Белгилүү жазуучу, публицист, профессор Абдыкерим Муратовдун учурдагы туташ билимсиздик тууралуу маеги.

— Абдыкерим мырза, Сиз өткөн кылымдын аягынан бери эле мектептер үчүн окуу китептерин жазып келесиз. Соңку учурда алардын айланасында бир топ талаштар жүрдү, тагыраагы, кетирилген грамматикалык, стилдик гана эмес, фактылык каталар тууралуу коомчулук тынчсызданып атат. А Сиз болсо окуу китептерин жазуунун тажрыйбалуу адиси жана илимпоз-профессор гана эмес, публицист катары да бул жаатта ой-пикириңизди айтышыңыз керек эле да, негедир унчукпайсыз…

— Унчукканда эмне дейин?! Мидин куйкум сөз менен «ж.б. лардын ичинде мен да бармын» дегендей, ошол окуу китептерин жазгандардын ичинде мен да бармын. Мектептердин бешинчи жана алтынчы класстары үчүн «Кыргыз адабияты» окуу китептерине шериктеш авторлордун тизмесинде жүрөм. Тил, адабият мугалимдери жолугуп эле калса, же электрондук каттар аркылуу «китебиңер качан чыгат» деп суроолорду жаадырчу болду. Алардан качып турам. Жаңы окуу жылы ушул китептер менен башталышы керек эле. Мына азыр үч чейрек өтүп кетти. Китеп мектептерге жете элек. Балдар китепсиз окуп атат. Башкасын билбейм, кыргыз тилин, кыргыз адабиятын ушинтип «окуп жатышат». Бир жума кечиксе, он күн кечиксе түшүнөт элек, мына жети ай кечигип атпайбы, дале качан келери белгисиз. Индиядабы, Вьетнамдабы, Италиядабы – Кубат ака айткандай «бир гөрдө» басылып атат дегенди гана угабыз.

— А эмне үчүн андай кылды?

— Бизге китепти кыргыз өкмөтү эмес, эл аралык донор уюмдар чыгарып берет. Бул жолу бешинчи, алтынчы класстар үчүн деп кыргыз тили, кыргыз адабияты, дагы бир топ окуу китептерин Дүйнөлүк банк каржылап атат. Демек, жумуштун ээси, башкача айтканда, музыка заказ кылгандар ошолор. Биз, өкмөтүбүз, министрибиз баш болуп, авторлор каш болуп, ошолорго «тактекебиз». Алар тендерде кимди жеңдирүүгө чейин киришип турат. Ушулар ошол жактан чыксын деди да. Дүйнөлүк банкта бир же эки эле кыргыз иштейт, а индиялыктар толтура. Анан биз «силер айткандай болот» дейбиз да. Ал жакта дале куда-сөөк, таяке-жээн дегендер барбы деймин да. Кызыгы, Кыргызстанга бериле турган акчанын эсебинен биздин өлкөнүн басмаларына, алардан биздин салыкка түшө турган каражаттын чоң бөлүгү сыртка чыгып кетүүдө. Мисалы, бир эле Индия бизге буйуртма берилген бир жарым миллиондой китепти басып чыгарып бере албай окуу процессин китепсиз калтырып отурат.

— Жети айдан бери Сиздер жазган китеп окуучулардын колуна тийбей жатса, бул үчүн бирөө-жарым жазасын алдыбы?

— Кеп ошондо. Бизде күнөөлүү табылбайт. Эгер ушундай окуя цивилдүү мамлекеттерде болсо, өлкөнүн келечегине чыккынчылык кылынды деп далай чиновник жазасын алмак, бери болгондо, министр, өкмөт башчы, анын орунбасарлары отставкага кетмек. Кыргызстанда ким кимди жазаламак эле? Мектептерде миллиондогон ак кагаздарды коротуп интернеттен китептерди баракка басып алып, балдарды окутумуш болуп жатышат. Бир жолу телевизордон көрдүм, Өзгөндө болуш керек эле, мугалимдер Жогорку Кеңештин бир депутатына ушул маселени айтышты. Бирок ал ошол айтылган жерде кала берди да. Сессияда көтөрүлбөдү да.

А Билим берүү жана илим министрлиги бар эмеспи, алар бул иште четке чыга береби?

— Мен да ошол министрликтин кылыгына таң кала берем. Китептери даяр болбосо, анан неге ошол китептер менен окутулсун деп буйрук чыгарып ийет. Мына бешинчи-алтынчы класстар бүтүп, эми жетинчи класстан өйдө жакка окуулуктарды жазуу керек да. Быйыл сентябрдабы, авторлорду жыйнап туруп, «баштагыла» деди, анан декабрга созду, анан автор болобуз дегендердин план-проспектисин алып алып, кайра жым болду. Көрөбүз, жаңы окуу жылы башталарда өрт кеткендей «болгула эле, болгула», «келгиле эле, келгиле» деп калат. Азыр авторлорго, түзүүчүлөргө караганда эксперттер көп, бир китеп жүз адамдын колунан өтөт, жүзү жүз башка сын пикир айтып, өз китебиңди өзүң тааныбай каласың. Жанагы каталар ушундан да кетип жатат. Мисалы, мен чыга элек китебимди көрбөгөнгө бир жылдай болду, кол жазма бойдон кеткен, байкушум. Эмне кылып атат Индияда билбейм… Бизде басылса, билип турат элек да. Жок дегенге басмакананын жөнөкөй жумушчусу Касымаалы Жөнтөшов менен Касымаалы Баялиновдун сүрөттөрү кокус алмашып кетсе айтат эле да, мындай болуптур деп. А азыр биздин жазгандарыбызды илгери 1916-жылы элибизди Кытайга «үркүтүп» ийгендей эле, «үркүтүп» ийишпедиби, эми не болуп келет деп, «кудайлап» отурабыз.

— Эмне бизде авторлорго шарт түзүлгөн эмеспи, же окуу китеби менен иштей турган уюмдар, басмалар жокпу?

— Сиз айткандын баары жок. Авторлор үчүн китеп жазууга жумушунан бошотуп, атайын чыгармачылык өргүү берүү керек, көп өлкөлөрдө ушундай кылат. А биздин авторлор университеттерде, же мектептерде сабак берет, алардын жалаң китеп жазып отурууга чолосу жок. Илгери Кыргыз ССРинин коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Исхак Раззаков согуштан кийинки оор учурга карабай эки окумуштууну өз резиденциясына алып келип, тамак-ашын, кымыз-этин уюштуруп, машина бөлүп берип, окуу китебин жаздырыптыр. Анын натыйжасы 1948-жылы чыккан З.Бектенов менен Т.Байжиев жазган «Кыргыз адабияты» окуу китеби болуптур, анда кыргыз фольклорунун классификациясы, айрым тексттер жана аларга түшүндүрмөлөр, талдоолор берилип, эң бай жана мазмундуу материалдар камтылган окуулук чыккан.

Тилекке каршы, дал ушул китептен буржуазиялык-улутчулдуктун белгилерин көргөн саясый айыптоочулар ал окуулукту пайдалануудан чыгарышып, авторлорун түрмөгө отургузууга салым кошкон. Көрүнүп тургандай, окуу китептерин жазган авторлордун чыгармачылыгы илимий, методикалык ишмердүүлүк гана болбостон алар саясый фигураларга айланган. Совет учурунда окуу китебин жазууга бүт алдыңкы интеллигенция тартылган. И.Арабаев, К.Тыныстанов алгачкы окуу китептерин жазышкан, ошол китептер аркылуу негизинен арибдерди үйрөнүү, окууга жана жазууга көнүгүү – жалпысынан элдин сабатын ачуу максаты ишке ашырылган. Өткөн кылымдын 30-жылдарда У.Абдукаимов, М.Абдыкеримов, А.Токомбаев, А.Осмонов ж.б. акын-жазуучулар окуу хрестоматияларын түзүшкөн жана ошол мезгилдин шартына ылайык көбүнчө ал жыйнактарга орус тилинен которулган тексттерди сунуш кылышкан, өздөрү которушкан.

Булар педагогикалык, маданий турмуштагы чоң окуя болгон. Кадимки «Каныбек» романынын автору К.Жантөшов математика окуу китептерин жазып берген. Мына ушул салт, ушул эреже СССРдин кыйрашы менен кошо кыйрады. 1992-жылдан тартып, болжолу 20 жылдай китептерди жазгандарды сыйлоо, китептерди жаздыруу деген маселе токтоп эле калды. Окуу китептерин басууга адистешкен «Мектеп» басмасы тап душманы сыяктуу жок кылынды. Ушулардын кесепети азыркы жаштардын бир нече муунунун руханий дүйнөсүн жардын кырына алып барып, көзүн таңып таштап кеткен абалга келтирди.

— Баса, жакында Москвадан окуу китептерин баса турган уюмдун жетекчилери келип, ошол жактан китептерди чыгарып беребиз деп атышат ко…

— Ооба. Ошондой болду. Тагыраагы, биздин Билим берүү жана илим министрлиги менен «Просвещение» басмасы китептерди басуу жагын кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту. Москванын мындай ниети көптөн бери эле бар болчу. А түгүл биздин москвачыл аттуу-баштуу кишилерди да бул ишке аралаштырып, башка өлкөлөрдөн чыгып аткан окуу китептерди «аткылап» жаткандардын ичине да кирип алышкандай. Мен «Просвещение» басмасына сын тага албаймын. Бирок суроолор туулат. Биринчиси, жаңы окуу жылынан баштап 1-класстардын математикасын Орусиянын окуу китептерин өзүбүзгө ыңгайлаштыруу менен окуй баштасак, анда эгемендүүлүккө доо кетпейби? Анан бара-бара бардык китептерди Орусия даярдап берип калбайбы? Өткөн кылымдын 85-жылдарынан тартып өз китептерибизди жазабыз, математикадагы Москвадан Ленинградга чейинки поездин ылдамдыгына байланыштуу маселе-мисалдарды жок кылып, Ат-Башыдан Нарынга чейинки аралыкты алабыз деп кыйкырган КДКчылардын эмгеги не болот дейбиз? Ансыз да кыргыз математикасы жок, жоготуп алганбыз. Узундукту, аралыкты өлчөөчү эли, сөөм, муун, мөөн, карыш, анын ичинен кере карыш, мерген карыш, укум карыш, тапан, кулач, аттам, кез, кадам, чыпалактай, бармактай, чыканактай, эшик-төрдөй, бир кадам, эки аттам, бута атым, чакырым, тай чабым, кунан чабым, ат чабым, бир күндүк, бир айлык, алты айлык, жылдык ж.б., салмакты өлчөөчү ууч, кочуш, чексе, кадак, батман, пуд, чөйчөк, байса, капсан, бир тойгудай, бир казан, чейрек, бир кесим эттей, кол кесердей, бир сан эттей, бир койдун этиндей, бир улактын этиндей, бир төөнүн этиндей ж.б. түшүнүктөрдү балдарыбыз билбей калды.

«Манастагы» алты сан, түмөн, санды түмөн, илек, он илек, милек деген эсептик сандарды эстен чыгардык. Мына ушундай шартта биз бир да предметтин окуу китептерин сыртка авторлорго берип ийбешибиз керек. Ансыз да кайсыл бир жылы математика китебине кыргыз тилин гана эмес, кыргыздар тууралуу ныпым билбеген Сократ Мкртчян аттуу армян улутундагы атуулду аралаштырып ийгенбиз. Анан калса, эми экинчи суроо: окуу китептерин жазууну чет өлкөлүктөргө берип коюп, өзүбүздү адаптациялоо менен гана шугулдандыруу кыргыз илимине, кыргыз педагогикасына шек келтирүү эмеспи?

Бизде окуу китептерин жазуунун мыкты жетишкендиктери, салттары бар. Кезегинде Л.А.Шейман жазган 9-класстар үчүн «Русская литература» окуу китеби Бүткүл союздук эл чарба жетишкендиктеринин медалын алып, башка союздук республикаларга жана социалисттик мамлекеттерге үлгү катары көрсөтүлгөн. И.Бекбоев жетектеген математиктер, Э.Мамбетакунов жетектеген физиктер жазган окуу китептерин ушул тапта да казак мектептери пайдаланып жатышат. Демек, бардык китептерди кыргыз илимпоздору, улуттук педагогдор гана жазышы керек, адаптациялоого жол берүү туура эмес позиция.

— Кыргыз коомчулугун жакында Виктор Садовничийдин Кыргызстанда М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу тууралуу алты жолу кайрылса да оң чечилбегендиги тууралуу пикири дүрбөлөңгө түшүрүүдө…

— Ырас, бул пикирге дүрбөлөң түшүүнүн кереги жок болчу. Филиал ачууга уруксат бербегендери эл душмандарындай көрүп атабыз. Мамлекет башчыбыз өзү киришип, филиал ачууга көзөмөл кылмакка сөз берди. Бул баягы Москванын көзүн кароого барып калуу дегендик. Аталган окуу жайынын мурдагы кадыр-баркы жок. Менден сураса дале, «ойлонуп көрөлү» деп тим болмокмун. Эгер алардын ордуна ушундай сунуш менен Стэнфорд, Гарвард, Калифорния, Кембридж, Оксфорд сыяктуу зобололуу окуу жайлары филиал ачалы деп келсе, эки колду көтөрүп макул болмокмун. Ломоносов азыр дүйнөлүк атактуу окуу жайларынын тизмесинде жок. Анан калса ал ачкан филиал аркылуу негизинен Орусияга гана кадр даярдап калабыз.

— Дагы бир учурда бүйүр кызыткан маселе – расмий жазуулардагы каталар тууралуу…

— Бул – түздөн түз мектептин, андагы билим берүүнүн кандай абалда тургандыгынын көрсөткүчү. Менимче, Сиз Жогорку Кеңештин төрагасынын Өкмөт башчыга жазган катындагы жымыраган каталар, орусиялык окуу жайлардын жетекчилери келгенде алардын жыйынына илинген билборд тууралуу айтып жатасыз го? Бул фактылар уят гана эмес, андан он эсе жаман нерсе! Мунун тамыры тереңде. Он-жыйырма жыл арыга кетет. Негизги совет учурунда эле каталар болчу, бирок мынчалык эмес болчу. Ал кезде мугалимдерге окуучулардын дептерлерин текшергенге деп акча кошуп берчү. Класстагы ар бир баланын санына жараша кошумча айлык төлөчү. Мектеп жетекчилери «кана, кайсыл дептерлерди текшердиң» деп орус тили, кыргыз тили, чет тили мугалимдеринен талап кылчу. Бүтүрүү экзамендеринде, окуу жайларына кирүүдө сочинение же жат жазуу жазышчу.

Азыр мына ошолор жоголду, тагыраагы жоготулду. Анан сабатсыздык келип чыкты. Ишенесизби, ушул тапта мектептин жогорку класстарында интернетти «чаккан» «сотке баш» балдар бар, ошолордун ичинде отуз алты тамганы улаштырып жаза албагандар телефон чукуп отурат. Мен социалдык түйүндөргө кирип алып кыргызча текст жазып аткан улутташтарымдын каталарын көргөндө ыйлап ийем. А мындай ыйлатчу сүйлөмдөрдү эки кыргыздын бири жазып атканы андан бетер кабыргамды кайыштырат… Кыскасы, Кыргызстан каталардын өлкөсүнө айланып калгандайбыз…

Маектешкен Айбек Тектирчиев

«Азия news», 2019-жыл, 4-апрель

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.