Азыркынын залкары, эл уулу Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына азыноолак кайрылгым келип турат. Адабият айдыңында чоң-чоң залкарлардын изилденбей, эл алдына сунулбай жатканы ѳкүнүчтүү иш болгону менен, чыныгы залкардын, чыныгы чыгармачылык, адабият, келечек муун үчүн из калтырып келе жаткан эмгеги, Элмирбек Иманалиевдей инсандар айтылбай калбайт. Дегеним, кѳптѳн бери чыгармачылыгын кызыгуу менен окуп, угуп жүргѳнүм акын жѳнүндѳ жылуу пикир калтырууга түрткү болду.

Жалпысынан Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылык даңгыр жолун үч топко бѳлгүм келди. Айтыштары, поэзиясы жана кошоктору деп. Менимче, кѳп инсан бул пикиримди четке какпастыр… Себеби, эл алдына чыгып, айтышып келе жаткан айтыштары ѳзүнчѳ узун сабак болсо, эл арасында обондуу ыр болуп ырдалып жүргѳн ырлары, кайталангыс обондору узун кеп.

Ал эми, кѳпчүлүктүн суроосу менен айтып келе жаткан кошоктору да баа жеткис байлык. Азыркы капиталисттик доордо жашап жаткан элдердин арасында Элмирбек Иманалиев элдик оозеки чыгармачылыктын данакери же кароолчусу десем да жаңылыштык болбос. Кыргыздын улуттук кѳз карашын, түшүнүгүн, ыр угуу маданиятын толугу менен ѳзүнѳ сиңирип алгандай сезим туудурат. Белгилүү төкмө акын Аалы Туткучев ал жөнүндө «Мен Элмирбекти бир китепке окшотом, жаӊы эле окуп бүтсөӊ, дагы бир жагы ачылат» дегендей. Залкар инсан жөнүндө кеп баштоо, бир эмес, миӊ түркүн китеп болуп жаркылдагансыйт.

Бул төкмө акындын айтыштары өзүнчө эле бир дастан. Ким менен, кандай жерде айтыш курбасын, өзүнүн адамдык бийиктигин, улуулугун сактап, айтыштын жазылбаган мыйзамына баш ийип, салт менен айтышат. Жаш чагында эле Казактын, Кыргыздын мен-мен деген төкмө акындары менен айтышса да, бир жеринде сөзгө чалынбаган, арданып алып-учпаган, сөздүн гүлүн терип ырдаган, айтчу оюн азил-тамашага чалып жамактаган, каадасы менен ыр дүйнөсүндө жашап келе жаткан мыкты төкмө акын.

Казактын Даулеткерей акыны менен айтышканда, каршысындагы акын эки элдин ортосуна от жагып, акынга тишийип ырдап жатса да, акыл-эс менен ыр төгүп, ««с» менен «ш» болбосо, тили бирге казагым,
Качан болсо, боорумду тартып жүргөн казагым.
Бир ныптасын жүгүмдүн артып жүргөн казагым», — деген сыяктуу асыл ойлорду төгүп жатса да, Казак акыны:

«Кызыл тил менен кагып алып калканыӊды,
Кагып алып калмасмын калпагыӊды», — деп кыргызга таандык Ала-Тоодой көрүнгөн ак калпагыбызга тийишип ырдап өттү. Ага Элмирбек баягы жүрүшүнөн жазбастан, акындарга тиешелүү улуу сапат менен:

«Кайра-кайра карайсыӊ калпагымды,
Ар качантан кийип жүргөн,
Бул дагы акылымды бийик туткан,
Менин да ойлоп жүргөн мартабамды,
Негедир калпагымдан бир кептерди баштап коюп,
Керейим шалкаладыӊ.
Анча-мынча бул жерде тууган келсе,
Ардагыӊдан ушундай бооруӊ келсе,
Козгото бербесеӊчи шайтаныӊды.
Сен эмес Кытай тартып, ала алган эмес,
Башымда усу турган калпагымды», — деп Кыргыздын илгертен келе жаткан намысын сактап, бир кайрып өткөндө тарыхка кайрылып, эч убакта Кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпакты жер жайнаган кытайлар да ала алган эместигин таасын айтып өттү.

Ошондой эле дагы бир казак акыны Алик Бекбосумов менен айтышында да «калпакты» кыргыз туш келди адамдарга тартуу кылбаганын «Калпакты да көтөргөн баштар көтөрөт» деп улуттук баш кийимди тартуу кылуудан баш тартты. Жалпысынан  бир эле айтышта эмес, Элмирбек бардык айтыштарында каршылашындагы акындын адамдык касиетине тийиштүү сөздөрдү эч качан айткан эмес.

Ошол жүрүшү менен айтыш башында кыргызды жоосу катары көрүп, теминип чыккан, бир кайрык менен кыргыз акынын жеӊип алам деген кыязда күүлү чыккан Даулеткерей айтыштын акырында,

«Ыстык көлдөн кеп жеткен Элмирбектин
Көӊүлү Ыстык көлдөй ысык экен.
Төкмө акын деп айткандай сиздин элде,
Талантыӊ тас кайрактай бал экенсиӊ», — деп Элмирбектин талантына баа берип, анын адамгерчиликтүү ыр төккөн намысынын алдында баш ийип берди.

Ушул сыӊары көбүнчө айтыштарынын соӊунда акындар анын талантына баа берип, «баш ийдим» же «утулдум» деген кыязда жогорудагыдай ойлорду калтырышкан.

Чындап окуп бүткүс дастандын айтыштары эле узун сабак болчудай. Тереӊдеп изилдөөгө киришкен болсок, айтыштарын эле жаш өзгөчөлүгүнө карап бөлүп алсак да болчудай. Себеби, акын 15-25 жаш ортосунда азил-тамашасы аралаш, чыныгы жаштык дем менен чыккан асыл ырларды төккөн болсо, 40ка чамалаган кезде элдин муӊ-кайгысын, көйгөйүн атайын уюштурулган айтыш кечелеринде айтып жетишип жатат. Дагы бир узак аӊгеме болчу Казак акын кызы Айнур менен чыккан айтышы десек жаӊылыштык болбос.

(Уландысы бар)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.