же Миң-Куштун сабактары биздин Өкмөттү ойлонтпойбу?

Тарыхтын тартуусубу, таарынычыбы?

1950-жылы 24-октябрда СССР Министрлер советинин № 381-1854 токтому токулуп, ошонун негизинде Кыргызстанда Миң-Куш (Кабак), Майлы-Сай, Кажы-Сай деген үч жерде тоокен ишканаларын ачуу белгиленген. Көрүпүп тургандай, Улуу Ата мекендик согуштан кийин өлкөгө темир, көмүр, дагы башка жерасты кендери аба менен суудай керек эле.

Ага чейин жана андан кийин, тагыраагы 1947-1953-жылдарда Ф.Т.Кашириндин жетекчилиги менен чалгындоо иштери жүргүзүлүп, Кабак көмүр бассейни аныкталган. Мына ушул жерден жер астынан уран алынары да белгилүү болуп, аны тапкан Кыргыз ССРинин геология башкармалыгынын 11 адиси (Т.К.Абдрахимов, А.С.Гапешин, В.Н.Голубин, Ф.Т.Каширин, А.А.Ковалев, В.Г.Мальцев, П.Г.Пантелеев, А.А.Фрайбергер, М.Т.Чайка, Н.В.Шабаров, В.А.Николаев) 1953-жылы илим жана техника жагынан Мамлекеттик сыйлыкка (ал кезде Сталиндик сыйлык деп аталчу) ээ болушкан. Мына ушул эң жогорку сыйлыкты он бир кишиге ыйгаруу эле бул жердин баа-баркы канчалык экендигин айгинелеп турбайбы. Анан калса эски кишилер ошол жерге уран иштетүүчү комбинатты курууга канча адамдарды аттырган атактуу Берия өзү көзөмөлдүк кылыптыр…

Жанагы Москва токтому чыгары менен эле Миң-Кушта иш аябай кызыды, СССР чоң күчүн сарптады, болбосо деңиз деңгээлинен 1400-3300 метр бийиктикке, райборбор Чаектен 60 чакырым алыска, Рыбачье темир жолунан 230 чакырым тоо ичине ушундай комбинатты кура алат беле?

Азыр мени ойго салган нерсе – ушундай зыяндуу курулушту неге Муң-Куш суусу аккан (анын Чамынды, Туюк-Суу, Чоң-Таш куймалары бар) аймакка курду экен да, неге кийин уран таштандылар алып келүүчү акыбетин ойлошподу экен?

Баса десеңиз, бир жагынан Кабактын тоосу, бир жагынан Молдо-Тоо тикирейип карап турган бул чөлкөм жаратылыш тартуулаган дары өсүмдүктөргө абдан бай болгондон го, айтору, 1984-жылы бул жер Миң-Куш ботаникалык коругу деп аталып, коргоого алынган. Адам буту баспаган ажайып жерлер экен, а түгүл геологдор Чаекке чейин тикучак же машина менен келип, андан бул аймактарга жөө же атчан өтүшчү тура. Кана эми, ошол элүү жыл мурдагы жапайы жаратылыш, шылдыр булактар, дары бадалдар…

Ошентип уран кызуу үчүн жол салынды, түрмөдө жаткандар иштеди. Көмүр, уран кызыла баштап, Москва камкордукка алып, кабат үйлөр курулуп, алар эки кабаттан он эки бөлмөдөн туруп, ысык-муздак суу киргизилип, кабактыктар коммунизмде жашайт экен деп башкалар суктанып, ар-ар жактан эл көчүп келип, адегендеги үч миң жашоочу болсо, кийин улам тоо жакалай шаар жылып, акыры калк саны он эки миңди чаап барды. Ошондо да эл урандын зыяны, анын акыры алып келчү кыяматы тууралуу кызыкпады. Беш жылдык пландарды, өкмөт менен партиянын тапшырмаларын ак ниеттүүлүк менен аткара беришти.

Миң-Куштун уран кенин казуу иши көпкө уланбады, 1968-жылы кен жабылды. Он жети жылдык ооматы дейбизби, азап алып келер жылдары дейбизби, айтор аягына чыкты. Үч жылдай рекультивациялык жана дезактивациялык иштери жүрдү да, заянсыздандырылды деп ишеништиби, айтор, 1971-жылы ручка, фломастер чыгаруучу «Оргтехника» заводу жана бир аз иштеп эле токтогон асыл баа таштардан кооздук шөкөттөрүн жасап чыгаруучу зергерчилик цехи ачылган. Ошолор менен элди алаксытуу керек эле, анан Ак-Улак көмүр кенин иштетишти, бирок аны ташып кетүү кыйын жана кымбат болгондуктан эптеп эле кылдыраткан болушту.

Ошентип эски СССР кетти, уранын алып, убалын бизге таштап кетти. 4 уран саркындыларын улуу держава Кара-Балта тоо комбинатына жана миң-куштуктарга мураска калтырды.

Бул тоо ичиндеги айыл бир кезде «коммунизмди куруп алган болсо», азыр эми согуштан талкаланган айылды элестетет. Кызык, ал эмне согуш эле?..

Уран согушубу, же убал согушубу?

Миң-Кушта Туюк-Суу деген өзөн аккан жайыкта деңиз деңгээлинен 2100 метр бийикте уран калдыктары көмүлгөн. Болжолу 450 миң куб метр радиоактивдүү калдыктар 3,2 гектар жерде жашырылып жатат. Бул жер бир метрдей калыңдыкта капталып, андан кийин да жыл сайып топурак басат, кыртышта радиоактивдүү фон нормалдуу, 100 мкр/саат дешип эсептеп келишкен. Муну этияты-шарты жылдырып таштайлы деп да ойлошкон, ТАСИС программасынын алкагында немистердин «Уранэрцбергер» деген фирмасы 1994-жылы эле 13 чакырым ары жылдырып таштайбыз дешкен. Санашса, ошол кездеги баа боюнча 42,2 млн. сом керек экен да, бул табылбады. Анан жата берсиң дешти.

1996-жылы да эл арызданып, өкмөттүк комиссия тергеп-текшерип, көп дале зыян эмес тура, не кылмак элек деп алар да кетти. Албетте, иш акчага байланыштуу эле, бул кезде СССР жок, башкалар өзү менен өзү болуп, кыргыз экономикасы болсо кыл учунда турган кез эле.

Мына ушундай уран алып келүүчү өлүм Миң-Кушта, Майлы-Сайда, Кажы-Сайда жашырылып жатканда Кызыл-Омпол тоосун казып кирүү бери эле болгондо кыргыз элине кыргын жасоо катары түшүнөбүз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.