“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Мен бүгүн жазуучунун чыгармаларынын бири «Жамийла»повестти жөнүндө сөз баштагым келип турат.

Жамийла жөнүндө сөз баштаганда Даниярды көз алдыбызга элестетебиз. Жамийла биринчи Садыкка турмушка чыгат. Бирок, ал өзү каалаган жок «Таш түшкөн жеринде оор” деген сөзгө баш ийип ата-энесинин сөзүнө каршы чыга албай айласыздан турмушка чыгат. Ошо кезде Садык Улуу Атамекендик согушка аттанып кетет. Айылда кайын энеси жана кайын иниси Жамийла болуп күн кечирип баштайт. Күндөрдүн биринде согуш талаасында жаракат алган бир жигит айылда пайда болот. Ал ким деп эл дүрбөлөңгө түшөт. Ал Данияр аттуу жигит эле. Анын түпкү теги ушул эле айылдан болчу. Ошентип күндөр өтө берет, эгин жыйнала турган убак болуп, бардык эл эгиндерин жыйнай баштайт.

Ошо кезден баштап Жамийла Даниярды шылдыңдап, анын үстүнөн каткырып күлө баштайт. Жамийла өтө шайыр, ачык мүнөз, аябай сулуу келин болот. Данияр болсо бир сырдуу, көп сүйлөбөйт, жаракат алгандан кийин оң бутун эптеп сүйрөп басып калган. Ошентип ортолорунда мамилелер барган сайын өзгөрүп, Жамийла Даниярды мурдагыдай шылдыңдабай ага кол кабыш кылып, бири-бирине өтө жакын болуп кетет.

Адамда улуу сезим бар. Ал кандай сезим?  Адамдын жан дүйнөсүндө «Сүйүү» деген улуу сезим жашайт. Эгер бирөөнү сүйүп калсаң түбөлүккө аны менен бирге болууну каалайсың. Мына ада улуу сезим. Садыктын келээрине аз калганда Жамийла өз күйөөсүн күтпөй, Данияр менен бактылуу болоруна көзү жетип,  кеч болсо да өз сүйүүсүн тапканына ишенип, таңга жакын айылдан кетип калат. Жамийла туура кылдыбы?

Менин оюмча, Жамийла туура кылды. Себеби адам башкаларга каршы чыкса дагы жан дүйнөсүнө каршы чыга албайт. А анын жан дүйнөсү  Данияр менен бир болууну каалады.

Бул повесттин касиет-сапаты, тарбиялык таасири жогору. Адам баласына сабак болуучу сөз байлыкты, ой жүгүртүүнү өркүндөтүүгө жардам берген чыгарма.  Айтматов бул чыгармада Улуу Атамекендик согуш жылдарындагы кыргыз аялынын тагдырын сүрөттөгөн. Повесть бир кылка чектелүү сөйрөгө, маселе, сүйүү маселесине арналып жазылганы менен өзүнүн турмуштук мазмуну жана адамдын улуттук мүнөзүн ачуу боюнча нукура эпикалык башталмадагы чыгармалардын катарына кирет. Себеби, сүйүү маселесин көтөрүү менен адамдын мүнөзүн, тагдырын көрсөткөн.

Сөзүмдүн аягында чыгармаларды көп окуп, өлкөнүн желегин желбиретели. Баарыбыздын жакын досубуз китеп болсун демекчимин.  Китеп бизге көптү үйрөтөт. “Жамийланы” тажабай окугула, ал маңыздуу чыгарма.  Жаш жеткинчектерге китеп менен дос болууну сунуштаймын.

Баткен облусу, Лейлек району, «Кара-Булак» орто мектеби, 11-класс Рыскулова Айзирек.

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.