ЖАЙЛООДО

Алыскы бүлбүл берилеп,
Ак-кара көзгө түшкөндө,
Жапсардан ак таң керилет,
Жашынган сааты бүткөндө.

Башынан тоонун нур түшүп,
Батышка небак түн житкен.
Булуттар менен түртүшүп,
Шыкаалайт аска түндүктөн.

Арыда булак жай жылып,
Ашыкбаш добуш чыгарбай,
Акырын кайрыйт кайрыгын,
Армандуу комузчулардай.

Өзөгүн тээп чөп күчү,
Өр тартып уйлар кетишкен.
Тырайып жатат көк күчүк,
Коңурук гана жетишпей.

Бир киши жээкте жай барат,
Билинбей соосу, мастыгы.
Алалбай жүрөт дайрадан,
Агызып ийген жаштыгын…
2007-жыл, Каракол.

БИРИНЧИ КАР

Биринчи кар, биринчи кар,
Жаштыгымдай чачылган.
Жерге сиңип кеттиң дагы,
Чыга келдиң чачымдан…
1993-жыл, “Восток-5”

КАШКА СУУ

Шаркырап аккан кашка суу,
Шапатаңда торолдум.
Шаарда эми башка суу,
Шарыңа куса болормун.

…Шаркырап аккан кашка суу,
Шашты элем бир кез сен өңдүү,
Шаардан эптеп апкелдим,
Шалдырай түшкөн денемди.

Шаркырап аккан кашка суу,
Шаша бер, сенде арман жок.
Шарыңды тыңшап турайын,
Шашаар жерим калган жок.
2010-жыл, Каракол.

*     *     *

Даңгыр жолдон чыксам баары таң калып,
“Макоо” дешти. Мен атайын тандадым
татаал жолду. Балким анын жазасы
турган чыгар алды жакта камдалып.

*     *     *

Эзелтеден чындык жашайт бул иште:
Эл шоруна эстүү уул семирбейт.
Аргымактын кош тизгини жигитке
Аса байлап салыш үчүн берилбейт.

*     *     *

Жигит деген бирөөлөргө жалынбай,
Жигит бойдон жүрүш керек салт улап.
Ширеңкенин ширелишкен талындай,
Керек кезде күйүш керек жаркырап.

*     *     *

Экөөбүздөн дүйнө өзгөрбөйт, кичирбейт,
(бизсиз эле күн батат да таң атат)
Биздин балдар эркин жашаш үчүн деп,
Сен экөөбүз жанды кыйсак жарашат.

КЫРГЫЗДАР

Каалаганда көккө шаңшып чыгалган,
Катылгандын калайманын чыгарган.
Кайран кыргыз бүркүт эле бир кезде,
Карт дүйнөнү карап жүргөн мунардан,

Көктөн түшпөс көкүрөгү буйугуп,
Көк деңизден чет деңизге уйулгуп,
Бороон болуп турган кайран кыргызым,
Бу дүйнөгө батып-батпай удургуп.

Сынган бутту канжыгага байланып,
Сыр билгизбей сыр найзаны карманып.
Атасынан калган кара жер үчүн
Ааламды да кетер эле айланып.

Ал жашоого не келгенин билчү эле,
Ата-Журтун жандан артык сүйчү эле.
Көр дүйнөнү садага чаап көңүлгө,
Көкүрөгүн көкөлөтүп жүрчү эле.

Келди заман кең дүйнөнү тарыткан,
Келгин куштар баарын басып алышкан.
Башталды анан жем талашкан тирилик,
Башсыз жыргап, ашсыз калып даанышман.

Көк бүркүтү тоокканага камалып,
Көздөн учуп бийик тоонун шамалы,
Көз мокогон, канаттары уктаган,
Көрбөй калды тоолорду да талааны…

Ал унуткан көк мелжиген мекенин,
Ал унуткан каалаганга жетерин.
Ал унуткан Теңир берген бийигин,
Ал унуткан улуу доорун кечеги.

Нечен кылым тоокканада кысылып,
Бүркүтүңдүн тукуму да бузулуп…
Көктү койчу, көчөнүн чет жагына
Көргөн жан жок ал байкушту учуруп.

Тоокканада тоок болуп калыш бат.
Тоок — бүркүткө эртеңкиси табышмак.
Улуулугу качып барат канынан,
Унутулган уламыштай алыстап.

Көккө тарткан көөнө үмүтү үзүлбөй,
Көр дүйнөнү көкүрөгү түшүнбөй,
Көтөрүлдү ал бир күнү асманга,
Көз ирмемге көрө калган түшүндө.

Ушул түшүн өңгө айлантчы, Жараткан!
Келсин мезгил кең кыргызга таң аткан.
Бир бүркүттү көрөр мезгил келатат,
Бир бүркүттү көрүп өлсөм арман жок
Бийигине кайтып кетип бараткан!
2017-жыл, Казан ш.

Дооронбек САДЫРБАЕВ: Мүнөз

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.