Сүрөттө «Азаттыктын» Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист Гүлайым Ашакеева менен Амирбек Азам уулу

Белгилүү журналист Амирбек Азам уулу менен борбор калаабыздын абалы жана маданий жайлары туурасында маектешүү…

– Сиз Кыргызстанга каттаган сайын борбор калаадан тартып айыл-кыштактарга чейинки терс көрүнүштөргө зээниңиз кейип жүргөн мекендештерибиздин бирисиз. Башкасын айтпаганда да борбор калаабыз Бишкектеги бүгүнкү көрүнүштөр көзгө сайылган кыпындай жоорутуп турса да ага бийлик башындагылардын эч кимисинин тынчы кетпегенин туйууга болот. Сиз эми чейрек кылымдан бери Европада жашагандыктан, мекенибизге сырттан караганда кандай туюлат болду экен?  Дегеле Кыргызстан деген өлкөнү сырттан келген меймандар кандай мүнөздөйт болду экен?  

– Олжоке, макул десең, мен сөзүмдү мындай иретте айтайын. Конокко келген киши сага жана чарбаңа баа бергенде, дарбазага киргенде эмне көрсө, кебин ошондон баштайт эмеспи. Ошонун сыңары мен да Кыргызстандын аба капкасы — “Манас” аэропортунан баштайын. Аэропортто чек ара жана бажы контролунан бир катар Европа өлкөлөрүнө салыштырганда ылдам өтөсүң. Албетте, бул сүйүнтөт. Бирок контролдук тилкеден чыккандан кийин кирээчи таксистер жолуңду бөгөй: “Кайда барасыз? Такси керекпи? Мына бул таксиге отуруңуз” дешип, уйгактай жабышканы, мага бир кездеги Баку менен Тбилиси аэропортун эске салат.

Өлкөнүн аба дарбазасынан кирген конокто жана жолоочуда эркин тандоо мүмкүнчүлүгү болуш керек да. Анда шаарга жетүү боюнча кандай суроо туулса, ориентир алгандай маалымдама жана электрондук маалымат тактасы болуш керек ко. Таксистердин акылыңды жыйдырбай такымдап алганы шек туудурат. Муну Бишкекте болуп кеткен көп эле тааныштарым да айтышты. Аларды таң калтырган дагы бир нерсе: шаарга аэропорттон экспресс- автобустун каттабаганы. Бул Ош аэропортуна да тиешелүү. Шүгүр, мен дүйнөнүн көп эле аэропортторунда болдум. Бирок мындай жолоочуну колунан жетелеп, микроавтобуска же таксиге алып барганды көрбөдүм.

– Бизде микроавтобус айдагандар менен таксисттер чынында эле Сиз айткандай: кардардын шаштысын алып, айрымдары кардарларды жулкулдатып жетелеп жөнөгөн көрүнүштөр абыдан көп учурайт!..

– Микроавтобустар жөнүндө сөз көп. Каршы болбосоң, сөзүмдү уланта берейин.

– Албетте, кулак сизде.

– Себеби, мен байкагандан, Бишкекте жүргүнчү ташыган отуз же кырк  микроавтобуска бир автобус жана бир троллейбус туура келет. Балким андан да аз. Болбосо, шаардын ичиндеги жолдор кенендиги жагынан Европанын чоң шаарларынан эч деле айырмаланбайт. Муну мен кадамдап өлчөп да көрдүм. Ошол чоң жолдун эки тарабына автокөлүктөр туурасынан коюлуп, тарып калып жатпайбы! Ал го ал экен. Зым чыбыгы ток жүгүргөн линияга туташкан троллейбустун жолун бууган автокөлүктөрдү айтпа. Натыйжада, троллейбустар багытында токтоп турган машинелерди кадим мультфильмдегидей айланып өткөнгө мажбур. Эгер муну мага бирөөлөр айтып берсе, такыр ишенмек эмесмин. Бишкектин ичиндеги чоң  жолдордо тартип боюнча машине эки катардан жүрүш керек ко! Байкасаң, бизде үч катар, кээде төрт катар болуп бир тарапты көздөй жулунушат. Эгер машине резинадан жасалса, биздин айдоочулар ортодогу отуз-кырк сантиметрлик жылчыкка да кирип, созмодой созулуп кете беришмек…

Дагы бир кызыкты айтайын. Автобус, троллейбус, микроавтобус токтоочу аялдамада таксилер жүргүнчү күтүп токтоп турат деген эмне шумдук. Мындайды Бишкекте гана көрөсүң!!! Дагы бир картина. Автобус же троллейбус  маршрутка аялдамага токтоп, жүргүнчү алып жатса, бир маршрутка келип, анын жолун бууп токтойт; башка маршрутка автобус же троллейбустун каптал жагына озуна токтоп, жүргүнчүлөрүн түшүргөнүн сен деле эчен ирет көрсөң керек. Маршрутканы маршрутка көк бөөрүдө чабандес каршы тараптын чабандесинин атынын жолун бууп, камоого алгандай көрүнүштөр андан көп.

– Абыдан тил кычыштырган мисалды келтирдиңиз. Ооба десеңиз. Менимче ушунун өзү адамдагы ач көздүктөн келип чыккан эле көрпенделик да. Канткенде чөнтөгүмө акча түшүрөм деп жулунуп-жутунган айдоочулардын башаламандык уюштурганын жолго коёр шаардык бийлик да, МАИ кызматкерлери да каякты карайт билбейсиң? Шаар жашоосу бүгүн ушунчалык кым-куут, ызы-чууга толо. Кээде аялдамада ушундай көрүнүштөргө баам салып отуруп, үрөйүм учат менин да. Деги кайда баратабыз?!.

– Муну шаардык бийлик, МАИ кызматкерлери, Өкмөт үйүндө отурган чоңдордун билип туруп, иретке салбаганы мени таң калтырат. Бишкектеги чоңдор, мейли,  Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Исфана жана башка шаарлардын автобекеттери менен аялдамалардагы алдагыдай башаламандытардан бейкабар болсун дейли. Бирок өлкө борборунда мындай бейбаштыкты тартипке салышпаганын көрүп, чоңдор башка дүйнөдө жашайт ко деген ой туулат.

Бишкектегидей жол тыгынын мен килейген Нью-Йоркто, Парижде, Мадрид менен Барселонада, Берлин менен Мюнхенде да көргөн эмесмин. Мен атаган кенттерде эң аз дегенде 4 миллион калк жашайт. А машинелердин санын жан башына алганда, Бишкектегиден аз дегенде эки эсе көп…

Эми сага Бишкекте чет элдиктер мактаган жакшы көрүнүштөр тууралуу айтсам… Биринчиден, жакшы ресторандардын, кафелердин көбөйгөнү. Тамактар салыштырмалуу арзан болгону менен, кофенин баасы бир кыйла кымбат. Официанттар да ыкчам кыймылдап, сылык-сыпаа экенин чет элдиктерден көп эле уктум. Экинчиден, эл аралык деңгээлдеги мейманканалар. Бул жагынан Ош да Бишкектен калышпай өнүгүп бараткандай.

Мени Бишкекте айдоочулардын жолоочуларды качырбай, токтоп коё бергени да кубандырды. Жолтандабас минүү өзүнчө эле “ярмарка тщеславия” өнөкөтүнө айлангандай. Жолтандабастарга байланыштуу бир окуя эсимде. 5-6 жыл илгери чех досторубуз Прагада соопкерчилик кечесин өткөрүп, акча чогултушту. Максат — Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө көмөктөшүү. Зайыбы мурда Кыргызстанда эки-үч жолу болуп кеткен. А күйөөсү биринчи жолу барып келгенден кийин: “Бишкекте Прагада жок люкс-автомобилдер бар экен. Элиңерди жарды деп айтып болбойт. Анан эмне балдар үйлөрүнүн акыбалы начар?” — дебедиби.

Мен Кыргызстанда турист катары да, ишкер катары да келип-кеткен көп эле европалыктар, америкалытар, азиялыктар менен сүйлөштүм. Алардын көпчүлүгү кыргыздарды меймандос, ачык, барбаңдап ичиндегисин жашырбай бөлүшкүсү келген эл деп сыпатташты. Бул позитивдүү жагы. А негативдүү жагы: сөзүнө бекем эмес. Убадалашкан убакта келбейт. Кечикчү болсо, эскертип койбойт дешет. А чоңдор жөнүндө пикирлери өтө начар. Баякы эле компетенсиздик, жалпы сөз, конкреттүү эч нерсе жок. Куру убадалар менен көңүл жубатуу. Маселени создуктуруу. Бул сөздүн жеке бизнеске тиешеси жок.

Бирок чет элдик коноктордун баары эле Кыргызстандын жаратылышына укмуштуудай суктанышканын айтып, сөздөрү түгөнбөйт.

– Менимче бизде чет элдиктерди кызыктыра турган маданий жайлардын жоктугу болсо керек?

– Чет элдиктерди кызыктырчу тарыхый эстеликтер бизде чектелүү эле эмеспи! Бурана, Таластагы Манастын күмбөзү, Кошой-Коргон, Өзгөн мунарасы жана караханиддерден калган күмбөз. Имам Сараксинин бир нече жыл мурда курулган күмбөзүн көпчүлүк кыргызстандыктар да билишпейт. Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Грузия же тектеш Түркия тейде өлкөдөгү тарыхый архитектуралык мурастарды, туристтер үчүн кызыктуу жайларды биздин өкмөт Си-эн-эн же Би-би-си же Deutsche Welle сыяктуу ири эл аралык телеканалдардан жарнама кылганын көргөн жокмун.

Азыр интернеттин жана ютюбдун заманы. Кыргызстанга баруу ниети бар чет өлкөлүк адам ютюб менен интернеттен биздин өлкө жөнүндө өзүн кызыктырган маалыматты ала алат. Бүгүн жер кезген видеоблоггерлер да көп. Мисалы, “Көчмөндөр оюну” маалында батыштык видеоблоггерлер Ысык-Көлдү жана Кырчын капчыгайынын кооздугун дүйнөгө жакшы эле даңазалашты. Ал видеолор бирок Кыргызстан жөнүндө Батыштын массмедиасы калыптандырган көз карашка анча таасир этпейт деп ойлойм. Мен саясат өңүтүн айтып жатам.

– Бүгүнкү күндө тарыхый жайлардын четинен майкандалып сатылып жатышы жана музейлер боюнча да экс-президентибиз Роза Отунбаеванын “РухЭш” сайтында удаасы менен жарыяланган эки макаласы окурмандарыбызды кайдыгер калтырбады. Чынында көпчүлүгүбүз маани бербей келаткан орчундуу маселелерге көңүлүбүздү бурду окшойт. Дегеле борбор калаа боюнча сизде кандай ой толгоолор жаралды?

Роза Отунбаева: Креативдүү индустрия музейлерден башталат

– Олжоке, музей темасы — бул менин сүйүктүү темам. Кайда барбайын сөзсүз музейге бармай адатым бар. Анын үстүнө, өзүң айткандай эле, көрүнүктүү саясый жана коомдук ишмер, дипломат Роза Отунбаева эже ушу быйыл  “РухЭште” жарыяланган макаласында Бишкектин архитектуралык жүзү жана музейлери тууралуу абдан омоктуу ойлорун ортого салбадыбы. Роза эжедей дүйнөнүн чар тарабында болуп, маданий мурастар кантип сакталганын көрүп жүргөн инсандын пикирине, тилекке каршы, коомчулук, өзгөчө, маселеге тиешеси барлар үн катпаганы мени өкүндүрдү. Бул сөз, албетте, өзүмө да тиешелүү. Ошого мен Роза эженин Фрунзенин үй музейин, тагыраагы, ал жайгашкан имаратты Кыргызстан элдеринин этнография музейине айландыруу жөнүндөгү сунушуна байланыштуу оюмду айтайын. Мен андай сунушту такыр колдобойм. А Маданият министрлигинин Фрунзенин үй музейин Бишкек шаарынын музейине айлантуу идеясын колдойм жана абдан туура деп эсептейм

– Эмне үчүн?

– Эмне үчүн? Өз оюмду, өз көз карашымды айткандан мурда эженин Бишкек шаардык музейин ачууга каршы аргументине токтоюн. Роза эже Батыш жана Чыгыш дүйнөсүндө материалдык дөөлөттөрү, археологиялык табылгалары мол экенине карабай, алардын таанымал шаарларынын тарыхый музейлери жок деп жатпайбы?! Мен Чыгыш өлкөлөрүндө болгон эмесмин. Лекин, Европа менен АКШдагы айрым чоң шаарлардын, Орусиянын, айрыкча, Санк-Петербург менен Москванын, Белорус, Литва, Эстония, Латвия, Грузия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын борборлорундагы музейлеринен жакшы эле кабарым бар. Көбүн көргөмүн. Сөзүм да негиздүү болсун үчүн музейлерди тизмектеп айтуум зарыл, туурабы?

Амстердам, Афина, Будапешт, Брюссел, Берлин, Барселона, Братислава, Рим, Лондон, Прага, Париж, Мюнхен, Мадрид, Москва, Минск, Таллинн, Тбилиси, Рига, Санк-Петербург — бул кенттердин баарында шаардык музей бар.

Ал музейлерден кенттин өнүгүү тарыхы, анын эски бөлүгүн казууда чыккан археологиялык табылгалар, өткөн учурдагы — келечекки чарбасы, шаар курулушунун өсүү динамикасы, генералдык планы жана маданий жолу менен таанышса болот. Мюнхен шаардык музейинде, жаңылбасам, кенттин XV кылымдагы картасын жана калаанын ошол кездеги макетин көрүп оозум ачылган. Чехиянын көпчүлүк шаарларындагы тарыхый музейлерге башбаксаң, кенттин абалкы же андан кийинки кылымдардагы макетин жана картасын көрөсүң.

Ушундан улам Фрунзенин үй-музейи XIX кылымдын акыркы чейреги жана XX кылымдын башы ченде Сары-Өзөн-Чүй бооруна тагдыр айдап келген европалыктардын жогорку катмарынын жашоосун көрсөткөн материалдык жана маданий дөөлөт ирети кала беришин толук колдойм.

Эсиңде болсо кере, бир нече жыл илгери Бишкек мэриясы кенттин генералдык планы “купуя” деп элге  көрсөтпөй, такымына басканын. Көрсө, калаанын төбөлдөрү жең ичинен кыйыктай кылып сатылып жаткан жерлерди элден жашырышкан экен. Олжоке, көз алдыңа элестетчи. Эгерде Бишкек шаардык музейи болуп, анда кенттин 1900, 1925, 1950, 1975, 2000-жылдардагы картасы окуу жайлары, театрлары, өнөр жай ишканалары, стадиондору, балдар ойноочу аянтчалары, бассейндери, мектептери, мечиттери, суу түтүктөрү менен болсун дейли. Музейде бир жылдары Бишкектеги заводдор менен фабрикалар, илимий институттар чыгарган  продукциялар да коюлса.

Роза Отунбаева: Капчыгы калыңдардын көзүн кызарткан тарыхый жайлар

Ошондо Бишкек 1990-2000-жылдар ортосунда эчендеген ири завод-фабрикаларынан айрылганын; бала бакчалар фискалдык жана башка мекемеге айланганын; стадиондордун саны азайганын; турак үйлөрдүн ортосундагы аралык чычкан мурду өткүс тыкыс курула баштаганын; кентибиз советтик доордо чоң кызматка жеткен же жакындары эптүү ишмерлердин эстелигине толгонун, бир сөз менен айтканда, шаардык пландоо, шаар курулушу жана архитектура алдыга эмес, артка кеткенин көрөбүз. Мындай картинаны, эгер уяттары болсо, акыркы отуз жылда бийликте жүргөндөр көргүсү келмек эмес.

– Этнография музейи боюнча да жеке маектерибизде кызык ойлорду айтып жүрөсүз. Ошол ойлоруңузду жалпы окурмандарыбыз үчүн да кыстара кетсеңиз…

– Ага ашыкпай тур, Олжоке! Бирок этнография музейи жөнүндө сөз кылгандан мурда бир пикиримди сени менен бөлүшүп алайын. Деги эле мен эски эстеликтерди жана тарыхый архитектуралык имараттарды кыйратууну необольшевизм деп түшүнөм. Эсиңде бардыр. Большевиктер ак падышаны кулатып, бийликке келгенден кийин падышага жана анын вельможаларына коюлган эстеликтерди кыйратышканы. Алардын урматына аталган шаарлар менен көчөлөрдүн аттарын, атүгүл тарыхый аталыштарды өзгөртүшүп, ордуна адегенде француз революциянын жетекчилеринин, падышалык бийликке каршы күрөшкөн адамдардын, анын ичинде террористтердин аттарын коюшкан. Бул жараян кайсы бир деңгээлде бизде да уланып жаткандай көрүнөт мага.

Этнографиялык музей түзүү жөнүндө. Коңшулаш Алматыда, ошондой эле Ташкентте этнография музейи жок. Этнографияга тиешелүү экспонаттарды бул эки кенттеги Мамлекеттик тарых музейинен көрүүгө болот. Ырас, Москва жана Санк-Петербургда Этнография музейи бар. Санк-Петербургдагы Этнография музейи биз студент кезде ал мезгилдеги КПСС жүргүзгөн көп улуттуу элдердин достугу саясатына ылайык, СССР элдеринин мамлекеттик этнография музейи деп аталчу. Жаңылбасам, музейдин экспонаттары негизинен Орусия падышалыгы доорунда орус букаралыгындагы саякатчылар тарабынан килейген империянын аймагын байырлаган элдерден чогултулган маданий дөөлөттөр жана СССРдин курамындагы 15 республиканын калкынын совет өкмөтү кездеги турмушундагы өзгөрүүлөрдү чагылдырчу.

Ырас, Берлин, Лейпциг, Дрезден, Барселона, Париж, Будапешт жана башка Батыш Европа шаарларында Этнография музейлери бар. Бирок алардын коллекциясын немис, венгр, француз, испан окумуштуулары, саякатчылары дүйнөнүн түрдүү жерлеринен жана элдеринен XVIII-XIX асрларда, андан мурда чогулткан маданий-археологиялык  байлыктар түзөт.

Мурда Мамлекеттик тарых музейинде (бүгүнкү Маданият министрлиги жайгашкан имаратта турган кезде) республикадагы айрым улуттардын жашоосуна, маданиятына байланыштуу экспонаттар жана зоология бөлүмү бар эле. Ошон үчүн, этнографияга адистешкен өзүнчө музей ачуунун зарылдыгы жок. Өлкөдөгү түрдүү элдердин маданий өзгөчөлүгүн, жашоо жолоюн чагылдырган буюмдар Мамлекеттик тарых музейинде болгону жетиштүү. Ал эми Москвадагы же Тбилисидеги сыяктуу этнопарктар бизде жок болгону менен, этно-айылдар туристтик сезон учурунда, “Көчмөндөр оюну” кезде пайда болуп калып жатат. Бул биринчиден. Экинчиден, үч областун тарых музейлеринде (край таануу музейлеринин) жалчыгандай этнографиялык экспонаттар жок болсо, жаңы музейге кайдан табылат? Казынада эл колундагы көөнө заттарды сатып алганга каражат барбы? Албетте, жок. Экспонат болчу маданий баалуулуктарды калк музейге Батыш өлкөлөрүндөгүдөй тегин тартуулаганга даярбы? Билбейм.

Мындай шартта, этнография музейи Мамлекеттик тарых музейинин бир салаасы болууга тийиш. Ага каттар эле, Батыштын, өзгөчө, АКШнын ири университеттериндегидей Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет менен Ош мамлекеттик университеттеринин тарых факультеттеринде бар экспонаттардын негизинде этнография жана антропология музейлерин түзсө болот. Анын бир үлгүсү Ала-Тоо аянтынын ныптасындагы “Раритет” китеп дүкөндү да айтса болот. Анын коллекциясын табити бар жана көздүү адам чогуткан деп ойлойм.

Эми музей жөнүндө сүйлөй берсе сөз түгөнбөйт. Музейлер, өзүң билесиң, жөн гана маданий дөөлөттөрдү сактоочу жай эмес. Музейлер элибиздин тарыхын, маданий дөөлөттөрүн даңазалап, аларды ташбыйкаттоочу борбору да болушу абзел. Батыштын тарых, техника,  көркөм сүрөт жана башка адистешкен музейлеринде түрдүү лекцияларды угуп, дүйнөтаанымыңды байытсаң, илимиңди тереңдетсең болот. Филармониялар же чоң концерттик залдар да ушундай агартуучулук иштерди жыл бою жүргүзүшөт. Тилекке каршы, мындай саамалык бизде кеңири канат жая элек.

– Жана да маданий жайлардын мааниси туурасында кеп кылсак дейм. Маселен өткөндө опера-балет театрында ДОТА 2 оюнунун ызы-чуусу үчүн театр директору кызматынан алынышы акыйкат болду деп ойлойсузбу? Бирок экинчи жагынан карасак, театрдын кассасына бир күндө түшкөн 180 миң сомду өкмөтүбүз бүгүнкү күндө бөлүп бериши күмөндүү эле. Ал эми театрдын чарбалык иши үчүн мүмкүн мындай суммадагы акча театрдын ремонттук иштерине тыгын болуп бергени деле жаман эмес эле го дейм. Себеби театр чатырынан тээ илгери эле жамгырдын суусу сарыгып агып, эң жогорку кабаттарынын шыптары түшүп баштаганы дайын. Айтор, театрдын ички-тышкы ремонттук иштеринин тиягына тартса биягына жетпеген көйгөйдөн улам Болот Осмонов ушуга барды көрүнөт?

– ДОТА 2 компьютердик таймашы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөнүн бир топ адамдар “маданият очогундагы шермендечилик” дешип, Фэйсбукта ызы-чуу чыгарышканын мен да окудум.  Жарыяланган видеотасмага караганда, компьютердик мелдеш театрдын сахнасында өтүп, келген көрармандар залда отурушкан. Турнирдин катышуучулары арак-шарап ичишип, дуулдашпаптыр. Сахнанын чаңын сапырып, театрды башына кийишбептир. Өткөн кылымда шахмат жана шашки популярдуу акыл оюну болсо, бүгүнкү жаш муун үчүн алардын ордун компьютердик оюндар ээледи десем ката болбос. Ошон үчүн мындай таймаштын театрда өткөнүн эрөөн-төрөөн көрбөйм, чээнден ашкан окуя деп да ойлобойм.

Шахмат, шашки, бокс сыяктуу мелдештер театрларда же концерттик залдарда өтүп жүргөнүн көп эле окуганым бар. Мисалы, профессионал боксчулардын алтын кур үчүн беттешүүсү Лас Вегастагы атактуу Caesars Palace концерттик залында өткөрүлүп жүрөт. Алтурсун, тарыхта маалым, шахмат боюнча алгачкы эл аралык деп айтылган мелдеш  1575-жылы испан падышасы Филип II нин ыкласы менен ордодо өткөрүлгөн. Ал жөнүндө майбоёк менен тартылган тарыхый полотно да бар.

Мен эшиткенден Бишкекте, атын айтпай эле койоюн, музейлердин биринде корпоратив өткөрүлүп жатканда, баалуу сүрөт уурдалбады беле. Анда эч ким деле оозун ачкан эмес. Же Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда кайсы бир жылдары “Калигула”, анан “Жапайы орхидея” деген америкалы эротикалык фильм жумалап көрсөтүлгөндө моралисттер кайда эле? Опера жана балет театрынын жетекчилиги ижара акысына түшкөн акчаны ичип-жеп же кымырып алган жок. Моралисттер андан эмне кылмыш же аморалдык иш, адепсиздик табышканын мен түшүнгөн да жокмун. Алар өздөрү театрдын репертуарындагы бирин-эки операны же балетти көрдү бекен?

Минтип суроо койгон себебим, ыраматылык Түркмөнбашы Сапармурад Ниязов Ашхабаддагы Опера жана балет театрын жапканда, ага барып бир спектакль көрбөгөн түркмөн туугандардын саясат үчүнбү же өздөрүн маданияттын жактоочусу кылып көрсөткүчү келиппи, айтор, нааразы болуп жүргөнүн көргөм. Андайды башка салбасын дечи.

Ырас, опера жана балет театрынын бай тарыхы бар, анын сахнасында кыргыздын бүгүн ысымы легендага айланган опера ырчылары жана балет бийчилери элге ырахат тартуулаганын ким билбейт. Мен байкагандан, акыркы үч-төрт жылда театрдын афишасы кызыктуу болуп, ага баргандардын саны көбөйүп калган. Анан театрдагы компютердик мелдеш илимий-техникалык революция жараткан акыл оюнун даңазалап жатпайбы. Мында эмне кесир иш бар экен? Ушундай менин пикирим.

– Ыракмат, олуттуу темада маек куруп бергениңизге!

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.