«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» сынагына

(Ч.Айтматовдун «Жамийла» повести боюнча)

Адам баласы бул дүйнөгө  шам чырактай жалт этип жанып келип, чагылгандай чарт этип өтүп кете берет тура. Бирок көз ирмемчелик өмүрдө түбөлүктүү из калтыруу ар кимдин эле колунан келе бербесе керек. Кимдир бирөө ызгаардуу кышта кар үстүнө из калтырса, а кимдир бирөө аптаптуу күндө кум үстүнө из калтырат. А кээ бирөөлөр ташка тамга баскандай жасаган эмгеги менен элдин кыялында, акылман адамдардын көңүлүндө, накыл кептүү сөздөрүндө сакталып кала берет экен. Мына ушундай түбөлүктүү из калтырган улуу инсан, улуу жазуучу, аалам алпы – Айтматов.

«Ааламга жол айылдан башталат» деген сыңары, келечектеги дүйнөнү багындыруучунун балалыгы Таластагы Күркүрөө суусу мөлтүрөп аккан, кооздугу көз тайгылткан Шекер айылында өттү. Анын дүйнөлүк жазуучу болушуна караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, акылман, чечен, кара сөздүн чебери чоң энеси Айымкандын салымы зор. Чыңгыз кийин улуу жазуучу болорун, окуган адамды ойлондурбай койбогон чыгармалары жүз алтымыштан ашык тилге которулуп, кырк миллиондой нускада басылып чыгарын, китеп сүйүүчүлөрү анын повесттерин, романдарын өзгөчө кызыгуу менен окуурун алгачкы чыгармасы “Гезитчи Дзюйо” жарыкка чыкканда туйбаган чыгар. Анткени ал бирде шаарда, бирде Шекер айылынын боз чаңын көккө сапырып айылда жүргөн. Ошондуктан эки тилди, орус жана кыргыз тилин бирдей билип, бала кезинде жайлоодогу аттын эмнеден улам өлгөнүн орус адамдарына түшүндүрүп, акысына бир жилик эт алгандыгын, ошол эт алгачкы эмгек акысы экендигин “Балалыгым”деген чыгармасында эскерген.

Аалам алпынын чыгармаларынын негизги идеясы улуу жазуучу өзү айткандай: «Канткенде адам уулу адам болот?» деген чечилбес улуу талаштын айланасында. Чындыгында, туулмак жалган, өлмөк ак оомал-төкмөл дүйнөдө ар ким өз көмөчүнө күл тартып, руханий баалуулуктарыбыз жоголуп, бирин-бири алдаган, бирин-бири көрө албай жалмаган заманда адам санын толуктап, бирок «адам» деген атка татыктуу инсандар аз. Анткен менен, кой оозунан чөп албаган, ак көңүл, дили таза Айтматовдун Момуну сыяктуу, көңүлүндө кири жок, оюнда карасы жок «Ак кеме» повестиндеги бала өңдүүлөр да бар. Мына ушулардын баарын кара сөздүн күчү менен элге көрсөтүп, чыгармаларына батырган инсан – Айтматов. Арийне, «Бүткөн ишке сынчы көп» дегендей, убагында анын “Бетме-бетине”, ”Жамийласына” жана дагы башка чыгармаларына: «Кыргыздын менталитетине туура келбейт!» деп сын айткандар да болгон.

Бирок чындык калкып чыкты. «Жамийла» повестине «Сүйүү жөнүндөгү эң улуу баян!» деп Луи Арагон өз баасын берди. Албетте, адам турмушу татаал. Мыйзам болуп жазылган жүздөгөн элдик түшүнүктүн калыптанып калган миң жылдык эрежесине баш ийип, жашоого моюн сунуп, табият өзү  тартуулаган мыйзамдан четтеп чыгып кете албайбыз. Адам баласы үчүн өмүр сүрүүнүн жүздөгөн тоодой кыйынчылыктары бар. Алардын бири сүйүү маселеси. Бул – бүтпөгөн дастан, түбү жок океан, көзү бүтөлбөгөн тунук булак. Сүйүүнүн кантип, качан жараларын билбейбиз. Сүйүү – күн чайыттай ачылган маалда күтүүсүздөн нөшөрлөп жааган жамгыр. Сүйүү – нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин чыгып, адамдын ички сезимин балкыткан, жүрөгүнүн назик кылдарын терметкен, көңүлүн көккө көтөргөн, жан-дүйнөсүнүн уйгу-туйгу болуп жаткандыгына карабай, ууртунда жылмаюуну пайда кылган түркүн түстүү күн желеси. Мына ушундай улуу махабат жайдары мүнөз, шыңга бойлуу, кымча белдүү, ажарлуу, назик, ошол эле учурда кайраттуу Жамийла менен мүнөзү түнт Даниярдын ортосунда күтүүсүздөн жаралды. А бирок башы бош эмес келинди бирөөнүн сүйүп калышка акысы барбы? Көрсө, бар экен! Болгондо да кандай?! А бирок Даниярдын муштумдай жүрөгүндөгү тоодой сүйүүнүн миң кубулган түркүн түстүү илеби алоолонуп от болуп жалындап турганын байкоо кыйын экен. Ошентсе да, бирине бири ашык болгон жүрөктөр башкалар сезбегенди сезип, өзгөлөр көрбөгөндү көрөт экен. Ошондуктан:

«Жаралгандан каны менен бир кирип,

Аң-сезимдин тунуктугун билдирип,

Сүйүү деген түбөлүктүү нерсенин

Кубатынан турат дешет Күн күлүп» деп С. Турдукожоев жазган чыгар.

Кыз куумайда жетпей калып, намысына чыдабай алып качкан, андан 3-4 ай өткөндөн кийин согушка кеткен күйөөсүнө болгон сүйүү сезими жок болгондуктан, ал ак никелүү босогосун аттап, жеке тагдырына бак-таалай тилөө күрөшүнө сапар алды.

А бирок ушул учурда  Жамийлага да оңой болгон жок. Ал, биринчи кезекте, кайраттуу кайын энесин сыйлайт, аяйт. Анын айткан сөздөрүндө, кеп-кеңешинде калыстык, чындык бар экенине ынанат, моюн сунат. Аял дегендин орду казандын четинде, кемегенин боюнда болуп, жаңы жашоону жарык дүйнөгө алып келип, тукум улоо деген кайын энесинин закон сымак айткандарын  баалайт. Экинчи жагынан өзү сүйбөгөн адам менен жашоо маанисиз, даамсыз экендигин туя баштайт.

Жамийла миң жолу ойлонуп, толгонуп жатып жүрөгүм тандаган, жүрөгүм сүйгөн Данияр менен кайда болсо да кетем деген жыйынтыкка келет. Жамийла өз сүйүүсүн тандады. Шартылдаган толкуну токтобогон улуу мухитке Данияр менен бирге сапарга артына бир да кылчайбай кетти. Демек, мына ушундан баарынан да сүйүү жогору турарын аалам алпы Чыңгыз Айтматов көрсөтүп берди.

Дүйнөдөн эки эле Чыңгыз өткөн. Алардын бири – моңгол элинин ханы Чыңгыз хан. Ал кылычтын мизи менен дүйнөнү багындырса, ал эми улуу жазуучу Чыңгыз көөдөнүнөн оргуштап чыккан кара сөздүн күчү менен дүйнөнү багындырды. Албетте, бул нерсе ар кимдин эле насибине бериле бербейт. Айтматов дүйнө жүзүнө “кыргыз” деген атты таанытып, кыргыз элибиздин улуулугун, жерибиздин сулуулугун даңктап, даңазалады. Кыргыз элинин улуу уулу тирүү болгондо, кара сөздүн шедеврлерин жаратмак. Анын 90 жылдыгын утурлай “Түрк Сой” уюму 2018-жылды Айтматов жылы деп белгиледи.

Аалы Токомбаев: “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп айткандай,  анын эл үчүн жасаган эмгеги эч качан унутулбайт. Андыктан, «Аккан арыктан суу агат» деген сыңары, арабыздан Айтматов сындуу улуу инсандар чыгарына терең ишенебиз.

Лейлек районундагы Исфана шаарында жайгашкан, №1 гимназия-жатак интернатынын 11-классынын окуучусу Бекеева Айзирек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.