“Ч. Айтматовдун мен окуган чыгармасы” сынагына

Чыңгыз Айтматовдун мен окуган ар бир чыгармасы кан тамырымды аралап, башкача бир чексиз ааламга жетелейт. Окуп жаткан чыгармаңдын аягына чыккыча ашыгып, окуяга аралашасың. Андагы каармандар менен кошо жашап, алсызына, муктажына жан тартып, кошо кейийсиң. Окуп бүткөндөн кийин да, каармандарга сарсанаа болуп, мазмунунун тегерегинде ойлонуп-толгоносуң.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы кыргыз элинин гана жүрөгүндө жашабастан, дүйнө элинин жүрөгүн ойготуп келет. Ошондуктан, тамшанып, Чыңгыздын тарбия алган эли, өскөн жери кайсы, кандай деп баам салып байкап келишүүдө.

Чыңгыз Айтматовдун мен окуган чыгармасы – «Бетме-бет» повести.

Бул чыгарма 1957-жылы Ала-Тоо журналынын номер алтынчы санына «Бетме-бет келгенде» деген ат менен жарыяланат. Айтматов бул чыгармасында адамдарга тиешелүү оң-терс сапаттарды жана сүйүүдөн да, байлыктан да адамгерчилик кайталангыс улуу сапат экенин айдан ачык чагылдырган. Улуу ойчулдар айткан «Кийимге, оокатка жарды болсоң бол, эч качан көөдөнүңдүн жарды болушуна жол бербе» деген ураан окурмандын жүрөгүнө кыт куйгандай орнойт.

Жазуучу согуш мезгилиндеги элдин оор турмушун жана согуштан качып, өз кара башын ойлогон Ысмайылдын жана ага окшогон уурулардын жашоосу менен катар, ички дүйнөсүн кенен ачып берген. Чыңгыз Айтматов кан кечкен улуу согушка барып салгылашпаса да, ошол учурдагы колхоз, совхоздо эмгектенген адамдардын башына келген кыйынчылыкты, оор күндөрдү өз башынан өткөрүп, каардуу согуштун ачуусун жон териси менен сезген. Өспүрүм курагында өзү ошол оор түйшүктү тартып, кара кагаз таратып жүрүп, жетим-жесирлердин ый-муңуна, күтүүсүнө күбө болгон. «Жер жарылса, акындын жүрөгү менен өтөт» дегендей, Чыңгыздын чыгармаларынын курчушуна ошондогу элдин жашоосу түрткү берип, жүрөгүн уялап, шык-жөндөмү ойгонот. Ошону менен катар тылда эмгектенген адамдардын көргөн турмушунан болочоктогу каармандарын тапкан жана аларга ошол учурда кандай көз караш менен карагандыгы, аларга болгон боорукерлик сезими, аёосу чыгармасы аркылуу бизге жетти. Дээрлик көпчүлүк чыгармасында согуш мезгилиндеги карапайым элдин жашоо-турмушун караңгыда жарык берген ай сыяктуу жогорку деңгээлде ачып берди. Ар бир чыгармасын окуган окурмандын жашоого болгон көз карашы өзгөрүп, дүйнө таанымы өсөт.

«Бетме-бет» повестинде дагы кан күйгөн апааттуу согуш мезгилиндеги өз кара башын ойлогон Ысмайылды жана атасы согушта каза болгон Тотуйдун төрт жетим баласынын образы аркылуу көптөгөн атасыз калган балдардын, качкындардын тарткан азап-тозогун бере алган.

«Ууру аягы кууш» дегендей эле Ысмайыл да айылына түн жамынып келип, уурданып үйүнө келгенде, Сейде алгач сүйүнгөн. Бирок анын Ата Мекенине чыккынчылык кылганын сезип-туйганда бир аз ирээнжип, бирок ага аргасыздан жардам берип турат. Тамак-ашын ташып жатып, өзү да чүнчүп, кишилерге аралашпай калат. Сейденин Ысмайылды жашыруусу өтө оор болгон. Баардыгын кечип чуркап кеткиси келет. Мекен үчүн өзү гана чыккынчы болбостон, үй-бүлөсүн да ыңгайсыз абалга алып келет. Күйөөсүнүн келгенин жашырган Сейде өзүн-өзү элден бөлүп, «эч ким билбесе экен» деген ой санаага чөмүлөт. Тылдагы элдин ынтымагы, биримдиги, тамак-ашка жетпегендиги ал турсун, атасын зарлап күткөн балдардын көз жашы, энелердин тилеги Ысмайыл үчүн бир тыйынга да арзыбай өз көмөчүнө гүл тартып, жетимдердин үмүт менен «ак ичебиз» деп уюнун туушун күткөн үмүт-тилегин таш каптырып, уйду уурдап кетиши, бүткүл эл кечире алгыс чоң күнөө экендигин баса белгилеп жазгандай. Бул кылыгына Сейденин да жаны ачып, «Ушул жетимдердин кешигине кол салгандан көрө, өзүбүздүн кунаажынды союп алсаң болбойт беле?» деген сөз да ага анча деле таасир бербейт. Убакыт өткөн сайын Сейде Ысмайылдын кылык-жоругуна, өз Ата Мекенине кылган чыккынчылыгына, «заманаң бөрү болсо бөрү бол» деген уурулугуна, «меники жүрүп турсун, сеники туруп турсун» деген кайдыгерлигине, эртеңкисин ойлобогон абийрсиздигине капа болуп, бир түндө ой баскандан чачы куудай агарган аялдын кейпин киет. Баласын жоокер деп сыймыктанган апасынын ыраазычылыгын албастан, апасынын көзү өткөн кезде да, колун кармап ыраазычылыгын албай, жакын туруп алыс болуп, өз колу менен топурак сала албагандыгы жараткан тарабынан берилген жазадай туюлат. Ысмайылдын баардык жорук-жосунуна чыдаган Сейде жетимдердин ырыскысы болгон уйду сойгондо, жан дүйнөсү аңтарылып издеп жүргөн аскер адамдарды өзү менен ээрчитип барып, Ысмайылды салып берет. Сейде Ысмайылга ушул жерден бетме-бет келип, аны жалганчы, ууру, качкын, мекенинин, элдин душманы катары карап, аны эч качан кечире албастыгын көз караш менен билдирип, мекенине кыянаттык кылган адам менен коштошот. Ушул учурда Ысмайылга Сейде эле эмес, бүт элге кошулуп, тоолор, талаалар да, керек болсо жер да томсоруп жектейт.

Бул чыгарма аркылуу ар бир адам өз кара жанын гана ойлобостон, бир муштумдай түйүлүп, бир дөбөдөй үйүлсө гана алдыга жылуу, өнүгүү болору талашсыз экендиги айгинеленди. Муну менен катар жоокер болуп элин коргоп жанын берсе үй-бүлөсүнүн да, өзүнүн да жүзү жарык болмок. «Ата» деп айтар уулунун кийинки адам болуп өсүүсүнө атанын «качкын» бойдон калышы тирүү жүрүп өлгөнгө барабар болмок. Мекенин чанган ата баласына кандай тарбия бермек?.. Ошондуктан, анын барынан жогу өзү үчүн жана үй бүлөсү үчүн адилеттүү көрүнүш.

Ар бир адам адал эмгек, маңдай тер менен жан багып, элине ак кызмат кылышы керек.

Өңгөгө кыянат кылса да, эч качан Ата Мекенге кыянат кылбоо кажет.

Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы Турдакун Усубалиев атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Бакытбек кызы Перизат.

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.