«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна

Бүткүл адамзаттык көгөйлүү маселерди көтөрүп, адам жүрөгүндөгү ачыкка чыкпаган ойлорду айтып, талаш-тартыш чыгарууга жем таштап, толгонуп түйшөлүүгө мажбурлаган сүрөткерлер дүйнөдө чанда чыгат. Ч.Айтматов дал ошондой сейрек кездешчү залкар таланттардан.

“Жамийла”- Ч.Айтматовдун ак жолтой топ бузар чыгармаларынын алгачкысы, алпештеген ардагы. Турмуштун ар тарабын тайманбай ачып берип, жалтанбас ойлору, көз карашы менен баамга урган. Көөдөнгө батпаган улуу махабатты көкүрөктү жара тээп чыккан не бир кооз күү кайрыктарына салып безеленткен Даниярдын обону, Жамийланын аппак сүйүүсү, адам турмушундагы жакшылык менен жамандыктын, адилеттик менен адитлетсиздиктин, акылдуулук менен наадандыктын ортосундагы түбөлүктүү күрөштү таасындап турат. Бул чыгармада кеп Садыкта эмес, Жамийлада, аны Даниярга жолуктурган тагдырда.

Эгер көпчүлүктөн кескин айырмаланган мүнөзү, романтикалуу жан дүйнөсү, августтун ажайып түндөрүндөгү керемет обондору менен Данияр келбесе, Жамийла Садыкты күтүп, бара-бара чоң, кичине үйдү башкарган нарктуу кайнененин ордун басмак. Бирок көңүлгө канат байлап, мазмундуу жашоого умтулткан, күчтүү толкун болуп каптап келген сүйүүсүнөн баш тартып, ар кандай чектөөлөргө, адат-салтка баш ийип жашоо Жамийла сыяктуу күчтүү, бакыбат натурадагы аялга туура келмек эмес.

Кийин сүрөтчү болгон Сейит да өмүр тарыхына жылуу из калтырган балалык учурга көп убакыт өткөндөн кийин кайрылып, андагы өзү күбө болгон сүйүү баянынын тазалыгына эч шек кылбай, окурмандарга эскерип айтып берет. “Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгынан Даниярдын обону угулсун! Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгында Жамийланын жүрөк оту болсун!” деген художник-баяндоочу Сейиттин сөзү менен повесть аяктайт…

Бүгүнкү күндө “Жамийла” дүнөнүн жүз элүүдөн ашык тилдеринде жарык көргөн.

Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылындагы Мукаш Өмүралиев мектебинин окуучусу Садыбакасова Каныкей

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.