Балкар эл жомогу: Төө, түлкү жана карышкыр

Ээн талаада төө оттоп жүрдү. Түлкү жүгүрүп келди да, кыйкырып уруша баштады: – Эй, төө, эмнеге менин чөбүмдү жеп, менин жеримде оттоп жүрөсүң? Төө айтат: – Сенин жериң экенин кайдан билем. Сен адегенде аны далилдеп бер.  Күбөң болсо эрчитип келип такта – сенин жериң экенин! Түлкү күбө издеп жүгүрүп кетти. Чуркап баратып карышкырга кезикти. – Карышкыр, жүр мени менен, – деди түлкү, – төө менин жеримде оттоп жүрөт деп күбө болосуң! – Мен кайдан билмек элем, – дейт карышкыр, – […]

Камчыбек Узакбай уулу: Күндө жаңы төрөлөбүз өлгөнү (конкурска №3)

МӨНДҮР Чагылгандын үнү өктөм жаңырып, Жарк-журк этип сүрү көктөн чагылып. Ал аңгыча тумчуктуруп сур булут, Асман калды чоң кырсыкка кабылып. Сүйүнгөндөй мындай учур, абалга, Сүйүп жүзүн туман түшсө дабанга. Бариктери желге назик ыргалып, Бак-дарактар бийлеп турду шамалга. Адамдарга көрсөтө албай батынып, Ак булуттар асман сырын жашырып. Үзүлгөндөй үр кыздардын мончогу, Мөндүр жаады, көк шиберге чачылып. Улам чертип тийсе дагы чекеге, Балдар сезбей мөндүр терет кесеге. А чоңдордун жөн турганы жөн эмес, Аруу нерсе арууларга дечү эле. БАКТЫЛУУ БОЛ Кол булгап, […]

Дооронбек Садырбаев: Эреже

АҢГЕМЕ Турдубектердикинен кеч чыктык. Букеш Алымканды ороп-чулгап көтөрүп алган. Менин эки колумда эки оор баштык бар. Жаныбыздан шуулдап өткөн машинелерге кол көтөрүп коюп, Тоголок Молдо көчөсү менен жогору карай келатабыз. Ушул кычыраган кыштын суук түнүндө бизге боор ооруп, машинесин токтоткон бир дагы адам болгон жок. Ошентип отуруп жолдун оң жагындагы жашыл лампочкаларын жандырып коюп, каз катар тизилип турушкан он чакты таксинин чогулган жерине келип калыппыз. Баштыктарды жерге коюп: — Саламатсыздарбы? — деп учурашсам, машинелеринин жанында бири бири менен маектешип турушкан […]

Сергей Алексеев: Интерактивтүү окутууда жана бизнесте юмор колдонуу

же негизги тамаккка ширин татымалдар Сизде балким жакшы окутуу программасы, доклад же тренинг бар дейли, бирок алар эмоцияга таасир тийгизчү каражаттар менен коштолбосо, анын эффективтүүлүгү бир нече ирет азаят. Ооба, негативтүү окуяларды пайдалансак деле эсте калат. Бирок биз өзүбүздү “көчөнүн жарык жагында” жашаган адамдарбыз деп эсептейбиз, ошондуктан позитивтүү нерселерди жактырабыз. Томас Эдисондун бир айтканы бар: “Мен өмүр бою бир күн да иштеген жокмун, анткени эмне жумуш кылсам да көңүлүмдү ачыш үчүн жасадым!” Окуу процессине анекдотторду кошуу менен өзүңүздөрдүн угуучуларыңыздын жумушчу […]

Аман Саспаев: Гвардия комиссары

АҢГЕМЕ «Свеск түбүндөгү салгылашууда биздин дивизияга душмандын курчоосунда калуу коркунучу туулду. Ушул Кызыл кыргында гвардия капитаны Салимов кылыч менен душманды тике качырып кирди. Эр жүрөк замполиттин бул баштамасы бүткүл полк атчандарынын жана танкага каршы куралдангандардын жапатырмак чабуулга өтүүсүнө өбөлгө болду. Натыйжада, душмандын 25 танкасы, эки батальон жөө аскери катардан чыгарылып, дивизиянын курчоодо калуу коркунучу жоюлду. Стратегиялык багыттын негизги позициясы сакталып калды». Генерал М. Д. Ягодин 3-гвардиялык аткычтар дивизиясынын командири. Бул адамды биринчи жолу 1979-жылы май айынын аягында көрдүм. Ленин комсомолунун […]