Чыңгыз Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуганды өзгөчө сүйөм. Анткени бул жазуучу кыргыздын атын далайга тааныткан инсан. Чыгармалары менин жашоого, жакындарыма болгон сүйүүмдү курчутту. Сыймыктануу менен Айтматовго арнап жазган ырларым да бар.

Чыңгыз ата, сиз даңктуусуз, улуусуз,

Бүт дүйнөгө кыргыз элин тааныткан.

Чыңгыз ата, сиз барктуусуз, эрктүүсүз.

Өз өлкөсүн сүйүп, күйүп жашаган.

Көптөгөн чыгармаларынын ичинен “Ак кеме” өзгөчө таасирин тийгизип, жүрөгүмдөн орун алды. Чыгарма аркылуу көп нерсени баалашты, баркташты үйрөндүм. Терс ролдогу каармандарды көрүп, жылуу сөз гана жан эргитерин түшүндүм. Чыгарманын өзгөчө таасири менен түн бир оокум болуп калгандыгын дагы сезбей калган учурлар болду.

Күн сайын эрте менен окууга бара жатканда асмандагы эки жылдыз дайыма жаркырап, өз шооласын чачып, сырдуу туюлчу, а мен аларга балага окшоп ат коюп алганымы кантейин. Кайсыл бир учурда жан дүйнөм жалгызсырап, кайгырганда ушул “кош жылдыз” жалгызсыратпайт. Менин кыялымда алар: “Сен жалгыз эмессиң, алдыга умтул, биз сени мененбиз” деп аткандай туюлат. Ошондой эле повесттеги каарманым бала да таштарга, тоолорго ат коюп, таятасы алып берген портфель менен сүйлөшүп, жашоого максат коюп жашаган. “Максаты жок кемеге шамал дагы жардам бере албайт” дешкен. Ал эми бала мектепке барууну ушунчалык кыялданчу. Чыгарманы окугандан кийин мен дайыма ойго батып, ушундай шартта мектеп-гимназияда окуп жатканыма сыймыктанып кетчү болдум. Окууга болгон кызыгуум күчөп, көп окуп, активдүү боло баштадым. Убакыт келип, жазгы каникул башталып, айылга жөнөп калдык. Чоң атам менен чоң энем бетимден өөп, жылуу сөздөрү менен тосуп алышты. Ошол замат баланын таенесинин каргыштары, сөздөрү, кыйкырыктары эсиме түшүп, чоң энем тирүү жана мээримдүү экенине өзгөчө бактылуу болдум. Эрте менен туруп колума китебимди алып, тоого чыгып, гүлдөр, жолдо жаткан майда-барат таштар менен сүйлөшүп коюп жаттым. Чоң энемдин тизесине жатып эркелеп, экөөбүз бир аз маектештик. Чачымды сылап, өз насааттарын айтып, айтор, зериктирген жок.

Чыгарманын таасири дагы өзгөчө болду. Ар бир каармандан ар башка нерселерди үйрөндүм. Момун абышкачы, эч кимге зыяны жок башкача адам. Ошончо эмгектенсе да, аны эч ким барктап сыйлабаганына кейидим. Байкуш чал чыр-чатактарга ызаланып, эмне кылышын билбей отуруп калат. Ошондой учурларда чөкпөй баланын көңүлүн көтөрүп, жомок айтып берип, ошончолук сабырдуу болгонуна кубандым. Кайда жүрсөм да, Момун чал эсиме түшө калганда көзүмө жаш айланат да, ыр саптары келе берет…

Эх, Момун чал, барктай билчи өзүңдү,

Жүрөсүң жаш баладай эмгектенип.

Эх, Момун чал, даңктай билчи өзүңдү,

Жүрөсүң тулпар минбей, өзүңдү жемелетип.

Мен “Ак кеме” повестин окуп жашоону сүйүүнү, барктоону үйрөндүм. Мындан ары китеп окуума да өтө чоң түрткү берди десем жаңылышпайм.

Жаш окурмандарга кайрыларым: Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуп, тарбиялансаңар эч качан жаңылышпайсыңар демекчимин.

Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиянын 8-классынын окуучусу Алтынбек кызы Айдай Ош шаары, Т. Кулатов кичи району, 25-үй, 91-кв.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.