Бир киши жатарында дайыма жанындагы жолдошторуна угуза сыйынчу экен:

— Жаттым тынч, жаздыгым кенч. Жаттым тынч Атасы, Баласы, ыйык Мария жана башка Колдоочулар менен кошо, Ыйыктар менен бирге, жаттым тынч!

Бир күнү ал керебеттен кулап кетип, полго башы томуюп, катуу онтоп, кокуйлап жиберет.

— Муну уккан кошунасы айтып турат дейт:

— Кантип кулабайсың анан, бүт Кудайлар менен ыйыктарды ушундай кичине керебетке ала жатып атсаң!

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.