Молдова эл жомогу: Пекалэ менен Тындалэнин поптукунда иштегени

Эки дос жолугуп калып: — Экөөбүз бир туугандай болуп калдык. Кел, бир кожоюнга жалданып иштейли. Чогуу да болобуз, — деди Тындалэ. — Мейли, иштесе иштейли, — деди Пэкалэ. Ошентип экөө бир попко жалданып иштеп калышты. Жай мезгили болгондуктан, Тындалэни гумного[1] отургузду. Пэкалэни уй кайтарганга талаага жиберди. Уйлардын эч тынчы жок, жакшынакай оттоп атып эле “шырп” этсе, сайгак тийгенсип дыргаякташат. Керээлден кечке уйлардын аркасынан кубалап жүрүп, эси ооп бутун тартканга дарманы калбады. Кырманда ишөө Тындалэге да жеңил болгон жок. Атты кечке […]

Бибинур Жыргалбаева: «Колуңду берчи» (конкурска №2)

АҢГЕМЕ Түн бир оокум. Асман бетинде жаркырап турган сансыз жылдыздарды каардуу булут каптап, бир да жылдызга жаркыроого мүмкүндүк бербей кыйнайт. Бул учур караңгыны жазданып, үмүт шооласы кире албаган, буга чейин бейтааныш бөлмөдө бала жалгыз жатты. Апасынын ысык алакандарын тынбай издеп, күнөөсүз наристе ширин уйкуда кыйналып, издегенин таба албай кайгылуу жатаар эле. Энесинин мээримге толгон жылуу алакандарына зар, кайра-кайра төшөктөн колун бери созуп, белгисиз, багыты жок жолдордон апасынын бүт дүйнөнүн мээримин кармап турган алаканын издейт. Түн койнунан түрө издеп табылбаган ысык […]