Анын тасмалары дүйнөнүн мыкты режиссёру катары Франциянын мектептеринде көрсөтүлөт. Анын ысмы дүйнөлүк мыкты тасмалардын тизмесинде. Түштүк Кореяда басылган “Азиянын бардык мезгилдеги 100 мыкты кинорежиссёру” журналына Кыргызстандан Төлөмүш Океев жана биз сөз кылып жаткан сүрөткер, жөнөкөй турмуштун акыны Актан Арым Кубат кирген. Тасмалары аркылуу коомго чындыктын жүзүн көрсөтүүнү максат кылган режиссер,  өткөндү эстеп санааркап жашагынын, жашап жатып да санааркаганын, көөдөнүн түйшөлткөн ойлору туурасында айтып берди.

– Актан агай, тасмаларыңызда коомдук аң-сезимге төңкөрүш жасоо максаты бар. Сиз үчүн чындык эмне?

– Ар бир чыгармачыл кишинин өзүнүн коомго жеткирейин деген идеясы болот. Менин өзгөчөлүгүм – тегерегимде болуп жаткан жашоону чагылдыруу. Тасмаларым өзүмдүн турмушумдан алынган. Бир адамдын турмушу аркылуу бүтүндөй коомдун көйгөйүн чагылдырууга аракет кылам. Чындык мен үчүн жарандык позиция. Тасмаларым автордук позицияны чагылдырат. Эч качан жылмалабаш керек деп ойлойм. “Свет аке” тасмама байланыштуу аябай катуу сындар айтылды. Бирок бул турмуштук чындык да. Андан качып кутула албайсың. Ошол сындарга жооп катары “анда жакшы жашайлы, мен ошондой тасманы тартпай калайын деп айтам”.

Менимче, кайсы гана автордук позицияда тартылган тасма болбосун: дайыма көйгөй менен байланыштуу. Мен бардык адамдардын бактысы окшош, ал эми бактысыздыгы ар башкача деп ойлойм. Бактысыздык ар түрдүү – коомдук көйгөйлөр менен байланышкан. Сүрөтчү катары ошол нерселерди чагылдырууга аракет кылам. Чындыкты тартканымдын дагы бир себеби: чындыкты сезе билгеним. Биринчи кесибим – сүрөтчүлүк. Экранда чындык болушу керек. Айрым тасмаларда шаарда жашаган актрисаны айылда жашатып коёт. Мен ушул нерсенин бардыгына маани берем. Бардык нерсе чындык менен байланышы керек.

– Демек, нукуралыкка маани берет экенсиз да…

Кыргыз киносунун жаңы доору, жаңы ооматы

– Ооба, Темир Бирназаров бир ирет “Свет аке — нукура кыргыздын образы” деп айтты эле. Бизде ошондой адамдар толтура да. Ичи таза. Бирок коомго көп чыгышпайт. Бул турмушта алардын коомго кереги жок. Эч ким көңүл да бурбайт. Акыркы “Свет аке” менен “Кентавр” тасмасын четке кагып, шылдыңдап, уялабыз дегендер болду. Бул каармандар бала кыял, ак көңүл, ак пейил кишилер. Бул кишилер турмушка позитив алып келишет. Мындай кишилер бардык жакта бар. Тилекке каршы, заман ушундай адамдардын заманы болбой жатат. Заман алдамчылардын, алып жутарлардын, көз боёчулардын заманы болуп калбадыбы.

– Чындыкты айтуу эмес, чындыкты ойлонуу да  маселедей туюлат…

– Бүгүнкү күндө көпчүлүк кишилер чындык эмне экенин билбей жүрүшөт. Чындыкты айтсаң эч ким ишенбейт. Жада калса күлүшөт. Баалуулуктар алмашты. Бүгүн жакшы жашаш үчүн чындыкты унутуп коюшуң керек болуп калды. Чындык менен жашайын десең, жашай албайсың. Чындыкты айтсаң — түшүнүшпөйт. Мени “кыргыздын жаман жагын көрсөтүп, чет өлкөдөн акча алып тасма тартат” деп жаман көрүшөт. Чет өлкөлүктөр мага чындыкты тарт деп айтышпайт. Мени сүрөткер катары көрүшөт. Сүрөткер болсоң чындыкты чагылдырышың керек. Башка жол жок. Документалдуу чындыкты эмес, көркөм чындыкты чагылдырам. Чындык, чындык деп эле айтылчу нерсе эмес. Аны айтуунун өзүнүн жолу, ыгы бар. Ошондо элдин аң-сезимине таасир бере аласың. Чындыкты айтуу да бул өзүнчө искусство.

– Эң алгачкы тасмаларыңыз кайсы тасмалар эле?

– Алгач ирет “Үйүң кайда үлүл” деген тасмамды тарткам. Андан кийин дебют катары “Жолбун ит” деген тасманы раматылык Эркин Рыспаев менен тарттык. Бул тасма биздин жашоону тамсил аркылуу чагылдырганбыз. Коомдо аябай талкуу жараткан. Мына ушул эки тасма менен кинодогу тушоомду кескен. Ушул эки тасма кийинки тасмаларыма жол баштоочу тасмалар болуп калды. Өзгөчө 1990-жылдары жарытылуу тасмалар деле калбай калган. Кризис бардык тармакты камтыган. Ошондо ушул “Жолбун ит” тасмасы жарк этип чыккан тасма катары коомго таасир берди, бир топ режиссёрлорду таасирлентти. Тасма бүт дүйнөнү кыдырган. Менин Актан болуп таанылышыма да ушул тасмалар себепкер болду.

– Үч тасмаңызда балаңыз Мирлан Абдыкалыков тартылган. Кийинки эки тасмада башкы каармандын ролун өзүңүз аткаргансыз. Бул тасмаларды бүтүн чыгарма катары кароого болобу?

– “Селкинчекти” тартып жатканда союз кулап калды. Ал эми союз учурунда кыргыз ким, анын  руханий байлыгы, ички дүйнөсү кандайдыр бир мааниге ээ эмес болчу. Мени “биз кимбиз” деген суроо ойлондурчу. Андан кийин өз окуям тууралуу тартып баштадым. “Бешкемпир” тартылды. Мен өзүм Бешкемпирмин. Андан кийин “Маймыл” тартылды. Бул үч тасма автобиографиялык кино үчилтиги катары, өзүмдүн балалыгымды анализ кылган тасмаларым. Бул тасмаларда кишинин  өсүп-жетилүүсүндөгү үч мезгил – балалык, өспүрүм курак, боз улан чак чагылдырылат. Андан кийинки тасмалар “Свет аке” менен “Кентавр” бүгүнкү учурду анализ кылган тасмалар. Азыркы учурда режиссёр Далмира Тилепберген менен “Эсимде” аттуу кино сценарий жаздык. Ал тасма кийинки тартылган эки тасманы үчилтик катары толуктайт.

Аким КОЖОЕВ: «Кентавр» — жан дүйнөнүн кыяматы тууралуу баян

“Эстеп санааркайм, жашап жатып да санааркайм” деген сыңары кээде айтам, кээде айтпайм. Менде кичине кезимде сулуу эмесмин деген комплекс бар болчу. Менин лакап атым маймыл болчу.  Өтө түнт адам болчумун. Аябай тентек болчумун. Эми гана ачылып сүйлөп жүрөм. Кишилерди жаман көрчүмүн. Анткени кишилердин айтканы менен жасагандары дал келчү эмес. Сөзгө ишенбестик пайда болгон. Алгачкы тасмаларымда диалогдор аз. Акыркы эки тасмамда гана сөздөр көбөйдү.  Балалыгым туурасында тарткан үчилтигим комплекстен арылууга жардам берди.

– Демек, тасмалар аркылуу өзүңүздүн ички сезимдериңизди, а түгүл мүнөзүңүздү чагылдырган экенсиз да…

– Элге, айланамдагы адамдарга ишеним кетип калган. Айткандары башка, жасагандары такыр башка эле. Азыр деле ошондой. Баарыбыз сүйлөсөк – акылдуубуз. Анан ойлоносуң, эмне үчүн жаман жашайбыз деген суроо бересиң. Баары эле “гуру”. Айткан менен жасаган эки башка. Ошондуктан азап чегип келатабыз. Бардык тасмаларда өзүмдүн өмүр баяным, сулуу эмесмин деген идея кетет. Мисалы кыргызда “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деген сөз бар. Мага окшогондор кыргыз эмеспи деген ой келет экен. Бардык кыргыздын өңү Чокморовдун өңүндөй эмес да. Бул ал киши менен эрегишип же аны көрө албастык эмес. Эмне үчүн кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй? Ага окшобогон адам кыргыз эмеспи. Менимче, адам сырткы кебетеси менен эмес, ички дүйнөсү менен сулуу болушу керек. Мен ушу күнгө чейин ушуну тастыктаганга аракет кылып жүрөм. Канча сындар айтылса да өз жүгүмдү көтөрүп келатам. Түшүнгөндөр бар, түшүнбөгөндөр бар. Менин тасмаларымды чындыкка умтулган адамдар түшүнөт.

– Сиз үчүн ички конфликтти чагылдыруу кыйынбы же сырткы конфликтти чагылдыруу кыйынбы?

– Ички конфликттерди чагылдырган өтө кыйын. Бүт чыгармалар ички конфликтти ачууга багытталган. Сырткы көйгөйлөрдү тартсаң өзү эле көрүнүп кала берет. Кинодо эки конфликтти тең чагылдыруу керек. Менимче, бизде ички конфликттер сырткы конфликттерге өтө таасир берет. Ал эми чет өлкөдө сырткы конфликттер ички конфликттерге таасир берет деп ойлойм. Ички конфликт адамдын аң-сезими калыптангандан тартып эле башталат. Сүрөткерлер такай эки маселени алып жүрүшү керек. Бирок ички маселе өтө кыйын. Ошол ички маселени тартууда режиссура, актёрдук чеберчилик мыкты болушу керек. Менин каармандарымды терең түшүнүш үчүн көрүүчү маектеш болушу керек. Көрүүчү сүрөт эстетикасын, символдорду, кинонун тарыхынан маалыматы болушу керек. Менден кабардар болушу керек.

Коммерциялык тасма менен автордук тасманын айырмасы ушул нерсеге байланыштуу. Коммерциялык тасмада көрүүчү көргөн нерсесин түшүнөт. Ал тасмаларда терең ойлонуунун кереги жок. Ал эми автордук тасманы түшүнүү үчүн турмуштук чындык, көйгөйдү терең анализдеши зарыл. Суроолорду бериш керек. Тасманын идеясын түшүнө билиш керек. Аналитикалык ой-жүгүртүү, критикалык сын көз караш маанилүү. Көрүүчү тасманы көрүүгө даяр болууга тийиш. “Даяр эмес көрүүчү” деген термин бар. Түшүнбөгөн көрүүчүнүн кыжыры келе баштайт. “Айылдан тартпай эле шаардан тартпайт беле!” деген сөздөр айтылат. Мына ушул жерден куру намыс ойной баштайт. Мен ушул сөздү көп айтам. Мендей элимди сүйгөн киши жок болушу керек. “Эмне үчүн мындай жашайбыз?” деп ыйлаган күндөрүм болгон…

– Табиятыңызда кандай адамсыз? Импрессионист, экспрессионист, экзистенциалист…

– Мен өзүмдү кинодогу импрессионистмин деп эсептейм. Импрессионисттер ички таасирлерин чагылдырышат. Эмнени сезип жатышса, андан алган таасирлерин чагылдырышат. Чындык деген жөнөкөй түшүнүк эмес, а чындыктын таасирин тартам. Ошол чындык кандай таасир берди — ошону чагылдырам. Мисалы, сен бакма бала болсоң, ошол бакма бала болгонуң сага кандай таасир калтырды – ошону чагылдырам. Өзүм импрессонисттердей болуп таза абаны жакшы көрөм. Эч качан үйдө отура албайм. Үйдөгү жашоомдун бардыгы сырттагы тиричилик менен байланышкан. Жарыктыкты жакшы көрөм. Тасмаларымда көйгөйдү чагылдырсам да жарыкты көбүрөк колдоном. Бул үмүт бар экендигин эске салгандыгым.

– Баалаган режиссёруңуз барбы?

– Жок. Бирөөнү туурап, бирөөнү кумир тутпайм. Ушуга чейин бир гана Айтматовдун бардык чыгармасын окугам. Менимче, адамда кумир болбош керек. Ал өз жолун табышы керек.

– “Свет аке”  менен “Кентаврдагы” Актан Арым Кубаттын айырмасы эмнеде?

– Свет аке Кентаврга караганда ачыгыраак мүнөздө. Ал өзүнүн кыялынан уялчу эмес. Кыялында элге бекер жарык алып келем деп жашайт. Сен дүйнөгө жарык алып келем десең, аны эч кимден жашыра албайсың да. Ал эми Кентавр жакшы жашоого умтулганы менен, жакшы жашоонун кандай экенин билчү эмес. Бир эле күлүк ат менен чаап Кудайдан тилек суранып жашоону өзгөртүүгө болот деп ишенчү. Өзүн издеген киши. Свет аке өзүн издебейт. Ал туруктуу, нукура кыргыздын образын чагылдырат. Кентавр “Мен киммин” деген киши. Бул суроо динге да тиешелүү.

Убагында союз учурунда кудай жок дешкен, азыр кудай бар. Ой жүгүрткөн киши мен  киммин деп ойлойт. Адам болбой калгандан коркуп жашаш керек. Адамзаттык баалуулуктарды карманышыбыз керек. Адам болгондон кийин Кудайга ишенүү зарыл. Мен билген ислам биздин салтыбыз, ички сезимдерибиз менен жуурулушкан. Азыр карама-каршылык көп. Кошок кошпош керек дешет. А кошок биздин маданий философияда калыптанган да. Ар бир адамдын кошогу ар башка. Кошок аркылуу адам ички күйүтүн чыгарат. Мен исламга каршы эмесмин, мен арапташууга каршымын.

– Аттын этин жейсизби?

– Жебей калганыма 5 жыл болду. Кентаврды тарта электе жегенди токтотком. Айткан нерсебиз менен кылган ишибиз дал келиши керек. Бул дагы чындык. Менин өзүмдүн чыгармама кылган мамилем. “Ат адамдын канаты”, “Ат сыйлаган жөө баспайт” деп коюп атты жесем, өзүмө адилетсиздик кыган болом. Учурда жылкыны бала төрөлсө да, келин алса да, куда тозсо да, туулган күн өткөрсө да союшат. Жылкынын да убалы бар. Биз ысырапчылыкты жоготуп койдук.

Сиз үчүн эркиндик эмне?

– Эркиндик өтө чоң байлык деп ойлойм. Анан өтө чоң жоопкерчилиги бар. Адамдын эң чоң байлыгы – эркиндик. Мен эрке да, эркин да болуп өстүм. Эмнени кааласам ошону жасап келатам. Бирок, бул өтө чоң тартип, өтө чоң жоопкерчилик.

– “Кентаврда” өзүңүзгө “мен киммин” деп суроо бересиз. Өзүңүздү таптыңызбы?

– Мен өзүмдү кыргызмын деп эсептейм. Бүгүнкү күндө кыргыз болуу да кыйын. Өтө кыйын. Дүйнө глобалдашуунун алкагында өзгөрүүдө. Батышташуу, арапташуу, геосаясат, маданияттын майдаланышы,  маданияттын жуурулушу, өзүң жашаган коомдон алыстоо бүгүнкү коомдун негизги көйгөйү. Жер жүзүнөн келген чабуулдарга каршы турушубуз керек. Кыргыз бойдон калышыбыз керек. Салтыбызды, маданиятыбызды, тилибизди сактап калууга өз үлүшүбүздү кошушубуз керек. Маданияттуу, билимдүү, жылдыздуу, башкалар суктанарлык кыргыз болушубуз керек.

– Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат! Чыгармачылык ийгиликтер коштосун!

Жанара КАДЕНОВА

Олжобай ШАКИР: «Кентавр» – жарым-жартылай жапайы мүнөз коомдун символу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.