“Кыргыз Тудэй” сайтына “үчүнчү революцияны жасоого негиз жок, себеби буга саясый жана тарыхый шарт түзүлүш керек” дегем. Мага каяша айткандар чыкты — “жок, сеники тап-такыр туура эмес” деп. Эмнеси жетишпегенин айтышпайт, себеби буларга бир орчунду нерсе тап-такыр жетишпейт. Мейли дейли, бирок ушул жерден позицияларды тактайлы. Теорияда “революционная ситуация” деген термин бар, кыргызча айтсак — “ыңкылаптык кырдаал”.

Буга эки нерсе керек, мунун да терминдери бар — “верхи не могут” (өйдө жак жарабайт) жана “низы не хотят” (ылдый жак каалабайт). Мааниси жөнөкөй — бийликтин кудурети бүттү, элдин чыдамы түгөндү. Биздеги эки ревоюциябыз тең (2005 жана 2010) так ушундай көрүнүшкө (кудурет менен чыдамга) негизделген. Өйдө жак ыдыраганда ыңкылаптар ылдый жактан башталган.

Биринчи президент (Акаев) кыргыз мамлекетинин Конституциясын тебелеп салса, аны “калктын кахраманы”кылмак белек. Экинчи президент (Бакиев) иниси менен уулун “жасоолдорго” айландырса, ага “эл басы” деген титул берилмек беле.

“Жасоолдун” аналогу — янычар, опричник, гестапо, НКВД, хунвейбин. Үчүнчү президент (Атамбаев) Конституциядагы “мөөнөт чегин” бузган жок, бирок ошол жерде так жазылган “сөз эркиндикти” камырдай кылып жуурду. Ооба, алты жыл иштеди, буга шүгүр, анан “мен бийликтен кеткенден кийин кечке чейин  уктайм, кечинде ыр жазам” деген убадасын аткарбады. Кантип уктаарын билбейбиз, бирок гитара менен чертилген ырын уктук. Жакшы.

Төртүнчү президент (Жээнбеков) шайланды, буга да шүгүр, бирок ошондон кийин Атамбаев чабуулду  баштады. “Муну мен өзүм ажо кылдым, бийликке өзүм алып келдим, эми ушул катамды элим кечирип койсун, муну өзүм оңдойм” деген мазмунда жар салды.

Тарас Бульбага салыштыралык десең, окшобойт, себеби ал тарыхый “атаман” өзүнүн чыккынчы баласын жазалаган. Биздин тарыхый “Алеша” баатырыбыз Бульбанын бутуна да окшобойт, бул Наполеон Бонопарттын жыдыган учурун эске салат (1815-жылы ал жаткан жеринен качып, Парижди дагы бир жолу багындырам деп оолуккан). Француздун экс-ажосу “реванш” кылам дегенде талкаланган.

Кыргыздын экс-ажосунун “реваншын” күткөн “үмүтчүлдөрдүн” өпкөсү үзүлбөйт деп ким кепил берет. Элдин деми Атамбаевге “кыл-кыяк” эмес, Жээнбеков ага “уул” эмес”, элдин добушу менен шайланды. “Алеша”  жаман жаңылды, кинодогу каарман айткандай, “перепутал собственную щерсть с государственной” (мамлекеттин жүнүн өз жүнүнөн ажыраталбады). Эми кайсы “катасын” оңдойт экен, бийликке талпактай кылып  талапкерин сүйрөп келеби,  чөнтөгүндө жашаган “кол күчүктөрү” калдыбы?  Бир чети камалды, бир чети качты. Экс-ажо эсине келбей койду, мындай учурга  ылайыкталган кыргыздын “көчүктү кыс” деген илгерки эки сөзү бар. Ошондой нерсеге ээ болгон адамдарга үмүт менен айтылат — “угат, кысат, оңдолот” деп. Айбандарга айтылбайт.

Артында калың калкы жок, бийликке экинчи ирет келүүгө асфальт жолу эмес, чычырканактуу чыйыры да жок. “Тиги менен биригем, муну менен ширелем, үчүнчүгө учкашам” деген аракеттери “амбициясынан” арылабайт, себеби саясый “сапарлаштары” (попутчики) чейрек кылымдан бери “анака-мынака” деп акырдан жем аңдыган “жамакчылар”.

Революция кылууга негиз керек. Негизди тарых түзөт. Тарыхты эл жылдырат. Ажону электорат шайлайт. Электорат Конституцияны бекитет.

Конституцияны узурпаторлор бузат. Бузукуларга эл “чык эшке” дейт. Кыргыздын эгемендүү доорундагы биринчи оң жылдыкта эки жолу революция болду. Эки президент өлкөдөн качты. Элдин каарынан коркуп, куттуу коломтосуна  келелбай жатышат. Эми бул биздин тарыхыбыз.

Ушундай тарыхты түбү менен өчүрүүгө  “Алешанын” күчү жетпейт, “Бобик” менен биригип, “Омикти” кошуп, “Ата-Мекенди” кыпчытып алса да май чыкпайт. Арстанбек акын айткандай, “элден чыккан кийиктер” кыргыз элин башкарбайт. Эки миң жылдык тарыхыбызда мындай болгон эмес. “Кийиктер” кыргызды башкарган эмес. Ушуга шүгүр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.