Ооган жомогу: Сараң киши дайыма чыгаша тартат

Бир күнү сараң киши нан менен бал жеп аткан экен. Көчөдөн өтүп бараткан киши учурашып калды.  Анын кирип келатканын көрүп, нанын шашып ката койду. Балды алып койгончо киши кирип калды. «Эчтеке эмес, – деп ойлоду сараң, – ал  балдын баарын жалгыз жей алмак беле». Келген кишиге айтат: – Кел, балдан же, жактырсаң. – Макул, – деп жооп берет конок, – бал деген жакшы нерсе да. Аябай даамын мактап, балдан сугунуп жей баштады. – Ооба, – дейт сараң, – чындыгында даамы […]

Лев Толстой: Чоң ата менен небере (конкурска №42)

АҢГЕМЕ Абышка аябай карыды. Кулагы укпай, көзү көрбөй, буту басууга жарабады. Тиши да калган жок. Жеген оокаты сиңбей, оозунан ылдый куюлат. Уулу менен келини тамактанганы аны столго бирге олтургузбай, мештин артына жайгаштырып, тамак бергенге өтүштү. Бир курдай оокатты кесеге куюп беришти. Абышка  ары жылдыргысы келип, аякты колунан түшүрүп сындырып алды. Келини карыяны  урушуп, “үйдү булгады, кесени  сындырды” деп сүйлөндү да, мындан ары ага түшкү оокатты жыгач табакка куюп берерин кыйытты. Абышка үшкүрүнгөнү менен эчтеке дей албады. Күйөөсү менен аялы үйүндө […]

Аскаралы Ражабалиев: Куру кайткан жуучу

АҢГЕМЕ «Тойота» зымырык куштай учат, кууш асфальт жолдо. Бет маңдайдан келаткан автомашиналар муну көрүп, тооктой пыса жол четине чыгат, ылдамдыктарын басаңдата. Ысык күндө жолдун бети эрип, дөңгөлөктөр гыжгыж-гыж… Машина мизилдеп жапжаңы. Салону көз жоосун алып, отургучтары мамык. Алакандай телевизордо жаагын жана ырдап атат чет элдик кайсыл бир ырчы. Жашы кырктардан аша жаздап калган айдоочу жасана кийинип кычырайт. Оң колу рулда, сол колу менен суйдаң чачын сылагылайт. Жол ката өзүнө кол көтөргөндөрдүн бирине токтобой, зуу-зуу. Жарганаттын канатындай мойлоосунун эки учу күлмүңдөп […]

Райкан Шүкүрбеков: Жолборс менен айгыр

(Болгон окуя) Бул окуя 1952-жылы Ой-Кайыңда болду. Ой-Кайың Таластагы атактуу жайлоолордун бири. Ой-Кайыңга башынан мөңгү кетпеген, азыраак ачылып, көбүрөк түнөрүп туруучу түз ашуу, Карагыр ашууларын ашып барып жайлайт. Ал ашууларды ашаарда ыктоого конуп, эртеси күнү таңга маал көчүп, шашкеге калбай наркы багытына ооп кетпесе, ашуу мүмкүн эмес. Түз ашуунун белинде Бурана өңдүү бийик чочокой таш бар. Ал кантип, качан пайда болгонун эч ким билбейт. Өткөн, кеткен жолоочулар жаратылыштын кубулушуна таңдануу менен карап тим болот, чындыгында ага таңдана карап да көпкө […]

Бакытбек кызы Перизат: Көөдөнүң жарды болбосун (№23 дилбаян)

“Ч. Айтматовдун мен окуган чыгармасы” сынагына Чыңгыз Айтматовдун мен окуган ар бир чыгармасы кан тамырымды аралап, башкача бир чексиз ааламга жетелейт. Окуп жаткан чыгармаңдын аягына чыккыча ашыгып, окуяга аралашасың. Андагы каармандар менен кошо жашап, алсызына, муктажына жан тартып, кошо кейийсиң. Окуп бүткөндөн кийин да, каармандарга сарсанаа болуп, мазмунунун тегерегинде ойлонуп-толгоносуң. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы кыргыз элинин гана жүрөгүндө жашабастан, дүйнө элинин жүрөгүн ойготуп келет. Ошондуктан, тамшанып, Чыңгыздын тарбия алган эли, өскөн жери кайсы, кандай деп баам салып байкап келишүүдө. Чыңгыз Айтматовдун […]

Бейшебай Усубалиев: Бешик, же дил акыны

ЭССЕ Азыркыларды билбейм, биз баарыбыз эле бешикте чоңойдук. Андыктан биздин үнүбүз чыкканда, апабыз чуркап келип, колун бешикке тийгизер замат, ушуну эле күтүп жаткансып тып басылган чыгарбыз, анан акырын жай терметип киргенде, магдырап уйкуга кеткендирбиз. Азыр мен ушинтип элестетем. Бирок рух бешигимди жакшы эле билем. Ал кичинекей кезимде  бирде көзүмдү бакырайтып, бирде коркконумдан бүрүшүп уккан жомокторум, кийин өзүнчө эле бир ажайып дүйнөгө ээрчитип кеткен окуган китептерим эле. Ошол рух бешигимдин  бири Гүлсайра эженин чыгармалары болчу, мен анын рух бешигине канча жашымдан […]