АҢГЕМЕ

Михаил Иванович оор күрсүнүп, ээгин жеңи менен сүртүп алып аңгемесин баштады:

— Мен туугандар, шляпа кийген аялдарды жактырбайм. Эгер шляпа кийип жүрсө, байпагы фильдекостон[1] болсо, же колуна мопс[2] көтөрүп жүрсө, же алтын тиши  болсо, андай аристократканы мен аял деп санабайм, көңүл буруп да койбойм.

Албетте, өз учурунда  менин  да аристократканы жактырып калган жайым бар. Аны менен сейилдеп, театрга да алып баргам. Бардыгы ошол театрдан башталды. Ошол театрда анын идеологиясы толугу менен ашкереленип калды.

Мен аны менен ушул үйдүн короосунан жолугуп жүрбөймбү. Чогулушта. Карасам эле ушундай бир фря турат. Байпагы бар, алтын тиштүү.

— Сен кайдансың,- дейм,- гражданка? Кайсы номерденсиң?

— Мен,- дейт, — жетинчи номерденмин.

— Жакшы экен,- дейм,- жашай бергиле.

Эмнегедир ошол замат мага аябай жагып калды. Тез-тез бара турган болдум. Жетинчи номерге.   Кээде каадаланып, иш бюнча келген адамдай барып калам. Кандай гражданка, суу түтүгү, уборный бузулган жокпу? Иштеп атабы?- деген болуп.

— Ооба,- дейт ал, — иштеп атат.

Өзү болсо жылуу жоолукка оронуп алган, башка мур-мур жок. Көздөрү гана сынай тиктейт. Оозундагы тиши жаркылдайт. Бир айча барып жүрдүм – көнүгүшүп калдык. Толугурак жооп бере баштады. Суу түтүгү иштеп атат, ырахмат сизге, Григорий Иванович дегендей.

Анан — улана берди, биз көчөдө сейилдечү болдук. Тышка чыкканда колтуктап ал дейт. Аны колтуктап,  щукадай сүйрөлүп калам. Кой деп да айта албайм, элден да уялам.

Анан бир жолу:

— Сиз эмне, — дейт, — мени көчө кыдыртып эле жүрөсүз? Башым тегеренип калды. Сиз, — дейт,- бийликте жүрөсүз, мени кавалер катары башка жерге деле алып барсаңыз боло, мисалы театрга.

— Болот, — дедим.

Ошол күндүн эртеси эле комячейка[3] операга билет берип калыптыр. Бир билетти өзүм алдым, экинчисин мага Васька-слесарь берди.

Билеттерди карабаптырмын – орундары ар башка жерде экен. Менин ордум — ылдыйда, а Васьканыкы болсо галеркада[4] экен.

Ошентип театрга келдик. Ал менин ордума, мен Васьканын билетиндеги орунга отурдук. Асмандап отурам, балээни да көрө алсамчы. Тосмодон эңкейип ылдый карасам, ал көрүнөт. Бирок даана эмес. Зеригип отурам, отурам, анан ылдый жөнөдүм. Аңгыча – антракт. Антракта ал да туруп басып жүрөт.

— Саламатсызбы, — дедим.

— Саламатсызбы.

— Кызык, — дедим мен, — бул жердин суу түтүктөрү болду бекен?

— Билбейм, — деди.

Өзү болсо буфетке баратат. Мен анын артынан. Буфетте ары-бери басып текчесин тиктейт. А текчеде табак. Табакта пирожныйлар.

Мен эркек каздан бетер, аман калган буржуйдай болуп аны имерчиктеп жүрөм.  Анан сааттай болуп:

— Эгер бир пирожный жегиңиз келсе, уялбаңыз. Мен төлөйм, — дедим.

— Мерси,- деди.

Анан бураңдаган басыш менен табакка барып, кремдүү пирожныйды цоп, — күйшөп кирди.

А менде акча да кабелтең болсочу. Көп болсо араң үч пирожныйга жеткендей. Ал болсо күйшөп  атат, мен тынчым кетип, чөнтөгүмдү аңтарып колум менен тыйынымды санайм. Акча аз.

Ал кремдүү пирожныйды жеп бүтүп, цоп — башкасын алды. Мен онтоп ийдим.  Бирок үндөбөдүм. Буржуйдан бешбетер уялымыш болгонум го. Өзү кавалер болсо, акчасы кантип болбосун,- дегендей.

Мен корооздон беш бетер аны имерчиктеп болбойм, ал болсо калп каткырып менден комплемент күтөт.

Мен:

— Убакыт болуп калды окшойт, ордубузга отурсак кантет? Балким, коңгуроо болгондур, — дедим.

— Ал болсо:

— Жок, — дейт.

Мен:

— Ач карын – көп эмеспи? Жүрөгүң айланып жүрбөсүн.

Ал:

— Жок, —  дейт, — бизге көнүмүш.

Анан төрчүнчүсүн алды.

Ошондо каным башыма тээп:

— Коюп кой,- дедим, — ордуна кой!

Тиги коркуп кетти. Оозу ачылып,  алтын тиши жалтырайт.

Мен болсо андан бетер жинденем. Оюмда, — бары бир эми чогу сейилдей албайбыз.

— Ордуна кой, — дейм, — кара баскырдыкы!

Ал пирожныйды ордуна койду. Мен болсо кожоюнга:

— Желинген үч пирожный үчүн бизден канча?

Кожоюн кайдигер,-  билмексенге салып мылжыңдайт:

— Силерден, — дейт, — жеген төрт пирожный үчүн мынча.

— Кандайча — дейм, — төрт?! Төртүнчүсү табакта жатпайбы.

— Жок, – дейт ал, — төртүнчүсү табакта жатканы менен ал тиштелип калды, кол менен ушаланды.

— Кантип, — дейм, — тиштелип, кечирип кана коёсуз! Бул сиздин тамаша апыртмаңыз.

А кожоюн кайдигер – тумшуктун астында колдорун жаңсагылайт.

Арийне эл чогулуп калды. Эксперттер.

Бирөөлөр – тиштелди дейт, экинчилери – тиштелген жок дейт.

Мен чөнтөгүмдү аңтарсам, албетте, полго ар түрдүү көрөн-шөрөн күбүлүп калды — эл күлүп жиберди. А менде кайдагы күлкү. Акчамды санап атам.

Акчамды санасам – төртөөнө өп-чөп жетти. Атаң көрү, бекер эле талашыптырмын.

Төлөдүм. Аялга карап:

— Жеп коюңуз, — дедим, — гражданка. Төлөндү. А аял кыймылдабайт. Жеп койгондон уялат.

Аңгыча ары жактан бир галдирбай:

— Келе, — дейт, — мен жеп койоюн.

Анан жеп койду, сволуч десе. Менин акчама алынганды.

Ордубузга отурдук. Операны аягына чейин көрдүк. Анан үйгө.

Үйдүн жанына келгенде ал мага өзүнүн буржуй тону менен:

— Сиз тараптан иттик кетип калды. Акчасы жок адам – аял жандабайт, — дейт.

Мен болсо:

— Сөзүм үчүн кечирип гана коёсуз. Бакыт деген акчада эмес, гражданка, — дедим.

Ошентип ажырашып тындык.

Аристократкалар мага такыр жакпайт.

Орусчадан которгон Марсел ИСАКОВ

[1] 1920-жылдары модага айланган аялдардын байпагы.

[2] Ит породасы, кандек.

[3] Коммунистическая ячейка.

[4] Театрдын көрүүчү залынын үстүнкү бөлүгү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.