Советтик Конституцияга негизденип, «Кыргызстан СССРдин курамынан чыгууга акылуу» деген жобону атайын белгилегендиги үчүн Л.Брежневдин доорунда адилетсиз куугунтукка учураган укук илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Нурбековдун (26.04.1928 –– 29.12.1985) ишмердиги тууралуу тарыхчынын блогу.

Кыргызстан СССРдин курамында болгон доордо эле кыргыз айдыңдарынын (интеллигенттеринин) арасында демократиялык сезимдин ойгонушу байкалган. Бирок коммунисттик партиянын күч алып турган мезгилинде демократиялык түзүлүштүн принциптерин ачык айтуу мүмкүн эмес эле. Мына ушундай кыйын кырдаалда деле кыргыз элинен да көз карандысыз мамлекеттүүлүккө умтулган, өз оюн ачык билдирген айрым чыгаан инсандар да чыккан.

Алардын бири –– кыргыз элинин тайманбас укук коргоочусу, кыргыздан чыккан туңгуч юридика илимдеринин докторлорунун бири, профессор Кубанычбек Нурбеков. Ал кыргызстандык укук адистеринин ичинен биринчилерден болуп демократиялык принциптердин түзүлүшүн теоретикалык жактан белгилеп, өз алдынча мамлекетте жашаган улут кандай баалуулуктарга ээ болуш керектигин таасын белгилеп айтып кеткен.

Кыскача өмүр таржымакалы

Кубанычбек Нурбекович Нурбеков 1928-жылы 26-апрелде Кыргызстандын (ал кездеги РСФСРдин курамындагы Кыргыз АССРинин) Талас облустундагы Кум-Арык айылында туулган.

Анын атасы Кедейбай уулу Нурбек падышалык доордо жергиликтүү бий (сот) болгон. Бирок бай-бийлердин балдары да куугунтукка учураган мезгилде, Кубанычбек атасын дыйкан болгон деген маалымат берген. Апасы – Өмүраалы кызы Алиман.

Нурбек Кедейбай уулу менен Алиман 11 баланы тарбиялаган. Кубанычбек алардын тогузунчу баласы болгон.

К.Нурбеков 1936–1942-жж. Талас районунун 7-жылдык Кеңеш мектебинде окуган. 7-классты аяктаган соң, ал ушул эле мектептин башталгыч классынын мугалими болуп калтырылган. Ал жакта ал 1945-жылга чейин эмгектенген.

1945-жылдын октябрь айында Талас облусунун элге билим берүү бөлүмү К.Нурбековду Покровка районунун 7-жылдык Бала-Кара мектебине окуу бөлүмүнүн башчысы (завуч) кылып жөнөткөн. Ал ушул мектепте 1946-жылдын июнь айына чейин эмгектенген.

1946-жылы СССРдин Жогорку Советинин Президиуму 18 жаштагы Кубанычбек Нурбековду “Улуу Ата Мекендик согуштагы күжүрмөндүк эмгеги үчүн” деген медалы менен сыйлаган. Ошол эле жылы ал Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 орто мектебине келип, окуусун андан ары улантат.

Кубанычбек Нурбеков 1947-жылы 10-классты аяктаган соң, Өзбекстандагы Ташкент мамлекеттик юридикалык институтуна өтүп, аны 1951-жылы ийгиликтүү аяктайт.

К.Нурбеков укукчу адистик эмгек жолун 1951-жылы Кыргыз ССРнин Юстиция (Адилет) министрлигинде Соттук органдардын башкармалыгынын ага кеңешчиси кызматында стажерлуктан баштаган. Ошол эле жылы ал Фрунзедеги юридика мектебинин тышкы бөлүмүнө кеңешчи-усулчу болуп которулган.

1952-жылы ал ушул эле мектептин директорунун орун басары болуп эмгектенген жана “Советтик мамлекеттик укук”, “СССРдин мамлекеттик тарыхы жана укугу” сабактарынан мугалим болуп иштеген.

К.Нурбеков 1954-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУда) Советтик укук кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучу кызматтарын аркалаган. 1960-жылы ал ушул эле кафедрага конкурстук негизде кафедра башчысы болуп шайланып, 1960-жылы бул кызатка кайрадан шайланган.

1958-жылы 26-декабрда К.Нурбеков Москва шаарында СССРдин Илимдер академиясынын Укук институтунун диссертациялык кеңешинде “Кыргыз АССРнин Кыргыз ССРи болуп түзүлүшү” темасында кандидаттык диссертациясын жогорку деңгээлде жактайт.

1968-жылы июль айында ал Алма-Ата шаарында “Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү жана өнүгүшү” (“Становление и развитие кыргызской национальной государственности”) деген темада укук илимдери боюнча докторлук диссертациясын жактайт.

К.Нурбековго 1969-жылы сентябрь айында СССРдин Жогорку аттестациялык комиссиясынын Чечими менен юридика илимдеринин доктору даражасы, ал эми 1970-жылы болсо профессор наамы ыйгарылат.

Айдыңдык асманды жаркыткан чагылган

Кубанычбек Нурбеков Кыргызстандагы юрист теориячылардын алгачкыларынан болуп, көз карандысыз демократиялык-укуктук мамлекет принцибине таянып, Кыргызстандын эгемен (суверендүү) өнүгүүсүнүн илимий-укуктук концепциясын сунуш кылган.

Биринчилерден болуп, ал укук жана мораль маселелерин, укуктук проблемалардын мораль менен ажырагыс байланышын изилдеген, жарандык укук менен кылмыш-жаза укугунун жоболорун иштеп чыккан, укук бузуунун социалдык маңызын жана элементтерин, алардын пайда болуу себептерин жана өнүгүү өзгөчөлүктөрүн ачып берген.

Өз кезегинде, ар бир улут үчүн маанилүү болгон маселе кагаз жүзүндө бир беткей айтылганы, аны ынандырган эмес. Улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугу саясий гана эмес, экономикалык, социалдык-саясий, эң баалуусу – аймактык-территориялык маани менен кошо жүрөөрүн ал советтик шартта далилдегиси келген.

Экономикалык жактан алганда ар бир эл улуттук байлыгын өзү каалагандай жана өз алдынча пайдалана аларын, социалдык өнүгүү үчүн табигый байлыктарды пайдалануунун жолдорун өздөрү тандаарын жана ээлик кылаарын, союздук ишканалар, экономикалык тармактар республиканын мыйзамдарына баш ийерин ал эмгектеринде баса көрсөткөн. Территориялык маани дегендик – улут өзүнүн улуттук территориясына өзү ээ болорун, ээлик кылуунун эң жогорку укугу ошол гана улутка таандык экенин эмгектеринде түшүндүргөн. К.Нурбеков улуттардын өмүр сүрүшүнүн негизги критерийи – эне тили деген.

Ал өзүнүн эмгектеринде улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугуна айрыкча көңүл буруп, улут маселесин борбордук маселе катары караган. К. Нурбеков, улуттун укук маселеси советтик доордо иш жүзүндө эмес, кагаз жүзүндө гана калып келе жатканы тууралуу аныктамаларды келтирип, ошол кезде республика катары өз тагдырын чечүү маселесине келгенде бир тараптуу саясат жүрүп жаткандыгын айткан.

Ал “В.И.Ленин жана улуттардын саясий жактан өз тагдырын өзү чечүү укугу” деген олуттуу макаласын жарыялайт. Ал макаланын илимий жобосунун кремлчил коммунисттик цензорлордун кыжырын кайнаткан текстинин үзүндүсү төмөндөгүчө: “Кыргыз ССРи өз аймагына карата артыкчылыктуу укугун жүзөгө ашырат. Улут өз аймагына эгемендүү (суверенно) жана тең укукта ээлик кылат. Кыргыз ССРинин аймагы, республиканын керектүү заттык базасы – кол тийгис жана кыргыз элинин өзүнүн макулдугусуз өзгөртүлбөйт. Анын аймагынын чек арасын калайыктын эркине каршы күч колдонуп өзгөртүүнүн ар кандай түрү улуттун өз тагдырын өзү аныктоо принцибин буза турган баскынчылык аракет катары каралат. Кыргыз эли – өзүнүн мамлекеттик аймагынын толук кандуу ээси”.

К.Нурбеков аталган эмгегин жыйынтыктап келип:

“Өз тагырын өзү чечүү укугу – бул ар бир элдин (улуттун) өз коомдук-экономикалык түзүлүшүнүн түрүн жана саясий макамын өз алдынча, эркин аныктоо, керек болсо, бөлүнүп алып, өз алдынча улуттук мамлекетти негиздөөгө чейин аныктоо укугу”, – деп бүтүргөн.

Жогоруда жазылган “чуулгандуудай” көрүнгөн эмгеги үчүн укукчу илимпоз Кубанычбек Нурбеков «диссидент» катары саясий куугунтукка учураган. Ал дароо Коммунисттик партиянын катарынан чыгарылып, кызматынан алынган.

Ал учурдагы бийликте жеке басар болгон компартиянын катарынан чыгуу деген – саясий өлүм дегенди билдирген.

Ошондон тартып К.Нурбеков инсульт оорусуна кабылган.

Оорусунан бир аз сакайган соң, укук кызматкерлери тарабынан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетине бир нече жолу суракка чакырылган.

Бир жолу К. Нурбековду Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы болуп турган Турдакун Усубалиев өзүнө чакыртып, кыргыз элинин көз карандысыздык укугу жөнүндөгү теориясынан баш тартып, туура эмес айтылган экендигин жамаагаттык маалымат каражаттарына жазуусун талап кылып, К.Нурбековду жеңилдикке барууга чакырган.

Бирок К.Нурбеков: «Мен окумуштуу катары, илимий дискуссиянын жыйынтыгында гана туура эмес болсо, моюнга алам. Бирок, саясий бийликтегилердин талабы менен мен өзүмдүн көз карашымды өзгөртө албайм», – деп кескин жооп узаткан.

Т.Усубалиев бул адистин айтканынан кайтпас адам экендигин жакшы түшүнгөн.

Жумушунан жана компартиялык билетинен кол жууган К.Нурбеков чындыкты издөө максатында Маскөөгө чейин барып, КПСС БК Саясий бюросунун эски мүчөсү болгон Арвид Пельшеге жолуккан. А. Пельше К. Нурбековдун абалын түшүнүү менен кабыл алып, К. Нурбековго жумушун жана партиялык билетин кайтаруусун Бишкектегилерден буйрук кылган.

К. Нурбеков Фрунзеге кайтып келгенден кийин ага кайрадан партиялык билетин кайтарышып, бирок ал өмөнк кызматка гана алынат: ал Кыргызстан Илимдер академиясынын Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер болуп калат.

Бул орун юридика илимдеринин доктору, профессор үчүн шылдыңдоого тете болгон.

Кыргызстан Компартиясынын жана академиянын башкаруучулары көп өтпөй К. Нурбековду кайрадан академиялык институттун бирине бөлүм башчысы кылып которушкан.

Куугунтук учурунда К.Нурбеков чөкпөстөн, аны каралап жазылган макалаларга жооп катары далилдүү макаласы менен жооп жазып, бардык кыйынчылыктарга чыдап, акыры жеңген.

Ал өзүнүн турмуштук идеяларында ошол 1960––70-жылдарда эле, Кыргызстан чыныгы көз карандысыз мамлекет болорун алдын ала көрө билген жана терең ишенген илимпоз болду.

Эскерүүлөрдө камтылган өмүр

К.Нурбековдун өмүрлүк жубайы Лариса Григорьевнанын эскерүүсүндө, жолдошу Кубаныбек экөө абдан көп кордуктарды көргөн. Гезиттерде өз күйөөсүн «улутчул» деп каралаган макалалар байма-бай жазылган.

Ал биз менен курган маегинде мындай деп айтты:

«Ооба, ал кезде биз эмне гана кордуктарды көргөнүбүз жок. Республикалык газеталардын көбү менин жолдошумду «улутчул» деп, жазган эмгектеринен кынтык издеп эле турушкан. Көрсө, өлкөсүн сүйгөн адам улутчул болот турбайбы.

Менин тегим – корей болгон менен жаным, каным кыргыз болуп калган. Анткени күйөөм – кыргыз, балдарым – кыргыз. К.Нурбековду узак убакыт бою студенттер арасында «бузук, теоретикалык жана саясий катачылыктарын кайталап жатат, идеологиялык тарбияга зыян келтирип жатат» дешип кызматтан четтетишти, акыры партиядан чыгарышты.

Лариса Григорьевна Нурбекова менен Махабат Жунусова. 01.4.2019. Бишкек.

Көпкө чейин ага иш беришкен жок, бирок ал: «Лариса, акыры меники туура болот» деп айтчу.

Анын айтканы акыры туура болду, өз алдыбызча мамлекет болдук. Кыргыз эли «улут» катары калыптанып, өз жерине өзү ээ болду, ага ээлик кылуунун эң жогорку укугу ушул, улуттук территорияга өзү, кыргыз эли ээлик кылат, кыргызга таандык экенин жазып кетсе, мына минтип чындыктын анык жүзү ачылып, ишке ашты».

2014-жылдагы «Кубанычбек Нурбековду эскерүү» кечесинде юридика илиминин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Т.И.Ганиеванын айткан эскерүүсүнөн үзүндүнү келтирелик:

«Вальфраут Фрицевна Шелике деген улуту немис мыкты юрист (тарыхчы. – М.Ж.) айым бар эле, кийинки жылдары бирге иштешип калдым. Ал киши өтө чынчыл, өзүнүн ишине өтө берилген принципиалдуу аялзаты боло турган. Аны менен баарлашканымда, К.Нурбеков менен азап тарткан күндөрүн эскерип калчу: «К.Нурбеков мамлекетке каршы сөз айткан эмес, эч кандай ката да кетирген эмес. Ар бир билимдүү, илимдүү жаран экономикалык негизде илимге таяп, өзүнүн оюн ачык айтууга акылуу да. Ал, маркстик, лениндик идеялардын теориясына таянып жазган. Анын фундаменталдык эмгектерин көрө албагандар кыйкым издешип, илимий эмгек эмне экенин түшүнө албаган чала сабат саясатчылар бурмалоого аракеттенишкен жана күнөөлөшкөн. К.Нурбековго каршы кандай гана макалаларды жазышпады. Бирок билимдүү интеллигенция бул – кара пиар экенин баары бир билип турушту. Буйрутма берген бийликтегилер К.Нурбековду каралап жазышкан сайын чырагына май таамып, аны ого бетер күнөөлөп жатып калышты. К.Нурбеков экөөбүздү ашынган улутчул дешип, биздин эмгектерден кыйкым издешип жаза беришти. Акыры экөөбүзгө «улутчулдар» деген шылтоо менен, компартиянын жогорку эшелондорунда турган бийлик ээлеринин көргөзмөсү менен кызматтарыбыздан бошотушуп, партиянын катарынан чыгарышты. Экөөбүзгө ошол кезде каршы уюшулган тетири жазылган кандай гана макалалар болгон жок. Бир топ убакытка чейин илимий даражабызга карабай жумушсуз калтырышты. Биз ага да чыдадык», – дечү Шелике айым.

Кийин адилетсиздикти башынан өткөргөнүн айтып жүрүп, демократиянын шарданы келгенде Германияга көчүп кетти. Калыс кишинин айтканы, бул – тарыхтын турмуш чындыгы», – дейт профессор айым.

(Тактай кетсек, тарыхчы, профессор В.Ф.Шелике Орусиянын борбору Москва шаарына Кыргызстандын эгемендик доорунун башында көчүп кеткен).

1985-жылдын 29-декабрында К.Нурбеков узак оорудан кийин бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Өкүнүчтүүсү, анын кыргыз элинин көз карандысыз мамлекеттүүлүккө жетишкендигин көрбөй калгандыгы.

Анын теориялык жактан изилдеген эмгектеринде чындыктын бар экендигин өз көзү менен көрбөй калгандыгы өкүндүрөт. Анын жазып кеткен эмгектери азыркы кезде юридикалык факультеттердин бардыгында эркин жана чектөөсүз окулуп жаткандыгы маалым.

Корей тектүү Каныкей эне

Кубанычбек Нурбековдун жубайы тууралуу кошумча айта кетсек, Лариса Григорьевна (өз тегаты – Полярина) менен ал 1951-жылдын 31-декабрында Ташкент юридика институтунун Жаңы жылдык көгүлтүр отунда таанышкан экен. Лариса Григорьевна ал учурда 1-курстун, Кубанычбек Нурбеков 4-курстун студенти болгон.

Лариса Григорьевна корей улутунан болгон, сталинчил жазалоолор курчуп турган 1937-жылы ата-энеси менен Ыраакы Чыгыштан депортация болуп Ташкентке көчүрүлгөн.

1952-жылдын июнь айында К. Нурбеков мамлекеттик экзамендерин тапшырып бүтүп, кайрадан Фрунзе шаарына кайткан. Бирок Лариса Григорьевна менен кол үзбөстөн кат алмашып турушкан. 1953-жылдын жай айларында К. Нурбеков Ташкентке барат. Лариса Григорьевнага жолугуп, экөө Лариса Григорьевнанын ата-энесине кабар айтпастан, Талас айылына, К.Нурбековдун ата-энесине келишет. Ата-энеси жана бир туугандары абдан жылуу кабыл алышат. Кыргыздын салты менен той беришип, Лариса Григорьевна кыргыздын келини болуп калат.

Кайын атасы келинин улутуна карабай жактырып, ага кыргызча “Жылдыз” деген ысым ыйгарат. Азыркы учурга чейин К. Нурбековдун туугандары Лариса Григорьевнаны “Жылдыз жеңе” деп айтышат. 1953-жылы августта Кубанычбек жубайын кайрадан окуусун улантууга Ташкентке жөнөтөт. Лариса Григорьевна акыркы курсу калган эле.

1954-жылы Лариса Григорьевна окуусун эң жакшы баа менен бүтүрүп, Кыргыз ССРнин Жогорку Сотуна жумушка иштөөгө жолдомо алат. Ыраакы Чыгышта төрөлгөн Лариса Григорьевна үчүн Кыргызстан үчүнчү мекени болуп калары бала чагында оюна да келбесе керек. Ошентип, кыргыздын салтын наркын түшүнүп, кыргыз тилинде таза сүйлөп, түбөлүк Кыргызстанда жашап калган Лариса Григорьевна азыркы учурда 89 жаштын тамагын татып жаткан учуру.

К.Нурбеков менен Лариса Григорьевна эки уулдун ата-энеси болушкан. Улуу баласы Малик Кубанычбекович Нурбеков учурда М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык университетинде химия-билогия факультетинин доценти. Кенже баласы Эрик Нурбеков Кыргызстанда улуттук коопсуздук кызматында эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Учурда ал – коомдук ишмер.

Көөнөргүс мурас

Юридика илимдеринин тунгуч доктору, профессор К.Нурбеков тарабынан 200дөй илимий эмгектер: монография, илимий макалалар жарык көргөн. Анын эмгектеринин дээрлик көпчүлүгү кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн пайда болушу жана түзүлүшү тууралуу жазылган.

1992-жылы юридика илимдеринин тунгуч доктору, профессор К.Нубековдун ысмы өзү туулуп өскөн Талас облусунун Кум-Арык айылындагы орто мектепке берилип, ошол эле мектепте чакан музейи ачылган.

2006-жылдын ноябрь айында Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен юридика жаатындагы жаш окумуштууларга (35 жашка чейинкилер үчүн) Кубанычбек Нурбеков атындагы атайын сыйлыктарды ыйгаруу чечими кабыл алынган.

2009-жылдын 2-июлунда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын бир дарсканасына (3-кабат, 304-аудитория) юридика илимдеринин тунгуч доктору, профессор К.Нурбековдун ысымы берилип, атайын ачылыш аземи өткөрүлгөн. Бул иш-чарага Казакстандан жана жергиликтүү аймактардан келген коноктор күбө болгон.

2014-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Юридика институтунда юридика илимдеринин тунгуч доктору, профессор Кубанычбек Нурбековду эскерүү кечеси өткөрүлгөн.

2018-жылдын 11-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясынын 25 жылдыгына жана юридика илимдеринин тунгуч докторунун 90 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлгөн.

Акын Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген саптары толугу менен К.Нурбековдун бейнесине тийешелүү.

К.Нурбековдун жаркын өмүрүнүн [9] мисалында Кыргызстанда 1960–70-жылдары да эгемендикти эңсеген, анын мыйзамдык мерчемдерин таамай сыпаттаган айдыңдар болгондугун тастыктай алабыз.

СССР кулаардагы Кайра куруулар доорунун соңунда, 1988––91-жылдары, К.Нурбековдун жолун андан ары ишенимдүү уланткан “Ашар” козголушу, “Кыргызстан” демократиялык кыймылы, “Асаба” уюму, Кыргызстан Жаш тарыхчылар жамааты [10], ж.у.с коомдук жана саясий уюмдарды түзгөн жаңы муун чыга келди.

P.S.

Жубайы Лариса Григорьевнанын жана иниси Садыр Нурбековдун өздүк архивдеринен тышкары колдонулган адабият:

Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.А.Асанов. — Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. — 544 стр., илл., карты. (ISBN 5-89750-142-4).

Кушубеков К. Бир өмүрдүн сабагы // Кыргыз Туусу. – 1992. – 23-апрель.

Максутова С. Туңгуч юридика илиминин доктору // Эркин-Тоо. – 21.08.2009.

«Кыргызстан» Демократиялык Кыймылы: Эгемендик менен демократия үчүн күрөштүн башаты: Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын карлыгачы – КДКнын 25 жылдыгына арналган макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), академик А. Эркебаев, ж.б. – Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. — 166 б., сүрөт. – “Мурас” фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. — ISBN – 978-9967-12-487-5.

Нурбеков Кубанычбек Нурбекович: Биобиблиографиялык көрсөткүч / Редактору К.К.Керезбеков; түзгөндөр: С.К.Ашырахманова, М.Р.Кутманалиева. –– Бишкек, 2009. – (Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын илимий китепканасы). –– 12 б. –– URL: http://www.ksla.kg/ upload/jzl/nurbekov.bir_omyyrdyn_cabagi.pdf

Тузов А.Л. Восстание профессора // Вечерний Бишкек. – 2018. – 20 апреля. – №46 (11373).

Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин). – Бишкек, 2000. – 160 бет.

Махабат Маратовна Жунусова, жаш тарыхчы

“Азаттык”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.