АҢГЕМЕ

«Тойота» зымырык куштай учат, кууш асфальт жолдо. Бет маңдайдан келаткан автомашиналар муну көрүп, тооктой пыса жол четине чыгат, ылдамдыктарын басаңдата. Ысык күндө жолдун бети эрип, дөңгөлөктөр гыжгыж-гыж… Машина мизилдеп жапжаңы. Салону көз жоосун алып, отургучтары мамык. Алакандай телевизордо жаагын жана ырдап атат чет элдик кайсыл бир ырчы.

Жашы кырктардан аша жаздап калган айдоочу жасана кийинип кычырайт. Оң колу рулда, сол колу менен суйдаң чачын сылагылайт. Жол ката өзүнө кол көтөргөндөрдүн бирине токтобой, зуу-зуу. Жарганаттын канатындай мойлоосунун эки учу күлмүңдөп турган эки ууртун жаап, чала жумулган эрдинин жылчыгынан кашкаят алтын тиштери.

Узун айылдан кыйла узай бергенде, жол четинде колун өжөрдөнө көтөргөн кызды көрдү. «Тайотанын» дөңгөлөгү «чы-ы-йк!» тайып барып, кыздын бут алдына токтоду. Арткы эшикти кыйгач ачкан сулууча келген жапжаш кыз коруна сурады:

— Аке, каякка барасыз?

— Айдаркенге.

— Мени Кадамжайга чейин ала кетиңизчи, кечигип кала тургандаймын.

— Отур.

Айдоочу көп учурда жолоочуларды отургузарын отургузуп алып, куйсала чыйт түкүрчү. Мунусу машинесин алардан кызганып, аяган кылыгы эле. Антпеди бу сапар «Тайотасына» гиластай мөлтүрөгөн жапжаш кыз отурбадыбы!

Өзүнчө ичинен кымылдап, сүйүнүп алды ал. «Ай-ий! Жүзүмдөй кыз экен!..» Кашылап койду чыкыйын. Ырсая артына кылчайды. Селкинин буттары түптүз, балтырлары балыктай. Бир тутам тоо гүлүндөй аруу! Баланыкындай туптунук көздөрү жоодурайт. Кош алма мисал көкүрөгүнүн учтуу үрпү тикчиет! Кыз ийменип, тизелерин кысып, бүрүшө түштү айдоочунун сугалак көздөрү көздөрүнө урунганда. Напси бузулду айдоочунун. Сол колу менен рулду кармап, оң колун артына узата, кыздын санын мыкчыды: «Улагым!»

— А-а-ай! Тартыңыз колуңузду!

Мындайды күтпөгөн кыздын оозуна келди жүрөгү.

— Елик-кыз! Коркпо-о! — жылмайды мыйыгынан.

— Токтотуңуз, машинаны!

— Ой! Не болуп кетти?

— Түшөм.

— Ээн талаа, эрме чөлдөбү? — ал дагы колун артына сунду. Кыз отургучтун бурчуна чегине тыгылды…

— А мейлиге, ананыраак… Өзүңө келип ал!..

Жапжаш кыздын санына тийген колун эрдине тийгизди айдоочу. «Ө-өх! Бал татыйт!» Эреркип кетти, жүрөгү элжиреп. Газды басты. Жүз сексенге жетти ылдамдыкты көрсөткүч жебенин учу. Машинанын октой учуп, чайпала калтаңдап баратканынан чочулаган кыз чылк жумуп алды көздөрүн.

— Аке, секинирээк айдаңыз!

— Бул араба эмес. Секин айдаганга болбойт, чоң кыз! Учуруш керек!

Ал мойнун артка буруп, ыржайды. Кыз бурчка тыгылды үч бүктөлө. — Апа-а-а.

«Кы-ы-ыйк!» эте асфальт бетинде балону тайылган «Тайота» жол четиндеги арыктын кырына жетип заманасы куурулуп кетти. Машинасынын алдыңкы капотунда аял жатты, тыбырчылап. Аял жерге суюлуп түшүп калды. Машинанын капоту кан. Асфальт бети кан. Аял чалкасынан сулк жатат, чачтары бетин жаап. Калчылдап, ыйлап алган кыз:

— Аке, машинаңызга тез салыңыз, дуктурга алып барайык!

— Жаны чыгып бүтүптүр. Кайдагы дуктур. — Айдоочу машинасын от алдырды да, газды кескин басты. «Тайота» азоо аттай алдыга жулкунду.

— Таштап кетебизби, аке?

— Өлгөн немени каякка алып барабыз, балээсине калып. Эч ким көрбөдү, көздөн кайым болгонубуз жакшы эмеспи.

— Андай кылбаңыз шордууну, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып!

— Жөн кет! Сен да ошондой болуп жүрбө! Тим койсо! — Айдоочу жаалы келип, акырая тиктеди кызды.

Кыз ичинен ыйлап, бышактап ооз ачпады. «Тайота» зуу-зуу… Кирип келди Кадамжайга.

Чоң көпүрөөгө жете берерде кыз эрдин кыбыратты.

— Токтотуп коюңуз!

— Ушергеби?

— Кепүрөгө жетпей.

«Тайота» эки жолу булкунуп барып токтоду. Артына кылчайды айдоочу. Жүзүндө ныпымдай өзгөрүү, тынчсызданган белги жок.

— Төө көрдүңбү — жок. Бээ көрдүңбү — жок. Кокус шыбырт эле чыкса, сени жер түбүнөн издеп таап, жайлап кетем! Уктуңбу?

Машинадан тезирээк түшө качкысы келип турган кыз баш ийкеди. Көздөрүнөн аккан жаш ээгине куюлуп, денесин кара тер басып, тизелери калчылдайт.

— Мен айтканды түшүндүңбү?!

— Ы-ы… — Кыйылып жооп катты кыз.

— Кана, көзүмө карачы!

Кыз акыркы ирет айдоочунун көзүнө тигилди. Канталап турган көздөрдү, заарканган бетти көргөн бечара:

— Айтпаймын, эч кимге, аке! — деп жиберди.

— Кете бер!

Буттарынын калчылдаганы токтобой койгон кыз түшүп-түшпөй, машина «гау-у!» эте ордунан учуп жөнөдү.

Кыз ооруканага түштү эртеси. Ысытмасы түшпөй, денеси от менен жалын. Көз алдынан капот үстүндө сулк жаткан аял кетпей койду. Ысытмасы ансайын жогорулап, ата-энесинин эси кетти. Уйку-соодо кыңкыстап, тили күрмөөгө келбей булдуруктайт. Кез-кез «Тайота» ээси анын санын мыжыгат уйжу-соо арасында.

«— А-а! Коё бериңиз!»

Үч күн дегенде өзүнө келди ал. Көзүн ачса сүйлөшүп жүргөн жигити отурат кровать кырында.

— Жаным!…

Ашыгынын колун кармады жигит. Жооп кыла секин кысты кыз.

— Не болду сага?

— Билбейм. Ооруп калдым…

Төрт күн мурда жолдо болгон окуяны айтып берди жигитине.

— Сволоч, ыймансыз экен! Өзү түртүп алып, ооруканага жеткирбей качтыбы? Жүзү кара! Сага тийишкен айбанды!.. Мен… Башын жарам! — Муштумун түйдү жигит.

— Ооруканадан чыккын, ал шүмшүктү издеп табабыз!

*     *     *

Айдоочу короо-жайын тазалап, дубалдарды актап, эшик, терезелерди сырдай баштады. Усталарга баарын шашпай бүтүрттү. Аялы экөө мулуюшуп, корстон.

— А-а, чалым, буюрса келин жумшайт экемин да, колум узарып!

— Шондой, байбиче, кыркка жетпей кайын эне болуп, келин жумшоо бардык аялдардын бактысына туш келбейт.

— Ушуга шүгүр кылам. Эми уулум өзү каалап жүргөн кыздын башын байлап, кудаалашып келсеңиздер эле, тойду тездетебиз!

— Ал жагынан кам санаба, байбиче. Бүрсүгүнү эки акам менен кыздын үйүнө жуучу түшүп барабыз.

— О-о, жакшы болот! — Аял сүйүнгөнүнөн күйөөсүнүн жарганаттын канатындай мойлоосунун учуна эрдин тийгизе сүйүп койду.

— О, көгүчкөнүм ушу кылыгың жанды эритет! — Айдоочу аялын мойнунан кучактап, төшүн жалагылады. — Сендей ширин аял жок ааламда!

— Уулубуз ушу күнгө чейин сүйлөшкөн кызынын каяктан, кимдин кызы экенин айтпай жүрүп эми гана четин чыгарыптыр да.

— Манабы эле Көк-Талаа айылынан экен. Жакындыгын айтсаңыз!

Үч күндөн кийин айдоочу эки аксакал агалары менен кыздын үйүнө жуучулукка келишти. Кыздын ата-энеси келечектеги кудаларын чоң даярдык менен, ынтызарлана тосуп алышты. Багылган кой союлуп, дасторкон жыкжыйма, чычкандын мурду батаар жай табылбайт. Дүйүм тамак, жашылча-жемиш желип, чай ичилип, «беркиден» да дене кызыгыдай серп этишти.

— Э-э тууган! Айып этпейсиз. Кызы бар үйгө жуучу келиши салт экен. Ушинтип кызыңыздын колун сурап келип калдык! — Бак этти «беркинин» күчүнөн шердене түшкөн айдоочу. — Эки бала табышып калышканынан…

— Энди буюрганы шол. Болуп келген, боло берет жакшылык иш. — Сөзгө кошулду айдоочунун чоң абасы.

Кыздын атасы адеп сактап, башын гана ийкеп отурат азырынча.

— Кызыңыздар быйыл окууну бүтөбү?

— Бүтүп келди.

— Анделе жакшы болуптур, тойду тездетебиз куда кааласа! — деди үчүнчү эркек.

Эт тартылардын алдында коноктор шамалдап, жеген-ичкендерин кичине ылдыйга түшүрүп, кийинкисине орун бошотмокко короого чыгышты.

Кыз тыным албай ары-бери жүгүрүп, апасынын оң да, сол да колу болуп, кызмат кылып жүрдү. Эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигити менен бир жаздыкка баш коёр күндүн жакындап келатканын ойлоп, ичинен сүйүнүп алган. Ушу көз ирмемде кызды «Жигитимдин атасы кандай адам экен?» деген кызыгуу арбады.

Ал секи-ин веренданын терезе пардасын кыя ачты. Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Ал жарганаттын канатындай мойлоосу бар айдоочуга көзү түшкөндө, селт эте түштү. «Ошолбу?!». Сигаретин чычайта кармап алган эркек кудум айдоочунун өзү экенин жазбай тааныды. Көргөн көзүнө ишенип-ишенбей, парда жылчыгынан дагы карады. Өп-өзү айдоочунун! Жарганаттын канатындай мойлоосу эки ууртун жаап, оозу жык алтын тиштери кашкаят. Жүрөгү түрсүлдөп чыккан кыз ашканада түйшөлүп жүргөн апасына жетип барды:

— Апа! Бул кишиге келин болбоймун!

Чочуй түшкөн апасы:

— Не болду сага? Өзүң айтпадың беле сүйлөшүп жүрөм, тийсем ошого тием, башкага убара болбогула деп?

— Эми болбойт! Убара болбогула!

— Ушундайсың да, бизди уят кылып!

— Болбойт дедимби, болбойт!

Чый-пыйы чыгып, бышактап жиберди кыз.

— Анда атаңды чакырайын.

Атасы кирди ашканага, эчтемеден бейкапар.

— Кулагым сенде, байбиче.

— Кызыңыз бул кишиге келин болбоймун деп ыйлап атат.

Эч нерсеге түшүнө бербеген атасы:

— Кызым анын уулу менен көптөн бери сүйлөшүп жүрөт дебедиңби? Силер аялдар, акмак кыласыңар эркектерди!

Эрди-катын адегенде кер-мур айтышып, акыры бир бүтүмгө келгенче ашканада көпкө кармалышты. Жуучулар кыйла убакыт өздөрү отурушту чоң бөлмөдө. Акыры алардын алдына кирди кыздын атасы. Эт тартылып, бешбармак желди. Сүт эмген бөбөктөй беттери кызарып чыккан жуучу эркектер огеле мантайышат.

— Эми эки жаш бактылуу болсун. Дуба кылалы, — деди үч жуучунун улуусу.

— Токтоңуздар! Дубага шашылбаңыздар! Кызыбыз көнбөй атат! — деди үй ээси.

Жүздөрү мостоё, көздөрү чекчейе түштү үчөөнүн.

— Куда, не деп атасыз? — суроо катты мойлоосу чычая түшкөн айдоочу.

— Билбеймин. Кызым эле… — Үй ээси ыңгайсыздана жер карады.

— Ошондой, сизге келин болбоймун! — деди коноктордун үстүнө шып эте кирип келген кыз, айдоочуну качыра тиктеп.. — Уктуңузбу? Сизге келин болбоймун!

Айдоочунун чачтарынын астына чейин чымырап, кирерге тешик таппай калды. Башы шылкыйып, сынып отурду. Өмүрүндө эч кимден ушу жапжаш кыздан сынганчалык сынбаган. Башын ийкеди айдоочу тигилерге:

— Турдук!

Буту-бутуна тийбей, тезирээк «Тайотасына» жетүүгө шашылды куда түшкөнү жуучулукка келген ата. Короздон качкан мекияндай пыса короого чыкты айдоочу. Буттары чатышып, эки-үч жолу мүдүрүлүп алды. «Тойотосуна» чейинки аралык кылымдык узак жолдой туюлду ушу чакта айдоочу үчүн. Үй ээсине сүйлөөгө чамасы жетпей, көздөрү тунарып, жыгылып кала жаздап, араң жетти машинеге. «Тайота» октой атырылып, заматта айыл ичинен суурула чыгып, Айдаркенге сызды.

Кыз өз бөлмөсүнө кирип алып, ичи-ичинен эзилип узак ыйлады. Анан суз гана жигитине телефон какты.

— Экөөбүздүн ырыбыз бүттү. Мени түбөлүк унут! — Соткасын өчүрүп койду.

Жигит кайра-кайра чалды: чыр-р… чыр-р-р… чыр-рр-р…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.