Адыгей эл жомогу: Төрт дос

Аюу, карышкыр, түлкү жана каман дос болушту. Дайыма бирге жүрүп, олжону бирге табалы деп чечишти. – Тапкандарыбызды тең бөлүшөбүз, – дейт карышкыр. Бир күнү кечке токойду кыдырып эч нерсе таба алышпай ачка отурушту. Чарчаган каман уктап калды. Түлкү тигилерге шыбырайт: – Азыр каманды жеп алалы. – Кантип жейбиз, ал биздин досубуз эмеспи! – дейт аюу. – Кантип жей алабыз, карачы, азуулары кандай! – дейт карышкыр. – Коркпо карышкыр, – дейт түлкү, – биз аны менен алышпайбыз. Биз анын өзүн макул […]

Юруслан Азимжанов: Сынып канча, канча жолу куралам (конкурска №5)

ТООЛОРУМ Оо тоолорум турасыңар көк тиреп, карааныңар көөдөнүмдү көптүрөт. Кырыңардан бүт ааламга көз салам, чокуңардан асман бетин өпкүлөп. Тоо этекте бейпил жашоо кечирем, тоого чыксам көккө колум жетти дейм. Тоодой намыс, тоодой максат артынып, тоодой бийик болсом экен деп тилейм. Тоолор биздин урабаган тактыбыз, кудай бизге сакчы кылып кургандай. Алаканын жайып алып коктулар, Жараткандан бата тилеп тургандай. Тоолорум эх өзүңөрдө көгөрөм, көркүңөрдөн чоң бакытка бөлөнөм. Тагдырымдан аласалып жыгылсам, бооруңарга, жонуңарга жөлөнөм. Жүрөгүмдө нечен ойлор теминет, тоо боорунда далай тагдыр кезигет. […]

Дооронбек Садырбаев: Телефон

АҢГЕМЕ Бу телефон дегениң жайды-жайлай, кышты-кыштай, ызгаар чачкан бороон, мээ кайнаткан аптап, нөшөрлүү жаанга карабай, күрөө тамырларың шишигенче, күндөп-түндөп сүйлөшсөң да бир кабагым-кашым деп койбогон, кебелбес буюм болот экен. Өзгөчө биздин телефонубуз тээ үрөң-бараңдан түн жарымына чейин тыныгууну билбейт. Кээде таң атканча иштеп калган учурлары да болот. Мурда ааламды сел каптаса да камырабаган Букеш, үйүбүзгө телефон коюлганы дегеле башкача болуп кетти. Оокат-тиричиликке ара-чолодо эле кол тийгизип койгону болбосо, керээлден кечке алпурушканы телефон. Кызып алса кызматка да барбай калат. — Ало, […]

Мирлан уулу Сыймык: Наристе өз ата-энеси менен жашасын (№19 дилбаян)

“Ч. Айтматовдун мен окуган чыгармасы” сынагына (Ч. Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча) Мен Чыңгыз Айтматовдун калеминен жаралган «Делбирим» аттуу чыгарманы дилбаянымда баяндагым келди. Бул чыгармада жазуучу эң көйгөйлүү маселени козгойт. Адам баласы убагында башындагы бакытты сезбей, колдон учуруп жибергенде, «кап» деп башын койгуласа да, кеч болуп калат. Бул көйгөй адам баласынын турмушунда көп кездешет. Өзгөчө эркек жолдошторубуз акча, дүйнө жетиштүү боло калса, башындагы бакытты баалабай, татынакай балдарынын энесин кайдагы көчөдө баскан аялдарга алмаштырып, көңүлүн оорутуп, үй-бүлөсүнүн ыркын кетире баштайт. Акыры барып […]

Михаил Зощенко: Баасын бычып баш кошуу

АҢГЕМЕ Мурда, — дейт Григорий Иванович, — бардыгы жөнөкөй эле. Күйөө болчулар үчүн бардыгы алаканга салгандай. Мисалы, мына колукту, мына анын энеси, а бул кызга берилчү сеп. Сеп болгондо, эсеби маселен, кандай сеп: акчалайбы же, балким, фундаменттүү үйбү. Маселен акчалай болсо – сүйүнгөн атакеси суммасын жарыя кылат. Эгер фундаменттүү үй болсо, кайрадан эле башка кеп –  ал кандай үй? Балким жыгачтан салынганбы же балким, кирпичтен тургузулгандыр. Бардыгы ачык, бардыгы көрүнүп турат, эч ким эч кимди алдай албайт. А азырчы? Бечара […]

Видео: Акын жана техника заманы

Кыргыз эл акыны, Б.Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени (2010-ж.); Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын; II даражадагы «Манас» орденинин (2015-ж.); КМШ Мамлекеттеринин Парламенттер Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык адабий сыйлыктарынын лауреаты Шайлообек Дүйшеев менен маек…