Бир аялдын күйөөсү катуу оору экен. Ал төшөк тартып далайга жатыптыр. Аялы анын айланасында күйпөлөктөп жүрүп, тынымсыз сүйлөнө берчү экен:

— О Жаратканым, сүйүктүүмдөн мурун мени ала көр! Алгач менин жанымды ала көр…

Муну уккан бир кошунасы аны сынамакчы болуп сурап турганы:

— Кошуна, сен билесиңби, ажалдын түрү кандай болорун?

— Жок.

— Ал жылаңач корозго окшош.

— Ошондойбу. Кандай болсо да ал мени сүйүктүүмдөн мурда алса экен. Мурда алса экен, — деп аял кайра сүйлөнө баштайт.

Эки-үч күндөн кийин кошуна корозунун жүндөрүн бүт жылаңачтап жулуп келет да, оорулуу жаткан бөлмөгө коё берет. Катуу кыйнаган кожоюндун колунан кутулганда короз бүт үйдү жаңырта какылыктап туш келди жүгүрөт.

Күйөөсүнүн жанында баягысындай эле күбүрөнүп отурган аял корозду көргөндө ордунан атып туруп, кайра эле жерге жата калып, керебеттин алдына кире качып, жогору жакты көргөзүп, жалооруй кыйкырат:

— Оорулуу тиякта! Ал мен эмесмин! Мен эмесмин! – дептир.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.