Бекеева Айзирек: Аалам алпы Айтматовдун сырдуу обону (№15 дилбаян)

 «Айтматовдун мен окуган чыгармасы» сынагына (Ч.Айтматовдун «Жамийла» повести боюнча) Адам баласы бул дүйнөгө  шам чырактай жалт этип жанып келип, чагылгандай чарт этип өтүп кете берет тура. Бирок көз ирмемчелик өмүрдө түбөлүктүү из калтыруу ар кимдин эле колунан келе бербесе керек. Кимдир бирөө ызгаардуу кышта кар үстүнө из калтырса, а кимдир бирөө аптаптуу күндө кум үстүнө из калтырат. А кээ бирөөлөр ташка тамга баскандай жасаган эмгеги менен элдин кыялында, акылман адамдардын көңүлүндө, накыл кептүү сөздөрүндө сакталып кала берет экен. Мына ушундай […]

Кыргыз эл жомогу: Жакшылык жакшылык менен кайтпайт

Илгери бай жалгыз баласын көзү ачылсын деп окутууга молдонукуна алып келип берет. Бала биринчи жана экинчи жылдары абдан жакшы окуп жүрөт. Үчүнчү жылга айланган кезде баланын окуусу абдан начарлап, өзү арыктап, жүдөйт. Эмне үчүндүр балдарга кошулбай, жалгыздап жүргөндү жакшы көрөт. Молдо ата-энесине айтпай эле байкайынчы деген чечимге келет. Молдо балдарды окуткан жерде чоң суу, анын бир өйүзү жар экен. Бала тышка чыкса эле баягы жар өңдүү жерге отура берген адатка айланып калыптыр. Молдо баланын бардык кылык-жоруктарын байкап: – Айрыкча жардын […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын тиреги – Намыс

Намыс – адамдын өзүнүн коомдук беделин, моралдык-ыймандык сапаттарын, жоопкерчилик милдеттерин сактоого жана аткарууга болгон дымактуу, курч, изги сезими. Аны адамдын жүрөк мыйзамы, абийир соту десе болот («Эрди намыс, коёнду камыш өлтүрөт»). Намыс ар убак адамга идеалдуулук менен реалдуулуктун шайкештигин табууга жардамдашып, турмуштук кыйчалыш кырдаалдарда ага ички тирек, рухий таяныч болуп турат. Ал уят, ар, абийир түшүнүктөрү менен маанилеш. Уят (абийир) – адамдын өз кылык-жоругу үчүн башкалардын алдында оңтойсуз абалда калбоо дымагын туюнткан сезим. Абийир – коомдун, уят – табияттын талабын […]

«Учур адабиятынын жаңы дүбүртү» конкурсунун чечими

«РухЭш» сайты өткөн жылдын 28-сентябрында жаш калемгерлерге чыгармачылык атаандаштык түзүү максатында учур адабиятынын жаңы дүбүрт, жаңы ысымдарын жамы журтка таанытууну көздөп, 18 жаштан 35 жашка чейинки адабияттын жаш ышкыбоздору арасында конкурс жарыялаган элек. Аталган конкурс Жогорку Кеңештин депутаты, акын жана жазуучу Каныбек Иманалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулуп, байге фондуна жүз миң (100 000) сом коюлган. Арийне, учурдагы улуттук адабиятыбыз алдыга эмес, артына кеткен мезгилге туш болгонун дал ушул конкурска келип түшкөн чыгармалардын маңызынан аңдоого болот… Конкурс жыйынтыгы чыгарылганга дейре […]

Көчкөн Сактанов: Апама кат

АҢГЕМЕ Балким, сен азыр сарайда жүргөндүрсүң. А балким, коломтодо кесме даярдап же ийигиңди чимирилте ийирип, ал эми таргыл мышык жаныңда кырылдап уктап жаткандыр. Апаке, мен сага кат жазып отурам. Болгондо да көлдүн жээгинен. Тунук көл шарпылдап оолукпастан, жыбырап гана тынч жатат. Анын түрүлгөн мейкининде кылкылдаган катерлер, кулач урган уландар жүздөп жүрүшөт. Эх апаке, бул өмүр бизди дагы кайда алып бармакчы?! Бир кезде сен жаштыктын дооронун сүрбөсөң, же бүгүнкү күндөгүдөй колуңа таяк алып карылыкка моюн сунбасаң, анда мен өз законун талап […]

Исламидин кызы Нилуфар: Айтматовдун каармандары (№14 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Эл уулу,  жумурай журттун сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун калеминен эмне деген ажайып чыгармалар жаралбады! Кагаз бетинде гана болгону менен, реалдуулукта жашап келе жаткан каармандары тууралуу кеп козголсо, түрдүү тагдырдын, күтүлбөгөн окуялардын, символиканын, табышмактуулуктун теңиз мейкиндигинде учуп жүргөн кеме жүргүнчүсүндөй сезим пайда болот. Филофейдин башкаруусундагы  космос кемеси  жер шарында жүрүп жаткан жандуунун тиричилигине көз салып, байкап тургандай элес келет. Калемгердин кыргыз адабиятына кошкон салымы эбегейсиз чоң, чыгармалары дүйнөлүк масштабдагы повесть, романдардын катарын толуктап турат. Мен сүйүп окуган:  […]

Райкан Шүкүрбеков: Толубай сынчы

АҢГЕМЕ Мен бала кезимде Жамбыл шаарында «Тоо-Интернаты» дегенде окудум. Ал кезде Жамбылды Аулиэ-Ата дээр эле. Бир жылы жайында окуудан тарап барып, айылга кеч жеткендиктен, мен өзүбүздүн үйгө жетпей калып, Өмүраалы аттуу атамын туугандарыныкына конуп калдым. Бул аңгемени ошол Өмүраалы карыя айтып берген. Өзүнүн бир тууганы Нураалынын баласы Макей — экөөбүз бир окуур элек. Өзү элге белгилүү сөзмөр, чечен, какшыкчыл киши эле. «Өмөкем айткандай» деп, азыркы «Чолпонбай» колхозундагылар анын сөзүн дагы эле айтып күлүп жүрүшөт. Өзү кедей адам болучу. Жатакта калар […]