Молдова эл жомогу: Пекалэнин канча койу болгон?

Күндөрдүн биринде Тындалэ таяктын башына түйүнчөгүн түйүп, аны ийнине илип алып келаткан Пэкалэге кезигип суроо узатты: — Ээ досум, каякка? Пэкалэ: — Койчуман менен сүйлөшүп, койлорду тоого жеткиргени баратам. Тындалэ: — Сенин көп койуң барбы? Пэкалэ: — Ак койдон бирөө да жок, ал эми кара койлор андан да аз. Которгон Айтбүбү ОРУНБАЕВА

Кыргыз-казак кызматташуусунун жаңы багыты

Кыргызстандын алдыңкы дистрибьютердик – фармацевтикалык ишканалары Казакстандагы ири дары өндүрүүчү “SANTO” ишканасы менен келишим түздү.  Кызматташуу меморандуму 18-апрелде Казакстандын Шымкент шаарында өттү. Аталган жолугушууга Кыргызстандан – “Медсервис. kg”, “Эляй”, “Неман Фарм”, “Эрай Фарм” ЖЧКлары жана Кыргызстандын алдыңкы медиа-каражаттары катышышты. Келишимде эки тараптуу маанилүү маселелер талкууга алынып, алдыга бир топ максаттар коюлду. Алар: Ишканалар аралык экономикалык кызыкчылыктан тышкаркы мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө; Маалыматтык- кеңеш берүүчүлүк, маркетингдик өз ара байланыштарды өнүктүрүү; Тажрыйба алмашуу жана кесиптик квалификацияны жогорулатуу тармагында бирдиктүү иш жүргүзүү. “SANTO” […]

Актан Арым Кубат: Бүгүнкү күндө кыргыз болуу өтө кыйын

Анын тасмалары дүйнөнүн мыкты режиссёру катары Франциянын мектептеринде көрсөтүлөт. Анын ысмы дүйнөлүк мыкты тасмалардын тизмесинде. Түштүк Кореяда басылган “Азиянын бардык мезгилдеги 100 мыкты кинорежиссёру” журналына Кыргызстандан Төлөмүш Океев жана биз сөз кылып жаткан сүрөткер, жөнөкөй турмуштун акыны Актан Арым Кубат кирген. Тасмалары аркылуу коомго чындыктын жүзүн көрсөтүүнү максат кылган режиссер,  өткөндү эстеп санааркап жашагынын, жашап жатып да санааркаганын, көөдөнүн түйшөлткөн ойлору туурасында айтып берди. – Актан агай, тасмаларыңызда коомдук аң-сезимге төңкөрүш жасоо максаты бар. Сиз үчүн чындык эмне? – Ар […]

Кеңешбек Асаналиев: Сөз өнөрүнүн «ак чыйыры»[1]

Улуттук адабияттын байышы, көркөм-эстетикалык өркүндөө кантсе да ар бир индивидуалдуу чыгармачылыкка тыгыз байланыштуу. Жекече чыгармачылык канчалык кызыктуу, канчалык оригиналдуу болсо, жалпы адабий процесске анын кошкон үлүшү да алыстан даана көрүнүп, караандуу келет. Азыркы учурдагы кыргыз прозасынын идеялык — тематикалык, жанрдык тынымсыз изденүүсүндө, көркөмдүк кругозорунун кеңейишинде ар бир автордун өзүнө гана тиешелүү «көтөргөн жүгү» бар экени талашсыз. Мына ошондой кийинки мезгилде активдүү изденип, чыгармачылыктын «азаптуу» жолунда бараткан жазуучуларыбыздын бири — Касым Каимов. Анда элүүнчү жылдардын башы. «Теке сүзгөндө», «Бөтөлкөдөгү киши», «Начальниктин […]

Абдиламит Матисаков: Эсекемдей адам дагы келээр бекен!?

Биз көрүп калдык, Эсенбай Калдаров менен сүрөтчү Шекербек Сартов катар басып келатса кадимки биз сүйүп окуган М.Сервантестин узун-кыска каармандары элестей көңүл асманыбыз жарк эте күлүп жиберчүбүз. Эми ээрчишип жүргөнүн көрсөңүз, эгиздер быякта калат. Гезит иши менен алыс-жуук командировкадан кайтышса да, чарчап-чаалыкканына карабай биринчи үйгө барбай түз редакцияга түшүшчү. Ошондо азыркы Абдымомунов көчөсүндө турган «Советтик Кыргызстан» газетасынын узун коридорунда жумалап журт аралаган кайрандардын азил-тамашасын сагына түшкөн кызматкерлер аския сөзгө жайлоонун желиндей сергишип, Эсекем менен Шакемди шакектей курчап алган күндөр болор эле… […]

Топчугүл Шайдуллаева: Бири кем дүйнө (шедевр)

АҢГЕМЕ Бир айылда жашаган, бирок орун очогу эки башка эки келин арылгыс арманга малынды. Кырктын кырына жаңы келген, ак жуумал, узун бойлуусу бакырайган көздөрүн жашка толтуруп, ый аралаш көңүл айтып келгендерге сүйлөп жатты: – Өлбөй эле тирүү жүрсөчү, байкушум. Мен анын бардык кылык-жоругуна чыдайт элем. Элчилеп келин-кызга барып, көзүмө үймөктөп чөп салса деле мейли эле, катын алса да мейли эле, тирүү эле жүрбөйбү. Жашай турган чагында жайрап калды, жок дегенде балдарынын биринин жакшылык күнүн көрсөчү, төрүндө чайын ичсечи… Өлөрүн билди […]

Кадырбаева Нураида: Нан өлбөйт экен го… (№18 дилбаян)

“Ч.Айтматовдун мен окуган чыгармасы” сынагына (Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” повести боюнча) Нукура, чыныгы турмуштан алынган образдарды өзүнүн курч калеминен жараткан улуу жазуучуларыбыздын бири – Чыңгыз Айтматов. Жазуучу элдин турмушу, көйгөйүн жазат, адам жүрөгүндөгү ачыкка чыга албай турган ойлорду жаратып, элдин тагдыры үчүн күйүп бышат. Жараткан ар бир чыгармасы бири-бирине окшошпой, адабият айдыңында жаңылык болуп турган. Ошондуктан окурмандар ар бир жараткан чыгармасын чыдамсыздык менен күтүшкөн. Мен жазуучунун бардык чыгармаларын окудум. Окуган сайын чыгармаларына кызыгып, таңданып, тамшанып, ойлонуп, атүгүл санаа тарттым. Чыгармаларына […]