Жумабек кызы Перизат: Бахиананы кечилдикке кыйган жокмун (№16 дилбаян)

“Ч. Айтматовдун мен окуган чыгармасы” сынагына (Ч. Айтматовдун “Бахиана” этюду боюнча) Буга чейин Ч. Айтматовдун “Ак жаан”, “Кылым карытар бир күн”, “Жамийла”, “Делбирим”, “Бото көз булак”, “Кызыл алма” жана башка чыгармаларын окуганмын. Бирок, мен “Бахиана” жөнүндө жазып жатам. Аны окуп конкурска дилбаян жазууну мугалимим (Т. Бегалиева) сунуш кылды. Адегенде сүйүндүм. “Эжеке сунуштап жатса, сонун болсо керек” деп, үйгө жетип окуганча шаштым. Окуп чыгып, “Эмне деген өзү? Же окуя жок, же баш-аягы жок!” деп, авторго аябай ачууландым. Эртеси эжекеге: “Мага “Бахиана” […]

Ооган жомогу: Адилет аким

Эки киши тамактанмак болду, бирөөнүн үч токочу, экинчисинин беш токочу бар экен. Жаңыдан отура баштаганда бир жигит өтүп баратып салам берет. Тигилер саламын алик алып, бирге тамактанууга чакырышат. Ал макул болуп чогуу отуруп калат. Тамактанып бүткөн соң тиги жигит сегиз алтын тыйын калтырып айтат: – Алыңыздар, рахмат, бул силердин наныңар үчүн төлөгөнүм. Ал кеткенден кийин акчаны бөлмөк болушат. Беш токочу бар адам кыйкырат: – Беш рупий[1] меники, себеби менде беш токоч, сеники үчөө гана болгон. Үч токочу болгон киши акчаны […]

Павел Бажов: Жыландын изи (конкурска №39)

АҢГЕМЕ-ЖОМОК Соймон жылан байлык көрсөткөн баягы балдар, Левонтьевдер акырындан оокатын оӊдоп алышты. Атасы өлгөндөн кийин, жылдан жылга жакшыраак жашай башташты. Үй куруп коюшту. Эми укмуш болбосо да, түзүк эле үй. Уй сатып алышты, ат-көлүктүү болушту. Короосунда эки-үч кой кыштап калды. Энеси кубанычын жашыра албайт, жок дегенде карыганда жарык күн көрүп калды. Мунун баардыгы баягы Семеныч деген абышканын көмөгү менен болбодубу. Баарына баш-көз болду. Башкалардын көзүнө көп чалдыкпай, контордогуларга анча байкалбай алтын менен кандай иштеп, кандай мамиле кылышты үйрөттү. Алтын менен […]

Феликс Кривин: Карган маймылдардын эволюцияга чейин кандай жашашканы алигиче эстеринде

Ааламга кыска жол менен Жер аалам менен кыска толкун аркылуу байланышат. Кыскача айтканда… мындан да кыска… Кыска толкундар гана космосту жиреп өтө алат, ал эми узундары Жерден көчүгүн көтөрүп кете албайт… Ошондуктан: укканга оңой — кыска сүйлөйлү. Өткөн менен кеткенден Адам биринчи эшикти кириш үчүн эмес, чыгыш үчүн издеген. Тарыхый роман — бул өткөн чак менен бүгүнкү күндүн жолугушу. Ден-соолуктун тарыхы жазылбайт. Оорунун тарыхы жазылат. Тарых — бул расписаниесинен башка эч нерсеси калбаган, качандыр бир кездерде таштандыга ыргытылган поездин расписаниеси. […]

Түгөлбай Казаков: Бир бүркүттү көрөр мезгил келатат

ЖАЙЛООДО Алыскы бүлбүл берилеп, Ак-кара көзгө түшкөндө, Жапсардан ак таң керилет, Жашынган сааты бүткөндө. Башынан тоонун нур түшүп, Батышка небак түн житкен. Булуттар менен түртүшүп, Шыкаалайт аска түндүктөн. Арыда булак жай жылып, Ашыкбаш добуш чыгарбай, Акырын кайрыйт кайрыгын, Армандуу комузчулардай. Өзөгүн тээп чөп күчү, Өр тартып уйлар кетишкен. Тырайып жатат көк күчүк, Коңурук гана жетишпей. Бир киши жээкте жай барат, Билинбей соосу, мастыгы. Алалбай жүрөт дайрадан, Агызып ийген жаштыгын… 2007-жыл, Каракол. БИРИНЧИ КАР Биринчи кар, биринчи кар, Жаштыгымдай чачылган. Жерге […]

Михаил Зощенко: Аристократка

АҢГЕМЕ Михаил Иванович оор күрсүнүп, ээгин жеңи менен сүртүп алып аңгемесин баштады: — Мен туугандар, шляпа кийген аялдарды жактырбайм. Эгер шляпа кийип жүрсө, байпагы фильдекостон[1] болсо, же колуна мопс[2] көтөрүп жүрсө, же алтын тиши  болсо, андай аристократканы мен аял деп санабайм, көңүл буруп да койбойм. Албетте, өз учурунда  менин  да аристократканы жактырып калган жайым бар. Аны менен сейилдеп, театрга да алып баргам. Бардыгы ошол театрдан башталды. Ошол театрда анын идеологиясы толугу менен ашкереленип калды. Мен аны менен ушул үйдүн короосунан […]