НАРИСТЕЛЕР-АРУУЛАР

Чоң бут кийим, чоң көйнөк кийген менен,
Жер кыдырып, көп нерсе билген менен.
Наристедей туптунук боло албайбыз,
Жакшы адам көрүнүп жүргөн менен.

Наристелер атыр жыт, гүл денелүү,
Жашагыңды келтирет сүйлөгөнү,
Үйрөтөбүз жашоонун сырын чоңдор,
Аруулукту алардан үйрөнөлү.

Оору-сыркоо алардан алыстасын,
Улуу муундар оң жолго багыттасын.
Биз үйрөнгөн наадандык, пастыктарды
Көргөзбөйлү үйрөнүп алышпасын.

Наристелер оң жолго багыттасын,
Наристелер бизди ээрчип калышпасын.

УУРУЛУК

Кыял бийик, айыл анын тирөөчү,
Көз алдымда өскөн жердин сүрөтү.
Артта калган күндөрүмдүн жакыны,
Кайталангыс балалыктын күбөсү.

Чоңою — бул бөбөк кезден башталар,
Ага күбө айыл, тоолор, аскалар.
Балалыгым жоготтум деп өкүнсөм,
Уурдап алып колдонууда башкалар.

Аны билбей издеп, чуркап, күйүктүм,
Жашмын бирок, бөбөк эмес жигитмин.
Кишилердин жигит кезин мен азыр
Уурдап алып пайдаланып жүрүпмүн.

АЗЫР СЕНИН

Оюм менин сенде болсо ар убак,
Оюң сенин ак кагазга жазылат.
Күн тийгенде сен көрүнсөң маңдайда,
Күндүн табы сеникинен азыраак.

Жаныңда ЭРК алсыз дагы айбаттуу,
Сага кошуп бакыт мага карматты.
Ашык болгон кыздын баарын койсом да,
Сендик сүйүү баардыгынан салмактуу.

Баарын алдың сүйүү, сезим, туюмдун,
Кайра ичиме агып келдиң, куюлдуң.
Арзуу, эңсөө, сагынууда жашаймын,
Азыр сенин ханыңмын да, кулуңмун.

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.