Олжас Сулейменовдун «Сөз коду» китебинин ачылыш аземи Бишкекте өтөт

2019-жылдын 23-апрели, саат 12.00дө КР Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында “Аскар Салымбековдун фондунун” демилгеси жана колдоосу менен которулуп басылып чыккан Казакстандын эл жазуучусу, коомдук-саясый ишмер жана дипломат Олжас Сулейменовдун “Сөз коду” китебинин жарык көрүшүнө байланыштуу илимпоздордун, жазуучулардын жана журналисттердин улуу акын менен жолугушуусу өтөт. “Сөз коду” эмне жөнүндө? ЮНЕСКО доордун долбоорун аткарууга – Чыгыш Африканын экваториялык аймагында мындан 100-150 миң жыл мурун Homo Sapiens түрүндө пайда болгон учурдан тартып адамдын өзүнүн тарыхы жөнүндөгү билимин жалпылоого киришти. Алгачкы үй-бүлө кеңейип отуруп, жаңы […]

Башкыр эл жомогу: Ит өз кожоюнун кантип тапканы

Качандыр бир кездерде ээсиз жашаган ит өзүнө кожоюн издептир. Себеби жашоо ага абыдан оорлой берет. Бир курдай ал башы оогон жакка жөнөйт. Суу жээгине келгенде, арык боюнда отурган карышкырды көрүп: – Кандайсың, карышкыр? – дейт. – Кандай болсун. Не келдиң? – Мен өзүмө кожоюн издеп чыктым. Мени өзүңө эш кылып алчы, – дейт ит. Карышкыр макул көрөт. Экөө андан ары ээрчишип жөнөйт. Бир убакта карышкыр токтой калып айтып турганы: – Коку-уй, качтык, аюу келатат! Карышкырдын суу жүрөктүгүн түшүнгөн ит, дароо […]

Кыргыз – кулдук психологиядан кутулбаган калкпы?!

Сыймык эмне, “баатырың” ким, Кыргызстан!? <<<<< Башы Жактоо эмес, актоого гана шылтоо Билебиз, бизде тарыхка кыянаттык кылуу,  же башка каталык, кенемте тууралуу сөз болобу, ага  “заман ошондой болчу” деген оңой жоопту каршы коюп, тарыхый жоопкерчиликтен буйтап кетүү адаты бар. Турдакун  Усубалиев аксакал деле көпчүлүк коммунисттик мансапдарлар сыяктуу келечекте СССРдеги орустан башка улуттардын баары, анын ичинде кыргыз дагы улут катарынан чыгып, жоголуп, “бирдиктүү совет эли” түзүлөт деп ойлогондур (Агезде ачык айтылбаган долбоор боюнча, “жаңы улут” орус тилинде гана сүйлөп, ойлонушу керек […]

Кубанычбек Нурбековдун эскерүүгө камтылган өмүрү

Советтик Конституцияга негизденип, «Кыргызстан СССРдин курамынан чыгууга акылуу» деген жобону атайын белгилегендиги үчүн Л.Брежневдин доорунда адилетсиз куугунтукка учураган укук илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Нурбековдун (26.04.1928 –– 29.12.1985) ишмердиги тууралуу тарыхчынын блогу. Кыргызстан СССРдин курамында болгон доордо эле кыргыз айдыңдарынын (интеллигенттеринин) арасында демократиялык сезимдин ойгонушу байкалган. Бирок коммунисттик партиянын күч алып турган мезгилинде демократиялык түзүлүштүн принциптерин ачык айтуу мүмкүн эмес эле. Мына ушундай кыйын кырдаалда деле кыргыз элинен да көз карандысыз мамлекеттүүлүккө умтулган, өз оюн ачык билдирген айрым чыгаан инсандар да […]

Касым Каимов: Түлкү

АҢГЕМЕ Түлкүнүн окуясы мындайча башталат. Султан тоодогу капканына күн сайын келсе да, кур кол кайтып жүрдү. Эгерде анын ордунда башка киши болсо, бул жерден түңүлүп, капканын капкачан башка жакка которуп кетет беле?! Султан анткен жок, мында түлкүнүн бар-жоктугун өз көзү менен көргүсү келди. Ушул максат менен ташка жанаша чыккан эрбейген шыбактын түбүнө кекиликтин башын таштап койду. Ошол шыбактын астында чынжыры менен казыгынан бери жерге жашырылган капкан бар болучу. Ал эртеси таңында келип караса, койгон жеринде кекиликтин башы жок, капкан калыбында. […]

Дооронбек Садырбаев: Самын

АҢГЕМЕ Азык-түлүк менен кошо бир бурчунда күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү майда-чуйда буюмдарды саткан чоң дүкөн биз жашаган үйдүн жанына жайгашкандыктан, аерге Букеш өзү барып же үйдөгү бала-чаканы жибере коюп жүрчү да, өзүм сейрек каттай турганмын. Баягыда Букеш телефон чалып: «Кызматтан кеч кайтам, балдарга сүт, чай-чамерек алып коё аласыңбы?» — дегенинен эртерээк келип дүкөнгө түштүм. Айткандарынын баарын алып жаңыдан чыгып келатканымда дүкөндүн берки, темир-тезек сатчу бөлүмүндө котолошуп турган жоон топ кишиге көзүм түшүп калды. «Ии… Табылбас бирдеке келген го, албасам да аялыма […]