Бактыбек кызы Нурия: Туура жолду тандайын десеңиз… (№21 дилбаян)

“Ч. Айтматовдун мен окуган чыгармасы” сынагына Чыңгыз Айтматовдун кандай гана улуу жазуучу экендигин айтуунун кажети жок. Себеби ал жөн жазуучу болгондо чыгармалары 170тен ашык тилге которулуп, дүйнө жүзүнөн окурмандарды топтой алмак эмес. Мен Ч. Айтматовдун чыгармаларынан эмнени алдым, эмнени түшүндүм, ал нерселер жашоомо кандай кереги тийип жатат деген суроолорго жооп табууну чечтим. Албетте, ар бир окуган чыгармадан, китептен бир нерсени ала аласың. Балким, бакыт, сүйүү, рахат, же жашоого болгон башкача көз караш, тагыраагы жашоого канааттанып, алдыга максат коюп, ага жетүүгө […]

Лев Толстой: Козу карын жана эже-сиңди (конкурска №41)

АҢГЕМЕ Эки кыз козу карын көтөрүнүп, үйлөрүнө баратты. Алар темир жол аркылуу өтүшү керек болчу. Эже-сиңди от арабаны алыс жакта деп ойлошуп, шагылды тебелеп, темир жолдун үстү менен жол улашты. Капыстан машина гүүлдөдү. Кыздардын улуусу артка качып, кичүүсү жол аркылуу  чуркап өттү. Эжеси: — Арт жакка баспа! — деп тынчсызданып, сиңдисине үн катты. Бирок, катуу келаткан от араба өтө жакындап калган болучу.  Кичинекей кыз анын ышкырыгына көңүл бурган да жок: ал “артка качууга буйрук берип жатышат окшойт”- деп ойлоду. Темир […]

Михаил Зощенко: Сүйүү

АҢГЕМЕ Оюн-зоок кечеси абдан кеч бүттү. Төшүндө алып баруучунун банты тагылган, чарчап, тердеп алган Вася Чесноков Машеньканын алдына туруп алып суранып жатты: — Күтө туруңузчу жаркыным… Биринчи трамвайга чейин күтө туруңузчу. Алда кудай ай, деги кайда барасыз, эми жөн эле… Бул жерде отуруп күтүп турса  болот, эмне кылам десеңиз да ыңгайлуу жер… а сиз кетем деп… Ой кокуй ой, биринчи трамвайга чейин күтө эле турсаңыз. Мына, сиз да тердеп турасыз, мен дагы… Ушул суукта тышка чыкканда ооруп калышыбыз мүмкүн да. […]

Топчугүл Шайдуллаева: Күйөөм – күйөөрүмбү, аялым – айаарымбы…

АҢГЕМЕ Таң атпай айылдын үстүңкү көчөсүндө топурактан курулган тамын шыбап жаткан жигитке бир досу келди да учурашпай туруп, бөтөлкөсүн койнунан сууруп чыкты. «Ай, уста, бир баш жазбайлыбы» деген ал жооп күтпөй эле тамаркада өсүп турган помидор менен пияздан үзүп, закүскө даярдап кирди. Жумушу чачынан көп уста эмне дээрин билбеди. Арак деле артынан кууп иччү эмес. Анын үстүнө кечке бул шыбак дегенин бүтүп салбаса, эртең жыгач иштери башталат. Баткактан да тажады. Арагын ыстаканга бөлө куйган досу аны күтүп туруп калды. Бу […]