Мазарбекова Алия: Табият жана адам (№22 дилбаян)

“Ч. Айтматовдун мен окуган чыгармасы” сынагына Экологиялык көйгөй бул бири-бирине көз каранды, жалпы жана локалдык, улуттук кызыкчылыктарды бириктирген өтө татаал система. Экологиялык коопсуздук бул курчап турган айлана-чөйрөнү эле коргоо эмес, жалпы элибиздин саламаттыгынын коопсуздугу эмеспи! Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романы – планетанын башына түшкөн ошол глобалдык мүшкүлдөрдү, өтө кыйын экологиялык кырдаалды, айрыкча адам ыманынын экологиясын талдаган, азыркы адам менен табигый дүйнөнүн ортосундагы улам тереңдеп бараткан жараканы, карама-каршылыктарды ачып көрсөткөн албан чыгарма болду. Романдын көтөргөн жүгү алда канча салмактуу, философиялык өрүшү кенен […]

Авар жомогу: Арстан, карышкыр жана түлкү

Бир күнү түлкү менен карышкыр кетип баратат.  Алдынан арыстан чыгып, тигилерге айтат: – Келгиле, дос бололу, үчөөлөп бирге аңчылык кылалы, тапканыбызды тең бөлөлү. Карышкыр ойлойт: «Кандай жолдуумун! Арыстан төрөнүн өзү менен достошом! Бирге аңчылык кылабыз! Акыры ачка калбайт экем, андайдан кутулдум! Анан айтат: – Сени менен достошуп, бирге аңчылык кылганга өтө кубанычта болом, урматтуу арстан! Түлкү ойлонот: «Арыстан төрө менен бирге аңчылык?.. Жо-ок, мындай достуктан оомат болбос». Карышкырга акырын шыбырайт: – Күчтүү менен алсыздын достугу алсызга пайда алып келбейт. Кереги […]

Саул Абрамзон: Кыргыздардын үй тиричилик жумуштары жана башка кесипчиликтери

Кыргыздын чарбачылыгында ар кыл үй тиричилик жумуштары кыйла маанилүү орунда турган, ал тиричиликтер мал чарбачылыктын продуктыларын иштетүү менен байланышкан. Эркектер жазында жана күзүндө кырккан койлордун жүнүнөн аялдары ийик менен жип ийришкен. Алар өрмөктө ошол жиптерден таарлардын түркүндөрүн токуп кементай, чепкен, чапан, шым, кап, куржун, ошондой эле боз үйдүн эмеректерин, жипшуруларды даярдашкан. Кыргыздардын өрмөгү өзүнүн түзүлүшү, жалпы белгилери жагынан коңшу, Орто Азиянын мурдагы көчмөн элдериникине окшош. Кой жүнү килем (түштүк кыргыздарында) жана боз үйдүн жабдуулары, кийиз жасоо үчүн да пайдаланылган. Ошол […]

Олжобай Шакир: Адам болбой калдык

Чычалаба, кыргыз! Чындык ушундай. Балдарыбыз «келечекте президент болом» десе, «депутат, министр болом» десе, «кой, айланайын, адам эле бол» деген кыргыз барбы? Таппайсың. Кайра «жаштын тилегин берет» деп, бешиктен бели чыга элек кезинен көчөт балдарыбызды мансапкорлукка шыктандырган калк экенибиз жалганбы?! Кезинде ойчул жазуучубуз Кубатбек Жусубалиев «кыргыз акындары адам болбой туруп акын болуп алышкан» десе, а бүгүн адам болбой туруп ажолукка аттангандары канча? Ажо болгондору да канча?! Депутаттыкка, министрликке жеткендери канча?! Адам сыягынан айрылгандын көбү бийлик тобундагылардын арасында жүрү. Коомдун эң абийирсиз […]

Поэзия: «РухЭштин» адабий антологиясынан

ЭРКЕМ (Акын сиңдиме) «Жаша! — дедиң… — Бир жаныңды кубантып… Жаркылдап бир ыр кечеге кел!», — дедиң… Эркем, менин тоодон аша чабылган, Толкунумдун күүсүн угуп, чарчабай, Мени оюңда канча жолу термедиң?.. «Шаан-шөкөт да аралашсын жашооңо, Көз кубанткан көйнөк кийип кел!» — дедиң… Бу асмандын очогунда от дуулдап, Билбей калдым жайдын кирип келгенин. …Мени оюңда канча жолу термедиң? «Турмушка бир, китепке бир, ырга бир коробогун! Ташта аларды, кел!» — дедиң… Корогондон коркпойм, эркем… а балким, мен селт дечү коркунучтар калган жок. […]

Ишенбай Мансуров: Абышка жана табийгат

АҢГЕМЕ “Адамды жок кылып коюуга болот. бирок жеңүүгө болбойт”. Эрнест Хемингуэй Абышка боз үйдөн чыгып, Кенес-Анархайдын учу-кыйрына көз жетпеген жайык талааларына карап турду. Кардын калыңдыгына карабастан күндөгүгө караганда аба ырайы бир кыйла жылуу болчу. Түндүк тараптан ызылдап уруп турчу муздак шамалдын куйругун күндүн илеби керткен сыяктанат. Чилде чыкпай жатып Кенес-Анархайдын минтип жибий түшүшү көптү көргөн абышканы кубантпады. «Согуш аралыгындагы тынчтыкка окшогон ушул бейкуттук койдун муунун бошотпос бекен?» Абышка сөксөөлдөн каланып жасалган короо тарапка басты. Анда колхоздун борбордук сарайына алып барып […]