«Айтматовдун мен окуган чыгармасы»

Мен бул дил баянымда атактуу Айтматовго жана анын ажайып кооз чыгармасына болгон өзүмдүн ой толгоомду баяндоону чечтим.

Айтматов аалам алпы,чыгаан жазуучу,чынар терек. Бул теректин тамырынан туу чокусуна чейин талант менен курчалган жана төгөрөктүн төрт бурчуна таанымал, чыгармалары аң-сезимдин түбүнө жетелей турган сөздөрү Айтматов ааламына чакырып тургандай.

Албетте, дүйнөдө миңдеген мыкты адамдар болсо, мен алардын катарына сыймыктануу менен сырдуу калем, сыйкыр сөздүү Айтматов Чыңгызды кошом.

Чынгыз Айтматовдун сыйкыр сөздүү чыгармаларынын арасынан эрте жазда ашыга Ак-Сай десанттарын көрүүгө талпынган «Эрте келген турналар» повести, менин жан дүйнөмө жагымдуу жылуулукту тартуулагандай.

Повестте, каардуу согуш эч кимди аябай өз доорун сүрүп жаткан мезгилде. Кичинекей кыргыз айылдарына да ал согуштун эпкини тийет. Атасы кандуу майданга кетип он төрт жаштагы Султанмурат үй-бүлөсүнүн таянар тоосу болуп калат.

Кыштын кыраан чилдесинде мектептин суугуна карабай сабак өтүлүп жаткан. Султанмураттын классына колхоз башчы келип, жардам керектигин, айылда алардан башка ал-күч боло турган эч ким жоктугун айтып, Султанмуратты жана анын досторун каралбай калган аттарды багууга алып кетишет. Ошентип бул балдар өз убагынан эрте бойго жетишет. Султанмурат балдардын акылдуусу жана үлгүлүүсү болот. Ал алдыдагы кыйынчылыктарга алдырбай, ынтымактуу жана тартиптүү десанттарды башкарат.

Бул повестке дил баян жазуумдун себеби. Повесттеги согуштун катаал мезгилинде майышпаган өспүрүм балдар мени өзгөчө таасирлентти. Башкарма Тыналиевдин тапшырмасын так аткарган Султанмураттын суйкайган сулуу Мырзагүлгө болгон ак кардай таза сүйүүсү ар бир окурманды ойго салбай койбойт. «Эрте келген турналар» повестинде турналарды көргөн окуучулардын таза тунук сүйүнүүсү көз алдыңда болуп тургандай элес калтырат. Ал эми аттарды уурдаган уурулардын күтүлбөгөн жерден пайда болгону бул дагы согуштун бир кесепети жана бул кесепет Султанмуратты кыялдарынан ажыратты, атасынан калган таберик Чабдарынан ажыратты. Үй-бүлөсүнүн жана Мырзагүлдүн аска-зоосун кулатып, Султанмуратты ээн талаада кара көк жал карышкыр менен бетме-бет калтырды.

Автордун чыгарманы мындай сырдуу бүтүрүүсү мени көпкө ойго салды, бул дүйнөгө болгон көз карашымды тап-такыр өзгөрттү. Жана жарык дүйнөдө Султанмураттай акылдуу болушту анын досторундай достукту баалай билишти жана Мырзагүлдөй адамга болгон аппак сүйүү ишеничти эч качан өчүрбөштү үйрөттү.

Чүй облусу, Жайыл району, Тунук айылынын Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Мурсалиева Бегимай.

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.