Тарыхка кириш кыйын, бирок булганып алыш оңой.

♦ ♦ ♦

Жашоо жакшы өтүп жатат, бирок жаныңдан.

♦ ♦ ♦

Абийирдин тазасы — жаман эс-тутумдун белгиси.

♦ ♦ ♦

Эгерде акмак менен талашып жатсаң — ал деле ошону кылып жатса керек.

♦ ♦ ♦

Бизди жолубуздан эч ким чыгара албайт, биз кайда болсо да бара беребиз.

♦ ♦ ♦

Көп кырдуу адам – бул шек жарата турган мактоо. Балким, ал сени адепсиз, орой, макоо, акмак, өзүмчүл деп жаткандыр.

♦ ♦ ♦

Сатылбаган адамды, балким сатып көрүш керекпи.

♦ ♦ ♦

Дүйнөдө аялзатсыз жашоо мүмкүн эмес. А эркексизчи? Балдар болсо эртели-кечпи, бизсиз эле жашоонун жолун табышат. Ошондуктан кеч боло электе аларды баалагыла, сүйгүлө, мойнуңарга көтөрүп жүргүлө.

♦ ♦ ♦

Эч качан жашаса боло турган аялга үйлөнбөгүлө. Ансыз жашай албай турган аялга баш кошкула.

♦ ♦ ♦

Аялдардын кемчилиги болбойт, өзгөчөлүктөрү болот.

♦ ♦ ♦

Жан дүйнөң менен денеңди бирдей алып жүрүшкө аракет кыл, анткени алардын жаштары ар кандай. Жан-дүйнөң жашыраак.

♦ ♦ ♦

Эмне кыла алабыз? Өмүрүңдү узартыш үчүн карылыкка төлөйбүз, карылык үчүн өлүмгө төлөйбүз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.