УЛАМЫШ

«Шайтандын аспаптары»

Бул көп жыл мурун болгон. Шайтан мактангысы келип, өзү колдонгон аспаптарын эл  алдына жайып, кайсынысы канча сом турарын жана кандай аталаарын жазып койду. Ал эмне болгон аспаптар эле? Ал жерде — Кызганычтын  жалтылдаган канжары, Заардын балкасы жана Ачкөздүктүн капканы коюлган болучу. Коркунуч,  Кекирейүү жана Жеккөрүү аспаптары да текчелерге дыкаттык менен коюлган.

Баардык аспаптар кооз жаздыкчаларга жайгаштырылып, тозоктун меймандарын суктантып, тамшантып жатты. Текченин түпкүрүндө кичинекей көрксүз, чалдыбары чыгып эскирген жыгач шынаа — «Кайгы жарлыгы» жайгашкан. Таң калыштуусу – анын бардык аспаптардан кымбат тургандыгы эле.

Анын себебин Шайтан мындайча түшүндүрдү:

— Бул мен жыйнаган аспаптардын арасындагы мен ишенген жападан жалгыз кымбат аспабым.  Калгандары  кубатсыз болуп, жарабай калганда кереги тиет, — деп жыгач шынааны сылап койду.  — Эгерде мен адамдын башына  ушул шынааны  кагып киргизе алсам, анда  башка эшиктерди да ачууга мүмкүнчүлүк алам…

«От дүйнөнүн жүрөгү».

Орусчадан оодарган Эркеайым БОТАЛИЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.