Биз көрүп калдык, Эсенбай Калдаров менен сүрөтчү Шекербек Сартов катар басып келатса кадимки биз сүйүп окуган М.Сервантестин узун-кыска каармандары элестей көңүл асманыбыз жарк эте күлүп жиберчүбүз. Эми ээрчишип жүргөнүн көрсөңүз, эгиздер быякта калат. Гезит иши менен алыс-жуук командировкадан кайтышса да, чарчап-чаалыкканына карабай биринчи үйгө барбай түз редакцияга түшүшчү. Ошондо азыркы Абдымомунов көчөсүндө турган «Советтик Кыргызстан» газетасынын узун коридорунда жумалап журт аралаган кайрандардын азил-тамашасын сагына түшкөн кызматкерлер аския сөзгө жайлоонун желиндей сергишип, Эсекем менен Шакемди шакектей курчап алган күндөр болор эле…

Эсенбай ака жөнүндө качан, каерде сөз болбосун (азыр, ушул күндө да) кеп кылгандардын кабагы өзүнөн-өзү  жазылып, жүзүндө жылмаю пайда болот. Жакшы билгендер анын жагымдуу аурасын сезип турчу. Ишенсеңиз, Эсекемди тааныган, билген күндөн быякка бир жолу да ал жөнүндө кыйгыл кеп козгогон пенде баласын кездештирген жокмун. Бирөө-жарым зарыгып, жок издеп келип калса жанында болгон акчасын үндөбөй кармата берчү, лекин, жок болсо отургузуп коюп, тегерек-четтен сураштырып таап бере турган. Бирок, аркасынан карызын сураганын деги көрбөдүм.

Ал өмүрдү элге, адамдарга арнап, жакшылык кылууну өзгөчө туюнган адам болчу. Тирүүлүктө эч ким  анын жорук-жоосун, адат-салтын кайталагысы келсе да кайталай албайт. Адамдарды өзүнө бир туугандай жуурулуштурган, жашоо түсүн өзүнчө элестеткен, өзүнчө чыйыр-нук менен өзүнө таандык периштелүү дүйнөнү алып жүргөн жан эле. Жакшылык гүлүн кылымдарга өстүргөн Эсекемдин өлбөстүк көчүрмөсүн, ишенсеңиз, аликүнчө бирөө-жарымдан көрө элекмин!..

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алып, «Эркин Тоо» газетасында башкы редактор болуп  иштегенге чейин  кыргыз телесинде эки жылдай чогуу иштеп калдык. Чоң редакцияга башкы редактор эле. Бирге иштегендер бир ооздон: «Кечке иштеп, суй жыгылдыңар. Эми үй-үйүңөргө жетип алгыла» деп кечкурун кызматтык унаасын алдыбызга туура тартып, өзү үйүнө жөө кетчү. Ушундай да кичи пейил киши болот экен” деп боор төшөгөн керемет кемелине азыркыга чейин тамшанып, бир айтып бир, эки айтып эки коюшпайт.

Окуу башталат деп Фрунзеге элден мурда келип алган биз жактык студенттердин көбү баш паанек издеп, жатакана алганча Эсекемдин шаар четиндеги Кузнечная Крепость көчөсүндө жайгашкан, жепирейсе да кут түнөгөн үйүнө үйүлүп, көп келишчү. Арасында тууган-уругунун, айылдаштарынын балдары, качандыр бир көрүшүп, учурашып, дарегин жазып алган бейгараздардын уул-кыздары да боло турган. Ошо бейгараз-бейтааныштын балдары Эсекемдин төркү үйүндө көрпө жамынып, а тууган-туушканынын балдары босого-ооздо калып, апталап жүрүшчү.

Эсекемдин улуулугу ушунда эле, эч качан аларга бул мага жакын, бул мага алыс дебей баарына тегиз карачу. Оокат-ашка келгенде да өздөрү жебей үй толгон элдин алдына болгонун жайнатып, (Алтын жеңебизге да миң ирет алкыш!) маанайларын жайнатып турса, эл бул жакка сүрүлбөгөндө каякка барат.

Бир жылы мен да окуу башталып, бир жумага кеч келсем, эрте келген студенттер жатакананы ээлеп кетишиптир. Барар жагым жок, түз эле Эсекемдин эшигин кактым. Мага окшогондор толтура экен. Кечинде жат-жатка келгенде Эсекеме орун калбай темир мештин үстүнө «Советтик Кыргызстан» газетасынын тиркемесин төшөп алып жатып алды. «Көнүп калгам, бул менин койкам» деп баарыбызды күлдүргөн.

Эртеси таң атпай туруп, кетип жүрдү. Дагы бир жолу кудайы конок болуп барсам, ошо кезде даңазасы ашып-ташып бараткан жаш сынчы, кийин күүжүм үлкөн кызматтарды аркалаган академик агабыз Абдыганы Эркебаев жашап жүрүптүр. Ал калеми менен далайларды далыга таптап, шыгын ойготуп, канчаларды сын камчыга алып, адебин колуна берген мыкты макалаларын  Эсекемдин көчүк айланбаган, узун-туурасы бир метр иш бөлмөсүндө жазды окшойт. Эсенбай аканын бир айтканы эсимде: «Ак үйдө, көк үйдө иштегендердин бир тобу “Кузнечная крепосттун” квартиранттары болчу» дегени тамашадан да, чындыкка жакыныраак эле…

Жазган жагынан жөндөмдү Эсекеме кудайым берген экен! Төрт-беш беттик макаланы чай кайнамга жеткирбей машинкага өзү басып, редактордун үстөлүнө койчу. Адабият, маданият, спорт, сын, деги койчу, оозунуп жазыш жагынан атка жеңил тайга чак деп Эсекемди айтсак жарашат эле. Кечинде «Алганын” оюнун элге кошулуп, стадиондо көрүп, (оо, ал кезде «Алга» футбол командасы дүңгүрөп тепкен тобу көккө көкөлөгөн маал) оюн бүтөр-бүткөнчө алакандай блокнотуна  төрт бет макаланы чие салып, түз элге гезит чыгып жаткан типографияга жеткирчү. Түнкү он экини оодарып, үйүнө кетчү. Эртеси гезит бетинен Эсекемдин репортажын окугандар; «оюн кечки саат 10до бүтсө, бу каяктан үлгүрдү?!» деп желке кашыганын өзүбүз көрүп жүрдүк.

Спорт менен өнөр темасын  кесипкөйлөрдөн артык билчү. Студент кезинде атактуу С. Иткиндин (кадимки Каныбек Осмоналиевдин машыктыруучусу) кол алдында штанга көтөрүп машыкса, ага чейин актёр, артист болом деп сахна төрүндө каршы-терши басып, бир кыйла ролдорду аткарган жайы бар.

КТРды эки жарым жылдай жетектеп туруп, насип экен, «Кыргыз Туусу» газетасына экинчи жолу башкы редактор болуп барып калдым. Баягы, биринчи келгендеги өзүм кураган «Кыргыз Туусунун” чыгармачылык күчү чачырап, гезитке күч берүүчү  таланттар бириндей түшүптүр. Кемелине келип, толукшуп турган   Эсенбай Калдаровду, Шекербек Сартовду, Төлөн Насирдиновду таптырып, жумушка чакырдым. Кийин табы алоолонуп келаткан Мундузбек Тентимишев, Самсак Станалиев, Бактыгүл Чотурова, Жыпара Исабаева, Догдурбек Юсупов, Шекербек Калыков, Бермет Маткеримова, Болотбек Таштаналиев, Абибилла Пазылов, Дайырбек Мейманов, Папан Дүйшөбаев, Барчынбек Бугубаев өңдүү жалындаган жигерин гезиттин эстетикалык көркөм деңгээлин жаңы бийиктикке көтөргөн таланттар менен «Кыргыз Туусун» чыгардык.

Кезинде «Советтик Кыргызстан” газетасынын легендарлуу жооптуу катчылары Бексултан Карабаев менен Ажимукан  Түркмөнов олтурган кабинетте Эсекем эки-үч жыл мага орун басар болуп олтурду. Каалгасын дайым ачык койчу. Бөлмөсүнөн адам үзүлчү эмес. Кээ бирөө жумушу жок болсо да Эсекемдин маңдайында олтурганды жакшы көрчү. Билбейм, таң калчумун. Күнгө кактанган козулардай жаны жыргап, Эсекемдин баскан-турганын кылган ишин, телефондон сүйлөшкөнүн телмире тиктеп, ошондон болуп көрбөгөндөй ырахат алышчу окшойт.

Түштө аларды өзү менен кошо ээрчитип чыгат. «Жүргүлө, Бакир аканын чайын ичип келели» деп күндө өзү эки ирет барчу (түшкүсүн, анан жумуштан кийин) чайканасына үйүрү менен ээрчитип алат. Алар тыйын-тыпырын чыгармак болушса, чый-пыйы чыгып, «коё тургула, тамак менен чайдын акысы төлөнүп калган» деп оозунуп, ал тургай, буфет тарапка чыдабай өзү басып кетчү. Пашарт, чайда чогуу  олтурган төртөө-бешөөнө дагы бирөө-жарым келип кошулчу болсо (кыргызды өзүңүз билесиз, тааныш топ олтурса сүзө качырып кирет ко) деп ордунан туруп, буфеттен келген кишиге ылайык балык же жумуртканы наны менен пиаласын кошо алып келип коёт. «Ээ, Эсеке, өзүбүз алат элек ко, убара кылдык сизди. Бизди жаман үйрөттүңүз!..» демиш болгондорго «беймарал отургула. Баары бүгүн менен бүтүп калбайт» деп ыраңдуу жылмаюсу менен  ортодогу ыңгайсыздыкты жоюп койчу, пусурман. Эртеси да ошо, кийинки күнү да ошо, ошо, ошо бойдон кайталана берчү…

Эсекем адамдарга закзал күлүп карачу. Бирөө-жарым менен сүйлөшүп жатканда көзүнөн күлкүнүн учкундары чачырап, ичинде кайгы-муңу куюндап турса да, сүйкүм жылдызы маңдайында турган адамды өзүнө имерип, жан-отун алоолонтуп ийген элпектиги бар эле. Кимдир-бирөөдөн жагымсыз кабар эшитсе да бир кунунда туруп: «ушунака деңиз…» деп адатынча сабыр сактап, иштин чоо-жайын билгенден кийин жагымсыз кабар айтып келген кишини жайгарып, ал кетээринде жаркылдап-жайнап узачу. Ушундай айкөл касиет Эсекемде көлкүлдөп турчу-ов! Кайсыл бирин айтайын, айтсаң кээ бири ишенбей да кетет!..

Кеч күз. Эсекем «Кыргыз Туусунда» орун басар. Элди гезитке жаздыруу кызыган маал. Басылмага арбын жаздыруунун сыналган жолу бул — окурмандарга ширелүү жазылган шиңгилдерди байма-бай жарыялоо. Жашоо кандай кызык эле анда… Менин иш бөлмөмдө Эсекем, Абдимухтар Абилов үчөөбүз олтурганбыз. «Эсеке,- дедим, — өзүңүз сезип-туюп турасыз, окурмандарыбыздын көңүлүн ийе турган чыгарма жазыш керек. Бул иш сиздин колуңуздан келет. Сандан санга жарыялайлы. Ышкы козгогон материалды окурмандар кубалап окугандай болсун, — дедим. Эсекем сөздү көбөйтпөдү. Кийинки күндөрү убактысы тартыш болуп жатканын айтып, баш тартты. «Убактыңызды эмнеге коротуп атасыз?, — десем кечинде бир ар саат таксовать этип жүргөнүн жашырбады.

Дароо сөздү илип кеттим. «Таксисттин күндөлүгү» деген сериялды баштай бериңиз, көргөн-туйган турмуштук окуяларды калтырбай көркөмдөп, кагазга түшүрө баштаңыз. Күнүмкүсүн күнүм өзүм окуйм» дедим. Абдимухтар да колдоп кетти. «Ии-ий, таксовать этип жүргөнүн мындай эле айтып берсе, эми угуп отура бере турган окуялар! Эсеке, ошолорду ачыкка чыгарып жазыш керек» деп бир жактан күүлөп жиберди. Бул жолу Эсекем кыйыктанган жок. Дароо пландаштырдык. Сериал «Таксисттин күндөлүгү» деп аталмай болду…

Биз пландаштырган чыгарманын алгачкы сериалдары кийинки жумадан баштап кете баштамак болду. Биз жума күнү эрте менен сүйлөшкөнбүз, Эсекем кечинде күндөлүктүн башталышын үстөлүмө таштап кетти. Окуп көрүп, кубанганды айтпа, теманын дал үстүнөн чыккандай, далайдан бери башында бышырып жүргөндөй кызыктуу жазыптыр. Жабалактап окуп жаткан эл көз алдыма элестеп кетти.

Күндөр зымырап “Таксисттин күндөлүгү” сандан-санга уланып, окурмандардын кызыгуусун айтпа. Кубалап окугандар редакцияга чейин келип, гезит алып кетип жүрүштү. Жазылуу өнөктүгү да жакшы болуп, миңдеген күйөрман, окурмандарга көбөйүп, “Туунун” нускасы өстү. Кайсыл бир жылдары Италиянын мафиясы жөнүндө “Спрут” аттуу сериал Россиянын биринчи каналынан күн сайын көрсөтүлө баштаганда кечкисин шаардын көчөлөрүндө эл кадимкидей азая түшкөн. “Таксисттин күндөлүгү” чыккан сандар да гезит күркөлөрүндө калбай, сатуучулар редакцияга келип, кийинки сандан жүздөн, жүздөн заказ кылып кетип жүрүштү.

Элдин оюнда жүргөн көйгөйлүү турмушту жазып аткан Эсекем бир күнү келиптир. “Абдыке, муну токтотпосок болбойт, чыкпай калды”,– деди аргасы түгөнгөндөй. Макул болгон жокмун. “Эсеке, эң кызыгына эми жеткенде эмне дегениңиз, элге кызык болуп жатпайбы! Сизди башка иштердин баарынан бошотоюн, жалаң ушул чыгарманын үстүнөн гана иштеңиз” деп ак көңүл Эсекемди кайра жаңы дем менен ишке салдым. Кариет, чыгарма кайра чыйралып, мурункудан да кызыктуу жазылып, калем улам арылаган сайын көмүш уйдай ийип берип турду. “Таксисттин күндөлүгү” ошол кезде гезит тагдырына таасирдүү роль ойногонун азыр да чоң канагаттануу менен айта алам. Кийин да жарым жылга чейин сандан-санга жарыяланып, анан жарык көргөндөрүн топтоп, “Миң бир күн” деген аталышта эки китеп болуп басмадан жарык көрдү.

Адам көңүлү дегенде Эсекем үстүндөгү үйүн берип туруп кетчү. Ошондой эле болбодубу… “Советтик Кыргызстан” газетасында көп жыл иштеп, жеңебиз экөө эми-эми үй алабыз деп биринчи кезекте турушат. Ал кезде үй алуу бактысы, сизге жалган, мага чын, өмүр бою бир жерде иштеген адамга гана буйрубаса, башка жерден үй алуу тозоктун-тозогу эмес беле. Редакцияга кудай жалгап, төрт бөлмөлүү үй бөлүнүп калат. Үй алуу кезеги жыйырма жылдап көчүк айланбаган батирде төрт баласы менен күн көрүп келаткан Эсекемдики болчу. Үйдүн ордери колуна тийип, “Кузнечная крепость, кайыр кош!” деп кубанычы койнуна батпай турган Эсекемдин алдына редакциянын сүрөтчүсү Марат Айтакунов келет. “Эсенбай, менин оорукчан балам бар, дарылаганга шарт керек. Кезегиңди мага бер, үйдү мен алайын, менин шартымды сен гана түшүнөсүң” дегенде айкөлдүгү ааламда жок Эсекем колундагы ордерин үй-бүлөсүн таң калтырып Айтакуновго кармата берет. “Биз чыдайбыз, кийинки тамды алсак деле болот” деп күтүүсүз чечим чыгарып, “Кузнечная крепостто” дагы кыйла жыл күн кечиришет.

“Советтик Кыргызстан” газетасы ошол кездеги Борбордук Комитеттин органы болсо да эки-үч жылда барып, бир үй бөлүнчү. Эсекемдин ошол жакшылыгы бүгүнкү күнгө чейин көбүн таң калтырса, көбүн жанда жок сыпайылыгы, сабырдуулугу, жапакечтиги суктандырып келет…

*     *     *

Оорукананын короосуна киргенде эки инисин ээрчиткен  Эсекем алдыман чыкты. Баягы күнү Абдимухтар досум экөөбүз келгендегиден кыйла шайдоот көрүндү. Кучакташып көрүштүк. Палван көкүрөгү, чымыр денеси дарт азуусунда чайналып, шылынганы менен көздөрү баягысындай эле күлүңдөп, жашоого кумардуу. Эртең жүрөгүнө операция болорун, тез-тез кармап шайын оодарган приступтан биротоло кутуларын, «Кыргыз тили» гезитинин жаңы санын бейтапканадан эле даярдап койгонун деми кыстыгып, энтиккенсип айтканы камтама кылды.

Күн тийген жер менен ары-бери бастык. Тизгиндеш жүрүп, жашоодон тапкан жылдыздуу учурлар, жеңген жылдар, жеңилген күндөр жөнүндө да кеп урдук…

—  Эсеке, эртең операция болсоңуз энергияны сактаңыз, ичкери кириңиз,- десем адатынча тамаша-азилге салып:

— Жүрөктүн энергиясы жетет, азыр жасайбыз десе, азыр даярмын. Бул күндү жүрөгүм экөөбүз күткөнбүз..,- деди.

— Кудайым бар, Эсеке. Жеңилинен берсин,- дедим. Эмнегедир Эсекемди кучактап коштошкум келди. Кучактап «кумурскага зыяны жок асыл агамдын өмүрү өзүнө аманат. Өмүрдүн узагынан бере көр” деп  ичимден жараткандан жалынып жибердим. «Төрт-беш саат жасашат деп айтышат. Эртең келем деп убара болбо, балакай» деди баягыдай бейгам күлүп. Кандай жайдарысыз, Эсеке!

Карачы,акылман Эсекем этият-шарт дегенби, операцияга кирип баратып «пашарт, ойдогудай болбой калса, мени Көк-Белге алып кеткиле, апамын жанына койгула» деген керээзин иниси Эркинбекке калтырганын кийин уктук.

Эртеси операция жасалып жатканда Эсекем саар-кеч басып жүрчү бейтапкананын бир капталында жоон топ, ак санаалаш достору Эсекемдин тубаса талантуулугун, улуу-кичүүгө күйүмчүл адамда жок асылдыгын, жаштык-мастыктын куунак күндөрүнөн ширелүү кеп салып, андан аваз-ыракат алып баарыбыз бейкапар элек.

Эсенбай Калдаров жана Абдиламит Матисаков

Кариет, Эсекемдин кайратынан жанбаган эстүү жүрөгү эчен жыл эзмелеген илдеттин башынан аттап, жашоонун ак жарыгына алып чыкты! Эртеси түштөн кийин палатысына баш баксам соткеси менен (мени айран-таң калтырып!) бакылдап бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр. Куштай сергек көрүндү көзүмө! Бирок, күчтөнүп, эмоциялуу сүйлөгөнү жаккан жок. Анан дагы аркасына жаздык койдуруп, керебетине олтургусу, келгендер менен жатып алып  сурашканды өөн көрдүбү, «Эсеке, жата бериңиз, козголбоңуз!” дегенибизге болбой, тикеленип баамчыл, мээри төгүлгөн көздөрү менен алмак-салмак бизди карап, устара уусуна угуп турса да, мырзалыгынан жазган жок ко, чиркин!..

Ошентип жатып да куудулдана күлдүрүп, а биз жетине албай сүйүнүп, тирүүлүктүн асыл баасын, алмашкыс кунун жан-дүйнөбүз менен сезип турдук!

Көрсө, Эсекемдин эрдиктерге бышкан, күрөшчүл жүрөгү анын акыркы каалоосун аткарып, асыл агабызды дос-жарына, урук-тууганына, көкүрөк күчүгү Амантурга жүздөштүрүп, бирок да, жашоого дилгир муштумдай жүрөгү арабыздан асылдарды терип алганына алымсынбаган кызыл көз ажалга алы жетпей чеңгээлинде тыбырап турганын кайдан билдик!.. Эх, тирүүлүк! Сенин улуулугуңду такай эстеп, эстүү жашап жүрө албаган биз кандай гана армандуубуз!..

*     *     *

Түз эле бейтапкананын короосунда Эсекемдин сөөгү салынган унааны ортого алып, алыскы Ноокаттын Көк-Белине жол тартаарда жүрөгүбүздүн күйүт жалынын төгүп алгыбыз келди. Аза күтүү митингиси башталды… Күн жолунда тапкан курбу-курдаш, достору, инилери, туугандары ак эмгектен өсүп-өнгөнүн, буйруган кызматты ийинине чыгарып, артында кылымга калар мүрөктөй мээнет калтырганын, таарынычка кечиримдүү, ырыскыга тамырлаш, жакшылыкка жарык маңдай, бейчеки бирөөнүн  көңүлүнө азар бербей, колундагы насибин тең бөлүшкөн айкөлдүгүн, бейкүнөө бирөөгө сын такпаган, назары чөккөн күнү да көөдөнү көктө жүргөн, санаадан тапкан сыркоосун жан адамга билгизбей алп Алыкулдай өлүмгө тике карап жаман ойго жеңдирбей, кайгыга алдырбай, өмүр бою сөз ырыскысына супарадай таза мамиле жасаганын айтып жатышты.

Абдыганы, Абдыракман, Шерназар, Насыр акалардын, Абдыкадыр, Абдыганы, Абдимухтар, Таалайбек, Бактыбек достордун, Сакы, Асан, Мамат, Бакбур инилердин каректерин жаш чайып, Эсекемдин урук-тууганы, инилери, балдары, аяштары арман-күйүткө батышты… Эсекем ырларын жогору баалаган таланттуу акын Тургунбай Эргешовдун төрт сап ыры көмөкөйүмдө кайталанып, карегимди жаш чаят.

Жакшы кал, жашоо берген жарык аалам,
Жашагым келген эмес, сенде жалган.
Ыр менен ыйласа ыйлап, күлсө күлдүм,
Айырмам ошол эле башкалардан…

*     *     *

Күн уясына кылкылдап батып баратканда Эсекемдин сөөгүн салган унаа Төө-Ашуунун белинен буралып, Ала-Белге ылдыйлады. Эсекем бул жол менен эми Бишкегине экинчи кайтпайт. Тирүүлөр менен кайыр-мазир кылып, тууган жерине түбөлүккө калмакка Көк-Белге, ата жайга, көз көргүс келбестикке, акыретке сапар алды… Бул жарыкта жалганы жок жашадыңыз, Эсеке!!! Жакшылык менен жылуу сөзгө уютулган жаныңыз жаннатта жүрсүн, жан ака!!. Сиздей адам дагы келээр бекен!..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.