Улуттук адабияттын байышы, көркөм-эстетикалык өркүндөө кантсе да ар бир индивидуалдуу чыгармачылыкка тыгыз байланыштуу. Жекече чыгармачылык канчалык кызыктуу, канчалык оригиналдуу болсо, жалпы адабий процесске анын кошкон үлүшү да алыстан даана көрүнүп, караандуу келет.

Азыркы учурдагы кыргыз прозасынын идеялык — тематикалык, жанрдык тынымсыз изденүүсүндө, көркөмдүк кругозорунун кеңейишинде ар бир автордун өзүнө гана тиешелүү «көтөргөн жүгү» бар экени талашсыз. Мына ошондой кийинки мезгилде активдүү изденип, чыгармачылыктын «азаптуу» жолунда бараткан жазуучуларыбыздын бири — Касым Каимов.

Анда элүүнчү жылдардын башы. «Теке сүзгөндө», «Бөтөлкөдөгү киши», «Начальниктин кабагы» сыяктуу аңгемелер биринин артынан бири жарыкка келет. Адегенде эле чыгарманын наамындагы каймана маани, метафоралык «күтүлбөгөндүк», жазуу манерасындагы кандайдыр бир (карапайымдык менен чектешкен) сыпаалык көзгө урунат. Бирок, баарынан мурда ушул аңгемелердин автору менен кыргыз прозасына кошо келген бир таанымал касиет болду, ал юмор эле. Балким, таланттын ушул касиетиненби, же башталган эле жерден турмуштук терс көрүнүштөргө тике багыт алып, аларды көнүмүштөн башкача биринчи планга коюп сүрөттөгөндүктөнбү, айтор, жазуучунун ысмы кыргыз окуучуларына тез эле тарап кетти.

Жазуучунун ысмынын тез тарашы менен көркөм сөз өнөрүндө накта таанылыш (признание) бирдей маанилеш түшүнүктөрдөн эмес. Көркөм сөз өнөрүндө накта таанылуу чымырканган, тынымсыз изденүү натыйжасында өзүнүн гана «ак чыйырын» табууга байланыштуу келет эмеспи.

Азыр биздин колубузда К. Каимовдун тандалган чыгармаларынын бир томдугу[2]. Анда автордун иргелген аңгемелери жана повесттери топтолуптур. Ушул томду баштан аяк окуп чыкканда жазуучунун баскан жолу, кандай кыялардан, өрлөрдөн өткөнү даана көрүнөт. Эң бери калганда бир нерсе көзгө дароо урунат: ал жазуучунун изденүүдөгү ыргактуулугу, системалуулугу, улам бир нерсеге урунбаган тартиптүүлүгү, б. а. белгилүү бир касиетин мүмкүн болушунча терең өздөштүрүп, улам тереңдеп үңүп отурушу.

Ушул жагынан алганда «Атай» романы обочо турат. Бул романдын жазылышы улуу обончунун жана комузчунун жеке керт башына болгон өзгөчө сүйүүдөн келип чыктыбы деп ойлойм. Ошондуктан К.Каимовдун чыгармачылык изденүүсүндөгү негизги өзөк жөнүндө айтуудан мурда «Атай» романы жөнүндө бир эки сөз.

Романдын биринчи редакциясы 1961-жылы жарыяланган. Автор бул чыгармага экинчи жолу кайрылып, 1969-жылы кайрадан жарыкка чыгарды. Эгерде үңүлүп чыгарманын ички катмарларын терең аңтарып көрсөк, роман жанрынын спецификасын өздөштүрүү, өнүктүрүү, библиографиялык документалдык материалды көркөм чыгарманын табийгы составына айландыруу оңойлукка турбаганын толук байкоого болот. Документализмден көркөм жыйынтыктоого, синтезге, жалпы баяндоодон адамдын ички кубулуштарын талдоого, психологизмге өтүү көркөм өнүгүштөгү бирден-бир жемиштүү жол экенин жазуучу ушул романдын жазылыш практикасында түшүндү көрүнөт.

Дал ушул романга удаалаш К.Каимовдун чыгармачылыгынын өрүш алышы, принципиалдуу түрдө бир максатты көздөгөн, туруктуу бир өзүнчө линияга өткөнү бекеринен эмес. Жазуучу чакан аңгеме, повесть жанрына үңүп кирип, ошонун айланасынан чыкпай, ошол жанрды ар түрдүү ийкемине келтирип, кандайдыр бир «өжөр» чыгармачыл эрегиш менен иштей баштаганы сезилет. Натыйжада, жазуучунун чыгармачыл изденүүсүндө программалык мааниге ээ «Бирине бири окшобогон күндөр» (1968), «Кыш ыргактары» (1973), «Белгилүү эркек» (1975) аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагы жарыкка келет.

Көркөм сөз өнөрүнүн профессионалдык деңгээли өркүндөгөн сайын, эми баягыдай адабияттагы болгон жанрдын бардыгын түгөл чөп башылап улам бирин «дегустациялабай», кантсе да жанрдык жиктелүү, дифференциация улам күч алып, ар ким өзүнүн чыгармачыл жөндөмүнө жана идеялык-эстетикалык изденүү максатына жараша белгилүү бир жанрдын «казыгына» бекем байланып, ошонун камын көрүп калат окшобойбу. Анткени, жазуучунун көркөм өнөргө кошкон салымы ал камтыган жанрдын аздыгы же көптүгү менен эмес, барып-келип ошол жанрды чоң искусствонун бийиктигине көтөрө алышы менен белгиленет эмеспи.

Дал ушул ыңгайда К.Каимовдун кийинки жылдардагы майда аңгеме, чакан повесть жанрында үзгүлтүксүз изденүүсү өзүнүн тиешелүү үзүрүн берди деп ойлойбуз. Чынын айтсак, мурда мезгилдүү басма сөздөрдө учур-учуру менен жарыялана калган жазуучунун аңгемелери көзгө түшө калса, анчалык этибар албай ара-чолодогу иш го деп ойлочубуз. Азыр алар чогулуп топтолуп өзүнчө китепке айланганда, мунун түпкү теги алда канча терең экендиги, көрсө жазуучу кыргыз прозасындагы аңгеме жанрына айрыкча маани берип, элдин турмушундагы нравалык, психологиялык ички кубулуштарды аңгеме аркылуу сүрөттөөнү атайы максат кылганы жана бул максатты жүзөгө ашырууда ангеме жанрынын чыгармачыл ийкемине көзү жеткени сезилип турат.

Жогоруда аталган «Бирине бири окшобогон күндөр», «Кыш ыргактары», «Белгилүү эркек» деген китептерге жазуучунун жыйырмага жакын аңгемелери топтолгон. Биз сөз козгоп жаткан жазуучунун бир томдугу да ушул аталган китептердин негизинде түзүлгөн. Идеялык-көркөмдүк арымы, адам турмушун, дүйнө-өмүрүн көрсөтүү боюнча, албетте, бул аңгемелердин деңгээли бирдей эмес экенине карабастан, жазуучу улам барган сайын аңгеме жанрынын не бир татаал спецификалык өзгөчөлүктөрүн терең өздөштүрүп, аны накта көркөм өнөрдүн бийиктигине көтөрүү жолунда баратканын тайманбай айтууга болот.

К.Каимовдун аңгемелеринде ар түрдүү турмуштук кырдаалдарда сүрөттөлгөн Анарбайдын жана Кутман чоң атанын, Чандырбайдын жана Кайырбектин, Райымкандын жана Кермекаш сыяктуу ар биринин өзүнчө тагдыры бар адамдардын образы көз алдыдан өтөт. Жазуучу ушу сыяктуу ар башка мүнөздөгү адамдардын өмүр-тагдырын ачып көрсөтүүдө эски каада боюнча адамдын өмүр баянына тиешелүү окуяларды текши терип-тепчип отурбастан, мүнөздүү экскурстан кийин түз эле аңгеменин сезим толтосун түзгөн окуяны ийине келтирип, талдоого алат. «Анарбайдын көпүрөсү», «Мурас», «Жолборс жетелеген зайып», «Ат» өңдүү аңгемелер дал ушундай идеялык-көркөмдүк принципте жазылган.

Эски көпүрөсүн суу алып кеткен Анарбайдын тагдыры бир караганда мурдатан эле тааныштай байкалат. Бирок, аңгеменин ички кыймылынан, акценттердин коюлушунан улам маселе мында жалаң гана эски көпүрө, жаңы көпүрө жөнүндө эмес, сөз адам турмушундагы жакшы салттардын, ата мурастын уланышы, жаңыртылышы, жөнүндө баратканы айкын болот. Көпүрө бул анчейин гана эки айылды байланыштырып, бириктирип турган катнашуу жолу эмес, ал баарынан мурда ата мурастан келаткан сонун өнөкөт. Көпүрө бул эски каада менен жаңы турмуштук негиздерде өнүгүп-өөрчүп жаткан жаңы салттардын биригишин, уланышын символдоштурган образ катарында кабыл алынат. Тураттын жаңы көпүрөсү, бул инженерлик ойдун ишке ашышы гана эмес, ал баарынан мурда Анарбайдын салтынын түздөн-түз уланышы, анын жаңы сапатка көтөрүлүшү. Аңгеменин көркөмдүк маңызы дал ушунда деп ойлойбуз.

Жазуучу аңгемелеринде бөтөнчө кадыресе эле баарыбыздын көзүбүздүн алдынан өтүп аткан, билип-көрүп жүргөн, бирок анчейин маани бербеген, же элес албаган турмуш тиричиликтерин сүрөттөөгө шыктуу. Мына, маселен, автордун «Ат» деген аңгемеси. Малга кароолук кыргыздын психологиясына мүнөздүү экени чын. Бирок, аңгеменин баш каарманы Райымкандын ички драмасы малга кароолуктан эмес. Райымкан бир кездерде кээ бир коомдук маселелер боюнча терең ойлонуп чечимге келбестен, сологойлонуп аша кеткен, субъективдүү ак ниет болсо да, объективдүү түрдө оор каталарды жиберген адамдардын тибине жатат. Ошондуктан анын жаңы зоотехник менен болгон диалогунда ошол өткөн каталыктарын мойнуна алып, кеч болсо да андай аша чабуулардан арылууга аракеттенген адамдын психологиялык драмасы берилет.

Бул драманын ички чыңалышы ошончолук күчтүү экен, Райымкандын жаңы зоотехникке болгон кескин мамилесин, ат жөнүндөгү күтүүсүз чечимин айылдаштары, жердештери да адегенде түшүнө беришпей, таң калышат. Аңгеме канчалык курулай окуяга эмес, адамдын ички сезим кыймылын талдоого негизделсе, анда ошончолук анын көркөмдүк подтексти үнөмдүү жана сыйымдуу болорун маселен, «Ак шоокум» аттуу лирикалык мүнөздө, «Жолборс жетелеген зайып» деген юмордук мааниде жазылган чыгармалардан даана байкоого болот.

К.Каимов сөзгө үнөмдүү мамиле эткен, аны туш келди эле ыпыратып жибербестен, колдон келишинче өз-өз ордуна кынаптап коюуну көзөмөлдөгөн жазуучу. Бул касиет анын аңгемелеринен да, ошондой эле повесттеринен да ачык көрүнөт. Кыргыз жазуучулары үчүн турмушту сүрөттөөдөгү эмпирикадан кутулуу кандай керек болсо, ошондой эле даражада сөз натурализминен, жазмакерлик өнөкөтүнөн бошонуу, сөзгө азыркы профессионал адабияттын бийиктигинин мамиле этүү зарылчылыгы али да болсо «өз күчүндө».

Демек, сөз үнөмдүүлүгү ар бир автордун жекече жазуу маданиятына тыгыз байланыштуу. Айтып жатканыбыз курулай декларация эмес, бул азыркы кыргыз адабиятынын өнүгүш тажрыйбасына түздөн-түз тиешелүү проблема. Мына ошондуктан биз жогортодо көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүш деңгээли ар бир индивидуалдуу чыгармачылыктын эстетикалык ийгилигине жараша болот деп жатабыз.

Мына ушул ыңгайда алып караганда К.Каимовдун «Бирине-бири окшобогон күндөр» повестинде автор Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарына кайрылып, айылдагы жаш баланын нравалык жана граждандык жетилүүсүн сүрөттөйт. Повесттин баш каарманы Мамбеттин булгана элек таза сезими, күтүүсүздөн турмуш сыноосуна туш келиши, бирок али ак, караны ажырата элек баёлугу бир кыйла психологиялык ишеничтүү берилген. Мамбет эски адат эрежелерине, «туугандык» принципке толук көз каранды, ушундан улам Надырбайдын өкүмүнө, айткан сөзүнө эч каршылыксыз кыйшайбай баш ийет. Эгерде жазуучу Мамбеттин психологиясындагы «бурулушту» дагы тереңдетип, дагы толугураак ачканда бул повесттин идеялык-көркөмдүк арымы мындан да кеңири болмок беле деп ойлойбуз. Кантсе да «Бирине бири окшобогон күндөрдү» жазууда автор, өзү айткандай, али жолдо баратканы, тагыраак айтканда, белгилүү максаттын соңунда баратканы сезилип турат.

К.Каимовдун прозасындагы идеялык-эстетикалык жаңы сапат каармандын образын көрсөтүүгө, адамдын жеке концепсиясын берүү маселесине байланыштуу. Жашырган менен болобу, каарманды бир беткей мактоо, же тескерисинче, бир беткей кордоо көнүмүшү, адамдын оң, терс сапаттарын примитивдүү түрдө тизмектөө инерциясы дале болсо күчтүү. Бирок, кантсе да кыргыз повестинин азыркы мезгилдеги өрдөн өргө бараткан алдыңкы линиясы тереңделген психологизмге, философиялык-нравалык жыйынтыктоолорго негизделген деп ойлойм.

Жазуучу Касым Каимов

К.Каимовдун соңку повесттери да дал ушул нукта баратат. «Жигит баратат», «Кыш ыргактары», «Белгилүү эркек» повесттери жөнүндө айтуудан мурда бир учурга көңүл бөлбөй коюуга болбойт. Жазуучу чыгармаларына ат койгондо, маселен, «Жигит баратат», «Белгилүү эркек» ж. б. дедиртип, кандайдыр бир карапайым, көркөм чыгармага окшобогондой, өтө эле жөнөкөйлөштүрүп жибергендей байкалат. Ал эми чыгарманы баштан аяк окуп бүткөндө, эмне үчүн жигит баратат, ал кайда баратат, эмне үчүн белгилүү эркек, кандайынан белгилүү деген сыяктуу суроолор өзүнөн-өзү такталып, ал гана эмес чыгарманын идеялык-көркөмдүк мазмунун түшүнүүдө ушул карапайым коюлган аттарда өзүнчө бир «ачкыч» жатканы түшүнүктүү болот.

«Жигит баратат» повестинде автор жаш журналист Жаркымбайдын турмуш жолун баяндайт. Баяндоо кадыресе жайма-жай сүрөттөөдөн ачыктан-ачык иронияга, юморго өтөт. Стилдик мындай ар түрдүүлүк каармандын татаал психологиялык табиятына ылайык келип чыгат. Адеп караганда Жаркымбайды эч кыйшаюусуз эле эч кемчиликсиз «оң» каармандын талабына толук жооп берген образ деп ойлошко болот. Сылык десе сылык, адептүү десе адептүү, үйдө да тартиптүү. Ал турмак квартира ээсинин алдынан кыя баспайт. Бирок, көрсө, турмуш алда канча татаал экен. Ошого жараша каармандын образы да татаалданып, ар түрдүү карама каршылыкка учурайт.

Сөз чебери каармандын дал ошол ички дүйнөсүндөгү уйгу-туйгу кагылыштарды, диалектиканы ачып көрсөтүүгө умтулат. К.Каимов бир гана максат менен, каармандын ички дүйнөсүндөгү карама-каршылыкты ачуу максаты менен Жаркымбайды улам ар түрдүү турмуштук кубулуштарда сүрөттөйт. Буржугуй жигит Эрмекбай, квартира ээси Теңгедей менен болгон мамилелеринде Жаркымбайдын бышып жетиле электиги, турмуштан али накта өз ордун таба электиги айкын болот.

Жазуучунун көркөм чеберчилиги каармандын андан аркы өмүр жолун, бөтөнчө Жаркымбайдын айылдагы, жайлоодогу турмушун сүрөттөөдө, теке, буура. Алаяк менен болгон эпизоддордо ачык көрүнөт. Жазуучу бул турмуштук кырдаалдарда каармандын турмушту таанып-билүүсүн гана сүрөттөп чектелбейт, баарынан мурда турмушту терең түшүнүп, таанып-билүү, андан өз жайын табуу анчейин үстүртөн байкоо иретинде эмес, жүрөк менен сезип, ар түрдүү кыйынчылыктарды баштан өткөргөндө гана мүмкүн болорун ырастайт.

Автор сюжеттин улам чыйралышында Жаркымбайдын образына ирониялык, юмордук шоокум берип отурат. Натыйжада, анын «китептик» акыл менен жашаган эрежелери реалдуу турмушка туура келбей, мурдагы менменсинүү иллюзиялары бат эле жокко чыгып кыйрайт. Мына, маселен, Жаркымбайдын саанчы келин менен болгон диалогу.

«— Аттиң ай, мен силер жөнүндөгү үлгү болорлук очерк жазайын дедим эле. Факт көңүлдөгүдөй болбой калды.

— Болушунча жаза бербейсиңби? — Келин чаканы колго алды.

— Мен ойлонушум керек болуп калды. — Журналист жер карап, тунжурай түштү.

— Эмесе тетиги секиге чыгыңыз. Айлана бүт көрүнөт. Ой жүгүртүүгө да жакшы.

Жаркымбай айтылган секиге чыгып барды. Чын эле айлана кең-кесири көрүнөт экен. Таштын үстүнө отуруп, ой жүгүрттү. Акырында кымыз жөнүндө очерк жазмай болду».

Ошентип, Жаркымбай турмуштун реалдуу негиздеринен өтө алыс турат. Анда турмуштун ички катмарларына сүңгүп кирүү жөндөмү жок, ал тек гана ал жөнүндө кыялданат, «секиге» чыгып ой жүгүртөт. Автор Жаркымбайдын дал ушул сапатын иронияга алдыртан тымызын сынга алат. Дале болсо жигит азыр турмуш жолунда баратат, ал турмуштан өз жолун, өз ордун таба алабы, же жокпу – белгисиз. Бирок бир нерсе талашсыз белгилүү: ар ким өз ордун табыш үчүн элдин турмушуна, коомдун турмушуна ат үстүнөн байкоо жүргүзбөй, ага активдүү кийлигишип, анын оор жүгүн бир четинен көтөрө барууга тийиш. Повесттин нравалык тыянагы мына ушундай.

К.Каимовдун «Кыш ыргактары» аттуу повести азыр кыргыз окуучуларына кеңири белгилүү. Анда автор Шакиндин аялдык бийик сонун сапаттарын, Ботобайдын нравалык кыйроосун күчтүү драмалык ыргакта сүрөттөйт. Бул жөнүндө биз мурда айткан элек, азыр ошого кошумча иретинде муну белгилегибиз келет. К.Каимовдун кийинки учурдагы повесттеринин идеялык-көркөмдүк пафосун адамдын нравалык, турмуштан өз ордун изденүүсү түзөт десек жаңылышпайбыз. Мына ушул жагынан алып караганда К.Каимов сюжеттик составы өтө чиеленишкен, көп катмарлуу повесть жазды. Ал — «Белгилүү эркек». Бул повесттин сюжеттик өзөгүн Бокен — Айтолкун-Арзыбай биринчи тараптан, Бокен-Айтолкун-Марал экинчи тараптан берилген каармандардын татаал турмуш түйшүктөрүн, ошолордун негизинде автор ишенимдүү баяндаган психологиялык жана нравалык маселелер жөнүндө, кеңири айтууга мүмкүнчүлүк жок. Бирок ток этер жерин айтпасак болбойт. Автор каармандын тагдырын баяндап бүткөн соң, мындай жыйынтыкка келет: «Ошентип белгилүү эркек менен таанышам деп, өкүнүчтүү окуяга кезигип, акыр жагында бир кичинекей нерсени байкоо колуман келбегенине да өкүнүп, анткени менен, олжом мол деген пейил менен сапардан кайттым».

Бул кандай өкүнүчтүү окуя? Повесттин негизин түзгөн маселе да ушул өкүнүчтүү окуяга байланыштуу болуу керек. Көрсө, автор бул повестте Бокен аттуу турмушка суктанып караган, андан кантип болсо өз үлүшүнөн, идеалынан кур калбаска аракет эткен жаш жигиттин образын авансценага чыгарыптыр. Бирок, анын бардык бийик идеалдары жана иллюзиялары биринин артынан бири кыйрайт, жокко чыгат. Эптеп күн өткөрүүгө, эч кандай идеалсыз жашоого макул болот. Эмне үчүн? Көрсө, Бокен турмуштагы өзүнүн туруктуу нравалык принциптерин иштеп чыгууга үлгүрө албаптыр.

Биз бул повестти ырасы менен көп катмарлуу деп жатабыз. Көп катмарлуулук сюжеттик чиеленишке, адамдар арасындагы каршы-терши байланыштарга гана негизделген эмес. Чыгарманын бул касиети түздөн-түз юмор менен лиризмдин айкалышынан чыккан стилдик кубулуштарга, көркөм боёктордун ар түрдүүлүгүнө негизделген. Дал ушул жагынан алып караганда белгилүү эркек Бокендин образы кыргыз прозасындагы эң ачык тартылган образдардын катарына кошулабы деген ойдобуз.

Көркөм процесстин жалпы шаңы, жүрүш ыргагы, «аба ырайы» барып-келип ар бир жекече индивидуалдуу чыгармачылыкка байланыштуу түзүлөт. Ушундай индивидуалдуу чыгармачылыктын бирине сөзсүз Касым Каимовдун ысмы жатат.

[1]К.Асаналиев Өрдөн өргө «Кыргызстан», Фрунзе, 1977.

[2]К.Каимов. Тандалган чыгармалар. «Кыргызстан», Фрунзе, 1976.

Райкан Шүкүрбеков: Толубай сынчы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.