“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Эл уулу,  жумурай журттун сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун калеминен эмне деген ажайып чыгармалар жаралбады! Кагаз бетинде гана болгону менен, реалдуулукта жашап келе жаткан каармандары тууралуу кеп козголсо, түрдүү тагдырдын, күтүлбөгөн окуялардын, символиканын, табышмактуулуктун теңиз мейкиндигинде учуп жүргөн кеме жүргүнчүсүндөй сезим пайда болот. Филофейдин башкаруусундагы  космос кемеси  жер шарында жүрүп жаткан жандуунун тиричилигине көз салып, байкап тургандай элес келет.

Калемгердин кыргыз адабиятына кошкон салымы эбегейсиз чоң, чыгармалары дүйнөлүк масштабдагы повесть, романдардын катарын толуктап турат. Мен сүйүп окуган:  “Кыямат”, “Тоолор кулаганда”, “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”, “Кассандра тамгасы” эмгектери сюжетинин бөтөнчөлүгү менен кийинки саптардагы белгисиз, боло турчу окуяларды ышкыбоздук менен окууга окурманды тартат.

Сүрөткер  “Кыямат”  романында жан дүйнө, ой толгоолору такыр башка болгон адамдардын, тактап айтканда Авдий Калистратов, Бостон Үркүнчиевдердин  жайбаракат турмушунан кескин бурулуш жасайт. Романды окуп жатып, Авдийди чын дилим менен аядым. Поездде бара жатып, ал жолдошторун чын пейили менен, туура жолго чакыруу үчүн кара жанын карч урат.  Бирок денеси канталап, жүзү  көк ала болуп, вагондон ары ыргып кетиши адам оюна келбес нерсе.  Кийин даракка сабап, керип коюшканда, өлбөй калса кана, же бирөө куткарып кетер бекен деген үмүт жай бербей жатты эле, тилекке каршы андай болбоду, Авдий бул жарык дүйнө менен коштошуп кете берди.

Бостон менен жубайы Гүлүмканга көкүрөк күчүк болгон Кенжештин, Акбара менен дөбөтү Ташчайнардын алгачкылары торолуп, кийинкилери тиштегилеп ойноп калган бөлтүрүктөрүнүн трагедиялуу өлүмдөрү, боор этимди эзип, жазуучунун ордунда баарын башкача кылар элем, бактылуулук менен аяктаар эле деген ой келди. Антсе да, залкарды залкар атандырган мына ушул өзгөчө жазуучулук стили болуп жатпайбы.

Жазуучу чыгарма менен глобалдуу маселе болуп эсептелген адам пенденин жаратылышка карата жасаган орой, суук мамилесин көргөзүп, андан жандыктар, чөйрө канчалык жапа чегерин, кээ бир элдин арасындагылар өмүрүн өлүмгө кыйчу баңги заттарынан баар алып жашап калгандыктарын айткысы келген. Ошондонбу, бизди, адамдарды, жаныбарлар дүйнөсүнөн  ажыратып турган тосук кулап бараткандай.

“Тоолор кулаганда”  жана “Кыямат”  романдары сюжеттик жактан бир аз окшоштукка ээ.  Мурда токтолгонумдай эле бул чыгармада да адам жана жаратылыштын ортосундагы глобалдык көйгөйлөр каралган. Үзөңгүлөш тоолорунда эч нерседен кабарсыз  жүргөн Жаабарс аттуу илбирсти башкы каарман Арсендин абасы Бектур Саманчин атайы египеттик конокторду чакырып, ошолорго атууга салып берүү камылгасында жүрөт. А ошол мезгилде түгөйү башка илбирсти ээрчип кеткен Жаабарс өзүн биротоло өлүмгө кыйып койгон. Ошондой эле шаарда жашоо кечирип жаткан Арсен Саманчиндин алгачкы махабаты Айдана да башканын колун кармап кете берет.  Жаабарс менен Арсендин тагдыры башынан туташ чынжыр сыяктуу чырмалышып, окшошуп отуруп акыры бир үңкүрдө үзүлөт. Жан берип жатканда кандары кошулушуп, шорголоп агып жатса да, жанында жан дүйнөсүндөгү айтылбаган  сырды  түшүнгөн  тирүүлүк бар болчу. Муну алар ички сезимдери менен туюшту.

Чыгарманы Айтматов: “Роман адамды курчап турган дүйнөнүн кыйроосу жөнүндө” деген эки ооз сөз менен ачыктайт. Жыйынтыктап келгенде, адам менен илбирстин сөөгүнүн бир үңкүрдө калып калуусу негизги ой эмес, а балким инсан да, жаныбар да, жашоодон ырахат алып, кандайдыр окшош сезимдер курчоосунда күн кечирет.

“Сени тааныгандар жашап жатканда, сен тирүүсүң”
Ч. Айтматов

ОшМУнун “Ыйман” гимназиясы, 11-класс, Исламидин кызы Нилуфар. Юго-Восток, Исанова 77А

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.