Куба эл жомогу: Эстанислао талааны өрттөп жибергени

Эстанислао тентектик кылайын деген эмес, бирок ушундай болуп калды. Бул шумпай жакшы адам болуш үчүн аял алыш керек экенин түшүнгөн күнү эле дакименттерин жөндөш үчүн Санта-Клару шаарына атчан жөнөгөн. Бардык жумуштарын түш оой бүтүрүп үйдү карай шашылган болчу, анткени аба ырайы бузулуп, катуу шамал уруп келаткан. Шаардан чыга бергенде эле чоң бороондун илебин сезип, атынын оозун коё берип, камчы басты. Ушуну эле күтүп тургансып катуу шамал артынан түштү. Бирок Эстанислао жеткирген жок. Турагына жете бергенде артка кылчайса, өзү азыр эле […]

Кубан Мамбеталиев: «Реванш» — революция  эмес

“Кыргыз Тудэй” сайтына “үчүнчү революцияны жасоого негиз жок, себеби буга саясый жана тарыхый шарт түзүлүш керек” дегем. Мага каяша айткандар чыкты — “жок, сеники тап-такыр туура эмес” деп. Эмнеси жетишпегенин айтышпайт, себеби буларга бир орчунду нерсе тап-такыр жетишпейт. Мейли дейли, бирок ушул жерден позицияларды тактайлы. Теорияда “революционная ситуация” деген термин бар, кыргызча айтсак — “ыңкылаптык кырдаал”. Буга эки нерсе керек, мунун да терминдери бар — “верхи не могут” (өйдө жак жарабайт) жана “низы не хотят” (ылдый жак каалабайт). Мааниси жөнөкөй […]

Марк Аврелий: Сөз гүлүн терем деп, оюңарды жоготуп албагыла

Рим императору жана философ Марк Аврелийдин «Өзүмө өзүм» аттуу китебинен алынган насыкаттар. Эртең менен төшөктөн турганда эле эске алчу нерсе: бүгүн шашкалактаган, колунан жакшылык келбеген, орой, митайым, ичи тар, өз көмөчүнө күл тарткан адамдар менен жолугушуу күтүп турат. Алар бул сапаттарды жамандык менен жакшылыкты айрып тааный албагандыктан алып жүрүшөт. А мен жакшылык эң керемет, ал эми жамандыктын жүзү капкара экендигин түшүнгөндөн, адашкан адамдын жан-дүйнөсү меникине жакын экендигинен, ал бир кандан, бир уруктан чыккандыгыбыз үчүн эмес, кудайдын берген тагдырына бирдей ортоктош […]

Эркалы Өскөналы: Эки дене, бир жүрөк!

Шербет Келдибекованын “Кербен” (“Бийиктик” басмасы, 2005-ж.) аттуу керемет китебин барактап, окуп отурам. Баш сөзүн Шайлообек Дүйшеев жазган экен. Мен сөзүмдү ошо баш сөздөн баштамагым ийги: “Шербет Келдибекова! Мына ушу ысымда, баары айтылган. Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары, “алтымышынчылардын” агымынан атылып чыккан, күчтүү толкун келген. Шербет Келдибекова, Сагын Акматбекова, Роза Карагулова, Роза Мукашева, Алымкан Тыналиева өңдүү акын кыздар, ошол толкундун башында турушкан. Сынчылардын сыпаты менен айтканда, ал толкун “кыздар поэзиясы” аталган. Андан бери, далай жылдар өттү. Акын аталып алдыга чыккандардын көбү азайды, […]

Дүйшөнбек Бектемир уулу: Арзуу, эңсөө, сагынууда жашаймын (конкурска №4)

НАРИСТЕЛЕР-АРУУЛАР Чоң бут кийим, чоң көйнөк кийген менен, Жер кыдырып, көп нерсе билген менен. Наристедей туптунук боло албайбыз, Жакшы адам көрүнүп жүргөн менен. Наристелер атыр жыт, гүл денелүү, Жашагыңды келтирет сүйлөгөнү, Үйрөтөбүз жашоонун сырын чоңдор, Аруулукту алардан үйрөнөлү. Оору-сыркоо алардан алыстасын, Улуу муундар оң жолго багыттасын. Биз үйрөнгөн наадандык, пастыктарды Көргөзбөйлү үйрөнүп алышпасын. Наристелер оң жолго багыттасын, Наристелер бизди ээрчип калышпасын. УУРУЛУК Кыял бийик, айыл анын тирөөчү, Көз алдымда өскөн жердин сүрөтү. Артта калган күндөрүмдүн жакыны, Кайталангыс балалыктын күбөсү. Чоңою […]

Бурулкан Кенжебекова: Эл уулу Элмирбек

Азыркынын залкары, эл уулу Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына азыноолак кайрылгым келип турат. Адабият айдыңында чоң-чоң залкарлардын изилденбей, эл алдына сунулбай жатканы ѳкүнүчтүү иш болгону менен, чыныгы залкардын, чыныгы чыгармачылык, адабият, келечек муун үчүн из калтырып келе жаткан эмгеги, Элмирбек Иманалиевдей инсандар айтылбай калбайт. Дегеним, кѳптѳн бери чыгармачылыгын кызыгуу менен окуп, угуп жүргѳнүм акын жѳнүндѳ жылуу пикир калтырууга түрткү болду. Жалпысынан Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылык даңгыр жолун үч топко бѳлгүм келди. Айтыштары, поэзиясы жана кошоктору деп. Менимче, кѳп инсан бул пикиримди четке какпастыр… […]

Дилазык: «Кайгы жарлыгы»

УЛАМЫШ «Шайтандын аспаптары» Бул көп жыл мурун болгон. Шайтан мактангысы келип, өзү колдонгон аспаптарын эл  алдына жайып, кайсынысы канча сом турарын жана кандай аталаарын жазып койду. Ал эмне болгон аспаптар эле? Ал жерде — Кызганычтын  жалтылдаган канжары, Заардын балкасы жана Ачкөздүктүн капканы коюлган болучу. Коркунуч,  Кекирейүү жана Жеккөрүү аспаптары да текчелерге дыкаттык менен коюлган. Баардык аспаптар кооз жаздыкчаларга жайгаштырылып, тозоктун меймандарын суктантып, тамшантып жатты. Текченин түпкүрүндө кичинекей көрксүз, чалдыбары чыгып эскирген жыгач шынаа — «Кайгы жарлыгы» жайгашкан. Таң калыштуусу – […]

«Кыргыз көчүнүн» байсалдуу байгеси

«Кыргыз көчү» ансамбли 29-31-мартта “Останкино” телемунарасынын концерт залында «Увеличительное стекло» эл аралык конкурс-фестивалы болду. Ага Кыргызстандын атынан Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборуна караштуу «Кыргыз көчү» ансамбли катышып, биринчи орунду ээледи. Жеке аткаруучулардан бири баш байгени, экөө биринчи, дагы бирөө экинчи орунга жетти. «Кыргыз көчү» ансамблинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы Мастура БЕРДИБЕКОВА бизге буларды айтып берди: — Россиянын Сахалинден баштап Татарстан, Башкырстан, Мурманск, Москва облусу, Карелия Республикасына чейин ар кайсы аймактарынан, ошондой эле Казакстандан келген өнөр адамдары менен ат […]

Ишенбай Мансуров: Талгак

АҢГЕМЕ Бактын бутактарындагы саргайып өңү өчкөн жалбырактар эчак жерге күбүлүп түшкөн. Талаадагы жайкалган эгиндер чабылып, тегиз кыркылган маялары гана калган. Бозоргон дөбөлөрдө жылаңач куурайлар сороюп, түбүндөгү чөптөр күйүп кеткен. Батыштан суук шамал согуп, тынч жаткан көлдү бийлете кыштан кабар айтат. Балык уулоо мезгили өтүп, балыкчылар туш-тушка тарап кетишкен, калгандары таштуу жээктеги үйлөрүндө жашаганы менен көпчүлүк убактыларын колхоздо өткөрүшөт. Калың чычырканактуу токойдун чекесинде кичинекей бир бөлмөлүү жапыз тамда жашаган экөө үйлөнгөнүнө үч ай чамасында болуп, сыртка көп чыгышчу эмес. Алар бири-бирин […]

Алтынбек кызы Айдай: Мен сүйгөн “Ак кеме” (№17 дилбаян)

“Чыңгыз Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуганды өзгөчө сүйөм. Анткени бул жазуучу кыргыздын атын далайга тааныткан инсан. Чыгармалары менин жашоого, жакындарыма болгон сүйүүмдү курчутту. Сыймыктануу менен Айтматовго арнап жазган ырларым да бар. Чыңгыз ата, сиз даңктуусуз, улуусуз, Бүт дүйнөгө кыргыз элин тааныткан. Чыңгыз ата, сиз барктуусуз, эрктүүсүз. Өз өлкөсүн сүйүп, күйүп жашаган. Көптөгөн чыгармаларынын ичинен “Ак кеме” өзгөчө таасирин тийгизип, жүрөгүмдөн орун алды. Чыгарма аркылуу көп нерсени баалашты, баркташты үйрөндүм. Терс ролдогу каармандарды көрүп, жылуу сөз […]