Кыргыздын чарбачылыгында ар кыл үй тиричилик жумуштары кыйла маанилүү орунда турган, ал тиричиликтер мал чарбачылыктын продуктыларын иштетүү менен байланышкан. Эркектер жазында жана күзүндө кырккан койлордун жүнүнөн аялдары ийик менен жип ийришкен.

Алар өрмөктө ошол жиптерден таарлардын түркүндөрүн токуп кементай, чепкен, чапан, шым, кап, куржун, ошондой эле боз үйдүн эмеректерин, жипшуруларды даярдашкан. Кыргыздардын өрмөгү өзүнүн түзүлүшү, жалпы белгилери жагынан коңшу, Орто Азиянын мурдагы көчмөн элдериникине окшош.

Кой жүнү килем (түштүк кыргыздарында) жана боз үйдүн жабдуулары, кийиз жасоо үчүн да пайдаланылган. Ошол эле жүндөн шырдак, ала кийиз, чепкен, кементай, калпак, чокой, кийиз байпак, ар түрдүү ээр токум буюмдарын жасоо үчүн кийиз басышкан. Төөнүн жүнүн кийим-кечек тигүүгө, эчкинин жана топоздун жүнүн аркан эшүү үчүн пайдаланышкан. Койдун терисинен тон, шым, тебетей, көлдөлөң жасашкан. Терини туз кошулган айран менен ашатышып, андан кийин челдешкен.

Эчкинин терисинен чанач жасашкан. Кыргыздарда жана казактарда терини иштетүүнүн жалпы көп жолдору бар. Кара малдын, жылкынын жана төөнүн терилери бут кийим жана ар кандай типтеги идиш-аяктарды жасоого жумшалган. Териден үй эмеректеринин көп түрлөрү да даярдалган, бөтөнчө жылкынын териси кеңири колдонулган. Тери идиштер жана саба жасалчу терилер, ошондой эле чаначтар атайын жасалган ыштыкта ышталган.

Ар бир үй-бүлөнүн керектөөлөрүн канааттандыруучу жана дээрлик бүт бойдон аялдарга жүктөлгөн үй тиричилик жумуштарынын катарына чий токууну да кошо кетүү зарыл.

Кедей жана орто чарбаларда үй тиричилик жумуштарында үй-бүлө мүчөлөрү гана иштеген; бай чарбалар үй жумуштарында иштетүү үчүн өзүлөрүнө көз каранды кедей туугандарын тартышкан.

Жыгач иштетүү негизинен боз үйдүн кереге, ууктарын, бешик, ээр, айырмач, ыңырчак, анча-мынчалар идиш-аяк жана үй-эмеректерин жасоодон турган. Кырма жыгач идиш-аякты жасоо үчүн жыгач усталар — кырманы, дүкөндү колдонушкан. Кээ бир усталар заказ боюнча иштеп, көп учурда заказчынын материалын пайдаланган, кол акысы көбүнчө натуралай түрдө төлөнгөн.

Металл иштетүү кыргыздарга эзелтеден эле белгилүү болгон. ЫсыкКөлдүн темир шлихталуу кумун кол көөрүктө эритүү жолу менен темир алышкан. Темир усталар андай темирден така, бычак, орок, жуушаң, кишен, балта, колунан көөр төгүлгөн чеберлери — курал жасашкан. Күмүш уста, зергерлер күмүштөн аялдардын жасалгаларын, эркектердин кур-кемерлерин, ат жабдыктарын жана көп учурда көркөмдүгү жагынан айырмаланып турган ушул сыяктуу буюмдарды жасашкан.

Кыргыз зергерлерине зергерчилик буюмдарын жасалгалоонун — оюу түшүрүү, карайтуу, күмүш, алтын менен буулоо, сиркелөө, согуу, ошондой эле калыптап чыгаруу жолдору белгилүү болгон.

Кол өнөрчүлүктүн кээ бир түрлөрү кыргыздарда муундан муунга өткөн. Укум-тукумунан бери темир усталык, зергерлик кылгандар, тегирмен ташын чеккендер болгон. Ошондой болсо да кыргыздарда кол өнөрчүлүк өнүгө алган эмес. Андай чебер усталар малчылык жана дыйканчылык кылуу ишин уланта беришкен.

Айрым жерлерде асыл таштардан ок куюучу калыптар, май чырактар, топчулар жасашкан. Памирдик кыргыздар хрусталь, яшма, уюган алтын өндүрүп, алардын баарын Кашкардын жана Жаркенттин базарларында сатышкан. Түштүк кыргыздар көмүр өчүрүшүп, аны Фергананын шаарларында соодалашкан.

*      *      *

Кыргызстанды Орусия өз курамына кошуп алгандан кийин, айыл чарба азыктарынын кээ бир түрлөрүн керектөө жогорулаганына байланыштуу, ошондой эле орус келгиндери менен карым-катыштын күчөшүнүн натыйжасында ар кайсы жерлерде кыргыздарда мурда учурабаган же кокусунан болуп келген кесиптер жана өнөрчүлүктөр пайда болгон. Балык уулоочулук, аарычылык, жибекчилик мына ошолордун катарына кирет.

Мурда кыргыздар Ысык-Көлдөн балык кармоо үчүн жөнөкөй дегээни, каптарды колдонушкан, өзөндөрдү бууп салышкан. Орус өнөр жайчыларына жалданышкан кээ бир кедей кыргыздар алардын балык кармоо ыктарын өздөштүрүп, балык кармоо шаймандарынан пайдаланышчу болгон. Бирок бул деле кандайдыр-бир деңгээлде өнүгө алган эмес. Ысык-Көлдөгү кыргыздардын айрым чарбалары орус келгин дыйкандарынан аары күтүүнүн жөн-жайын үйрөнүшкөн, бирок кыргыздын жарым көчмөндүк чарбачылыгынын бөтөнчөлүктөрүнөн улам балчылык деле ал чарбачылыкта кандайдыр-бир көрүнөөрлүк роль ойногон эмес.

Түштүк кыргыздардын бир бөлүгү дыйканчылык менен катар жибекчиликти кесип кылышкан, жибек курттарын багуу бүт бойдон аялдардын мойнунда болгон.

*      *      *

Кыргыздар коңшу өлкөлөр менен эзелтеден бери эле айырбашташуу соодасын кызуу жүргүзүп келген. Соодагерлер аларга Ферганадан жана Кашкардан пахтадан жана чала жибектен жасалган кайыма чепкендерди, жууркан-төшөктөрдү, топуларды, жоолуктарды, пахтадан токулган жана жибек кездемелерди алып келишүүчү. Пиязи жана пахтадан токулган кездемеден жасалган чепкендерди көп сатып алышкан. Ошол эле жактардан курал-жарак алып келишкен. Көпөстөр Кулжадан чай, тамеки, күрүч, жибек кездемелер жеткирип турушкан.

Кыргыздарга Орусияда чыгарылган товарлар да келип турган. Орусия менен соода-сатык кыргыздар орус букаралыгын алышкандан алда качан мурда эле жүргүзүлүп келген.

Орусиядан кездемелер, даяр булгаары, көбүнчө юфть, темир жана чоюн буюмдар, кооздук жасалгаларды алып келишкен. Бул товарларды кыргыз калкы көп сатып алышкан. Көпөстөр алып келген товарларын малга, териге, кийизге, булгаарыга, жүнгө, кунуга, кылга айырбаштап кетишкен.

Айырбаштоо убагында кой жалпы эквивалент ордуна жүргөн. Алып келинген көбүрөк баалуу нерселерди (мисалы, жибек кездемелерди, булгаары, күрүчтү) бай малчылар сатып алышкан.

Отурукташкан кошуна элдер менен соода-сатыктын жана айырбашташуунун бир аз өнүккөнүнө карабастан, XIX кылымда товар өндүрүшү кыргыз коомунда түйүлдүк абалда турган. Шаарлардын жана рыноктордун өтө аз экендигинин айынан малчылардын жана дыйкандардын басымдуу көпчүлүгүнүн чарбачылыгы негизинен натуралдык чарбачылык болгон. Ош жана Анжиян, Кашкар жана Жаркент сыяктуу экономикалык борборлорго жамаатташ аймактарда жашаган кыргыздарда абал башкача болгон. Ал жерлерде соода сатык мамилелеринин белгилүү даражада мааниси болгон.

XIX кылымдын аягында XX кылымдын башталышында Кыргызстанда экономикалык турмуш жандана баштаган. Мал жана мал чарба продуктыларын сатуу улам көбүрөк кеңейип, товар-акча мамилелери айылдарга кирип, кыргыздын натуралдуу чарбачылыгынын тиректерин акырындап копшута баштаган. Алмашуу соода-сатыгы акырындап акча соода-сатыгы менен алмаштырылып отурган.

Кыргыздардын чарбачылык уклады үчүн жарым көчмөндүк мал чарбачылыгында анын тоодо көчүп-конуп жүрүүчү бөтөнчө өзгөчөлүгүнүн басымдуулук кылышы мүнөздүү болгон, бул чарбачылыкта малды алыскы жайыттарда багуу системасы да бир топ роль ойногон. Малчылык чарбачылыгынын бул тибинен көбүрөк «нагыз» көчмөндүк тарабына да, ошондой эле отурукташуу багытына да болгон оош-кыйыштыктар байкалган, бирок отурукташуу көп учурда али кадыресе туруктуу мүнөздө болгон эмес.

Бул оош-кыйыштыктар кыргыз коомунун ар түрдүү катмарларында бирдей роль ойногон эмес. Буга карабастан, кыргыздардын арасында нагыз көчмөн да, ошондой эле нагыз отурукташкан да чарбалардын (отурукташкан чарбалардын саны мындан 80—100 жыл мурдараак гана акырындап көбөйө баштаган) кандайдыр-бир олуттуу топтору болгон эмес же дээрлик болгон эмес деп эсептөөгө болот.

Кыргыздардын чарбачылыгы жалпы жонунан комплекстүү мүнөздө болгон. Дыйканчылык — малчылыктан кийин, дээрлик бардык жерде экинчи орунда турган. Тоолуу көп аймактар үчүн «көчүп-конуп жүрүп» дыйканчылык кылуунун өзүнчө бир белгилери мүнөздүү болгон. Кыргыздардын дыйканчылыгында Борбор Азиядагы байыркы дыйканчылыктын кээ бир элементтери менен Орто Азиядагы отурукташкан дыйкан чарбачылыгынын бай традициялары үндөшкөн деп ойлоого негиздер бар.

Ирригациялык чарбачылык салыштырмалуу өнүгүү деңгээлине жетип, анда сугат дыйканчылыгынын байыркы ыктары тигил же бул даражада колдонулган.

Акырында кыргыздардын чарбачылык укладында үй тиричилик жумуштары жана кол өнөрчүлүк менен катар аңчылык кылуу да белгилүү роль ойногон, ал аңчылыкта анын байыркы белгилери (чогулуп алып ууга чыгуу, бүркүт куш салуу) таасын көрүнүп турат.

Кыргыздардын чарбачылык укладын иликтеп-изилдөө кийинки кездерге чейин алга аз эле илгериледи, кыргыздардын чарбачылыгынын тарыхынын маанилүү кээ бир жактары, бөтөнчө малчылык жана дыйканчылык чындыгында жетишсиз же өтө начар изилденген бойдон калган. М. Т. Айтбаевдин эмгектеринде малчылыкты жана дыйканчылыкты сүрөттөөдө олуттуу кемчиликтер бар, көп сандаган так эместиктер учурайт. Биздин күндөрүбүздө Кыргызстандын этнографтары кыргыз малчылыгын жана дыйканчылыгын кеңири изилдөөгө киришишти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.