдырдын ар бир жалбыракка берген өкүмү экенин билген эмес. Бара-бара ар бир жалбырак да саргаюудан ырахат издеп, саргайганча илинип турууну каалашчу.

Көп жылдык жаштыктын эмес, көбүрөк саргаюунун жолун издешчү. Кичинекей эч качан анткен эмес. Ал өз өңүн миң жылга да алмашмак эмес. Ошондуктан ал өзүн кусадан гана саргайдым деп эсептээр эле. “Эгер күткөнүң болсо күткөн жакшы, баарынан максатсыз картаюу жаман” дей турган ичинен. Мен да ага кошулам: бул жашоодо ар ким ар кандай себеп менен картаят.

Кичинекейдин кусасын тамчыдан чагылдырган ошол жаан ошол жылдын акыркы жамгыры эле. Күдөр үзбөй күтүү менен күндөр өттү. Көпөлөк келбеди. Күтүп жаткан бир күнү жалбырак бир кызык көрдү. Асмандан ак, жумшак нерселер жай, каалгып түшө баштады. Ошондо ал даракта асылып жалгыз калганын көрдү.

Жаңырган арман, жанды жеген жалгыздык! Бир кездеги жайнаган жалбырактан эч нерсе калбады. Дарак да эчак уйкуга кеткендей кыймылсыз. Кичинекей өзүнүн дарагын өтө жек көрдү. Баары кеткен жерге мени неге жибербейт, нени жашырып жатат” — деп ойлоду.  Бүт күчү менен жулкунду. Дарак канча кармаса да болбоду. Бул жолу аны кармоо мүмкүн эмес эле. Кар жаап жаткан айланага “тырс” деген үн тараганда жалбырак шумдук көрүнүш күтүп, “мына-мына” деп кудуңдады. Аалам-жер урап кеткен сымал, эми жерге түшпөй калчудай, түбөлүк ылдый кулап дарегин таппай калчудай коркту.

Ал шуулдап келип желге тийип, кайра асманга калкый түштү. Ошол эки ирмем гана жашоонун болгон суроолоруна жооп тапканга жетерлик убакыт болуп бере алды. Анткен менен ал баары бир жаралыш максатын көрө албады, жаратуучуну көрө албаган сыяктуу эле. Бирок билинбеген сокур сезим менен ушул эки ирмемдин улуулугун да, жөнөкөйлүгүн да туюп, башка суроо  сураганга батынбады. Жашоосундагы жалгыз туура кылганы ушул экенин да билип турду…

Ошондо гана “бул — өлүм” деген ой  басып, өкүнө түштү жалбырак. Даракты кайра тосуп калат деп күттү. Бирок ал эми биротоло уйкуга кеткен. Жаңы гана айрылган дарагына жетпей, сагынып жатты. Жашоо өзү өкүнүч экен да: өкүнбөгөн эч ким жок. Жашоо – арыздануу: наалыбаган эч ким жок. Антсе да кичинекейдин ою башкага бурулду. Жашоо эч качан өкүнүү болбошу керек. Деги эле жашоонун негизин издөө эрежеге каршы. Ааламды да бирөө бир максат менен  жараткан. Бирок ал эч кимге максат жараткан эмес. Аны ар ким өзү жасап алышы керек. Аны жасоо үчүн изденүү керек. Болгону ушул: жашоонун жалгыз формуласы. “Жалбырактын алгачкы максаты – жалбырак болуу. — деди ичинен, — Балким дагы адашып жаткандырмын. Чынында жалбырактын өзү жоктур. Ал да жалбырактын өзүнө өзү берген аты да”.

Аста гана жерге түштү. Эчак тоңгон жалбырактарды көрдү. Кар аста кулап анын үстүн жаап баратты. Кичинекей ошол учурда шумдук нерсе көрдү: өзүнүн көпөлөгүн. Ооба, ошол. Кантип тааныбай калсын? Бирок кичинекейдин үстүнө акыркы кар бүртүкчө түштү да, баары күм-жам болду. Кичинекей күттү. Качан аны өз көпөлөгү алып чыгат деп күттү. Ошол күтүү менен кошо ал түбөлүк уйкуга чөгүп кетти. Келген көпөлөк жөн гана алдамчы элес экенин кичинекей билген жок. А балким көпөлөк чындап келгендир…

Мына ушуну менен кичинекейдин окуясы бүттү. Мен бир гана анын эч нерсе билбей кеткенине өкүнөм…

Дарак кийинки жазда азганакай гана жалбырак байлады. Андан кийинкиде бир да жалбырак байлабады. Эч нерсеси жок дарактын жанына куш да конбой калды.

А баса, көпөлөктү көрдүм. Чынында эле өтө сулуу экен. Ал өз турмушун шашпай өткөрүп жатат.  Гүлдөн  гүлгө конот. Көкөлөп учат. Бирок даракка жолобойт. Соолуган дарактын ага не кереги?

Эгер бул окуяны окуп жатсаңыз мага күлкүңүз келер. Албетте, бул окуя орунсуз, негизсиз угулат. Мен гана бул окуяга чын дилимен кейийм. Болгону – каармандарды  мен гана тааныйм…

(Демекчи, жамгыр жаап жатат…)

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

One Reply to “Калыс Кенжебаев: Жалбырак (конкурска)”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.