Людмила Молдалиева, театровед: О бедной культуре замолвите слово?

В недавнем Послании Президента Республики к Жогорку Кенешу были охвачены и перечислены почти все сферы деятельности нашего государства, кроме вопроса культуры. Мы понимаем, что текст готовится профильными ведомствами, значит ведомство, отвечающее за культуру в республике считает, что с культурой у нас все в порядке или не владеет информацией о культуре вообще. Если выглянуть из окна Белого дома и посмотреть на Старую площадь, то ее обзор  несколько заслоняет  серое здание, а именно здание Кыргызского национального академического театра драмы им. Т. Абдымомунова. […]

Куба эл жомогу: Ажал менен аял

Бир аялдын күйөөсү катуу оору экен. Ал төшөк тартып далайга жатыптыр. Аялы анын айланасында күйпөлөктөп жүрүп, тынымсыз сүйлөнө берчү экен: — О Жаратканым, сүйүктүүмдөн мурун мени ала көр! Алгач менин жанымды ала көр… Муну уккан бир кошунасы аны сынамакчы болуп сурап турганы: — Кошуна, сен билесиңби, ажалдын түрү кандай болорун? — Жок. — Ал жылаңач корозго окшош. — Ошондойбу. Кандай болсо да ал мени сүйүктүүмдөн мурда алса экен. Мурда алса экен, — деп аял кайра сүйлөнө баштайт. Эки-үч күндөн кийин […]

Амирбек Азам уулу: Көөнөргүс көркөм мурастар көңүл сыртында калды

Сүрөттө «Азаттыктын» Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист Гүлайым Ашакеева менен Амирбек Азам уулу Белгилүү журналист Амирбек Азам уулу менен борбор калаабыздын абалы жана маданий жайлары туурасында маектешүү… – Сиз Кыргызстанга каттаган сайын борбор калаадан тартып айыл-кыштактарга чейинки терс көрүнүштөргө зээниңиз кейип жүргөн мекендештерибиздин бирисиз. Башкасын айтпаганда да борбор калаабыз Бишкектеги бүгүнкү көрүнүштөр көзгө сайылган кыпындай жоорутуп турса да ага бийлик башындагылардын эч кимисинин тынчы кетпегенин туйууга болот. Сиз эми чейрек кылымдан бери Европада жашагандыктан, мекенибизге сырттан караганда кандай туюлат болду экен?  Дегеле […]

Феликс Кривин: Чындыктын тамчылары (III)

Чындыктын тамчылары (I) Чындыктын тамчылары (II) Жарыктын жашоосу Жылдыздан чыккан жарык нур космосту көзөп өтүп, жашоо жок, көзгө сайса көрүнгүс түнт жерлерден барчу багытын жоготпой жолун улайт… Жерге жеткенде ал титиреп, күйүп турган чырактарга чалынып, акыры жердин атмосферасына сиңип жоголот. Жарыктын нуру караңгылык падышачылык кылган жерлерде өзүн мыкты сезип, жарыкчылыктын бийлиги өкүм сунган жерде өлүп жоголот. Токой пейзажы Качандыр бир убактарда бак-дарактар жер шарын багындырыш үчүн токой болуп биригишкен, а бүгүнкү күндө алар бири-бирине шынаарлашып сактануунун жолун издеп калышты. Кыймыл […]

Топчугүл Шайдуллаеванын алакандай аңгемелеринен

(Айылдаштар аттуу топтомдон) Саат Кошунасынын үйүнө тойго келген Ашыржан кемпирдин көзүнө терезе түбүндө тынбай чыкылдап жүрүп жаткан тыкыйган коңгуроолуу саат урунду. Кемпир саатты эч кимге билдирбей алды да, бир жерине салып койду. Бул «бир жери» бир нерсе уурдап ката койгонго ишенимдүү эле, кемпирди эч убакта уят кылган эмес. Азыр да кемпир үй толгон көпчүлүк ичинде, дасторкон үстүндө бейкапар отурду. Той шааниси кызып калган учурда сааттын ачуу чырылдагы отургандардын баарын «селт» эттирди. Үй ээлери саат турган терезе тарапты жарыша карашты. Саат […]

Бактыгүл Сексенбекова: Театр, кино, концерт баары үйүмдө

ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ Алданган карек, адашкан жүрөк, Ээси жок белек, эки тал терек. Жулунган сезим, чечкинсиз чечим, Белгисиз багыт, калаксыз кайык. Үмүттүү күндөр, жылдыздуу түндөр, Сабырсыз чөгөт, чыдаган жеңет. Караңгы түн да алмашып таңга Кыш кетип эртең, жаз дагы келет. Өчкөн от күйөт, сүйүлгөн сүйөт, Жамандык жанчат, жакшылык кайтат. Ачуусун татып, таттуусун сезип, Жашагым келет, жакшылык арнап. Жашагым келет, жашагым келет… БАРКСЫЗ ЫРЛАР Эргитип абасы көл кылаасынын Ээрчитип махабат ылаачынын. Сен деген ыр кадырын сезбесең да Мен деген сезимиңе ыраазымын. Акылдын […]