“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

“Ак кеме ” повести аркылуу улуу жазуучу глобалдуу  экологиялык көйгөйлөрдү  жети жаштан сегизге жаңы караган баланын көзү менен мыкты чеберчиликте бере алган. Табийгаттын өтө  кооз жеринде  жашаган чектелүү гана адамдардын иш аракети менен бүтүндөй глобалдуу экологиялык маселени көтөрдү.  Баланын таятасы айтып берген байыркы жомогу аркылуу касиеттүү Бугу-Эненин тукумунун кырылышы, миңдеген  жылдар бой керип өсүп турган кыргыз сыймыгы болгон карагайлардын  кыйылышы  жаратылышка карата мыкаачылык эмей эмне.

Чыңгыз атабыз кыргыз жеринин ар бир ташын, ар бир тал чөбүнө баа берип коргоого чакырган. Бала  үчүн биз капарсыз тебелеп басып жүргөн таштар, чөптөр өтө кымбат. Аларга ысым ыйгарып, жакын дос, кыйбас сырдаш. Ал жонунан эңилчек басып, белчесинен жерге батып, чөккөн төөгө окшош ташты “Төө-Таш”, жерден чыккан көөдөнү буурул, жону кара, кайкы бел корумду “Ээр-Таш”, кудум көк жал бөрү кейиптенип , көк сур , жалп түптүү, жар кабак ташын “Кашабаң” деп атап алган.

Ата-энеси тирүүлөй таштап кеткен кичинекей кыялкеч  бала  күндө биз көрүп,  көзүбүз каныккан Ысык-Көл да   өзгөчө көрүнө турган. Кароол-Дөбөсүнө чыгып алып  Көлдү досу дүрбү менен ырахаттана карап, Ак кемесин күтөт.  Бул жерден ага  төгөрөктүн төрт бурчу көрүнөт, анын үстүнө анын дүрбүсү баардыгын көрсөтүп турат. Кээде көкүрөгүнө кусалык толгондо дөбөгө жүгүрүп чыгып, керилген өрөөнгө көз чаптырып, чөптөр, булуттар менен сүйлөшүп кумардан канат.

Бала өзүнүн балалык баёо сезими менен табиятка аяр мамиле  жасап, аны сүйүп ,  бүтүндөй жан дүйнөсү менен  берилген болсо,  кордондогу   Орозгул тескерисинче бул жердегилердин  падышасы. Ал кызмат абалы боюнча корукту сактап, жаратылышын коргомок түгүл аны талкалап, карагайларын кыйып, аракка сатып отурат. Бала таятасынан карагайлардын кыйылышына капаланганын билет.  Сан-Таштагы токойлор жер бетинде азайып бара жаткандыгын  угуп капаланат. Буга көктөгү топ-топ болуп учуп жүргөн таранчылар да “кыйба” деп ызылдап жамандыктан  белги бергендей болот.  Ансыз деле жаратылыштын тукумсуз болуу каргышын алган Орозгул мындай белгини  эч капарына албайт.  Анысы аз келгенсип башка жактан ооп келген бугу, маралдарды тим койбой кырып атууга   буйрук берди.

Момун чал Мүйүздүү Бугу-Эненин тукуму кайтып келгенине балача сүйүнүп, келечектен жакшылык тилеп сыйынат.  Небересинин көңүлүн көтөрмөккө бугулардын келгенин сүйүнчүлөйт. Муну уккан бала  алардан Бекей тайэжесине бешик сурап, ал тургай түн ичинде үшүбөсө экен деп сарсанаа болуп  чыгат. Түнөргөн калың токой ичинде , аска- таштын арасындагы суукта алар кароосуз да. Коркушар го байкуштар. А кокус карышкырлар келсе кантет. Аларды сөзсүз сакташ керек. Кичинекейлери кантти. Алар кантип жүрөт болду экен байкуштарым деп санаа чегет.

Бул тилегин зулум Орозкул  балта менен чапкандай үзөт. Коркутуп бугуну аттырат, болгондо да баланын эң жакын адамына таятасына аттырат. Ал балалык баёо кыялы менен Мүйүздүү Бугу-Энелер   келишти эми. Орозкул абама  мүйүзүнө арча бешик алып келет, анан алар бактылуу жашашат деп ойлогон. Эми баары талкаланды, эң өкүнүчтүүсү — Орозкулдун залимдиги менен Бугу-Эне Момун чалдын колунан өлдү. Бала  ооруп, кыйналып, эч нерсени сүйбөй турду.  Бастырманын алдынан мүйүздүү марал башын көргөндө селт этип  кетти, аза бою дүркүрөдү. Баарынан да анын боорун сууруп алып, колунан канын сызылта бала сунуп отко салып бышырып жешин талап кылышы аны  кыйноого салат. Бала  булганган жашоодон   безип качып, алыскы Ак кемесине кетүүгө ашыкты.  Чоңдор менен күрөшүп, бугунун өчүн алууга баланын алы келбеди. Ал  жашоодон   кечип,  аруу дүйнөгө ашыкты.  Балык болуп кетти…

Ал эми көздүү сокур  Орозкулдар эмне болду? Тукумсуз боюнча жок болуп кеттиби?  Жоок, кайдан алар бүгүн күч алышууда. Чыңгыз атабыз : “Ысык-Көлдүн экологиясын сактайлы, коргойлу!” деген чакырыкты  ишке ашырдыкпы? Деги суроо артынан суроолор жарала берет. Адам баласы жашап турганда бул эч качан чечилбеген маселе боюнча калабы деген кооптонуу зээнди кейитет.

№4 гимназия мектеби 8-а классынын окуучусу Райымбек кызы Мээрим

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.