Шербет Келдибекованын “Кербен” (“Бийиктик” басмасы, 2005-ж.) аттуу керемет китебин барактап, окуп отурам. Баш сөзүн Шайлообек Дүйшеев жазган экен. Мен сөзүмдү ошо баш сөздөн баштамагым ийги: “Шербет Келдибекова! Мына ушу ысымда, баары айтылган. Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары, “алтымышынчылардын” агымынан атылып чыккан, күчтүү толкун келген. Шербет Келдибекова, Сагын Акматбекова, Роза Карагулова, Роза Мукашева, Алымкан Тыналиева өңдүү акын кыздар, ошол толкундун башында турушкан. Сынчылардын сыпаты менен айтканда, ал толкун “кыздар поэзиясы” аталган.

Андан бери, далай жылдар өттү. Акын аталып алдыга чыккандардын көбү азайды, пасайды. Бул жалган дүйнөдө чөптөй, суудай, оттой, таштай болуп, азайбаган, пасайбаган, өзүнүн ырына окшоп, түбөлүккө жашап кала турган ысымдар да болот. Бирок, чанда болот. Дал ушундай түбөлүктүүлөрдүн, тирүү классиктердин бири – Шербет Келдибекова!”.

Шакем ушинтип жазыптыр. Ак сөз. Шербет Келдибекова, жогоркудай Бийик баага татыктуу акын!

Ойбешикте термелем… Шербет Келдибекова жөнүндө сөз төккөндө, анын өмүрлүк түгөйү – Алым Токтомушев эске түшөт. Буларды, бири-биринен ажыратып, сөз кылууга мүмкүн эмес. Анткени, бу адамдар эки дене, бир жүрөк эле!

Баарынан мени таңгалтырганы: эки акындын баш кошуп, бир үйдөн түтүн булатышканы! Мындай, “тарыхый факты” Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө өтө сейрек кездешет. Ооба, ой тегереткенде, орус акындары, эрди-катын Николай Гумилев жана Анна Ахматова эске эгилип, акылга агылат. Күйөөсү да, аялы да акын атыккан, башка жубайларды мен билбейт экенмин.

*     *     *

Дале эсимде… Шербет эжени биринчи жолу, 1977-жылы көргөм. Ошогезде, жазуучу-фантаст Беганас Сартов жетектеген “Тоо жылдыздары” деген адабий ийрим иштечү. Ушул ийримде көргөм. Шербет эже ыр окуган. Башка акындар да күпүлдөп ыр окушкан. Мага ошондо, Шербет эже өтө жоош, муңайым көрүнгөн. Жаңкы ийримге беш-алты акынчыкмалар катышар элек.

Ал эми Алым Токтомушевди өзүн көрөлекте, атын уккам. Табылды Мукановдон уккам. Табылды байке агезде, ”Мугалимдер гезитинде” иштечү. Үч жаңы ыр жазып алып, жумушуна баргам. Жумушу, Дзержинский бульварында болучу. Ошогүнү стипендия алгам. Жаш калемгерлердин кумирине айланган акынды “Сейил” ресторанына – “Байдылданын ташкоргонуна” чакыргам. Мен Табылды Мукановдун поэзия жөнүндөгү кеп-кеңешин уккум келген. Экөөбүз пиво ичип отурдук.

Бир маалда Муканов: “Эркалы, кайсы жерлик болосуң?” деп сурап калды. Жумгалдык экенимди айттым. Ошондо ал киши: “Аа, Алым Токтомушевдин иниси турбайсыңбы… Сенин Алым Токтомушев деген акын байкең бар! Жалаң шедевр ырларды жазат! Биз аны “гений” дейбиз… Ал өзү “жок, гений эмесмин!” дейт… Бирок, Алыкемдин бир жаман адаты бар! Ага, ыр аттуу дегеле, жакпайт! Ыр окуп берсең, кабагын бүркөп, тишин кычыратып эле, жактырбайт!”. Ооба, Табылды Муканов мага ушинтип айткан болчу. Дале эсимде…

*     *     *

Шербет Келдибекованын жогорто айткан “Кербенине” сүңгүп, окуп отурам:

Уурданып, жүрөгүңө кирейинби,
Удургуп кыялыңда жүрөйүнбү.
Сел болуп, толкун болуп, ташкын болуп,
Жарыгым сени гана,
Жапжалгыз, сени гана сүйөйүнбү…

Көңүлүңдү шайтанча ээлейинби,
Көрүнчүдөй капилет келейинби.
Кумарланып, кусадар жалын менен,
Күйгүзүп, тумчуктуруп, өбөйүнбү…

Жаштыкка бүт дүйнөнү ороюнбу,
Жароокер кубанычың болоюнбу.
Ааламга аптап чачып, алоолонуп,
Жалбырттап, жүрөгүңө коноюнбу…

Уялбай, турагыңа кирейинби,
Ууздай жүрөгүңө түнөйүнбү.
Өрт болуп, жалын болуп, алоо болуп,
Өлчөөсүз сени гана,
Өмүрдө, сени гана сүйөйүнбү…

Атаганат, чыныгы поэзия, шедевр ыр ушундай болот! Мен бул ырды кубанып, толкундап, эргип окудум! Мен бул ырды суктанып, таңыркап, дирилдеп окудум!

Узун акыл, окурман! Бул ыр жөнүндөгү сөзүмдү кыскартайын!.. Жакшы ырга ашкере комментарийдин кереги жок! Чыныгы поэзия от мисалы, жүрөгүңдү жылытып турат… Шербет Келдибекованын жогорку ырына менин жүрөгүм жылынып турат… Жакшы ырды көзүң менен көрүп, кулагың менен угуп, жүрөгүң менен туйган абзел.

*     *     *

Алым байкемдин өзү менен, ал “Кыргыз маданияты” гезитинде иштеп жүргөндө тааныштым. Ал мага Адабият жөнүндөгү акыл-насааттарын айтып, Ыр жөнүндөгү далай кеп-кеңештерин бергени дале эсимде…

Кийин-соңу, Алым акын менен “Асаба” гезитинде чогуу иштеп калдым. Ушу гезиттин шарапаты аркылуу Шербет акын менен да жакшыраак тааныша алдым. Редакциядагы жумуш бүткөндө, ага-ини экөөбүз ээрчишип, Алым Токтомушевдин үйүнө байма-бай барып жүрдүм. Алыке “Эркалы, жүрү үйгө!” дебеле, мени үйүнө чакыра берчү. Албетте, үйгө жөн барчу эмеспиз. Жолдо баратып, бир кафеге бурулчубуз. Үйгө алабуурул болуп барчубуз. Шербет эже кабагым, кашым дебестен “келгиле!” деп эшик ачып, дароо чайга чакырып турганы, дале эсимде…

Бир жолу Шербет эже чай ичип, Алым ага экөөбүз, пай ичип отурдук. Анан, бир маалда, ичеги ысып, сөздөр кызып калганда, мен Шербет эженин “Соң-Көл түнү” деген ырын жатка айтып кирдим:

Дүңгүрөгөн туяктар жерди жара,
Эсеп жетпей, селдеген тулпарларга.
Дүбүрттөрү жаңырып алдагайда,
Тоонун койну толтура санкараандар –
Жылдыз менен, ай менен көчүп жаткан
Кыймылдуу түн, көрктүү түн, Тянь-Шанда!

Ушинтип баштап, узун ырды аягына дейре, толкундап, эргип, саймедиредим. Ыр бүткөн соң, Шербет эженин жылмайып, кубанып турганын көрдүм. Ооба, автор мындай учурда кубанат да… Башка бирөө эле өзүнүн ырын жатка айтып атса, кандай гана жакшы!

А бирок, Алым байкемдин кабагына кар жаап калыптыр. Таңыркай түштүм. Ал мага мындай суроо узатты: “Эй, бала! Бул ырдын эмнеси жакшы?” дейт, мени жактырбай тиктеп. “Байке! – дедим, буйдалбай, — Бул ырдын жазылышы жакшы! Шербет эжем, сонун жазган!

Алаңгыча, болбоду: “Сонун ырды тапкан экенсиң!” деп Алым байке үстөлдү бир урду, жини келип. Мен оңтойсуз абалда калдым. Шербет эжем мага болуша кетти: “Алым, бул ыр сага жакпаса, Эркалыга жагат экен…” деди, ал үнүн акырын чыгарып.

Ошондо, эртеги жылдар эсиме эгилди. Табылды Мукановдун баягы сөзүн эстедим: “Алымдын бир жаман адаты бар, ага Ыр аттуу жакпайт!” дегени, кайрадан кулагыма куюлуп турду.

Чындыгында, Алым Токтомушев үчүн Поэзия Ааламы оголе, Аруу жана Асылбаа түшүнүк болчу. Ушу себептүү ал ыр маселесине келгенде, өтө катаал адам эле. Өзүнө да, өзгө акындарга да катуу талап койчу.

*     *     *

Шербет эженин айтканына караганда, Алым Токтомушев өзүнүн кырк жылдык чыгармачыл өмүрүндө жүздөн ашуун гана ыр жазган экен. Кырк жылдын кыйырынан караганда, өтө аз жазыптыр… Баса, Алыке жазган ырларынын көбүн жактырбай, өрттөп турчу экен… Өрттөбөй катып, сактап койсо, бирөөлөр үйүнө келип, окуп алчудан бетер…

Мен акын агама дагы бир ирет, аябай таңгалгам. Бир жолу үйүнө барсам отуз жылы мурда жазган ырларын оңдоп отурат: “Байке, бу ырларыңыз, жакшы ырлар эмеспи!” десем, “Жок, жакшы ырлар эмес экен, өзүмө жакпай калды, оңдош керек!” деген эле, жанагы ырларын папкеге салып жатып.

Жогорто айткан жүздөй (өрттөлбөй, аман-соо калгандарын айтып атам) ырларынын ичинен, Алым ага бир гана “Карарган деңиз, агарган толкун!” деген ырын жактырчу. Жакшы көрчү.

Мен турган тушта, сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жаштык бир кезде, жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, баралган жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун! – деп жатка окуй баштап, ырдын аягына чыкканда, жыргап, жаш баладай кудуңдап, санын чаап, каткырып калар эле.

Ал, Лермонтовдон жана Юрий Кузнецовдон кыргызчалаган, эки котормо ырына да ыраазы болуп, жүрөгү жибип, мээрими ийип турганын байкагам.

Бул акын кырк жылы бою ыр жазса дагы “Жолдогулар” (“Кыргызстан” басмасы, 1983-ж.) жана “Эски дептер” (“Бийиктик” басмасы, 2008-ж.) аттуу эки гана ыр жыйнагын жарыялады. Биринчи китебин өз калоосу менен, өзү чыгарган. Экинчи китебин “Асаба” гезитинде чогуу иштегендери – Мелис Эшимканов, Мамат Сабыров, Аскер Сакыбаевалар спонсорлук милдетти өз моюндарына алышып, Алым байкени кыйнап атышып, чыгартышкан.

Ооба, ал өзүнө да, өзгө акындарга өтө катуу талап койгон, катаал акын эле.

*     *     *

Бул жолу Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекованын “Күүгүмдөгү күү” (“Кыргызстан” басмасы, 1998-ж.) деген, керемет китебине үңүлдүм. Барактап отурсам, “Эки акынга” аттуу ыр бар экен ушу китепте. Эмнегедир, кимдир-бирөө, “ушу ырды оку!” кыязында кулагыма шыбырагансып, жаңкы ырды үнүмдү көтөрүңкү чыгарып, окуп кирдим:

Мен жашаймын, ортосунда калаанын,
Алар турат, алыскы бир четинде.
Сурашпаган бири-биринен абалын
Душман болдук, тууган элек кезинде.

Мен батышта, чыгышта алар. Жаркырап
Ал тараптан күн да чыгат, ай чыгат.
Турмуш бөлдү. Багыт бөлбөйт бараткан,
Жолдорго жол, ойлорго ой тартылат.

Биз бир суунун эки айрылган айрыгы,
Туйлап чыккан, тунук биздин бир башат.
Мага теңден… кубанычты, кайгыны,
Менден жакшы, мына ошолор ырдашат!

Атактуу акын жогорку ырындагы эки акын кимдер экендигин, ачык айткан эмес. Купуя, туюк гана ишараттаган. Бирок, мен – Эркалы Өскөналы, Сагын Акматбекова “менден жакшы, мына ошолор ырдашат!” деп, өзүнөн өйдөсүнткөн жаңкы акындардын, Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекова экендигин сездим, туйдум, билдим!

Атаганат, гений акындар Сагын эжедей жөнөкөй, карапайым болушат. Өзүнүн улуу акын экенин унуткарып, калемдештерине Бийик баа арнаган, Сагын Акматбековага – Таазым!

*     *     *

Эки дене, бир жүрөккө эгедер акындардын үйү, көркөм дүйнө эле. Алым байкемдин үйүндө, дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары атыккан жазуучу-акындардын китептери тизилип, жыйылып турчу.

Мен китеп дүкөндөрдөн, китепканалардан эгерим таппаган, көздөн учкан китептерди ушу үйдөн табар элем.

Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекова Жерден эмес, Асмандан байлык чогултушкан, өзгөчө адамдар! Алар Рух байлыгынын олигархтары эле.

Алым байкем, жогорку окуу жайынан окуп, жогорку билим алган эмес, диплому жок болчу. Бирок, ал диплому барлардан алдаганча жогору турган, өтө билимдар адам болчу!

(Баса, улуу жазуучу Лев Толстойдун да жогорку билими жок экен).

Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованын үйүндө, жалаң гана Адабият жана Маданият жөнүндө гана сөздөр сүйлөнчү.

Акча, алтын-күмүш, килем-килче, машине жөнүндөгү сөздөр түк сүйлөнчү эмес.

*     *     *

О, бир ташы кем, дүнүйө! Акын Шербет Келдибекованын жүрөгү ооручу… Ал жүрөк оорусунун айынан, Жарык дүйнөнүн Тозогуна түшкөн эле. Акыры көзү сүзүлүп, жүрөгү үзүлүп, жарыкчылыктан узап кете берди.

Алыс жолдо атың өлбөсүн, карыганда катының өлбөсүн! Шербет эженин жаны көккө учкан соң, жашы өйдөлөп, улгая баштаган Алым Токтомушевге өтө кыйын болду. Ал Шербетсиз, жашай албай койду. Байбичеси көз жумгандан кийин, алты ай гана жашамыш этип, Алым акындын да бу жарык дүйнөдөгү жашоо-өмүрү түгөндү! О, бир ташы кем, дүнүйө!

Агедил, окурман! Эки дене, бир жүрөккө айланган, асылбаа акындарды эстей жүрөлү!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.