ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ

Алданган карек, адашкан жүрөк,
Ээси жок белек, эки тал терек.
Жулунган сезим, чечкинсиз чечим,
Белгисиз багыт, калаксыз кайык.

Үмүттүү күндөр, жылдыздуу түндөр,
Сабырсыз чөгөт, чыдаган жеңет.
Караңгы түн да алмашып таңга
Кыш кетип эртең, жаз дагы келет.

Өчкөн от күйөт, сүйүлгөн сүйөт,
Жамандык жанчат, жакшылык кайтат.
Ачуусун татып, таттуусун сезип,
Жашагым келет, жакшылык арнап.

Жашагым келет, жашагым келет…

БАРКСЫЗ ЫРЛАР

Эргитип абасы көл кылаасынын
Ээрчитип махабат ылаачынын.
Сен деген ыр кадырын сезбесең да
Мен деген сезимиңе ыраазымын.

Акылдын ааламынан сууруп чыгып,
Жүрөктүн жүлүнүнөн жулуп чыгып.
Арналган ыр кадырын сезбесең да
Асылым, сүйөм сени бийик кылып.

Баракка баа жетпеген байлык сунуп,
Бир сага ыр арнадым уйкаш куруп.
Барктабай далай ырым өчүрсөң да
Баары бир сүйөм сени сезим тунук.

Кымбат деп канча көп ыр арнадым,
Кадырын билген сөздү угалбадым.
Кап этпей, капа болбой сүйө берем,
Мени катуу сүйөөрүңдү билем жаным.
Баа албаган ырларым сүйбөсөң да
Бактыгүлдү сүйөөрүңдү билем жаным.

ШҮГҮР КЫЛУУ

Көңүл ачып көп жерлерге барчу элек,
Кызыкка бай студенттик күнүмдө,
Эне болуп, убакыт жок андайга,
Театр, кино, концерт баары үйүмдө.

Балдарымдын каткырыгы дары го,
Бал тилинен аруулукту таратып.
Бийлегени шаттандырып дүйнөнү,
Бакык толуп, жүрөгүңдө таң атып.

Уйкум чала түнкү концерт себеби,
Үйүм чачык – ырыскынын белеги,
Атырым жок, бала жыты жыттанып,
Ал жыт барда атырдын жок кереги.

Майрам мага өз чүрпөмдү бакканым,
Махабаттан мөөрөйүм да, тапканым.
Жолдошума күндө кылган белегим –
Жөжөлөрдүн “атакелеп” жатканы.
Жүзүбүздү кичинекей кол менен,
Жүз жылдарга жапжаш кылып таштады.
Балам менин бакыт үчүн бакканым…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.