(Айылдаштар аттуу топтомдон)

Саат

Кошунасынын үйүнө тойго келген Ашыржан кемпирдин көзүнө терезе түбүндө тынбай чыкылдап жүрүп жаткан тыкыйган коңгуроолуу саат урунду. Кемпир саатты эч кимге билдирбей алды да, бир жерине салып койду. Бул «бир жери» бир нерсе уурдап ката койгонго ишенимдүү эле, кемпирди эч убакта уят кылган эмес.

Азыр да кемпир үй толгон көпчүлүк ичинде, дасторкон үстүндө бейкапар отурду. Той шааниси кызып калган учурда сааттын ачуу чырылдагы отургандардын баарын «селт» эттирди. Үй ээлери саат турган терезе тарапты жарыша карашты. Саат ордунда жок.

Сааттын коңгуроосу Ашыржан кемпирдин дамбалынын аласы туштан чыгып жатты. Кемпир отурган жерден колун ыштанына сала албай, же жөн отура албай, же таңыркап карап калган үй толо көздөрдөн өзүн ката албай саамга айласы кетти. Анан күч менен ордунан обдула туруп, сыртка ылдам басты.

Анын артынан эч ким кошо чыккан жок. Кемпирдин колу туткак экени бүт айылга дайын эле. Үй ээсинин кичинекей кызы гана: «Ашыржан ууру, бер биздин саатыбызды, таштап кет саатты» деп кемпирди бучкактап ээрчип алды.

Керосин

Миртемир аксакал таягын таянып, аксап-тескеп өйүздү көздөй баратты айылдын эң касиеттүү пирим-молдосуна. Кичинекей небереси кыйналып жатат, керосинди билбей ичип алыптыр. Молдону алып келип дем салдырсак айыгып кетет деген чал бар күчүн чолок бутуна чыгарды чуркап. Бу чалдын демейден тыш шашып баратканын көргөн мугалим кошунасы аны жолдон кармап сөзгө тартты:

– Тынччылыкпы, ава?!

– Кайдагы тынччылык, Гапарбек керосин ичип алыптыр, балаң түшкүр кыйналып жатат. Пиримге баратам. – Чал кошунасына кыска сүйлөдү. Убактымды алба деди окшойт.

Чалды узата караган мугалим керосин ичкен балага пирим-молдонун кандай тиешеси бар деген ойду ойлоп, күлкүсү келсе да, шашкан бойдон кошунасынын үйүнө келди. Чын эле 3 жаштагы бала өң алеттен кеткен, кусуп жатат. Ылдам басып почтого жетти да райондон «тез жардам» чакырды.

Тоо таянган бул айылдын молдосу элине өзгөчө кадыр-барктуу эле. Ал жөн эле молдо эмес, айылдын ак сөөгү, пири, эл аны кудайдын өкүлүндөй ишенген жайы бар эле.

Ал тээ алтымышынчы жылдары бул айылга башка өлкөдөн көчүп келген. Келгендеги максаты ушул тоолуктарга кызмат кылуу болгон. Карапайым айылдыктар ичи ооруса да, тиши ооруса да андан шыпаа издеп бара беришчү. Пирим-молдо эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес. Кийин кыраакы молдо уулдары бой жеткенде бирөөсүн тиш доктур, бирөөсүн ич доктур, үчүнчүсүн хирург доктур кесиптерине окутуп, биротоло айылдыктардын ажаатын ачып керегине жарады.

Козу

Таң эртең сууга барган Жолдош агайдын келини чоң каналда агып келаткан кара козуну кармап алды. Чакаларын таштап, козуну балача кучактап үйгө көтөрүп келди. Куйруктуу, баглан козу көпкө чейин аккан окшойт калчылдап, буттарын жерге такай албай бир топ кыйналды. Дагы бир аз ага түшсө өлүп калмак экен. Качан күн чакчайып, ысыта баштаганда козуга жан кирди.

Жолдош агай козунун кулагындагы энин жакшылап карады да, айылдын чалдар, балдар топтолчу мектеп алдына жөнөдү. Келди да күнөстөп отургандарга кайрылды:

– Менин келиним бүгүн эртең менен чоң каналдан агып келаткан куйруктуу кара козуну кармап алыптыр, кулагындагы эни мындай экен… кимиңердики? – Агай оозун жыйганча ортодон Ормон аракеч шашып тура калды:

– Агай, ал  меники, кечээтен бери издеп айлабыз кетип аткан…

Чынында бу аракечтин короосунда кой эмес, эшигинде үрүп чыгаар ити да жок эле.

Ормон аракеч көп сүйлөп отурган жок, келди да козуну көтөрүп кетти. Жолдош мугалимдин байбичеси, балдары анын сырын жакшы билчү. Эч кимиси «Эмне үчүн айттың? Эмне үчүн Ормон козуну көтөрүп кетет? Анын козусу экенин бир кудай билет, өзүбүз эле жесек болбойт беле» деген сыяктуу суроолорду берген жок. Бир гана келини ичинен кейип алды: «Эртең мененки муздак сууга колу, бутун матырып атып кармап алды эле, аз жерден өзү да агып кетпей, анын үстүнө үйдөгүлөр баары эртең мененки сенин олжоң дешип төлгө да кылып жиберишти эле».

Жолдош агай ушундай жанда жок ак жүрөк киши эле.

Ысманабад

Карабулак айылына жете бербей созулуп жаткан бак көзгө урунат. Өз учурунда бу дүпүйгөн бак колхозго да, колхозчуларга да көп пайдасын тийгизген. Кийин ушул бактын баштоочусу, багуучусу Ысман багбандын көзү өткөн соң каралбай калды. Бирок аты калды эл оозунда «Ысманабад» деп.

Ушул бир кезде шыбак баскан, эч нерсе өспөгөн жерге суу чыгартып, жыл сайын күргүштөтө көчөт тигип отуруп, бакка айланткан Ысман багбан картайып, ооруп төшөктө жатып калганда да ушул бактар жөнүндө: Сугарылдыбы? Каралдыбы? — деп келген-кеткенден улам сурап, кабатыр жеген дешет.

Ысман багбан көзүнүн тирүүсүндө эле өзү жата турган бейитин дайындап, жупуну эстелигин орнотуп койду. Эл көзүнө бу өөн жорук болсо да мунун жөнү бар эле. Перзенти жок, өлүп кетсем мени ким эстейт деди го. «Жамалымды тогуз уулга алмаштырбаймын» дечү экен. Төрөбөс аялың менен ажырашып, башкага үйлөнүп балалуу болбойсуңбу дегендерге ал бир гана ушул жоопту айтып кутулчу экен. Ысман багбандын жүрөгүн түбөлүк багынткан Жамал кемпир чалынан мурда кете бериптир. Чал өмүрүнүн акыркы күндөрүн кемпирисиз өткөргөн.

Ысман багбан пешене терин ченебей төккөн бак азыр четинен суюлуп, сейрек тартып калды. «Артымда бала калбаса да, бак калсын» деп бир учурда жан талашкан Ысман аксакалдын бейити да ушул бакка жакын, бакты карап тургансыйт.

24.01.01

Жубай

Көп жыл бирге жашаган күйөөсүн үйүнөн башка аял менен кармап алган келин ызасына чыдабай тамынын артын айланып өттү да, суусу көз илешпей катуу аккан каналга боюн таштап өлүп алды.

Айылдагылар келиндин жоругун эси жоктук дешти. Чоңоюп калган балдарынын күнүн көрбөйбү, бир жаман эркектин айынан да жан кыябы дешти. Молдолор жаназа окулбайт деп чечишти.

Эс тартып калган балдары чыркырап, жанда жок мээримдүү, алмашкыс апасын жоктоп, айылды түп көтөрүштү. Эбактан бери ышкыдан көзү тумандап, ыракат менен жыргалдан жер бетинде баспай эле учуп калган эркек аялын мындай акыркы кадамга барат деп ойлобосо керек. Жан айласын таппай турду, ал айылдагы эң бир жексур, жек көрүндүгө айланды. Айылдаштары анын бетине түкүрүп жатты, мындан көрө өлүп тын дешти. Ал же өлө албай, же акыл-эсин жыйнай албай калды.

Көз алдында мындан көп жылдар мурда мединститутта окуган, сарынын акжуумалы, шыңга бой кыз турду. Аны кандай жакшы көргөн эле, бир күн, бир саат кызды көрө алмайын туралчу эмес жигит. Кыз да жакшы көрчү, анан, ушул жигит деп, ушуну сүйдүм деп окуу-покуусун таштап борбордон айылга аны ээрчип баса берген.

Көп жыл ысык-суукту бирге тартып өмүр кечиришти. Ошентип, кыз көздөгөн максатына жетип врач боло албай калган. Мунусу үчүн ата-энеси бир топ жыл ага таарынып жүрүштү. Бирок күйөөсүн жанындай жакшы көргөн келин баарына кайыл болгон. Кетмен чаап, талаада тамеки айдап иштесе да ал бактылуу эле. Ак халат кийип үстү агарбаганы менен, жүрөгү, дили ак жашады.

Эми минтип эринин эки жүздүүлүгүн көтөрө албай, ак өлүп отурат…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.