Чындыктын тамчылары (I)

Чындыктын тамчылары (II)

Жарыктын жашоосу

Жылдыздан чыккан жарык нур космосту көзөп өтүп, жашоо жок, көзгө сайса көрүнгүс түнт жерлерден барчу багытын жоготпой жолун улайт… Жерге жеткенде ал титиреп, күйүп турган чырактарга чалынып, акыры жердин атмосферасына сиңип жоголот.

Жарыктын нуру караңгылык падышачылык кылган жерлерде өзүн мыкты сезип, жарыкчылыктын бийлиги өкүм сунган жерде өлүп жоголот.

Токой пейзажы

Качандыр бир убактарда бак-дарактар жер шарын багындырыш үчүн токой болуп биригишкен, а бүгүнкү күндө алар бири-бирине шынаарлашып сактануунун жолун издеп калышты.

Кыймыл мыйзамы

Кыймылдын негизги мыйзамы: дөңгөлөктөргө салыштырмалуу таяктар аз болушу керек.

Күчтөр

Дүйнөдөгү бардык күчтөргө каршы турган жалгыз күч — бул инерция күчү.

Зилзаланын себеби

Ар бир эле ойдуң дөңсөө болгусу келет,— бул накта жаратылыш кырсыгы.

Муз каптоонун сыры

Жер уюлунун муздашынын себеби, ал баарынын ортосунда турат, калгандары аны айланып жүрүшөт.

Аба ырайын алдын ала айтуу

Ар кимиси бул жердин аба ырайын мен өзгөртө албайм деген жерде аба ырайы аябагандай начар.

Байыркы жана азыркы илимдер

Качандыр бир убактада илим адамзатты жаратылыш коркунучтарын жеңгенге кызмат кылган. А бүгүнкү күнү – илимдин коркунучунан куткарып кала турган күч керек!

Ичтен күйүүчү кыймылдаткыч

Бир нерсени кыймылдата ала турган гана неме, күйүүгө жөндөмдүү.

Кен байлык

Пайдалуу болуш үчүн сөзсүз эле казылып алынбаш керек.

Көмөктөшүүнүн коэффиценти

Чыныгы тоо чычканды тууп эле тим болбойт, ал анын чокуга чыгышына көмөк көргөзөт.

Жылуулук

Кээ бир учурларда (аябай суукта) муздан да жылуулук чыгат. Бирок ал максатка жетиш үчүн ошондой шартты түзүштүн зарылчылыгы барбы?

Плюстар жана минустар

«Муну андан алып сала албайсың, аны да андан алып сала албайсың, тигини да андан алып сала албайсың», — дешет нөл жөнүндө.

Арифметикалык орточо сан

Бул сан чоң сандарды кемсинтиш үчүн эмес, майда сандардын көңүлүн жайгарыш үчүн жашайт.

Жашоо арифметикасы

Туулуу жана өлүм карама-каршы белгидеги эки окшош сандардай, анын суммасы нөлдү берип, биз аны жашоо атайбыз. Ал нөлдүн маанисин оң санга айлантуу өзүбүздүн гана колубузда.

Жарык болсун!

Жарыкка бардыгы кубанышты. Бардыгы ар дайым жарык жана берсин! — дешти. Бирок не бар, не жок дешип, аны күйгүзчүү приборду өчүргүч деп аташты.

Бир клеткалуулар

Ар бир бала келечектеги ата-эне, ар бир ата-эне өткөндөгү бала. Амёбалар бөлүнүү аркылуу көбөйүшөт, ошондуктан аларда ата-эне маселеси жок.

Көп клеткалуулар

Азыркы маймылдардын клеткасынын саны n+1га барабар. 1 менен маймыл олтурган клеткасы белгиленген.

Палентология

Биздин убакка чейин жеткен микробдун тирүүлөй салмагы бизге чейин келип жеткен мамонттун тирүү салмагынан оордук кылат.

Мейкиндик жана убакыттын жолунда

Мамонттор ташбакалардан оңой эле ашып кетишчү, бирок ташбакалар акырындан жылып олтуруп биздин заманга чейин жетишти, а мамонттор жүз миңдеген кылымдарга артта калышты. Мейкиндикте кыймылдагандын бардыгы эле убакыттын жолу менен жүрө алышпайт.

Вирустар

Вирустардын чыныгы жашоосу микроскопту ойлоп табышкандан кийин башталды, ошондон кийин гана алар жолугушуп, сүйлөшүп жана бири-биринин кемчиликтерин майда-чүйдөсүнө чейин көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Атомдор

Оң заряддуу ядронун тегерегинде терс заряддуу электрондор айланып жүрүшөт. Ар бир атом бири да калбай ошондой: оң, терси жок жашоо болушу мүмкүн эмес.

Серпилгичтик жана ийкемдүүлүк

Басымдын астында өз касиетин сактай алган — серпилгичтиктин белгиси. Басымдын астында өзгөрө билген — ийкемдүүлүктүн белгиси. Дүйнөнү серпилгич жана ийкемдүү нерселер башкарат. Мындан башка морт нерселер болот, алар башкара алышпайт.

Эллипс

Планеталар эллипс менен айланышат, жарык чыгаруучулар да эллипс менен тегеренишет.  Эллипс — бул дүйнөлүк стандарттарды тоотпогон айлана, ошондуктан ал дүйнөгө өз мыйзамын таңуулайт.

Чектөөлөр

Максимум — бул минимум умтулуп жетпей жүргөн нерсе, а минимум — бул дайыма максимумга жетишпеген нерсе.

Терс сан

Бир дагы терс сан, терс экенин моюнуна албайт жана өзүнүн ар бир терс жагын оң деп эсептейт, ал эми бирөөнүн оң жагын терс деп ойлойт.

Теңдеме

Игрек менен зет эмнеге барабар экенин билгенден кийин гана икс өзүнүн маанисин билет.

Вулкандар

Вулкандарда жылуулук көп, ошондуктан ал аны башкалар менен тезирээк бөлүшкүсү келип, сыртка бүркүп чыгарат. Бирок ал жылытпай эле күйгүзөт. Жакшы ниетиң табигий кырсыкка айланбас үчүн жылуулукту да бере билиш керек.

Экватор

Параллелдердин ичинде экватор бардыгынан чоң кеңдикке ээ, ошондуктан ага катуу ысыкка чыдоого туура келет.

География

Магеллан болуу аздык кылат. Бир жерде Магеллан кысыгы да болуш керек.

Лакмус

«Бүгүн жегич, эртең кислота… Ушинтип жашоо өтүп жатат…»

«А өзүң химиялык реакцияга мамилең кандай?»

«Эч кандай деле эмес. Жөн гана түсүмдү өзгөртөм».

Якорь

Максатыңа жетиш үчүн кээде түпкүргө түшүү керек болот.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.