МӨНДҮР

Чагылгандын үнү өктөм жаңырып,
Жарк-журк этип сүрү көктөн чагылып.
Ал аңгыча тумчуктуруп сур булут,
Асман калды чоң кырсыкка кабылып.

Сүйүнгөндөй мындай учур, абалга,
Сүйүп жүзүн туман түшсө дабанга.
Бариктери желге назик ыргалып,
Бак-дарактар бийлеп турду шамалга.

Адамдарга көрсөтө албай батынып,
Ак булуттар асман сырын жашырып.
Үзүлгөндөй үр кыздардын мончогу,
Мөндүр жаады, көк шиберге чачылып.

Улам чертип тийсе дагы чекеге,
Балдар сезбей мөндүр терет кесеге.
А чоңдордун жөн турганы жөн эмес,
Аруу нерсе арууларга дечү эле.

БАКТЫЛУУ БОЛ

Кол булгап, менден алыс учтуң жаңы,
Кош болгун бактым менин туткундагы.
Бактылуу жашайм эми сенин курган
Бактыңдын мага тийип учкундары.

Өмүрдө баары сүйгөн, ашык беле,
Өзүңдү күнөөлөйсүң жашып неге?
Өгөйлөп менсиз келген өз бактыңы
Өкүнүч менен келген бакыт дебе.

Сен чанган бакыт арман башкаларга,
Кабыл ал, билесиң, жок башка арга.
Убайым тартып сенден бакыт өзү
Уруксат сурап турат астанаңда.

Таарынба биздин күндөр аздыгына,
Тапшырдым буйруп койгон тагдырыңа.
Коломтоң оту жанды ушул түнү
Кошулуп да бир жаздык, жаздыгыңа

Түйшөлүп түмөн ойдон туталанып,
Түгөнбө бул жашоодон ушаланып.
Башкалар бактың байлап койгон жерде
Бак болуп мөмөлөгүн бутак алып!

КҮН

Күндө эрте апам мени ойготуп,
Күн чыккыча айдап уйга, кой кошуп.
Күндү эңсеп күткөн кезде тескейден,
Күн төрөлчү бийик тоолор толготуп.

Аруу-таза наристедей жылмайган,
Аска-зоодон Күн чыкканда кылайган.
Алаканга күндү салып көтөргөм,
Аяп, тилеп кулабашын Кудайдан.

Черим канбай, мээри өтпөй кийимден,
Чечинип мен, Күн нурунан шимиргем.
Күндүн дагы күнү бүтүп калганда,
Күн коштошчуу кызыл чоктой иңирден.

Билем кээ бир Күн төрөлбөй өлгөнүн,
Жамгыр Күндү жууганын да, көргөмүн.
Ак булуттар кымтып Күндү кепиндеп,
Билбейм бирок, кайда катып көмгөнүн.

Билсем баары балалыктын өрнөгү,
Баягыдай күн төрөлүп өлбөдү.
Күн төрөлүп өлбөй, а мен ошондо
Күндө жаңы төрөлүпмүн өлгөнү.

Күн төрөлүп, өлөр бирок пенделер,
Күндө жаңы төрөлөбүз өлгөнү.

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

4 Replies to “Камчыбек Узакбай уулу: Күндө жаңы төрөлөбүз өлгөнү (конкурска №3)”

  1. Камчыбек досумдун төрт тарабы төп келген жигитда. Ырлары ар дайым дем күч берип шыктандырып турат. Калеминдин сыясы түгөнбөсүн далай ашууларды аша бер досум.

  2. Камчы байке азаматсыз! Талантыңыз ташкындап, калемиңиз курчуй берсин. Ырларыңыздын баардыгы аябай кызыгууну жаратат..

  3. Кыргыздын патриот жигити элине куйсо сенчелик куйор, суйсо сенчелик суйор!
    Камчыбек досумдун ар тараптуу топ келишкенине мен эле эмес баары суктанышса керек!
    Талантына таазим, ишине ийгилик досум
    Калемин мындан ары да курчуй берсин!!!

  4. Камчы акенин жазган эмгектерин кызыгуу менен окуп турам. Эн мыкты даражада жазыланган деп билем.Ийгиликтер болсун калеминиздин учу эч качан сынбасын☺

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.