“Ч. Айтматовдун мен окуган чыгармасы” сынагына

Жаз айы… Айлана көрккө бөлөнүп, жан-жаныбарлар жаз көктөмүнө маашырканып турган учур. Кереметтүү кыргыз жери өзгөчө кооздукту кучагына камтып, айлана жашыл көйнөгүн кийип жашарып өзгөчө көрктүү. Үй-бүлөбүз менен чогуу айылга жөнөдүк. Көл бойлото мизилдеген жол менен зуулдап бара жатабыз. Көпкөк асманга түспөл Ысык-Көл ушунчалык көрктүү. Кыргыз болгонума, айрыкча көл өрөөнүндө туулуп калганыма ичимден сыймыктанып, ыраазы болуп келем. Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун бермети болгон Ысык-Көл өрөөнү не деген керемет кооз жер. Колдо бар алтындын баркы жок дегендей, ушул касиеттүү жерибиздин ажайып кооздугун, касиетин жоготуп албайбызбы? Жаратылышка, көлүбүзгө, анын экологиясына кандай кам көрүп жатабыз деген суроолор биринин артынан бири чубурат.

Доорубуздун таланттуу сөз чебери, ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме ” повести колумда. Бул чыгармага карата дил сырымды баяндайын.

“Ак кеме, ак кеме!” деп кыйкырып дүрбү менен көгүлтүр көлдү карап, терең кыялга чөмүлүп, Кароол-Дөбөнүн чокусунан төгөрөктүн төрт тарабын карап отурган делдең кулак, бакыраң көз бала чыгарманы окуп баштаганда эле өзгөчө таасир берип турат. Баланын тунук сезими, кызыктуу жомоктору, анан калса табийгатка болгон сүйүүсү – баары окуган адамды терең ойго салып, жүрөгүңдөгү сезимдерди ойготот.

Дөбөгө боортоктоп жатып алып, кеңирсиген Ысык-Көлдүн күңгөй-тескейин, аппак болуп күнгө чагылышып, жылтылдаган Ала-Тоонун көк мелжиген улуу Хан-Теңир чокусун, калың карагайлуу токойлорду, деги койчу баарын көрө билет. Жетиден сегизге жаңы караган, кичинекей зирек бала табийгаттын чоңдор аңдабаган, улуулар көрө албаган, көрсө да маани бербеген көрүнүштөрдү көрө билет. Окуя жаратылыштын өтө кооз кучагында, корукта кордондо өтөт. Адамдар да чектүү жашайт экен. Бала менен ойногонго эч ким жок, бала жалгыз же бүгүнкү биздин замандагыдай телевизор, телефон, интернет дегенден дайын жок. Балага жок дегенде китеп окуп берип алаксытууга, ага көңүл бурууга атасы, апасы да жок. Бала жалгыз, ага бир гана таятасы көңүл бурумуш болот экен. Ошондуктан делдең кулак бала жаратылыш жандуу. Капалуу учурунда түркүн чөптөр буркураган жыты менен алаксытса, асмандагы булуттар ар кайсы эңсеген элесинде кубулуп көңүлүн көтөрөт. Курчап турган айланадагы чөптөр, гүлдөр, ал тургай таштар менен да сүйлөшөт. Алардын арасында бала ат койбогон таш жок. Жерден чыккан көөдөнү буурул, жону кара, кайкы бел корумду “Ээр-Таш”, жонун эңилчек басып белчесинен жерге батып, чөккөн төөгө окшош ташты “Төө-Таш”, дагы бир корум ташты “Кашабаң” деп атап алган. Анысы куду көк жал бөрү кейиптенип көк-сур, жалы түктүү, жар кабак. Канына сиңип калгандыкы болсо керек, карышкыр дегенде кырыш керек деп бала ар дайым Кашабаңды өңүп келип, жыгачтан жасаган мылтыгы менен атат. Андан соң табаасы канып учурашып, алар менен кобурашып сүйлөшүп оюндун кызуусуна батат. Кичине мектепке бара элек, ата-эне мээримине бөлөнбөгөн бала болсо да жакшы менен жаманды ажырата билет. Анын баарынан да ынак ташы “ Таңке-Таш”. Кинодогу танканы көрүп ошого окшоштурган экен бала. Таятасы менен бир-эки жолу ошол жакка барып кино көрүшкөн. Ошондон улам сууга тумшугу менен малынып турган ташты “Таңке-Таш” деп атаган. Барынан күчтүү жана эң жакшы көргөн ташы. Анын таштары: “макоо”, “жаман”, “митаам”, “куу каптал” ж.б. деги кыялкеч бала баарына ат койгон. Ал тургай чөптөрдү да кыял-мүнөзүнө жараша бөлүштүрүп алган. Алардын: “жакшы көргөнү” бар, “жаман көргөнү” ал тургай “ачуулуусу” да бар. Жер боортоктоп өскөн чырмоок болсо баланын сүйгүнчүктүү, эстүү чөбү. Ал таң эрте күн маңдайына келгенде башкалардан айырмаланып күнгө салам айта бажырайып ачылат. Кыялкеч бала гүлдөрдүн шыбырашып сүйлөшкөнүн өзү канчалык аракет кылса да уга албай, алардын тилин кумурскаларга угузат, түшүн жорутат. Бүгүн апаларыбыз дарылыкка же үй аластап бапестеп колдонгон шыралжынды “чыныгы досум” деп жакшы көрөт. Шыралжын топ-топ болуп, бийик өсүп баланы бирөөнөн кагуу жеп таарынганда арасына катып, буруксуган жыты менен сооротот, жамандан коргойт.

Бүгүнкү илим-техниканын өнүккөн заманында жашап жатып жаратылыштан алыстап бара жатканыбызды ойлоп зээним кейийт. Биз балдар менен ойноп жатып кайсы чөптү тебелеп, үзүп, жулуп аткандыгыбызды элес деле албайбыз. Жасалма кооздуктун арасында жүрүп, табийгаттын сулуулугун сезе албайбыз го деп чочулайм. Залкар талант ээси Чыңгыз Айтматов атабыз баланын көзү менен табийгат сырларын, өзү ойлогон тунук сезимдерди бизге жеткире билген экен деген ойго келем. Биз үйлөрдөгү, коомдук жайлардагы, ал тургай класстагы өстүрүлгөн укмуш сонун гүлдөрдү деле барк албайбыз го. Аларга суу куйганды деле билбейбиз. Анан талаадагы жаратылыш койнундагы миң түркүн гүлдөрдү кайдан баалай алабыз.

Ушул сезимтал, делдең кулак, бакыраң көз баланын балык болуп биздин арабыздан кетип калышына таятасы жүрөгүнө жеткире айтып берген Мүйүздүү Бугу-Эне жөнүндөгү жомоктогу бугулар адамдарды кечирип келе баштаса, аларды кайрадан атып, эрдик кылгансып кичине балага мактана Мүйүздүү Бугу-Эненин башын жанчышы, ал бугуну болгондо да өзүнүн таятасы атышы себеп болду го. Орозкулдун карагайларды кыйып, аракка сатып жаратылышка жасаган терс мамилесин ким токтотот? Чоңураак адамдар андан коркушат, баланын алы жетпейт эле. Ошол себептен бала балык болуп, өзүнүн аруу тилегине, ак кемесине сүзүп кетти. Ал назик, таза жан дүйнөсү менен ырайымсыздыкка, кара ниеттикке, адилетсиздикке каршы турду. Экологияны талкалап жаткандарга ушундай жол менен эскертүү берди.

А бизчи? Биздин колубуздан эмне келет? Кантип айлана-чөйрөбүздү сактап коргоп жатабыз? Биз кайда бет алабыз? Момунча унчукпастан, турмуш шартына агып кетебизби? Орозкулдардын коркунучтуу түрлөрү бар да бүгүн.

Бул айлампадан чыгуунун жолу – эң негизгиси ынтымакта болуп терс көрүнүштөр менен чогуу күрөшүү керек деп ойлойм. Жаратылышка жакындан аяр мамиле кылуубуз керек. “Ак кемедеги” бала бизди ар дайым ак ниеттүүлүккө, жаратылышы сүйүүгө алар менен сырдашып дос болууга чакырып турганын эч эстен чыгарбайлы, достор!

Балыкчы шаары, № 4 гимназия мектеби, 8 “а” классы, Карагулов Акылбек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.