АҢГЕМЕ

Жылдын карды жарыла келди. Сартпайдын боз үйү кырманга алынып, үч баш үй-бүлөсүн: өзү, зайыбы, беш жашар баласы Жоомарт болуп небак кырманга көчүрүп келтирилди.

Иш күндөн-күнгө кызыды. Кырманчылар бака-шака түшүп, чор баскан күчтүү колдор айры, күрөктү бултактата шилтешип, комбайндан пыр аралашкан буудай түрмөктөлүп сапырылып жатты.

Капысынан тиги ак карлуу тоонун чокусунан анча чоң эмес карала булут көтөрүлүп, акырындап ал бүткүл асман бетин каптай баштады.

Сартпай күрөгүн көкүрөгүнө таянып, кабагын бүркөп турду:

— Карагылачы, бороон келатат.

Кырманчылар иштерин токтотушту, ар киши ар кандайча аба ырайын каргап-шилеп, али толук басылып бүтпөгөн эгинди туш-тушунан жабыла чуркашып сокмо таарга, чырпык, саманга чүмкөштү. Үймөк эгиндердин тегерегине жер-жерге жыгач казыктар житкире кагышып, ага шамал учуруп кетпесин үчүн таардын учку жиптерин күрмөй байлашты. Сапырылып тазаланган буудайды кап, капка салышып, заматтын ортосунда Сартпайдын боз үйүнүн катарына каптан бүткөн тоо пайда болду.

Аңгыча жаан да дыбыратып кирди. Анын муздак тамчылары колго, бетке жабышып, денени жыйрып, ичиркентти. Как төбөдөн күркүрөгөн күн, оттой ойногон чагылган адамдарды Сартпайдын боз үйүнө камады. Кожоюн өзү коломтого жайгашты. Ал баарынан улуу эле. Күн күркүрөп, чагылган чартылдаган сайын көнүмүшүнчө оозун күбүрөтүп тобо келтирүүдө:

— Лай лаба лил алла!». Лай лаба лил алла!..

Калгандары унчугушкан жок. Баарынан кичинекей Жоомарт, сол ыптанын босогосуна жарканатча кыпчылып олтурду.

Ага, асман менен жердин ортосунда келише албас күрөш жүрүп жаткансып туюлду. Асман мынча сууну кайдан алды болду?

Тигинде, жаандын огуна каршы башын жерге салып, кулагын жапырып, куйруктарын такымына катып кырманчынын эки аты шөпөйүп турушат. Алар кандайдыр боор ооруйлуктай, аянычтуу…

Күтүлбөгөн жерден Жоомарт курсагы ачып кетип, апасын эстеди, чүлүктөй артына ийилип, көздөрү кыбыңдап, отургандардын ичинен апасын издеди. Анан үнүнүн бардыгынча, үрөй учурарлыктай кыйкырып ийди:

— Ап-а-а!

Апасы бүгүн шашкеде кыштакка тегирменге кеткен. Жоомарт аны билген эмес. Аны, атка минип жүргөк жеринен, апасын көрүп ээрчибесин үчүн Калыйча жерге түшүрүп, нары жашынмак ойнойбуз деп алаксытып турган.

Жооп болгон жок.

— Апа-а!—деп кайталап чакырды Жоомарт. Атасына обдулду. Бөтөйгөн ичке колдору менен атасынын шырмалынын жакасынан бекем мыкчып кармады да, эреркеп, ачуу чайылдай силкилдетти:

— Кайда… апам?

Атасынын ордуна арттан Калыйча тамашалай:

— И эмне кыласың, апаңы атаң үйдөн кубалап жиберди?! Тамакты жакшы бышыра албайт. Эгин сапырганды билбейт. Сулуу эмес, — деди.

— Эгин… сапыра алат,— деп каршыланды Жоомарт.

— Баары бир, менчилеп сапыра албайт. Калыска деле түшө коёлу. Атаңын өзүнөн сурачы!..

Отургандар жандана түштү, жүздөрүнө баланын мүнөзүнө маашырканышар күлкү пайда болду. Калыйча ашканага туруп, нан сындырып, Жоомартка сунду:

— Эми апаң жок. Бүгүндөн тарта апаң менмин. Апаң менден сулуу эмес болучу. Эми оокатты да мен жасайм. Мегой…

Жоомарт Калыйча сунган нанды албады, кежирленип кагып жиберди:

— Жей бер өзүң.

— А-а, ишенбей жатасың го. Анда, кана апаң? Күн жаап турса, кайда кетмек эле… Атаңан сурасаң! — Калыйча Сартпайга жакындап, колдорун жазып, анын моюнунан кучактамакчы болду.

Бирок, Жоомарт Калыйчадан мурда атасына канатын жазды.

— Калп айтат, калп айтат,— деп баласын сооротту Сартпай.— Койсоңчу, жаш баланы ыйлатуу сага кызыкпы, кудайдын каары,— деп оройлонду Калыйчага.

Отургандар күлүп жатышты. Калыйча оюнга кызып кетти. Кишилердин күлкүсү аны ээликтирди. Сартпайды бооруна кучактады, жулкулдатты. Анын жоолугу шыпырылып, чачтары саксайды. Ал Сартпайдын сакал-мурутунан аймалап, жалынып-жалбарды:

— О, айланып садагаң кетейин, абышкам!.. Сен мени жакшы көрөсүңбү? Мен Жоомарттын апасынан жакшымын, э?!— Калыйча Сартпайды улам-улам чындагансып бооруна бекем кысып, кучактоодо.

Аңгыча баланын жини кайнап кетти. Жини келгенинен тиштери-тиштерине тийбей титиреди. Эч ким байкабай да калды: коломтодон кычкачты ала коюп, Калыйчаны түздөп, баштан ары шилтеп жиберди.

— А-а-ай!— деп колдорун жан соогалап калкалап, чаңырып, туураны көздөй башын жапырды Калыйча.

Кычкач кимгедир каңк эте тийди.

Бир паста Сартпайдын жүзүнөн кызыл кан жая берди. Сартпай дароо колу менен бетин басты. Отургандар чур эте түшүштү…

*     *     *

Күн кызарып тоо кыркалап баратты. Кишилер сыртка обдулушканда, Сартпай жаралуу маңдайын таңып чыкты. Кишилер күзгү жаандын зыяндан башка пайдасы жоктугун кеп кылып жатышты, бала кырдуу жок жерден кабагы бүркөлүп, жок жерден кайра чайыттай ачыларын айтышты. Сартпай шаштысы кете түшүп, туш-тушун каранды:

— Жоомарт… Жоомарт кайда,— деди ал.

Анын эшикке чыгып кеткенин, Сартпайга илешип жатып эч ким байкабай калган…

Алар эгинди чүмкөгөн таардын үстүнөн токтоп калган жаан суусун силкип кагышты…

Бир кезде кырманчылар боз үйгө кайтышты. Сартпай колдорун оозуна серепчилеп, колдураган үнүнүн бардыгынча, уулун чакырды:

— Жоо-ма-арт! Жо-о-март!

Баладан дайын билинген жок. Кишилер туш-туштан Жоомартты издей башташты. Алар үйдү айланып, үймөктөлгөн эгиндин түптөрүн карашып, алдыдагы домпойгон караандарга: арабага, куурай-чийге урунушту.

— Жоомарт, Жоо-ма-арт!— деп кайталап чакырышты.

Боз үйдүн түндүгүнөн кызыл жалындар ойсоңдоду. Калыйча жеңдерин шымалана түрүп алып, эшиги көтөрүлгөн боз үйдүн оозунан жалбырттаган оттун жарыгына улам кирип-чыгып, кептеле калып, оокат даярдап жатты…

Жоомартты издеген Сартпай, Назарбек чал камыш арасындагы сазга такалышты. Жанатадан бери чулдурттап жаткан бака сууга чулп эте секирди.

Сартпай сүйлөндү:

— Күндө тиер айдын, бүгүн кашайып карарып калганын карачы!

— Ата-а, тамашаң талкалангыр, кишини жети түндө темселетип кууратпадыбы. Деги, бала аман-эсен табылгай эле… Жаш көңүл, ызаланып корккон бойдон саз-мазына чөгүп кеттиби,— деп наалыды Назарбек чал.

Шыбырт-шубурт угулду.

— Аста,— деди Сартпай.

Токтошту.

Тыңшашты.

— Камыш шуудурап жатат. Жоо-март! — деп чакырды Сартпай.

Кайтадан тыңшашты.

Жооп болгон жок. Саратандын канаты абада дилдирттеп угулду. Жапалак үкү кырман менен камыштын үстүндө чычкан уулап ойкуп-кайкып жүрдү.

— Балким, андатыр чыгар, жем издөөгө аттанаар маалы. Балким суу жылаан уктап жаткан каз-өрдөктү аңдып бараткандыр?.. Бала кайдан быякка келсин?!— деди Назарбек чал.

Бир аз өтпөй кайрадан минтип кобурады:

— Келгин каз-өрдөктөр үйүр үйүрү менен түнөөчү болуптур сазга, кечээ таң азанда көрдүм… Эмдигиче үйгө барып калгандыр ыя, Сартпай, кайталыбы? Бала быякка келе койбос?..

— Жоо-март! Жоо-март-т!..

*     *     *

Эртеси күнү таң заары менен Назарбек чал камыш арасына илкип басып келди. Былкылдаган саздын арасынан баланын сары көкүл төбө чачы көрүндү.

— Мына-а-а!..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.