АҢГЕМЕ

Карыбай эттүү тамакты эң жакшы көрө турган. Сосиска, колбаса дегенден көзү кыя өтчү эмес. Кызматтан чыгып, эч ким этибарына албаган бир дүкөнгө кокусунан эле кире калса, мына ошол оюндагынын баары сатылып жатыптыр. Элдин эң арты болуп кезекке турган Какең ары карады, бери карады, деле тааныш бирөө көрүнбөйт. Кезеги да оңой менен келе турган эмес.

Мындайда дүкөндүн башчысына чейин жулуңдап кирип барып, өзү иштеген куттуу мекеменин атын сатып, бирдеме алмай анын көптөн берки адаты эле. Анткени, ал эл катары жупуну жашоону каалоочу эмес. Ар качандан бир качан «эпчилдик керек» деп келчү. Бирок, бул саам иши оңунан чыкпай, тигинисин да, мунусун да таппай койсо болобу.

Карыбайдын чыдамы кетип, кур калчудай бушайман болуп турганда, колтугуна жоон папка кысып, зоңкойгон кара сур жигит өтө берди да, түптүз эле ичкериге кирди. Андан көзү өтүп «пайлап» турган Карыбай, ал кайра чыкканда, дароо алдын тороду:

— Ой, тууган сен ушул дүкөндө иштейсиңби?

— Ооба.

— Ким болуп?

— Экспедитор.

Карыбай аны дароо колдон алды да, мамлекеттик жашыруун иш менен жүргөндөй мындайраак ээрчитип барып, көкүрөк чөнтөгүнөн кызыл тыштуу күбөлүгүн сууруп чыкты.

— Мен редакцияданмын…

Жер курутуп, далай «чоң казаттын» ичинен чыккан Садыбай, редакциянын атын укканда, өзүнөн өзү эле шектенип, өңү бузула түштү:

— Сизге менден эмне керек?

— Эт керек.

— Дагы?

— Колбаса, сосиска, сары май…

— Ошол элеби?

— Ооба.

«Менин артыман түшүп, сары изиме чөп салып жүргөн немеби» деген ойго кеткен Садыбайдын көңүлү кайрадан жайланып, аны «Ууру эшиктен» дароо киргизди да, айткандарынын баарын аткарып, өз сумкасынан өйдө берди.

— Сен анык «сыр билги» жигит турбайсыңбы,— деди сумкасын төмпөйткөн Карыбай,— мурдараак кезикпей кайда жүргөнүңдү билбейм. Сени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, алпештеп асырап алууга кудурет жетет… Андан көрө бирдеме жазып, биздин акырдан да жем жеп тур.

— Мен жазганды билбейм да.

— Ой, эптеп бирдеңкени чүргөп келсең, калганын өзүм тууралайм.

Өзүнүн чыныгы аты-жөнү жөнүндө кооптонуп, арты-соңун ойлогон Садыбайдын кежигеси кер тартты:

— Жок, ошону тим эле коёлучу. Журналист же жазуучу болбосом… Анан көргөн-билгендер фамилиямды газетадан окуп алып, шылдың кылышпайбы.

— О, кокуй ой! — Карыбай тигинин түшүнбөгөнүнө түтөй түштү. — Анда «жашыруун атыңды» коюп жаз.

— Аны эч ким билбейт. Бирок, калам акыңды шыкылдатып ала бересиң. Же сен акчага тойгон эмесиңби?

Ушинтип, акидей асылган Карыбай, акыры аны «эпке» көндүргөн. Ошондон бери өзү да базарга барбай, арзан эт жеп, аябай оңуп калды. Садыбай да «Сады» жана «Бакас» деген «жашыруун ат» менен дайыма кабар жазып турат. Анын эптеп чүргөп келгендери жарабай да калбайт. Ага «калем акы» алган сайын, Карыбайды да ээрчитпей койбойт.

Мына, азыр да экөө көнгөн жайында отурушат. Алдыларында түркүн тамак, ичимдиктер…

Садыбай сынын бузбай зыңкыйып, дайыма тагынып жүрүүчү алкагы кооз кара көз айнегин тагынып алган Карыбай тармал кара чачын артына улам кайрып коюп, анткор күлө, купшуңдап калат. Көңүлү көтөрүңкү. Садыбай ыңгыранып, көп сүйлөбөй, анда-мында гана ууртап татыйт.

Садыбай деле кебелген жок. Карыбай чепеңдеп калды. Ал аябай күүлөнүп, жанында олтургандарды да көзүнө илбей, Садыбайды көкөлөтүп кирди:

— Мен бар, атасынын көрү, «Сады», «Мады» деп жаза бер… Мен сөзсүз чыгарам… Балким бара-бара атактуу журналист болуп кетээрсиң. Ой, сенден сөзсүз бирдеме чыгат…

— Каке, жалгыз эле «Сады» жана «Бакасыңыздын» көңүлүн албай, биздин оокаттан деле ооз тие отуруңуз.

Карыбай чочуп кетип артын караса, ушул газетанын активдүү кабарчысы аталып, сүрөтү чыгып жүргөн Сүйүнтбек аттуу кылыч мурун, кыр мурут, шыпылдаган жигит экен. Ал, аземдеп чакырууну күтпөй, күлмүңдөп тура келип, Карыбайдан мурда Садыбайдын колун кармады:

— Сиз качантан бери «Сады» жана «Бакас» болуп калгансыз. Биздин совхоздун бир бөлүмүн башкарып, булут минип, буу бүркүп турганыңызда «Бугубай» эмес белеңиз. Анан «ээрден шыпырылып», ичкен-жегениңиздин баары келеп жиптей чубалып чыкты. Култ коюп, Курдайга кире качтыңыз. Аерден да жолуңуз болбой Жаңы-Жол жакта жүрдүңүз. Аякты да курутуп, «Ат-Башылап» кеттиңиз. Анда да соо жүрбөй, соолук койлорду мойсопсуз. Эл-журттан чыгып, атаңыз өлгөндө да айлыңызга келе алган жоксуз… Газетадан майда-чүйдө кат-кабарыңызды окуп алып, бу «Сады» жана «Бакас» деген ким болуп кетти дейбиз да. Көрсө, кайран гана баякы каркыбар турбайсызбы…

Бу сөздү укканда, чокмор менен башка салгандай Карыбайдын көзү ымыр-чымыр болуп, чаар чымын учту. Ал бул абалында канча секунд отургандыгын да сезбей калды. Бир оокумда жылтыратып көзүн ачса, баягы эңгезердей Бугубай артына карабай, эшикти көздөй энтеңдеп чуркап бараткан экен.

Ал, каалганы таппай карайлап, босогону бир сүздү. Мына ошондо жаңыдан мүйүз жаралгандай чекеси томпоюп чыга түшпөспү.

Бугубай эки-үч күн эч кимге көрүнбөй, үйүндө жатты. Эгер анын денесине бирөө ушинтип так салса, эбак эле кызыл чеке болушуп, өлбөгөн жерден калышмак. Айла канча, өз күнөөсү өзүндө.

Күн сайын «кызыл чокуп» жүргөн неме, эмнегедир кыжалат болуп, ыйыгы тутулат. Сиркеси суу көтөрбөй, үй-бүлөсүн кууруп, өзүнчө эле беймаза. Бугубай аябай бук болуп, Карыбайга кыжыры кайнады да, ай-уйга келбей, ат ойнотуп кирип барды:

— Сиз болбосоңуз, мен мындай абалга туш келмек эмесмин,— деди ал айбыкпай. — Кабар жаз деп балакеттин баарын кылган сиз! Эми мени ал жерден да кууп чыгышат… Давай, аман сактап калыңыз. Эгер антпейт экенсиз, мени ак жолумдан азгырды, пара алды деп, абийириңизди айрандай төгөм!..

Жаалы катуу келгендиктен, Бугубайдын булчуйган уурттары дирт-дирт этип, кара сур жүзү жазгы ызгаардай кабарып турду.

Карыбай мына ошондон бери «бакпай балаага, жакпай жалаага» калып, андан кантип кутуларын билбей, сары оору болуп жүрөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.